"Кара кийим кийгизет, калпакка уруксат жок". Тергөө абагындагы абал

Сүрөттүн булагы, official
Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жума башында №21 тергөө абагына кирип, 200дөй адам менен маектешип кайтканын кабарлады. Шайлоо алдында кармалып, камалган саясатчылардын бир бөлүгү мурдараак тергөө абагында кысым болуп жатканын билдиришкен.
Жума башында, 15-декабрда Акыйкатчы №21-тергөө абагына барган. Жамиля Жаманбаева аялдар корпусундагы камераларды текшерип чыккан. Орун басары эркектер корпусунда кармалып тургандар менен маектешкен.
Акыйкатчы Институтунун өкүлү Эмил Жандаев Би-Би-Сиге билдиргендей, алар саясий себептер менен кармалып турган активисттер, анын ичинде Темирлан Султанбеков менен дагы жолугушкан.
"Жалпысынан 200дөн ашык адам менен маектешүү жүргүздүк. Түшкөн арыздарды эки топко бөлсө болот. Биринчи топтогулар тергөө амалдарына, сот чечимдерине, соттун создуктурулушуна даттанышкан. Экинчиси кармоо шартына байланыштуу. Анын ичинде медициналык камсыздоо боюнча арызданышкан. Кээ бири тергөө абагынын администрациясы кара түстөгү гана кийимдерди кийгизип жатышат, чачты алдыртышат, калпак кийгенге уруксат беришпейт деп арызданышкан. Ооба, жогоруда айтып кеткен 200 адамдын ичинде белгилүү адамдар да бар. Алардын ичинде Шайлообек Атазов, Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев жана Айбек Теңизбай уулу бар. Темирлан Султанбеков буга чейинки арызы тергөө изоляторунун администрациясы тарабынан чечилип жатканын, ортомчунун кереги жоктугун айткан", –деди Акыйкатчы Институтунун адам укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Эмил Жандаев.
Мындан бир нече күн мурун, 10-декабрда Каныкей Султанбекова Фейсбуктагы баракчасына агасы кургак учук менен ооруган, оор кылмыш жасаган адамдар менен бир камерада кармалып турганын жазган.
Ага улай, Темирлан Султанбеков менен бирге кармалган Шайлообек Атазовдун Фейсбуктагы баракчасына анын каты жарыяланган. Катта Атазов 3-декабрда 21-тергөө абагына которулганы, ал жерде 20дай адам менен чогуу отурганы, камера сыз, суук, ооругандар көп экенин, кысым көрсөтүлүп жатканы белгиленген.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кийинки күнү эле Темирлан Султанбековдун жакындарынын дооматын четке кагып, ал бардык мыйзамдардын талаптарына жооп берген шартта кармалып турганын билдирген.
"Аны кургак учук менен ооруган адам менен чогуу бир камерада кармалып турганы жөнүндө маалымат негизсиз. №1 тергөө абагында кандайдыр бир ооруга чалдыккандар кармалбайт, ал үчүн 31-мекеме (оорукана) бар, ал жакта толук дарылануудан өтүшөт. Ал эми чач алуу үчүн бир эле устара колдонулат деген доомат тастыкталган жок, санитардык-гигиеналык талаптар бузулганы аныкталган эмес", - деп жазылган Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын билдирүүсүндө.

Сүрөттүн булагы, ПолитКаст
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си соңку билдирүүлөрдөн кийин абал өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн билүү үчүн Темирландын карындашы Каныкей Султанбекова менен байланышты. Ал агасына жумасына үч жолу тамак киргизип жатышканын, бирок жолугууга мүмкүн эместигин, атүгүл кат алышып-беришүүгө да мүмкүн болбой жатканын айтты:
"Башында камерада 18 киши болчу. Экөөнө керебет тийбей, жерде жатып калган. Учурда ошол эки киши башка камерага которулду. Башка эч нерсе деле өзгөргөн жок. Чындыгында, кат алышып берише албай жатабыз. Абактын кызматкерлери Темирландын ата-энебизге жазган катын адвокатка бербей жатышат. Эки күн мурун Конституция, Кылмыш-жаза кодекси жазылган китептерди жөнөткүлөчү деген экен. Киргизе албай койдук. Бул эмне деген шумдук! Жылуу жашыл кофтасы бар эле, аны алып барса, кара кийим алып келгиле деп албай коюштуптур. 16-декабрда Бишкек шаардык сотунда баш коргоо чарасы каралды. Сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Сот учурунда гана Темирланды алыстан болсо да көргөнгө мүмкүндүк алдык. Сотто ал уюшкан топтун мүчөлөрүн камерага киргизип, коркутуп, кысым көрсөтүп жатышканын гана алыстан кыйкырды".
Темирлан Султанбековдун адвокаты Нурбек Токтакунов болсо тергөө иштери жүрбөй, мыйзам бузууларга жол берилип жатканын айтууда:
"Жашыруун деген жүйө менен арым материалдарды бербей жатышат. Иштин материалдардын тергөөчүлөрдөн сууруп алууга туура келүүдө. Азыр укук коргоо органдары мыйзамдын негизинде иштебейт, булар үчүн мыйзам – жогорку жакта турган башкарманын буйругу. Бул бардык саясий иштер үчүн актуалдуу. Темирланга карата кыйноо колдонулган жок. Болсо дароо айтам. Бирок саясий иш менен камалгандардын камерасына тыңчыларды киргизүү же коркута турган кишилерди киргизүү кадыресе колдонулуп жүргөн тажырыйба".
Би-Би-Си 11-декабрда кармалып, ушул эле тергөө абагына киргизилген, "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга" айтыпталган Айбек Теңизбайдын адвокаты менен да байланышты.
"Азыр эле кирип чыктым, абалы жакшы. Айбек апасынын жалгыз баласы экен. Ал тез бошотулсун деп жатат. Чачын алышкан. Кызыл курткасы бар эле, аны чечтиришиптир, кара кийсин дешиптир. Абакта кара кийим кийүү керек деген эреже мурда жок болчу, кийинчерээк кирди окшойт", – деди Жаныш Бараков.
22-ноябрда, парламенттик шайлоого дээрлик бир жума калганда Кыргызстанда чуулгандуу камоолор орун алган. Күч органдары "массалык башаламандык уюштурууну пландаган" деген негизде атайын операция жүргүзүп, бир нече адамды кармаган.
ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган.
Кармалган он киши 17-январга чейин камакка алынган.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровго "Бийликти күч менен басып алуу", "Жапырт башаламандыктар" беренеси менен дагы айып тагылган.
Мындан тышкары Шайлообек Атазов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, саясатчы Урмат Барктабасов, "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов "Жапырт башаламандыктар", "Кылмышка даярдык көрүү" беренелери боюнча айыпталып жатат.
Жогорку Кеңеш быйыл 25-июнда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп, аны Акыйкатчынын курамына киргизүү мыйзамын кабыл алган.
Эл аралык укук коргоо уюмдары бул борбордун жоюлушуна тынчсыздануусун билдиришкен.
Өлкөдө кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө алган борбор 2013-жылы түзүлгөн. Бул борбор жабык жайлардагы даттанууларды текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктап келген.
11-декабрда Freedom for Eurasia уюму Кыргызстанда интернетте сын пикирин билдиргени үчүн кармалган жарандарга карата Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ырайымсыз мамиле жасап жатканы жөнүндө билдирүү тараткан. Уюм акыркы айларда кармалган көптөгөн адамдар менен жүргүзүлгөн маектердин негизинде ушундай тыянак чыгарылганы белгиленген.
"Көптөгөн күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, социалдык тармактарда бийликти сындаган билдирүүлөрү үчүн кармалган адамдар Бишкек шаарындагы УКМКнын жакында салынган имаратынын жертөлөсүнө (Чыңгыз Айтматов №1 көчөсүнө) жеткирилген. Мурда кармалгандар аларды терезеси жок чоң бөлмөгө алып киришкенин айтышат. Ал бөлмөнүн полу боз түстөгү килем менен төшөлгөн, мурдагы кыйноолордон калган кан жана башка биологиялык суюктуктардын тактары байкалып турган. Дубалдары үн өткөрбөгөн, кыйкырык сыртка угулбашы үчүн орнотулган жумшак, жылууланган материал менен капталганы айтылат", - деп жазылган билдирүүдө.
Ошондой эле жабырлануучулар сабалганын, электр тогу менен кыйноого алынганын, муунтулганын жана сууга думуктурулганын билдиришкени, андан соң жаракат алган абалда жана күчтүү психологиялык басым алдында "жасаган кылмышы" үчүн кечирим сураган видеолорду тартууга мажбурланганын айтып беришкени белгиленет.
Freedom for Eurasia эл аралык коомчулукту бул маселени Кыргызстандын бийлиги менен болгон сүйлөшүүлөрдө көтөрүүгө чакырып, кыйноолорду токтотууну, көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.
Кыргыз бийлиги, анын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул билдирүүгө реакция жасай элек.












