Путинди Украинадагы согушту токтотууга эмне мажбурлашы мүмкүн?

Сүрөттүн булагы, Sputnik/Alexander Kazakov/Pool via Reuters
- Author, Джеймс Ландейл
- Role, Дипломатический корреспондент Би-би-си
Бул Би-Би-Синин кабарчысынын макаласынын котормосу. Англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуй аласыз.
Владимир Путин эл аралык сахнада ырайымсыз автократ жана манипуляциялоонун чебери катары абройго ээ болгону менен Орусиянын президентинде бир жөндөм жок – ал жүзүнүн мимикасын көзөмөлдөй албайт.
АКШнын маркум сенатору Жон Маккейн Путиндин көзүнө карап, үч нерсени – "К", "Г" жана "Бны" көргөнүн айтып тамашалаганды жакшы көрчү. Муну менен Маккейн Путиндин советтик чалгынчы катары өткөн чагын кыйытар эле.
Бул ой мага Кремлде тартылган сүрөт-видеолорду көрүп отурганда келди. Анда Путин АКШнын өкүлдөрүнүн бет маңдайында отурганын көрүүгө болот. Путин өзүнүн эмоцияларын жашыра алган эмес; ал толук ишенимдүү отурганын байкоого болот.
Президент Путин дипломатиялык кырдаал анын пайдасына өзгөрдү деп эсептейт: анын Америка менен мамилеси оңолуп, согуш талаасында да ийгиликтерге жетишти.
Айрым серепчилер Путин өз талаптарынан баш тартпай турганын, буга эч кандай себеп болбогонун айтышат. Ал талаптар: Украина дагы эле көзөмөлдөп жаткан Донецк облусунун акыркы 20 пайызынан баш тартышы керек; бардык оккупацияланган аймактарды эл аралык коомчулук Орусияга таандык деп таанууга тийиш; украин армиясынын саны жөндөмсүз болуп калганга чейин кыскартылышы керек жана Украинанын НАТОго мүчөлүгү биротоло унутулууга тийиш.
Учурда окуялардын өнүгүүсүнүн бир нече ыктымалдуу варианттары бар. Биринчиден, АКШнын президенти Дональд Трамп Украинаны анын эли үчүн кабыл алынгыс шарттарда элдешүүгө мажбурлоого аракет кылышы мүмкүн. Трамп, мисалы, Украинаны аймактарды өткөрүп берүүгө мажбурлап, ошол эле маалда Орусиянын келечектеги агрессиясын оздуктай ала турган жетиштүү коопсуздук кепилдиктер болбойт деши ыктымал.
Президент Трамп эгерде Украина же Орусия АКШнын сунуштарынан баш тартса, четке чыга берерин кыйытты. Өткөн жумада ал мындай деди: "Кээде адамдарга мамилелерди өздөрү чечип алышына мүмкүнчүлүк бериш керек".

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Бул Украинаны орусиялык дрондорду аныктап, Орусиянын энергетикалык объектилерине сокку уруу үчүн зарыл болгон маанилүү америкалык чалгын кызматынын маалыматтарынан ажыратышы мүмкүн. Окуялардын өнүгүүсүнүн башка бир варианты: согуш созулуп кетиши мүмкүн жана орусиялык аскерлер чыгышта акырындык менен алдыга жыла берет.
Эмесе, АКШнын Украинаны колдоосу олуттуу суроо жаратып жаткан чакта эмнелер Путиндин оюн өзгөртө алат? Украина, Европа, ал тургай Кытай да эмнелерди башкача кыла алмак?
Европа дагы көбүрөөк салым кошо алар беле?
Ушул тапта Европа элдешүүгө даярданып жатат. "Каалоочулардын коалициясы" Киевге Орусиянын келечекте бастырып кирүүсүн токтотууга жардам бере турган эл аралык куралдуу күчтөрдү түзүп жатат, ошондой эле согушта талкаланган Украинаны калыбына келтирүү үчүн финансылык күч-аракеттерди көрүүдө.
Бирок кээ бир аткаминерлер Европа, тескерисинче, узакка созула турган согушка даярданышы керек деп эсептешет.

Алар Украинага көбүрөөк дрондорду жана акчаны жиберүү менен "салгылашта жеңишке бүгүн жетүүгө" гана жардам бербестен, ошону менен узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүп, Орусия менен 15-20 жылдык согушка даярданууну каалашат.
Европа Украинанын асманын дрондордон жана ракеталардан коргоо үчүн дагы көп нерселерди жасай алат. Учурда "Абаны коргоо боюнча европалык демилге" (European Sky Shield Initiative) деп аталган план бар. Бул планды Европанын абадан коргонуу системаларына Украинанын батышын коргоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн кеңейтсе болот.
Мындан тышкары, европалык аскерлер Украинанын батышына чек араларды кайтаруу үчүн жайгаштырылып, украин жоокерлерин фронтто согушуу үчүн бошото алмак. Мындай сунуштардын көбү Орусиянын кыжырын кайнатып, жаңжалдын курчушуна алып келет деген кооптонуулардан улам четке кагылган.

Сүрөттүн булагы, WPA Pool/Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украина кырдаалды өзгөртүп, Орусия басып алган аймактарды өзүнө кайтарып алат деп күткөн серепчилер өтө аз.
Батыштын айрым дипломаттары орусиялык генералдар Путинге калп айтып, фронттогу кырдаалды жакшы жагынан сүрөттөп жатышат деп ырасташат. Алардын баамында, генералдар атайлап жалган айтып, "Украинанын согуштагы абалы начар болгондуктан, тынчтык тууралуу суранышы керек" деп жеткиришүүдө.
"Foreign Affairs" журналынын кабарчысы Томас Грэмдин айтымында, Орусия быйыл Украинанын аймагынын 1 пайызын гана басып алып, бул үчүн 200 миңден ашуун адам өлүп, жарадар болду.
Дональд Трамптын президент катары биринчи мөөнөтүндө АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинде иштеген, Брукингс институтунун АКШны жана Европаны изилдөө борборунун улук илимий кызматкери Фиона Хилл көптөр Украинаны утулду деп эсептегенин Путиндин эң чоң артыкчылыгы деп эсептейт.
"Украинанын азыр Европадагы эң күчтүү армиясы бар болгонуна карабастан, аны баары жеңилген өлкө катары айтып жатышат", - дейт ал.
"Украина Орусияга кандай каршылык көрсөткөнүн ойлонуп көргүлөчү. Алардын мынчалык узакка туруштук бергени таң калыштуу", - деди Хилл.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Соода, санкциялар жана Орусиянын экономикасы
Санкциялар да бар. Орусиянын экономикасы жабыркап жатканы талашсыз. Инфляция – 8%, негизги ставка – 16%, экономикалык өсүш басаңдап, бюджеттин таңкыстыгы өсүп, реалдуу кирешелер төмөндөп, керектөөчүлүк салыктар жогорулап жатат.
Peace and Conflict Resolution Evidence платформасы үчүн баяндамада Орусиянын аскерий экономикасынын ресурсу түгөнүп баратканы айтылат.
"Орусиянын экономикасы учурда 2022-жылдын башына караганда согушту азыраак каржылоого жөндөмдүү", - деп белгилешет авторлор.
Бирок азырынча мунун бири да Кремлдин позициясын өзгөртө албагандай, себеби, бизнес мисалы, "көмүскө флоттун" танкерлеринин жардамы менен мунай ташып, чектөөлөрдү буйтап өтүүнүн жолдорун табышты.
RUSIде Финансы жана коопсуздук борборунун директору Том Китинг Батыштын санкциялар тууралуу билдирүүлөрү чаташтырарын жана өтө көп жылчыктарды камтыганын айтты.
Анын айтымында, Орусия эки мунай гигантына – "Лукойл" жана "Роснефтке" АКШ киргизген соңку санкцияларды буйтап өтүп, экспорттолгон мунайды санкцияларга кабылбаган компаниялар жеткирген мунай катары көрсөтөт.
Китингдин айтымында, эгерде Батыш Орусиянын согуштук экономикасына чындап сокку урууну кааласа, анда ал бардык орусиялык мунайга эмбарго киргизип, аны дагы деле сатып алган өлкөлөргө да санкцияларды толугу менен киргизиши керек.
Теориялык жактан алганда, санкциялар Орусиянын ичиндеги коомдук пикирге да таасир этиши мүмкүн. Октябрда Коомдук пикирди изилдөө боюнча мамлекеттик борбордун (КМИБ) сурамжылоосу көрсөткөндөй, респонденттердин 56% жаңжалдан "абдан чарчаганын" айтышкан, былтыр мындайлардын саны 47 пайызды түзгөн болчу.
Анткен менен Орусия боюнча эксперттер орусиялык коомдун басымдуу бөлүгү Путиндин стратегиясын колдоп жатат деген пикирге кошулушат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Аскер кызматына чакыруу жөнүндө маселе
Украина өз кезегинде куралдуу күчтөрүнө көбүрөөк адамдарды мобилизациялай алмак.
Анын Европадагы экинчи чоң армиясы (Орусиядан кийин) бар жана технологиялык жактан алдыдагы армия бойдон калууда, бирок ошентсе да Украина үчүн да узундугу 1300 чакырымдай фронттун линиясын кармоо оор болууда.
Согуш башталган төрт жылдан бери көптөгөн жоокерлер чарчап, согуш талаасынан качкандардын саны көбөйүүдө.
Кээ бир жаштар аскер комиссариатынан жашынып же өлкөдөн чыгып кеткендиктен, аскерге чакыруу нормаларын аткаруу кыйын болуп баратат. Бирок Украина аскер кызматына чакыруу тууралуу мыйзамдарын өзгөртө алмак.
Учурда 25 жаштан 60 жашка чейинки курактагы эркектер гана милдеттүү түрдө аскерге чакырылат. Киев демографиялык чакырыктарды эске алуу менен бул стратегияны атайын карманууда: төрөттүн көрсөткүчү төмөн болуп жаткан чакта жана миллиондогон жарандар чет өлкөдө жүргөндө Украина "болочокто ата боло тургандардан" ажырап калгысы келбей жатат.
Бул сырттан байкоочуларды таң калтырууда.
"Украина жаштарын мобилизациялабаганына таң калам, - деди Улуу Британиянын жогорку даражалуу аскер кызматкери. – Менин оюмча, Украина 20 жаштагы кызуу кандуу жигиттерди согушка жибербеген тарыхтагы саналуу өлкөлөрдүн бири".
Фиона Хилл болсо Украина болгону тарыхтан жана Биринчи дүйнөлүк согуштун XX кылымдагы европалык империяларга болгон кыйратуучу таасиринен сабак алды деп эсептейт. Себеби, бул өлкөлөр калктын өсүшүн калыбына келтире албай, өтө оор абалга кептелишкен.
"Украина болгону өзүнүн демографиялык келечеги жөнүндө ойлонуп жатат", - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чабуулдар, дипломатия жана Трамп
Эгерде Украина алыскы аралыкка учуучу ракеталарды көбүрөөк импорттоп жана чыгара алса, анда ал Орусиянын аймагынын кыйла кыйратуучу соккуларды жасай алмак. Быйыл Украина оккупацияланган аймактардагы да, Орусиянын өзүндөгү да буталарга абадан соккуларын күчөттү. Ушул айдын башында украин армиясынын командирлери "Азаттык" радиосуна күзүндө Орусиянын 50дөн ашык аскердик-өндүрүштүк инфраструктуралык объектилерине сокку урганын билдиришти.
Берлиндеги Карнеги борборунун Орусия жана Евразия боюнча башчысы Александр Габуевдин айтымында, айрым орусиялыктар быйыл жыл башында бензин тартыштыгына кабылганын айтат.
"Октябрдын аягында украиналык дрондор жок дегенде бир жолу Орусиянын 38 ири мунай иштетүүчү заводдорунун жарымынан көбүнө сокку урду, - дейт ал. – Өндүрүштүн үзгүлтүккө учурашы бир нече аймактарга таасирин тийгизип, кээ бир орусиялык май куюучу станциялар күйүүчү майды эсептеп берип калышты".
Бирок Кремль да, Орусиядагы коомдук пикир да мындай окуяларга кайдыгер болгондой көрүнсө да, Орусияга урулган соккулар кырдаалга кандайдыр бир таасирин тийгизе алабы?

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Мурдагы австралиялык генерал-майор, ал эми азыр Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун илимий кызматкери Мик Райан бул соккулар маселени чечпей турганын айтат.
"Бул өтө маанилүү аскердик иш-аракеттер, бирок алар Путинди сүйлөшүү үстөлүнө отургузууга же Украинага согушта жеңүүгө жардам берүүгө жетишсиз", - дейт Райан.
Дипломатиялык вариант дагы деле мүмкүн.
Айрым серепчилер Путинге согушту токтотуунун жолу сунушталса, ал аны кабыл алышы мүмкүн деп эсептешет.
Бул теориянын жактоочулары эки тарапка тең жеңишти жарыялоого мүмкүндүк бере турган макулдашууну түзсө болот деп эсептешет.
Бирок мындай келишимди ишке ашыруу АКШдан Орусия менен жигердүү иштешүүнү, сүйлөшүү жүргүзүүчү топторду түзүүнү жана макулдашууга жетиш үчүн Москвага таасирин колдонууну талап кылат.
"АКШ Орусияга өзүнүн эбегейсиз психологиялык таасирин колдонушу керек, - дейт Томас Грэм. - АКШ жана Трамп Орусияны улуу держава, ал эми Путинди дүйнөлүк лидер катары таанууда баа жеткис ролду ойношууда".
Кытайдын таасири
Кытайдын лидери Си Цзинпин – Путин кулак салган саналуу дүйнөлүк лидерлердин бири.
Орусиянын аскердик өнөр жайы негизинен Кытайдан жарандык да, аскердик да максаттарда колдонула турган электроника же жабдуулар сыяктуу товарлардан абдан көз каранды.
Ошондуктан, Бээжин согушту улантуу мындан ары Кытайдын кызыкчылыгына туура келбейт деп чечсе, Кремлдин позициясына олуттуу таасирин тийгизе алат.

Сүрөттүн булагы, Shutterstock
Ушул тапта Кытай АКШ башка көйгөйлөр менен алек болуп, трансатлантикалык союздаштары бөлүп-жарылып, ал эми дүйнөнүн калган бөлүгү Кытайды туруктуулуктун булагы катары карап жатканына ыраазы.
Бирок эгерде Орусия эскалацияга барса, дүйнөлүк рынок туруксуздашса, АКШ орусиялык арзан энергияны алып жүрүүчүлөрдү керектөөгө жаза катары Кытайга каршы кошумча санкцияларды киргизсе, анда Бээжиндин пикири өзгөрүшү мүмкүн.
Анткен менен азырынча Путин убакыт анын тарабында болгондуктан, өзүн ыңгайлуу абалда деп эсептейт. Талдоочулардын баамында, бул жаңжал канчалык узакка созулса, украиналыктардын моралдык духу ошончолук түшүп, союздаштардын ортосунда ынтымак жоголуп, Орусия Донбасста көбүрөөк аймакка ээ болот.
"Биз бул аймактарды куралдуу күч менен бошотуп алабыз, же украин аскерлери бул аймактардан чыгып кетишет", - деген эле Путин өткөн аптада. (ZMa)












