Стресс маалында ашыкча тамак жеп аласызбы? Сиз жалгыз эмессиз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Кейти Боуи
- Role, Global Health, Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматы
Стресс ден соолукка олуттуу зыян тийгизиши мүмкүн: ал баш менен ашказанды оорутуп, уйкуну качырып, тамактануунун иретин бузат. Стресс учурунда айрымдар шоколад, фастфуд жана пицца жегиси келсе, башкалардын тескерисинче, табити тартпай, тамак жей албай калышат.
Эмне үчүн мындай абал табитибизге таасир этет жана биз ага кандай чара көрө алабыз?
Стресс деген эмне?
"Стресс – чындап эле оорчулук келип, кысым күч алган, айлаңыз түгөнүп, эмне кылаарыңызды билбей турган кырдаалдарга карата денеңиз менен психикаңыздын реакциясы", - деди Йел университетинин (АКШ) Стрессти изилдөө боюнча тармак аралык борборунун негиздөөчүсү жана клиникалык психолог Ражита Синха.
Дүйнөдө болуп жаткан окуялар, санаа жана денедеги өзгөрүүлөр (мисалы, курсактын өтө ачышы же чаңкоо) мээнин гипоталамус деген кичинекей бөлүгүн козгоп, ал болсо өз кезегинде стресске түрткү берген кырдаалга жооп кайтарып, денени баарына даяр турган абалга алып келет.
Синханын айтымында, бул "коркунучтан кабар берген система" организмдин ар бир уюкчасына (клетка) таасир этип, жүрөктүн кагышын жана кан басымын күчөткөн адреналин, кортизол сыяктуу гормондорду ишке киргизет.
Ал тургай анча-мынча стресс пайдалуу да болушу мүмкүн – ал коркунучтан оолак болуп же ишти өз убагында бүтүрүш үчүн зарыл болгон күч-кубатты камсыз кылат.
Бирок көпкө созулган, өнөкөт стресстин терс таасири бар: мамиледеги, жумуштагы же каражат жаатындагы кыйынчылыктарга байланыштуу дайыма чыңалып жүргөн абал кишини чүнчүтүп, уйкусун бузуп, аны семиртип жибериши мүмкүн.
Эмне үчүн стресс табитибизге таасир этет?
Стресс ачка болгон сезимди күчөтүп же аны таптакыр токтотуп салышы да мүмкүн.
"Экзамендерге даярданып жатканда катуу кыйналып кетчү элем", - дейт нефроофтальмолог, доктор Миту Сторони , "Stress-Proof" жана "Hyperefficient" китептеринин автору.
"Азыр болсо биз албетте, мунун себептеринин бири ичеги-карын системасы менен мээнин ортосундагы байланыш экенин билебиз", - деп түшүндүрдү ал.
Стресс мээнин өзөгүнөн курсакка өткөн адашкан нервдин аракетин токтотуп кое алат.
Дал ушул нерв ашказан канчалык толгонун жана денеге канча кубат керек экенин билдирип, мээ менен ашказандын ортосундагы сигналдарды өткөрүп турат.
Сторонинин айтымында, айрым адамдарда бул байланыш бузулуп калса тамакка табити тартпай калат.
"Бирок башка жагынан караганда, биз катуу стресс учурунда мээ шекерге муктаж болорун да билебиз, - деп кошумчалады ал. – Ошондуктан дагы башка кишилер күтүүсүз жагдайларга даярданып, акыл астында дене-боюн "дүрмөттөп" алыш үчүн тамак жегиси келе баштайт».
Өнөкөт стресс табитке кандай таасир этет?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өнөкөт стресстин дене-бойго тийгизген таасири кез-кез көңүл айнуудан же таттуу бир нерсе жеп-ичкиси келген сезимден да кеңирирээк болушу мүмкүн.
"Дене-бой кысталганда канга глюкоза чыгарылып, ошондон улам шекердин өлчөмүн жөнгө салган инсулин гормонунун таасири азая түшөт",-деп түшүндүрдү профессор Ражита Синха.
Натыйжада глюкоза уюкчаларга барып кубат бербестен, кандын курамында кала берет да, шекердин өлчөмүн арбытат.
Такай стресс абалында жүргөн адамдарда бара-бара глюкозанын өлчөмү дайыма көбөйүп, инсулинге карата сезимталдыгы азаят, бул болсо семирүү жана диабет сыяктуу оорулардын коркунучун күчөтөт.
Өз кезегинде ашыкча салмак табиттин өзгөрүшүнө карата дененин туруштугун азайтат: салмагы ашыкча кишилердин инсулинге карата сезимталдыгы азайышы көбүрөөк байкалат жана стресс убагында алардын мээси шекерди ого бетер көп талап кылат.
"Биз муну оң багыттагы кайра байланыш айлампасы деп атайбыз: бири экинчисине себеп болот. Бул жабык айлампа, андан чыгыш да кыйын, себеби биз анын ичинде чын эле тыгылып тура беребиз", - дейт профессор Синха.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Стресс учурунда соргоктукту кантип тыйыш керек?
Доктор Миту Сторонинин айтымында, стресске туруштук берүүнү күн мурунтан пландоо – кыйынчылык учурунда соркоктукка алдырбоонун эң жакшы ыкмаларынын бири.
Башкысы – негизги нерселер жөнүндө унутпаш керек, алардын ана башы – уйку.
"Мен уйкуга өзгөчө көңүл бурууну сунуш кылар элем, себеби уйку гана стресске жооп кайтарган органдардын үчилтигинин иш-аракетин жаңылайт", - дейт Сторони.
Уйку гипоталамустун, гипофиздин жана бөйрөк үстүндөгү бездердин ортосундагы теңдемди калыбына келтирүүгө жардам берип, ал аркылуу стресс гормондорунун өндүрүлүшүн токтотот.
"Уйкуңар канбаса ого бетер таттуу жеп же ичкиңер келет, - деп түшүндүрдү ал. – Чала уйку мээни көбүрөөк кубат талап кылганга мажбур кылат".
Мындан тышкары, кыймыл-аракет да денени чыңалган абалдан тезирээк бошотууга жардам берип, бул мээнин ишин жөнгө салат.
Сторонинин айтымында, эгер алдыңарда аткара турган милдет көп болсо, жөнөкөй нерселерге алдын-ала көңүл буруш керек: "Дене-боюңардын кадимки калыбында калышына жардам берген нерселердин баарын жасагыла – бул стрессте ашыкча тамактануунун алдын алуунун эң жакшы ыкмасы".
Стресс абалында кандай азыктардан оолак болгон оң?
Профессор Ражита Синханын кеңеш бергендей, стресс убагында таттуу менен зыяндуу тамакка ашыкча азгырылып кетпеш үчүн эң жакшы ыкмалардын бири – аны сатып албай коюу.
"Бул өтө иштиктүү ыкма: андай азыктарды оолак эле кармагыла. Алар жаныңарда турса, колуңар өзү эле алгысы келе берет, андайга туруштук бериш да кыйын".
Мындан тышкары ал ачкалыктын илебин азайтып, тез керектелүүчү калориялардын азгырыгынан алыс болуш үчүн күнү бою тартиби менен, ченеми менен тамактанууну сунуш кылат.
Глюкозаны чукул көбөйтүп жибере турган пицца, балтокоч жана таттуу шам-шумдар өңдүү көмүрсуусу (углевод) арбын жөнөкөй тамактан качыш керек.
Анын ордуна протеиндүү өнүмдөрдү – этти, балыкты, буурчак азыктарын – же жасмык жана сулу акшагы сыяктуу басмырт көмүрсуулары бар тамак-ашты тандаган оң.
Дагы бир кеңеш – көпчүлүк кишилер бук чыгаруунун жолу катары көргөн ичкиликти мүмкүн болушунча азайтуу зарыл.
"Эгерде сиз стрессте ичкиликке азгырылгандардын бири болсоңуз, аны болушунча азайтууга аракет кылыңыз – бул сиз кабыл ала турган эң мыкты чечимдердин бири болот", - деп баса белгиледи доктор Миту Сторони.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Профессор Ражита Синха адам бир калыпта болуп, стресс маалында тамакка азгырылбашы үчүн тегеректеги адамдардын колдоосу да чоң мааниге ээ болорун белгилейт.
"Ар кайсы элдерде стресс менен тамактын ортосундагы байланышты үзүүнүн табигый жолдору бар, мисалы чогуу тамактануу же чогуу тамак жасоо", - дейт ал.
Синханын пикиринде, тамак-ашка карата туура мамилени калыбына келтирип, санаа менен соргоктуктун ортосундагы байланышты үзүш үчүн жөнөкөй адаттарга кайтып келиш керек.
Би-Би-Сидеги "Food Chain" программасы үчүн Рут Александер менен маекте профессор Ражита Синха жана доктор Миту Сторони эксперт катары ой бөлүштү. (ZMa)











