Гормондор аң-сезимиңизди кантип башкара алат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Жасмин Фокс-Скелли
- Role, Би-Би-Си
Бул Би-Би-Си кабарчысынын макаласынын котормосу. Макаланын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуй аласыз.
Гормондор организмибиздин кадыресе ишинде маанилүү ролду ойнойт. Ошол эле маалда алар биздин маанайыбызга жана менталдык саламаттыгыбызга күчтүү, айрым бир учурларда терс да таасирин тийгизиши ыктымал.
Ар бирибиз өзүбүздүн сезимдерибизди жана эмоцияларыбызды көзөмөлдөй алабыз деп ишенгибиз келет, бирок чынында эле ушундайбы?
Нейромедиаторлор деп аталган химиялык ортомчулар мээбизге эбегейсиз чоң таасир тийгизери окумуштууларга көптөн бери эле маалым. Анткен менен окумуштуулар улам көбүрөөк маалымат алган сайын, гормондор да күтүлбөгөн жолдор менен акыл-эсибизге кийлигише аларын аныктап жатышат.
Учурда айрым бир изилдөөчүлөр бул билимди депрессия жана тынчсыздануу сыяктуу абалдарды дарылоонун жаңы ыкмаларын табуу максатында колдонууга аракет кылып жатышат.
Гормондор – белгилүү бир бездер, органдар жана ткандар бөлүп чыгарган химиялык ортомчулар. Алар кан жүгүртүүгө аралашып, белгилүү бир жердеги рецепторлорго байланганга чейин бүт денеге тарайт.
Гормон рецептор менен байланышканда, ал организмге бир нерсе жасаш керектигин кабарлаган биологиялык "кол алышууга" окшош болот. Мисалы, инсулин гормону боордун жана булчуңдун клеткаларына кандагы ашыкча глюкозаны сиңирип, аны гликоген түрүндө сакташ керектигин айтат.
Гормондорго көзгө илинбес көзөмөл
Ушул күнгө чейин окумуштуулар адамдын организминде элүүдөн ашык гормонду аныктап чыгышкан.
Алар биригип организмдеги жүздөгөн процессти, анын ичинде адамдын өсүшүн жана өнүгүшүн, жыныстык функциясын, уйкудан ойгонуу циклин жана эң негизгиси психологиялык бакубатчылыгын жөнгө салат.
"Гормондор биздин маанайыбызга жана эмоцияларыбызга олуттуу таасирин тийгизет", - дейт Оттава университетинин психология профессору Нафисса Исмаил.
"Алар муну мээнин белгилүү бир аймактарында иштелип чыккан жана бошотулган нейромедиатолор менен байланышып жасашат, ошондой эле клетканын өлүмү же нейрогенез сыяктуу процесстерге, жаңы нейрондордун пайда болушуна таасирин тийгизишет", - деп кошумчалайт ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Депрессия, тынчсыздануу жана травмадан кийиинки стресстик абал (ТКСА) өңдүү менталдык бузулуулардын таралышы олуттуу гормоналдык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде кыйла жогору болот. Бул айрыкча аялдарга тиешелүү көрүнүш.
Бала кездеги депрессия эркек балдарда да, кыздарда да жалпысынан бирдей деңгээлде болот, бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, өспүрүм куракта кыздар эркек балдарга караганда эки эсе көбүрөөк депрессияга кабылышат жана бул айырма өмүр бою сакталып кала берет.
Анда, балким, гормондор күнөөлүү чыгар? Жыныстык гормондор аялдардын маанайына байкаларлык таасир этээрин айтсак, көпчүлүк таң калбайт.
Улуу Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын маалыматтарына ылайык, айыз башталганга чейин бир нече күн же апта мурда эстроген менен прогестерондун деңгээли түшүп кетет – айрым аялдарда бул кыжырдануу, чарчоо, кайгыруу жана тынчсыздануу сезимдери менен коштолот.
Эксперттердин ырасташынча, кээ бир аялдар айызга чейинки дисфорикалык бузулууга (АЧДБ) туш болушу ыктымал. Бул – гормонго көз каранды болгон маанайдын катуу бузулушу, ал айызга эки жума калганда маанайдын кескин өзгөрүшү, тынчсыздануу, депрессия жана кээде өз жанына кол салуу жөнүндө ойлор менен мүнөздөлөт.
"АЧДБны башынан өткөрүп жаткан көптөгөн аял үчүн бул ай сайын туш болгон өнөкөт көйгөй жана бул алардын жашоосуна олуттуу таасирин тийгизиши ыктымал", - дейт Жонс Хопкинс университетинин Медицина мектебинин психиатрия жана жүрүм-турум илимдер кафедрасынын доценти Лииса Хантсу.
Көз жарган аялда ошол замат прогестерон жана эстроген гормондорунун деңгээли кескин түшүп кетет.
Ошол эле маалда овуляциянын алдында эстрогендин жогорку деңгээлде болгону бакубатчылык жана бакыт сезимин пайда кылат.
Ал арада аллопрегнанолон – бул прогестерон ажырагандан кийин пайда болгон өнүм, ал өзүнүн тынчтандыруучу таасири менен белгилүү.
"Эгерде адамга аллопрегнанолон уколун сайсаңыз, анда ал өзүн жеңил сезип, эс алып калат", - дейт профессор Хантсу.
Аялдар "белгилүү бир күндөр" менен гана чектелип калбайт. Кош бойлуулук, перименопауза жана менопауза учурундагы гормоналдык өзгөрүүлөр да психологиялык саламаттыкка олуттуу таасирин тийгизет.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, аялдардын 13 пайызы төрөттөн кийинки депрессияга кабылышат.
Бирок эмне үчүн мындай болуп жатат? Төрөттөн кийин эле аялдарда прогестерон жана эстроген гормондорунун деңгээли кескин түшүп кетет. Перименопауза учурунда аялдар энелик бездер иштеп чыккан гормондордун кескин өзгөрүшүнө да дуушар болушу мүмкүн.
"Кеп адамдагы гормондордун конкреттүү деңгээлинде эмес. Мында сөз алардын деңгээли кескин түрдө төмөндөн жогоруга же жогорудан төмөнгө карай өзгөргөн мезгилдер жөнүндө болуп жатат", - дейт Торонто университетинин психиатрия профессору Лииса Галеа.
"Айрым адамдар мындай олку-солку абалга өзгөчө сезимтал болушат. Ошол эле маалда айрым аялдар менопаузадан эч кандай симптомсуз өтүп кетишет", - деп кошумчалайт ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул аялдарга гана тиешелүү эмес. Жаштын өтүшү менен эркектерде тестостерондун деңгээли да төмөндөйт, бирок аялдарга салыштырмалуу эркектерде өзгөрүүлөр көп деле көзгө илине бербейт.
Бирок бул көп билинбеген өзгөрүүлөр да кээ бир эркектерде маанайдын бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин тастыктаган далилдер бар.
"Биз тестостерондун деңгээли өмүр бою өзгөргөндүктөн, кээ бир эркектердин маанайы да кошо өзгөргөнүн чындап эле байкап жатабыз жана бул жетиштүү көңүл бурулбай келаткан тема", - дейт профессор Исмаил.
Жыныстык гормондордун маанайга таасир этишинин бир ыкмасы – мээдеги серотониндин жана дофаминдин нейромедиаторлорунун деңгээлин жогорулатуу.
Серотониндин деңгээли төмөн болгону көптөн бери депрессиянын себептеринин бири катары эсептелип келет жана заманбап антидепрессанттардын басымдуу бөлүгү дал ушул гормонду көбөйтүүгө багытталган.
Эстрогендин айрым бир түрлөрү серотонин рецепторлорунун сезгичтигин жогорулатып, мээдеги дофаминдик рецепторлордун санын көбөйтүшү мүмкүн деген далилдер бар.
Дагы бир теорияга ылайык, эстроген нейрондорду бузулуудан коргойт жана ал тургай, гиппокамп катары белгилүү мээнин аймагында жаңы нейрондордун өсүшүнө түрткү болушу мүмкүн. Ал убактылуу эс-тутумдун эмоцияларын түзүү механизмдеринде маанилүү ролду ойнойт.
Депрессиянын белгилери жана Альцгеймер оорусу бар адамдарда гиппокампта нейрондор жоголгонун байкоого болот.
Ошол эле учурда антидепрессанттар жана псилоцибин (галлюиогендик козу карындарда кездешет) сыяктуу маанайды көтөрүүчү психоделиктер мээнин бул аймагында жаңы нейрондордун өсүшүнө көмөктөшөт.
"Эстроген нейропротектордук касиетке ээ, ошондуктан нейрогенезге көмөктөшөт", - дейт профессор Исмаил.
"Дал ошондуктан аялдарда менопауза башталганда, биз буга чейин жашообузда болгон дендриттердин (нерв клеткаларынан чыккан бутактардын) кандайдыр бир узануусуна күбө болобуз", - деп түшүндүрөт ал.
Ошондуктан менопауза учурунда аялдар айрым бир нерселерди көп жакшы баамдай албай, эс тутуму начарлап кетет.
Организмдин стресске реакциясы бузулганда эмне болот?
Гиппокамптагы нейрондордун санынын азайышы организмдин стресске реакциясын жөнгө салуучу гипоталамо-гипофиз-бөйрөк үстү огу (ГГБ-огу) катары белгилүү башка гормоналдык системанын ишине таасир этиши мүмкүн.
Биз тынчсызданганда гипоталамус – организмдеги гормондордун көбүн бөлүп чыгарууну көзөмөлдөгөн мээнин аймагы – гипофизге адренокортикотроптук гормон (AКТГ) деп аталган гормонду бөлүп чыгарууну тапшырат.
Андан кийин AКТГ бөйрөк үстүндөгү бездерге кортизолду – стресс гормонун чыгарууга түрткү берет.
Кортизол организмге кант бөлүп чыгарышы керектигин кабарлап, мээни жана денени чукул кырдаалга жооп берүү үчүн керектүү күч-кубат менен камсыз кылат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адатта, организмге түшкөн кортизол мээге тынчтануу зарыл деген белгини берген механизмди ишке киргизет. Гиппокамп гипоталамуска гипофиз бези менен байланышты токтотууга буйрук берип, муну менен стресске жасалган реакцияны жыйынтыктайт.
Бирок эгерде адам коркутуп-үркүтүүдөн, зордук-зомбулуктан же кордоодон улам өнөкөт стресске кабылса, анда бул ишке ашпайт жана мээге кортизол толуп калат.
Бул жаман белги, себеби убакыттын өтүшү менен кортизол мээдеги сезгенүүнү күчөтүп, гиппокамптагы нейрондорду талкалап, ага дал ошол сигналды жөнөтүүсүнө бут тосот.
Анын үстүнө кортизол мээнин башка аймактарында да нейрондорду жок кыла алат. Бул эс тутумга, көңүл бура билүү жөндөмүнө жана маанайга таасир этет.
Кортизол стрессти пайда кылышы ыктымал, ал эми адатта "сүйүү гормону" деп аталган окситоцин тескери таасирди жаратат.
Окситоцин жылуу, жагымдуу сезимдерди жана жакшы ниетти пайда кыла алган касиети менен белгилүү.
Бул гормон төрөт, эмчек эмизүү жана оргазм учурунда бөлүнүп чыгат, ошондой эле жаныбарлар менен адамдардын бири-бирине көнө баштоосунда роль ойнойт.
"Биз өзүбүздү коопсуздукта сезип, колдоону байкасак, стресстен улам жогорулаган кортизолдун деңгээли чындап төмөндөйт", - дейт профессор Исмаил.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, окситоцин бар спрей адамда берешендик сезимин пайда кылып, кызматташууга түртүп, эмпатияга көмөктөшөт, ошондой эле бейтааныш адамдарга болгон ишенимди арттырат.
Бирок буга баары эле кошула бербейт. Мисалы, окситоциндин гематоэнцефаликалык тосмодон өтүүгө жөндөмдүү болгону азырынча толук далилдене элек.
Калкан бези иштеп чыккан эки негизги гормондун тең салмаксыздыгы депрессияга жана тынчсызданууга алып келиши мүмкүн деген теория алда канча кеңири таанылган. Калкан бези кекиртекте орун алган көпөлөк формасындагы орган.
Бул гормондор – трийодтиронин (T3) жана тироксин (T4), алар биргелешип жүрөктүн кагышын жана дене табын жөнгө салууга жардам беришет.
Бирок бул гормондордун деңгээли өтө жогору болгондо, мисалы, калкан бези ашыкча активдүү болгондо, тынчсыздануу пайда болушу мүмкүн. Ал эми гормондордун деңгээли төмөн болгондо, адатта депрессия байкалат. Бактыга жараша, гормоналдык балансты жөнгө салуу менен бейтаптарды бул белгилерден арылтууга мүмкүн.
"Бейтаптар дарыгерге кайрылып, маанайы өзгөргөнүн айтып даттанышканда, дарыгер биринчи кезекте алардын гормоналдык фонун текшеришет, себеби адатта өзгөргөн гормонду калыбына келтирүү менен, маанайыңды да оңдосо болот", - дейт Исмаил.
Калкан безинин гормондору маанайга эмне үчүн таасир этери азырынча белгисиз, бирок теориялардын бирине ылайык, T3 мээдеги серотонин менен дофаминдин деңгээлин жогорулатат же бул нейромедиаторлорго рецепторлордун сезгичтигин күчөтөт.
Калкан гормонунун рецепторлору ошондой эле маанайды башкарууга жигердүү катышкан мээнин аймактарында кеңири таралган.
Дарылоонун жаңы ыкмалары
Гормондор жана алардын маанайга тийгизген таасири жөнүндөгү бул жаңы билимдер бара-бара дарылоонун жаңы ыкмаларына алып келет деген үмүттү жаратууда.
Бул ишке аша баштаганынын белгилери да бар. Мисалы, аллопрегнанолон гормонун туураган Брексанолон аттуу дары төрөттөн кийинки депрессияны дарылоодо абдан натыйжалуу болгонун көрсөттү.
Тестостерондун деңгээли төмөн болсо, кээ бир антидепрессанттар менен бирге тестостерон кошулмаларын да ичүү дарынын натыйжалуулугун жакшыртышы мүмкүн деген далилдер бар.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эстроген терапиясы, анын ичинде гормон алмаштыруучу терапия (ГАТ) да менопауза маалында айрым аялдардын маанайын жакшыртууга көмөктөшүүдө.
Ошол эле учурда гормоналдык контрацепция АЧДБ менен ооруган кээ бир аялдар үчүн куткаруучу ыкма болсо, башкалардын абалын начарлатып жибериши да мүмкүн.
Бул дарылоонун жаңы ыкмаларын өнүктүрүү эмне үчүн кээ бир адамдар гормоналдык олку-солкулуктарга мынчалык сезгич болорун, ал эми башкаларына таасир этпей турганын ушул кезге чейин жакшы түшүнө албай жатканыбызды көрсөтүүдө.
"Гормондор маанайга жана менталдык саламаттыкка таасир этерин билебиз, бирок дарылоонун тийиштүү ыкмаларын сунуштаганга чейин эле бул кантип ишке ашарын так түшүнүшүбүз керек", - деди профессор Исмаил.
"Биз серотониндин деңгээлин жөнгө салуучу азыркы антидепрессанттар бардык эле учурларда натыйжа бербей турганын билебиз. Кээ бир изилдөөлөр алар өспүрүмдөр үчүн анчалык деле таасир эте албай жатканын көрсөтүүдө. Ошондуктан биз дал ушул жаш куракта мээде эмнелер дарылоонун натыйжасын төмөндөтүп жатканын аныкташыбыз керек", - деп жыйынтыктайт профессор. (ZMa)








