Токио саммити: Жапония беш жылда Борбор Азияга 19 млрд доллар инвестиция салат

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Заирбек Бактыбаев, Би-Би-Си
"Борбор Азия – Жапония" саммитинде Жапония "CA+JAD Токио демилгеси" долбоорун жарыялады. Ага ылайык, Жапония аймакка беш жылда 19 млрд доллар инвестиция салууну убада кылды. Токиодогу эки күндүк саммитке Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн — Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары катышты. Бул 20 жыл мурун негизделген "Борбор Азия + Жапония" диалогунун мамлекет башчыларынын деңгээлине көтөрүлгөн биринчи учуру болду. Буга чейин ал тышкы иштер министрлери даражасында 10 ирет уюштурулган. Мамлекет башчыларынын кийинки "Борбор Азия + Жапония" саммити Казакстанда өтмөй болду.
"Борбор Азия – Жапония" диалогунун биринчи саммити биргелешкен декларация кабыл алуу менен жыйынтыкталды.
"Буга чейин жетишилген кызматташтыктын негизинде Жапония өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоо үчүн "Борбор Азия + Жапония" диалогунун (CA+JAD) Токио демилгесин ишке киргизди. Анын алкагында лидерлер "Жашыл экономика жана туруктуулук", "Өз ара байланыш" жана "Адам ресурстарын өнүктүрүү" багыттарын үч артыкчылыктуу тармак катары аныкташты. Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Жапониянын бул демилгесин кубатташты", — деп айтылат декларацияда.
Жапония CA+JAD Токио демилгеси аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнө өнөр жайын өнүктүрүүгө жана диверсификациялоого, анын ичинде Жапониянын технологияларын, билимин жана санариптик трансформациясын колдонуу менен бизнеске багытталган адам ресурстарын, чакан жана орто ишканаларды, жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөктөшүү ниетин билдирди. Бул иштер Жапониянын экспорттук кредиттик агенттиктери, көп тараптуу өнүктүрүү банктары жана жеке финансылык сектордун колдоосу менен ишке ашырылмакчы.
Жапония 5 жыл ичинде Борбор Азиядагы бизнес-долбоорлорго инвестициянын көлөмүн 3 триллион иенге (болжол менен 19 миллиард АКШ доллары) жеткирүү максатын койду.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери бул демилгени кубатташты. Ошондой эле алар Жапониянын Борбор Азия өлкөлөрүнө саламаттыкты сактоо жана медициналык кызмат көрсөтүү тармагындагы туруктуу колдоосун жогору баалашты.
Жапониянын өкмөт башчысы Санаэ Такаичи саммитте Борбор Азиянын Европа менен Азиянын ортосундагы геосаясий маанисин, экономикалык коопсуздуктагы ресурстук ролун жана жогорку өсүш потенциалын белгиледи.
"Премьер-министр Такаичи Борбор Азия аймагынын маанисин жана келечектеги потенциалын баса белгиледи. Анын ичинде: Европа менен Азиянын кесилишинде жайгашкан геосаясий мааниси, энергия жана минералдык ресурстарга бай болгондугуна байланыштуу экономикалык коопсуздуктагы ролу, жогорку экономикалык өсүш жана калктын санынын көбөйүшү менен шартталган мүмкүнчүлүктөрү белгиленди. Ал Жапония менен Борбор Азиянын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү жана диверсификациялоо максатында "CA+JAD Токио демилгесинин" ишке киргизилгенин жарыялады", — деп айтылат Жапониянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.
Борбор Азия лидерлери премьер-министр Такаичи тарабынан жарыяланган "CA+JAD Токио демилгесин" жылуу кабыл алып, кызматташуунун үч артыкчылыктуу багыты боюнча Жапониянын көрсөткөн колдоосу жана жардамдары үчүн ыраазычылык билдиришти.
Токионун демилгеси Кытайдын "Бир алкак – бир жол" долбооруна окшоштурулууда.
"Эл аралык кырдаалдагы акыркы өзгөрүүлөргө байланыштуу Борбор Азиянын тегерегиндеги азыркы тез өзгөрүп жаткан чөйрө аймактык жана глобалдык кызматташтыкты ого бетер маанилүү кылууда", — деди Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаичи саммитте. Бул тууралуу Жапониянын Nippon.com сайты жазды.
"Борбордук Азия + Жапония" Диалогунун алкагында өткөн бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жеке секторлор тарабынан 150дөн ашык документке кол коюлган. Бизнес-форумга өнөр жай, энергетика, транспорт, IT, медицина жана билим берүү тармактарынан 300гө жакын бизнес өкүлдөрү катышты.

Сүрөттүн булагы, Official
Садыр Жапаров жапон тарапты «Асман» жана «Ала-Тоо Резорт» долбоорлоруна чакырды
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө бүгүнкү саммит Борбордук Азия өлкөлөрү менен Жапониянын ортосундагы өнөктөштүктү сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга болгон жалпы умтулууну билдирерин баса белгилеген.
Кыргызстандын тоолуу өлкө катары өзгөчөлүгүн эске алуу менен, кыргыз президенти климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди атады. Атап айтканда, мөңгүлөрдүн эриши, суу ресурстарынын азайышы, сел агымдарынын жана сейсмикалык активдүүлүктүн өсүшү түздөн-түз калкка жана инфраструктурага коркунуч келтирип жатканын кошумчалаган.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров Жапониянын катышуусунда табигый кырсыктарды болжолдоо жана эрте эскертүүнүн аймактык системасын түзүү сунушун киргизди. Ошондой эле "Камбар-Ата – 1" ГЭСин куруу сыяктуу "жашыл" энергетикалык долбоорлорго жапон технологияларын тартуу маселесине токтолду. Садыр Жапаров жапондордун "жашыл" технологияларын трансферлөөгө жана экологиялык долбоорлорду каржылоонун жаңы механизмдерине кызыкдар экенин да билдирди. Мындан тышкары, кыргыз президенти жапон тарапты "Асман" экологиялык таза шаарынын долбооруна жана "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа базасынын курулушуна катышууну карап көрүүгө чакырды.
"Коммуникация жана байланышты өнүктүрүү контекстинде Мамлекет башчысы Евразиянын борборундагы ыңгайлуу географиялык жайгашуусу Кыргызстан үчүн транспорттук, логистикалык, соода жана финансылык агымдар үчүн аймактык хаб болуу мүмкүнчүлүктөрүн ачарын баса белгиледи. Байланышты жогорулатуу, инфраструктураны модернизациялоо жана интеллектуалдык транспорттук системаларды киргизүү бизнестин чыгымдарын кыскартууга жана өлкөнүн аймактык логистикадагы позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат Президенттик администрациянын сайтындагы маалыматта.
Садыр Жапаров Токиодо Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаичи менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да жүргүзгөн. Жолугушууда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, өз ара сооданы жана инвестицияны көбөйтүү, туруктуу жана «жашыл» энергетика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле спорт жана туризм тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланган. Анын жыйынтыгы менен 9 документке кол коюлган. Ал эми "Жапония – Борбор Азия" бизнес-форумунда Кыргызстан 20дай документке кол койгон.

Сүрөттүн булагы, Official
Өзбекстандын демилгелери
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аймактык кызматташтыкты чыңдоо боюнча бир катар сунуштарды көтөрдү. Өз сөзүндө Мирзиёев: "Эгер күчтөрдү бириктирсек, тоолорду томкорууга болот", — деген жапон макалына токтолду.
Ал саммиттерди эки жылда бир жолу өткөрүүнү сунуштады жана алардын бирин Өзбекстан кабыл алууга даяр экенин билдирип, "Борбор Азия – Жапония 2040" кызматташтык стратегиясын иштеп чыгууну демилгеледи. Аймакта жапон технологияларын жана инженердик стандарттарын жайылтуу үчүн "Борбор Азиянын инфраструктурасын жана өнөр жайын өнүктүрүү инвестициялык фондун" түзүүнү сунуштады.
"Жапон каржы институттарынын Борбор Азиядагы соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорго колдоосунун кеңейишин кубаттайбыз. Борбор Азиянын табигый жана кадрдык ресурстарын Жапониянын өнөр жай жана технологиялык потенциалы менен айкалыштыруу синергиялык натыйжа берет деп ишенебиз. Ушуга байланыштуу Борбор Азиянын инфраструктурасын жана өнөр жайын өнүктүрүү боюнча Инвестициялык фонд түзүүнү, ошондой эле жапон инвестицияларын, технологияларын жана стандарттарын тартууга багытталган "сапаттуу инфраструктура" программасын ишке киргизүүнү сунуштайбыз. Мындан тышкары, технологияларды трансфер кылуу жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү үчүн борбор азиялык жапон технопарктарынын тармагын түзүүнү сунуштайбыз. Бүгүнкү күндө экономикалык өсүштүн негизги фактору — санариптик трансформация. Жапон компаниялары өнөр жай автоматизациясы, робототехника, интеллектуалдык башкаруу системалары, булуттук жана жаңы муундагы телекоммуникациялык платформалар жаатында дүйнөлүк лидерлер болуп саналат. Ушуга байланыштуу "Борбор Азия – Жапония" Санариптик хабын түзүүнү сунуштайбыз", - деди өзбек президенти.
Ошондой эле ал Жапониянын тажрыйбасын колдонуу менен тез жүрүүчү темир жолдорду, автожолдорду жана заманбап логистикалык борборлорду курууга басым жасады. Ташкентте кайра жаралуучу энергия булактары боюнча адистерди даярдоочу Регионалдык борбор ачууну сунуштап, Өзбекстан 2035-жылга чейин көмүр кычкыл газын 50%га кыскартууну көздөй турганын айтты. Жапон моделдеринин негизинде ири шаарлардын сейсмикалык туруктуулугун диагностикалоо жана эрте кабарлоо системаларын ишке киргизүү маанилүүлүгүнө токтолду.

Сүрөттүн булагы, Official
Касым-Жомарт Токаев: Борбор Азия менен Жапониянын кызматташтыгында жаңы доор башталды
Касым-Жомарт Токаев "Борбор Азия + Жапония" диалогунун алгачкы саммитинде Жапонияны Казакстандын негизги инвесторлорунун бири катары мүнөздөдү. Бул өлкөдө жапондордун инвестициясы 8,5 млрд доллардан ашкан. Токаев Жапонияны аймактын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга чакырды:
"Борбор Азиянын транзиттик жана логистикалык потенциалы Жапония үчүн да ири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Аймак Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган негизги соода жолдорунун кесилишинде маанилүү роль ойнойт. Азия менен Европанын ортосундагы кургактык жүк ташуулардын 80 пайыздан ашыгы Казакстандын аймагы аркылуу өтөт. Бул контекстте Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту (Орто коридор) өзгөчө мааниге ээ болууда. Каспий деңизиндеги Актау портунда бажы жол-жоболорун өркүндөтүүгө Жапония өкмөтүнүн катышуу чечимин кубаттайбыз. Ошондой эле Орто коридордун боюндагы темир жол, порттук, автомобиль жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жапон компанияларынын келечектеги катышуусу пайдалуу болот деп эсептейбиз".
Токаев атомдук технологияларга токтолуп, Жапониянын тажрыйбасын ядролук коопсуздук жана калдыктарды башкаруу тармагында колдонуу маселесин да көтөрдү:
"Ядролук энергетика "жашыл" күн тартибинде маанилүү орунду ээлейт. Казакстан дүйнөлүк ядролук отун жеткирүүлөрүнүн болжол менен 40 пайызын камсыздайт. Бул абдан маанилүү, анткени дүйнөдөгү электр энергиясынын дээрлик 10 пайызы атомдук электр станцияларында өндүрүлөт. Казакстандын ресурстук потенциалы менен Жапониянын атомдук энергетика тармагындагы алдыңкы технологияларын айкалыштыруу бул стратегиялык мааниге ээ тармакта, айрыкча инновацияларды киргизүү аркылуу, ийгиликтүү кызматташтык үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат".
Токаев Жапониянын Жасалма интеллект жаатындагы демилгелерин колдоп, Борбор Азия үчүн бирдиктүү платформаны Astana Hub базасында жайгаштырууну сунуштады.
Талдоочулардын пикири
Бул — C5+1 форматындагы быйылкы жылдагы бешинчи жолугушуу. Ага чейин Борбор Азия лидерлери ушул эле форматта Кытай, Европа Биримдиги, Орусия жана АКШ менен саммиттерди өткөрүшкөн. Ошентип, Жапония C5 форматындагы негизги глобалдык өнөктөштөрдүн катарына кошулууга ниет кылууда.
Ошондой эле Токионун демилгеси Кытайдын "Бир кур – бир жол" долбооруна окшоштурулууда.
"Борбор Азиянын беш өлкөсү мурдагы Советтер Союзунун мүчөлөрү болуп саналат жана Орусия менен бекем байланышта. Акыркы жылдары алар өздөрүнүн "Бир алкак, бир жол" инфраструктуралык демилгесин илгерилетип жаткан Кытай менен соода мамилелерин чыңдашты. Ошол эле учурда, бул беш өлкө өздөрүнүн дипломатиялык мамилелерин диверсификациялоого умтулууда. Жапония болсо жаратылыш газы жана маанилүү минералдар сыяктуу ресурстарга бай бул өлкөлөр менен байланышты өнүктүрүү аркылуу аймактагы өз таасирин арттырууну көздөйт", - деп жазды The Japan Times.
Эл аралык маселелер боюнча талдоочу Төлөн Турганбаев "Борбор Азия — Жапония" саммити: Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөр терезеси" деген жергиликтүү басылмаларга жазган макаласында "сейрек кездешүүчү, стратегиялык маанидеги ресурстар үчүн атаандаштыктын күчөшүнөн улам Борбор Азияга болгон кызыкчылык артып жатат. Ошол эле учурда Жапония катуу саясий шарттарды койбогон кызматташтык моделин сунуштап, "өнүгүү аркылуу коопсуздук" концепциясын илгерилетүүдө" деген.
"Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул саммит көп вектордуу тышкы саясатты көздөгөн багыттын институционалдык жактан бекемделишин билдирет. Аймак өнөктөштөрдүн чөйрөсүн ырааттуу кеңейтип, Европа Биримдиги жана АКШдан тартып Кытай, Жапония жана Түштүк Кореяга чейин кызматташтыкты өнүктүрүүдө. C5+1 форматы Борбор Азиянын субъекттүүлүгүн күчөтүп, аймактагы өлкөлөргө "бир добуштан" сүйлөөгө шарт түзүп, ири державалар менен болгон асимметриялуу эки тараптуу мамилелерге көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет", - деп жазат Төлөн Турганбаев макаласында.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Жапониядагы расмий өкүлү Нургазы Исманов "Борбордук Азия – Жапония" Диалогунун биринчи саммитиндеги бизнес - форумга катышты. Ал Би-Би-Си менен маегинде "бул кызматташтык Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга тышкы саясатта маневр жасоого, тең салмактуулукту сактоого шарт түзөрүн" белгилеп, кыргыз-жапон экономикалык кызматташтыгына токтолду:
"Кыргыз-жапон экономикалык кызматташтыгынын потенциалы али толук ачыла элек. Эң негизги себеп — Жапония тараптын Кыргызстанды аз билгендиги. Ошого жараша ири компаниялар барууга шашылбайт. Кыргызстан жөнүндө так маалыматтын аздыгынан жана өлкөнү тобокелчилиги жогору мамлекет катары санагандыктан көп келишпейт. Биздин максатыбыз — ушул түшүнүктү өзгөртүү. Биз бир эле учурда Toyota, Marubeni же Mitsubishi сыяктуу гиганттарды күтпөстөн, чакан жана орто бизнести тартуу багытында иштешибиз керек. Себеби чакан бизнесте чечимдер бат кабыл алынат. Ал компаниялар өз өлкөсүндө Кыргызстан тууралуу позитивдүү маалымат таратууга жардам берет. Анын артынан инвестициялык климатка болгон мамиле өзгөрөт. Бул жагынан Монголия бизге жакшы мисал боло алат. Моңголдор менен кыргыздардын жашоо образында окшоштуктар көп, бирок моңгол базарында жапониялык компаниялар абдан көп".
Соңку маалыматтар боюнча Борбор Азиянын Жапония менен бир жылдык соода көлөмү 2 миллиард АКШ долларына жеткен жана анын 70 пайыздан ашыгы Казакстанга таандык, Өзбекстандыкы 13 пайыздын тегерегинде. 2023-жылы Кыргызстан менен Жапониянын соода жүгүртүүсү 250 млн доллардай болгон экен.












