Укук коргоочу: Казакстанда химиялык кастрация жыйынтык бербей жатат

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

М. Аспандиярова: Андай жаза канча кишиге чыкканын билбейм. Мындан жакшы жыйынтык чыкты деп айтпас элем

Сүрөттүн булагы, Thinkstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, М. Аспандиярова: Андай жаза канча кишиге чыкканын билбейм. Мындан жакшы жыйынтык чыкты деп айтпас элем

Казакстандын Сенаты өлүм жазасына тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алып, президентке жөнөткөнү маалым болду. Ал өлкөдөгү айрым серепчилер Казакстандын азыркы президенти эл аралык мамилени абдан жакшы билгендиктен адам укугу жаатында чоң өзгөрүү кылып, өлкөнүн имиджин жаңырткысы келип жатат дешет. Дагы бирлери бул замандын талабы болгондуктан ушундай кадамга барууга аргасыз деп чечмелеп жатышат.

Казакстандын Кылмыш кодекси боюнча терроризмге айыпталгандарды, аскердик эрежелер өкүм сүргөн учурда өтө оор кылмыш кылгандарды жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин өмүрүнө коркунуч келтиргендерди өлүм жазасына тартат. 2003-жылдан бери мындай жазаны колдонууга мараторий жарыяланган. Бирок кээде боло келген талкуларда өлүм жазасын калтырууну жактагандардын дагы бар экени белгилүү.

Маржан Аспандиярова. Казакстандык укук коргоочу.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Маржан Аспандиярова. Казакстандык укук коргоочу.

Би-Би-Си казакстандык укук коргоочу Маржан Аспандиярованы кепке тартып, өлүм жазасы боюнча мыйзамдагы өзгөртүүлөр жана педофилдерге карата колдонулуп жаткан химиялык кастрация жазасы тууралуу маектешти.

Би-Би-Си: Сенаттын чечимин кандай кабыл алдыңыз?

М. Аспандиярова: Бул дурус кадам болду. Эгемендик алгандан тарта Казакстан өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулабыз депжарыя кылды. Бирок ал үчүн жарандык жана саясий укуктарды эл аралык пактыга шайкеш келтирүү керек. Эл аралык мыйзамды карасак анда өлүм жазасы токтотулушу керек. Ошондуктан бул маселени мурунтадан көтөрүп келе жатабыз. Өлүм жазасына келгенде Казакстанга байланыштуу жагдай боюнча таржымалын айта кетишибиз зарыл. Мараторийге чейин, 1990-жылдары Казакстан өлүм жазасын көп колдонгон 5 мамлекеттин катарына кирген. Бир жылда 60ка жакын кишиге өлүм жазасы деген өкүм чыккан учурлар болгон.Бул жагдайды өзгөртүү керек болду.

М. Аспандиярова: Эң башкысы сиздерде калк биригип алып бийликке талдабын коё билгенин көрүп аябай кызыгамын
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, М. Аспандиярова: Эң башкысы сиздерде калк биригип алып бийликке талабын коё билгенин көрүп аябай кызыгамын

Би-Би-Си: Кезинде ким бирөөгө карата өлүм жазасына тартылсын деп өкүм чыгып, кийин ал туура эмес, адилетсиз болуптур деген мисалдар барбы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

М. Аспандиярова: Резонанс жарата турган андай иш болгон жок. Бирок, эч кандай күнөсү жок адамдар соттолуп кетиши мүмкүн. Бизде укук коргоо органдары өздөрү коррупцияланып калган. Казакстандын азыркы бийлиги эл аралык деңгээлде гумманизмди жактап жүрөбүз дейт. Эгер ошол принципти карманса анда өлүм жазасын токтотуу керек. Менимче, казак президенти адам укугуна жан ачып мындай кылып жаткан жок, эл аралык коомчулукка өзүн жакшы көрсөтүү үчүн жасап жаткан аракети. Түрмөдө эл аралап жүрө албаганы эле болбосо бардык шартын түзүп алып жаза өтөп жаткандар тууралуу фактылар бар. Бизге саясий реформа менен катар бул тармакта дагы реформа керек. Бир жагдайды айта кетүүм керек. Казакстанда өлүм жазасы террористтерге дагы колдонулат дейбиз. Эл аралык изилдөдөн бир мисал айткым келет. Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча өлүм жазасы террористтер үчүн эч кандай таасир этпейт экен. Алар өлүм жазасынан коркпойт дейт. Ошондуктан мындай оор жаза аларды токтотчу факторлордун катарына кирбейт деп тыянак чыгарышыптыр. Бул боюнча сандар менен дагы ырастап көрсөтүптүр.

Кыргызстанда дагы кээде ушундай чакырыктар чыгып келет. Айрымдар шайлоо алдында атайын даярдалган популисттик ураандын бири дешет

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда дагы кээде ушундай чакырыктар чыгып келет. Айрымдар шайлоо алдында атайын даярдалган популисттик ураандын бири дешет

Би-Би-Си: Өлүм жазасына эбак тыюу салган Кыргызстанда дагы кээде педофилдерге эң оор жаза берилсин дегендер өлүм жазасы керек деп чыккан учурлар бар. Сиз кандай пикирдесиз?

М. Аспандиярова: Андай пикир бизде дагы бар. Кенедей наристелерге, кенедей кыздарга ошондой кыянатчылык болгондо кыйналасың. Карапайым жаран катары андайларды курутуш керек деп түйшөлөсүң. Татаал маселе. Таамай жазылган мыйзам зарыл жана андайдын алдын алуу жагы болушу маанилүү.

Би-Би-Си: Кезинде Казакстан педофилдерге карата химиялык кастрация мыйзамын кабыл алды эле. Жыйынтык барбы?

М. Аспандиярова: Андай жаза канча кишиге чыкканын билбейм. Андайлар бар бизде. Мындан жакшы жыйынтык чыкты деп айтпас элем. Себеби химиялык кастрацияга деп сайылган дары убактылуу гана таасир берет экен. Ал мөөнөт өткөн соң алар кайра эле ошондой кылмышын кайталай берет деп жатышат. Ошондуктан анын башка жолун издөө керек экен. Азыр андай кылмыштар көбөйүп барактандай.

Казакстанда өлүм жазасына биротоло тыюу салуу аракети жүрүп жатат

Сүрөттүн булагы, senate.parlam.kz

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстанда өлүм жазасына биротоло тыюу салуу аракети жүрүп жатат

Би-Би-Си: Укук коргоочу катары Кыргызстандагы абалга кандай көз караштасыз?

М. Аспандиярова: Мен кыргыз калкын абдан сыйлаймын. Мен тааныган дасыккан укук коргоочулар дагы бар. Алардын пикирине караганда, абал жакшы деле эмес, канаттанбаган жактары да бар. А сырттан туруп караганда бизге башкача көрүнөт. Мен абдан кызыгамын. Президенттер биринен бири алмашып, кызматын тапшырганын эле айтайын. Кезинде Роза Отунбаева кызматын тапшырганын көрүп алып, бизде качан ушундай болот деп көзүмө жаш алганмын. Эң башкысы сиздерде калк биригип алып бийликке талабын коё билгенин көрүп аябай кызыгуум артат.Кез келген бийлик ката жазаса элдин көз жаздымында калбайт. Талабын коёт. Мен ошого абдан таң калам. Бул жагынан үлгү ала турган укмуш эл. Казакстанда кандай кылмыш, милларддаган коррупция, адам өлтүрүү болуп жатса дагы биримдик жок, биригип талап коё албаганы өтө өкүнүчтүү. Сиздерде биримдиктин, сабаттуулуктун аркасында жакшы натыйжага жетет деп ишенем. Анткени бул тарыхий логикага дагы төп келип жатат. Бир жакшы жыйынтыкка жеткенче кыйынчылыктардан өтөт. Андан коркпоо керек. Бул табигый мыйзам. Убактылуу кыйын болот. Ушул жараяндар аркылуу тазарып, демократиянын жакшы деңгээлине жетишесиздер. Бизде болсо жабылуу казан жабылуу бойдон жатат. Сиздерде эч бир аким адамдардын тынч жүрүшүнө тыюу сала албайт. Бизде болсо бул боюнча жаңы мыйзам мурункусунан начар.