Казакстан: “Бизге кыргыздар жетпей турат”. Митингдерде азил-чыны аралаш кыргыздар да сөз болууда

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сания Тойкен: Негизи азыр калктын көзү ачылып калган. Арасында аналитиктери дагы бар. Алар газдын мындай кесчкин көтөрүлүп кетиши бийликтин бийик сересиндеги топтордун өз алдынча “оюндары” деп чечмелеп жатат

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сания Тойкен: Негизи азыр калктын көзү ачылып калган. Арасында аналитиктери дагы бар. Алар газдын мындай кесчкин көтөрүлүп кетиши бийликтин бийик сересиндеги топтордун өз алдынча “оюндары” деп чечмелеп жатат...

Казакстанда 3 күндөн бери нааразылык акциялары уланууда. Нааразылыктын эң негизги очогу Маңгыстау облусу болуп калды. Анын ичинде Актау шаары, Жаңыөзөн шаарчасы. Мындан башка айыл, шаарларда дагы ар кандай санда нааразылыкка чыккандар бар. Ошол эле Алматыда дагы чыккандар болду. Айрым аналитиктер кымбатчылык, жалпы экономикалык абал, эл ичиндеги маанай буга негизги себеп, ал эми автоунаалар үчүн пайдаланыла турган суюлтулган газдын бир заматта кескин кымбаттап кетиши ага дүрт эткен шылтоо деп баалап жатышат.

Би-Би-Си “Азаттыктын” казак редакциясынын кабарчысы Сания Тойкенди кепке тартып, кенен баарлашты. Ал учурда митингдерди чагылдырып, эл арасында жүрөт.

Сания Тойкен: Жакшы, баары кымбаттап жаткан экен. Ага макулбуз, анда силер биздин айлык акыбызды дагы ошого жараша көтөрүп койгула дейт

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сания Тойкен: Жакшы, баары кымбаттап жаткан экен. Ага макулбуз, анда силер биздин айлык акыбызды дагы ошого жараша көтөрүп койгула дейт

Сания Тойкен: Казакстанда көп заттар өтө кымбаттады. Ошого байланыштуу жалпы эл арасында убайымга батып, тынчсыздангандар, маанайы чөккөндөр бар. 31-декабрь, 1-январь күндөрү Маңгыстау облусу Жаңыөзөн калаасында газ баасынын эки эсе кымбатташы элдин чоң нааразылыгын жаратты. Калк ошол күндөн тарта калаанын борборуна чогулуп, тарабай жатат. Түн күзөтүп, ошол жерге казан асып, тамак ашын бышырып тарабай турат. Газдын баасын 120 теңгеге көтөрүү калкка оор тийди. Ал мурун 50-60 тенге эле. Негизи Жаңыөзөн мунай калаасы. 2011-жылы бул жерде полиция элге ок аткан. Бул жерде 180 миңге жакын калк жашайт, анын 15 миңге жакыны гана мунай өндүрүшүндө иштейт. Калганы көчө шыпырып, башка жумуштар менен алек. Жаңыөзөн курамына кирген Маңгыстау облусундагы 95%ке жакын автоунаа суюлтулган газ менен жүрөт.

Казакстанда суюлтулган газ кымбаттады деп нааразылык күчөп жаткан чөлкөм газ, мунайдын өрөнү катары белгилүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстанда суюлтулган газ кымбаттады деп нааразылык күчөп жаткан чөлкөм газ, мунайдын өрөнү катары белгилүү

Би-Би-Си: Нааразылыкка чыкандар алгач газдын баасы арзандасын деген гана талапты койду эле. Көп өтпөй курч, саясий талаптар башталды. Дагы деле ошол талаптарды коюп жатышабы?

Сания Тойкен: Туура, башында газдын баасы элүү теңгеден ашпасын деген талап менен чыгышты эле. Кечетен бери башка талаптар айтылууда. Жаңыөзөндөгүлөр газдын эле баасына эмес, жалпы кымбатчылыкка көңүл бурууда. Ал жерде ушул маселелерди чече албаса областтын, шаардын акими иштен кетсин. Былтыртан бери Касым-Жомарт Токаев айыл акимдерин шайлап алууга мүмкүндүк берди. Эми шаардын, облустун акимдерин өзүбүз шайлап алууга укук берсин деп жатат. Маселе Жаңыөзөндө башталып вирус сыяктуу башка аймактарга тарап кетти. Актау шаарында азыр 10 000ден ашуун киши чогулуп турат. Алар кечээтен бери “Шал кетсин!”, “Саясий өзгөрүш” деген талаптарды коюп жатышат. Алгач социалдык, экономикалык жүйө менен башталган митинг эми ушундай саясий нукка өзгөрдү. Биринчи күнү полиция кандайдыр бир аракеттерди баштагандай болгон,бирок, кечээ чогулган кишинин көптүгүнөн уламбы эч нерсе кыла албай калгандай эле туюлду.

Нааразылыкка чыккандар саясий талаптарды дагы коё баштады...

Сүрөттүн булагы, Сания Тойкен тарткан сүрөт

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нааразылыкка чыккандар саясий талаптарды дагы коё баштады...

Би-Би-Си: Аэропортко жакын жерде атайын унаалар турат, эки учак менен аскер адамдары, милиция келиптир дегендей маалыматтар, видео тарап жатпайбы. Кабарыңыз барбы?

Сания Тойкен: Ооба, ошондой маалымат тарап жатат. Бирок, мен бул маалыматты тастыктай дагы албайм, четке кага дагы албайм. Себеби, ишенимдүү булактарымдан маалымат болсо, көрсөм айтып берет элем.

Казакстанда митинг

Би-Би-Си: Казакстандын бийлиги газдын баасын караштырабыз, арзандайт, жергиликтүү бийликке тапшырма беребиз деген мазмунда жооп дагы берди эле. Чыккандар ынандыбы?

Сания Тойкен:  Жок, чогулгандар бизди жаш баладай алдап, тезирээк кетип калышсын деп турат. Андай болбойт. Өзгөрүүнү өз көзүбүз менен көрүшүбүз керек, кетпейбиз дешүүдө. Алар чарчадык, газдын баасын 50 теңге кылсын, башка талаптарыбызды орундатсын деп жатат.

Сания Тойкен: Митингге чыккандардын арасында кыргыздар тууралуу да сөз кылып жатышат...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сания Тойкен: Митингге чыккандардын арасында кыргыздар тууралуу да сөз кылып жатышат...

Би-Би-Си: Адатта мындай нааразылык акцияларын опозиция уюштурду, эл чыккан жок дегендей пикирлер айтылып келет. Ал тургай чет өлкөдөгү казак опозициясы уюштурду деп калат эмеспи...

Сания Тойкен: Негизи азыр калктын көзү ачылып калган. Арасында аналитиктери дагы бар. Алар газдын мындай кескин көтөрүлүп кетиши бийликтин бийик сересиндеги топтордун өз алдынча “оюндары” деп чечмелеп жатат. Алардын жүйөсү боюнча калк өзү чыкты, бирок, алардын чыгышына ошол себеп дешет. Дал ошол топтордун бири газдын баасын 120 теңгеге көтөрүп, эл чыксын деп кылды. Кайсы бир ишкерлерге ушундай буйрук берген болушу керек. Алар болсо ошолордун буйругун аткарууда деп божомол кылууда.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев соңку жагдай боюнча бир нече жолу Twitter аркылуу билдирүү жарыялап жатат

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев соңку жагдай боюнча бир нече жолу Twitter аркылуу билдирүү жарыялап жатат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Дагы бир кызык жагдай баардык жерде болбосо дагы кээ бир жыйындарда, интернетте Кыргызстан, кыргыздар тууралуу сөз болуп калып жатат. Эл арасынан сиз дагы ушундай кеп-сөздөрдү уктуңузбу?

Сания Тойкен: Ооба. “Биз кыргыздарга жетпей жатабыз. Эки күндөн бери туруп, аягыбыздан бери тоңдук, суу өттү. Тез арада барып кыргыздарды алып келели, алар бир саатта эле ары-бери кылат” деп тамаша-чыны аралаш сөз кылышууда.

Би-Би-Си: Казакстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө мунай, азык-түлүк кымбаттап жатпайбы. Бийлик ошону элге түшүндүрдүбү же ошол чектен дагы ашыра кымбаттатып жибердиби?

Сания Тойкен: Жок, ийне-жибине чейин талдап түшүндүргөн жок. Инфляция кандай болуп жатат, эмне болду анын калк дагы жакшы билет. "Жакшы, баары кымбаттап жаткан экен. Ага макулбуз, анда силер биздин айлык акыбызды дагы ошого жараша көтөрүп койгула дейт. Жаңыөзөндө эң төмөнкү айлык 100 миң теңге болсо азыр, аны 250 миңге көтөрүп койгула биз кымбаттатканыңарга макулбуз" деген пикирде.

Сания Тойкен

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сания Тойкен

Кошумча маалымат

Нааразылык күч болуп жаткан Маңгыстау облусу Казактандын четки аймагынан болуп саналат. Ал Каспий деңизине жакын жайгашкан облустун бири. Жаңыөзөн шаарчасы дагы ошол облустун аймагына кирет. 2011-жылы полиция нааразылык акциясына чыккандарга ок аткан. Анда курман болгондордун саны расмий эсепетегиден бир топ көп экени айтылып келет. Ошол окуядан соң нааразылыкка чыккандарга ок атты, күч, курал колдонду деген маалымат тарап, аны басаңдатуу, батыш өлкөлөрүнө жаңы бир имиджди көрсөтүү үчүн Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэрге ири суммадагы каражат төлөп, кызматташууга чакырышкан деген пикир дагы бар. Казак бийлигинин жүйөсү болсо мындан бир топ айырмалуу. Анда тажрыйба, дүйнөлүк мыкты ыкмаларды өздөштүрүү, кызматташуу маселелерине көңүл бурулган.