Алматыдагы Кыргызстандын консулдугу: Казакстандагы кыргызстандыктар мыйзамсыз иштен алыс болгула
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Social media
Казакстандын Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу соңку кырдаалдан улам Казакстандагы кыргызстандыктарга кайрылды.
Кайрылууда ал өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарды мыйзамга каршы келе турган иштерге барбоого чакырды. Ошондой эле ар кандай массалык акцияларга катышпоону, эл топтолгон жерлерден оолак болууну жана мүмкүн болсо көчөгө чыкпоону сунуш кылды.
Консулдуктун бул билдирүүсү Казакстанда нааразылык акциялары уланып, аны токтотуу үчүн ар кандай чаралар күчөтүлгөн учурга туш келди. Буга чейин Казакстандын бир нече шаарындагы коомдук саясий абалдын туруксуздугунан улам Кыргызстанга кайтууну каалаган кыргызстандыктар чек арадагы өткөрмө бекеттер аркылуу ПЧР-тести жок эле өтө ала тургандыгы жарыяланган. Адатта ПЧР-тест негизги талаптардын бири болуп келген.
Казакстанда билим алып, эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар аз эмес. Сулюлтулган газдын кымбатташынан улам нааразылык акциялары башталгандан көп өтпөй митингге чыккандар арасында кыргызстандыктар, кыргыздар тууралуу дагы ар кандай маалыматтар айтылганы белгилүү.
Консулдук ар кандай мыйзамсыз иштердин алдын алуу максатында зарыл учурда кимдерге кайрылуу керектигин жарыялады.
+ 7 777 8150072 Кайрат Жакыпов
+ 7 777 0371448 Гүлзат Абдырасулова
+ 7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева
+ 7 777 4634295 Медер Сапаралиев
2-январда Маңгыстау областында башталган митинг Казакстандын башка шаарларына тездик менен жайылып, нааразылыкка чыккандар менен полиция, аскер күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар дагы болду. Каза тапкандар, жаракат алгандар бар экенин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу учурунда ырастады.












