"14 жашымда эле чачыма ак түштү". Чачтын түсү эмне үчүн жоголот жана бул процессти токтотууга болобу?

Сүрөттүн булагы, Ashley Sukru
- Author, Эстер Кахумби
- Role, Би-Би-Си ден соолук маселелери боюнча кабарчысы
Мектептеги курбусу Эшли Сукрунун башындагы биринчи ак тал чачты тапканда ал болгону 14 жашта эле. Бул көп жылдарга анын сырткы келбети менен болгон мамилесин өзгөрттү.
"Ошол учурда мага ой келди: Жок, чачыма ак түшпөшү керек эле, мен болгону 14 жаштамын да, - деп эскерет ал. – Түштө үйгө баратканда чачымды кармалап, улам бир ак чач таап, өзүмдү абдан жаман сездим".
Ал ата-энесинен чачын боёого уруксат сурап жалдыраган.
"Дос-курбу күтүп, аларга аралашкың келип жаткан куракта ак чач өспүрүм күткөн нерсе эмес. Мен муну жашырганга аракет кылдым", - деп түшүндүрөт ал.
Адамдардын чачы эрте эле агара баштадыбы?
Адистер чачка ак түшө турган жаш курак үчүн аныктоочу фактор генетика болгонун айтышат. Эшлинин апасына да ак чач 14 жашында, ал эми чоң энесине 17 жашында түшө баштаган.
Дарыгерлер 20-30 жашында эле чачы буурул тарта баштаган бейтаптардын саны көбөйгөнүн белгилешет.
Орточо алганда, сергек жашоо образын карманган европеоиддердин чачын 35 жаштан кийин, ал эми азиялыктар менен африкалыктардын чачын 45тен кийин ак аралай баштайт. 20 жашка чыга элек европеоиддер үчүн, 25 жашка чыга элек азиялыктар үчүн жана 30 жашка толо элек африкалыктар үчүн чачка ак түшүү эрте болуп эсептелет.
Чачтын пигментациясы үчүн жооп берген гендер ар кандай иштегендиктен, ар түрдүү расалардын өкүлдөрү үчүн ар кандай курак чеги белгиленген.
"Ушундай жол менен биз качан башка себептерди издеш керектигин, ал эми кайсы учурда бул карылыктын табигый бир бөлүгү болгонун билебиз", - дейт Улуу Британиядагы жалпы практикалык дарыгер Сермед Мезхер.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Адамдардын чачын эмне үчүн ак аралайт?
Чач теридеги чач фолликулаларынан өсөт. Пигментти – меланоциттерди пайда кылуучу клеткалар да ошол жерде орун алган.
Меланоциттер меланин пигментинин эки түрүн иштеп чыгарышат: чачка кара түс берүүчү эумеланинди, сары жана агыш түс берүүчү феомеланинди. Ушул эле пигменттер теринин жана көздүн түсүн да аныкташат.
Нью-Йорк университетинин (NYU) командасы клетканын картаюу процессине жүргүзгөн изилдөөсү көрсөткөндөй, чач түшүп, анан кайра өскөн сайын меланоциттердин өзөк клеткалары жайыраак иштей баштайт.
Өзөк клеткалар фолликул аркылуу кыймылын токтотуп, жетилген меланоциттерге айланбастан ошол жеринде бекитилип калат.
Пигмент өндүрүлбөй калганда чач агара баштайт: боз, ак же күмүш түстүү болот.
Азыктандыруучу заттардын таңкыстыгы чачка эрте ак түшүүсүнө алып келиши мүмкүнбү?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Америкалык жана бразилиялык окумуштуулар теринин жана чачтын түсүнө жооп берген өзөк клеткалары адам катуу стресске кабылганда жабыркашы мүмкүн экенин аныкташты.
Эксперттер ошондой эле чачтын эрте агаруусу организмде азыктандыруучу заттардын жетишсиздигинин белгиси болушу мүмкүн экенин айтышат, буга сөзсүз көңүл бурулушу керек. Чачтын эрте агарышын D жана B12 витаминдеринин жетишсиздиги, ошондой эле жездин, темирдин, цинктин жана фолий кислотасынын төмөн деңгээли менен байланыштырышат.
Кобаламин катары да белгилүү В12 витамининин төмөн деңгээли эң кеңири жайылган себептердин бири болуп эсептелет. В12 витамини денеге кычкылтекти, анын ичинде түктүү фолликулдарды жеткирген дени сак эритроциттердин пайда болушунда негизги ролду ойнойт. Аларда пигмент өндүрүлүшү үчүн алар кычкылтекке жакшылап каныккан болушу керек.
"В12 витамини негизинен жаныбарлардан алынат, - деп түшүндүрөт доктор Мезхер. – Ошондуктан, эгерде адам толугу менен вегетариан болсо жана кошулмаларды ичпесе, мен биринчи кезекте ушул витаминдин деңгээлин текшерем".
Жездин да мааниси чоң, себеби ал меланиндин синтезине катышкан тирозиназа ферментин активдештирет. Деңиз азыктары, кунжут, кара жалбырактуу жашылчалар, ошондой эле уйдун жана койдун боору жездин жакшы булагы болуп берет.
Цинк жана С витамини сыяктуу кээ бир заттардын өтө көп болушу жезди сиңирүүгө тоскоол болуп, убакыттын өтүшү менен анын таңсыктыгына алып келет.
Нутрициолог жана жазуучу Мария Марлоунун чачына 20 жашында эле ак түшө баштаган. Жазуучунун айтымында, акыркы жылдары көптөгөн адамдар иммунитетти көтөрүү үчүн цинк кошулмаларын ичүүдө. Айрыкча COVID-19 пандемиясы маалында бул абдан байкалды. Мария Марлоу цинк менен жезди камтыган кошулмаларды тандагыла деп кеңеш берет. Анын айтымында, темирди ашыкча керектөө да организмдеги жездин деңгээлин азайтат.

Сүрөттүн булагы, Maria Marlowe
Чачтын эрте агаруусуна минералдардын таңкыстыгы себепчи болсо, дарыгерлер белгилегендей, ал, адатта, башка белгилер менен да коштолот.
"Мисалы, жез жетишсиз болсо, адам салмак кошуп, чачы суюлуп, териде исиркектер пайда болот, - дейт доктор Мезхер. – Ошондой эле сиз тез эле абдан чарчай баштайсыз, суукту көтөрө албай каласыз".
Мария Марлоу анализдерди тапшырып, анын организминде жез, темир жана йод жетишсиз экени аныкталган. Ал эми оор металлдарга жасалган анализ коргошун менен кадмийдин деңгээли жогору болгонун көрсөткөн. Оор металлдар минералдарды сиңирүүгө тоскоол болушу мүмкүн, бул да чачтын эрте агарышына алып келет. Индустриализациядан улам биз баарыбыз тигил же бул деңгээлде оор металлдарга дуушар болобуз: алар биз дем алган абада жана жеген тамак-ашыбызда болот.
"Мисалы, балыктын кээ бир түрлөрү башкаларга караганда сымапты көп камтыйт, - дейт Марлоу. – Белгилүү бир убакыттын ичинде организм сыртка чыгарып салгандан көбүрөөк деңгээлде сымапты керектегенде көйгөй пайда болот".

Сүрөттүн булагы, Maria Marlowe
Процессти артка кайтаруу мүмкүнбү?
Колумбия университетинин изилдөөсү стресс азайгандан кийин адамда табигый түстөгү жаңы чач өсүп чыгарын көрсөттү.
Дарыгерлер азыктандыруучу заттардын жетишсиздигинен улам чачты ак баскан учурларда да стрессти азайтуу менен бул көйгөйдү чечүүгө мүмкүн экенин белгилешет.
"Көпчүлүк учурларда чачтын агарышына генетика себепчи болсо, кара түстү кайтаруу мүмкүн эмес", - дейт доктор Мезхер.
Минералдардын таңкыстыгын азыктандыруучу заттарга бай тамактар менен толуктаса болот, бирок алар колдо болбогон чакта азык кошулмалары да туура келет. Бирок, дарыгерлер баса белгилеген биринчи кадам – адам текшерилип, себебин так аныктап алышы керек.
"Эгерде биз В12 витамининин деңгээли төмөн болгонун аныктап, аны толуктай алсак, анда пигмент чындап кайтышы мүмкүн. Жездин, D витамининин жетишсиздиги же калкан безиндеги көйгөйлөрдү да ушул жол менен чечүүгө болот, - дейт доктор Мезхер. – Чачыңыздын түсү башындагыдай болбосо да, ак чачтардын санын азайтып же бул процессти токтотууга болот".
ДНКга зыян келтирүүчү жана чачтын түшүшүнө жана эрте агарып кетишине алып келген стрессти тамеки чегүү, психологиялык стресс, спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү же абасы өтө булганч райондо жашоо сыяктуу факторлор пайда кылышы мүмкүн, деп белгилейт ал.

Сүрөттүн булагы, Ashley Sukru
Бирок эксперттер бүгүнкү күнгө чейин чачка ак түшкөн процессти артка кайтаруунун далилденген универсалдуу ыкмасы жок экенин эскертишет.
Мария Марлоу тамактанууну өзгөртүп, оор металлдарды камтышы мүмкүн болгон азыктарды азайткандан кийин анын ак чачынын түсү өзгөрө баштаганын айтат. Биринчи өзгөрүүлөр байкалгыча бери дегенде үч ай өттү. Бирок ак чачтан толук арыла алган жок.
Ал эми былтыр көз жаргандан кийин жаңы ак чачтар пайда болду, себеби Мария чачка кам көрүүнү убактылуу токтотту.
Эшли Сукрунун генетикалык кодун эч кандай диета өзгөртө албайт, бирок Эшли ак чачка болгон көз карашын өзгөрттү.
Ал азыр 28 жашта жана Канадада жашайт. Күмүш сымал түстөгү чач анын өздүгүнүн бир бөлүгү болуп калды. Эшли сулуулук жана жаш курак тууралуу калыптанып калган көз караштарга чакырык таштаган жаштардын жамаатын түздү.
"Мен ТикТокко жана Инстаграмга постторду чыгара баштаганда, мен курактуу, ак түшкөн чачын өстүрүүгө батынган көптөгөн аялдарды таптым, - дейт Эшли. – Мен дагы көптөгөн аялдарга ак чачын кабыл алууга шыктандырам деп ишенем. "Ак чач – адамдын келбетин бузат, бул карылык" дегендин ордуна "жок, ак чач – бул күч, ак чач – бул манифест" деп айта алабыз. Бул сени башкалардан айырмалап турган өзгөчө касиетиң". (ZMa)












