"Бул согуштун башталышы эмес, өч алуу тууралуу жарыя". АКШ Сириядагы "Ислам мамлекетинин" буталарына сокку урду

Америкалык аскерлер радикалдуу топтун 70тен ашык бутасына сокку урду

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Америкалык аскерлер радикалдуу топтун 70тен ашык бутасына сокку урду
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Си

Жума күнү АКШнын аскер күчтөрү "Ислам мамлекети" тобунун (бир катар өлкөлөрдө террордук уюм катары тыюу салынган) Сириядагы ондогон объектилерине сокку урушту. Бул өткөн аптада Пальмирада согушкерлердин сириялык-америкалык кайгуулга кол салуусуна жооп болду. Кол салууда үч америкалыктын өмүрү кыйылган.

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет "Ителгинин соккусу" («Hawkeye strike») операциясы "Ислам мамлекетинин" согушкерлерине, инфраструктурасына жана курал-жарак объекттерине багытталганын X платформасына жазды. "Бул согуштун башталышы эмес, бул – өч алуу тууралуу жарыя. Бүгүн биз душмандарыбызга аңчылыкка чыгып, алардын көбүн өлтүрдүк. Биз муну дагы улантабыз", - деп кошумчалады Хегсет.

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында операцияны "өтө олуттуу өч алуу соккусу" деп атады.

10-ноябрда Трамп Ак үйдө Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шарааны кабыл алган болчу. Жолугушуудан кийин Сирия "Ислам мамлекети" менен күрөшүү үчүн 88 өлкөдөн турган эл аралык коалицияга кошулган.

Трамп жазгандай, "эгерде ИМди жок кыла алса" Сириянын жаркын келечекке мүмкүнчүлүгү болот.

Соңку айларда АКШ башында турган коалиция Сирияда "Ислам мамлекети" менен байланышта деп шектелген топторго абадан жана жерден операцияларды жүргүзүп, ага Сириянын коопсуздук күчтөрү да тартылууда. Өткөн айда улуттук өнөктүктүн алкагында Сирия "Ислам мамлекети" менен байланышы бар деп айыпталган 70тен ашуун адамды камакка алган.

Пальмирадагы кол салуу

13-декабрда Сириянын Пальмира шаарында америкалык жана сириялык аскерлердин биргелешкен кербенине кол салууда АКШ армиясынын эки жоокери жана котормочу өлтүрүлгөн. Кол салган киши ошол жерде атып өлтүрүлгөн. Сириянын Ички иштер министрлиги ал Сириянын коопсуздук күчтөрүнүн мүчөсү болгонун жана "Ислам мамлекетине" жан тартканын айткан.

Бул кол салуу өткөн жылы декабрда Сириянын мурдагы президенти Башар Асад бийликтен кулатылгандан берки биринчи ушундай окуя болуп калды.

Асаддын режими кулагандан кийин Сириянын жаңы бийлиги ушул күнгө чейин жалпы өлкөнү өз көзөмөлүнө ала элек.

Америкалык кызматкерлерге кол салуу Сирия өкмөтү көзөмөлдөбөгөн аймакта орун алды.

АКШ аскерлери ушул кезге чейин Сириянын түндүк-чыгышында жана түштүк-чыгышында кала беришүүдө

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ аскерлери ушул кезге чейин Сириянын түндүк-чыгышында жана түштүк-чыгышында кала беришүүдө

Президент катары биринчи мөөнөтүндө Трамп АКШнын Сирияда болушун бир нече жолу сынга алып келген. 2018-жылы ал "Ислам мамлекетин" жеңгенин жарыялап, америкалык аскерлерди Сириядан чыгарып кетүүнү тапшырган.

Учурда Сирияда дагы миңге жакын америкалык аскер бар. Америкалык күчтөр күрт күчтөрү көзөмөлдөгөн Сириянын түндүк-чыгышында, ошондой эле Иордания жана Ирак менен чектешкен, Сириянын түштүк-чыгышындагы Хомс шаарында орун алган Эт-Танф базасында жайгашкан. (ZMa)