Нургазы Исманов: Жапония Борбор Азияны маанилүү чөлкөм катары карай баштады

Нургазы Исманов

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нургазы Исманов
    • Author, Заирбек Бактыбаев, Би-Би-Си

19-декабрда Токиодо эки күндүк "Борбор Азия – Жапония" саммити башталууда. Бул иш-чара өлкө лидерлеринин деңгээлинде биринчи жолу уюштурулуп, Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаичинин төрагалыгы алдында өтмөкчү. Саммитке Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн — Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары катышат.

Бул — C5+1 форматындагы быйылкы жылдагы бешинчи жолугушуу. Ага чейин Борбор Азия лидерлери ушул эле форматта Кытай, Европа Биримдиги, Орусия жана АКШ менен саммиттерди өткөрүшкөн. Ошентип, Жапония C5 форматындагы негизги глобалдык өнөктөштөрдүн катарына кошулууга ниет кылууда.

Жапония өкмөтү жарыялаган маалыматка ылайык, саммиттин алкагында мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары, ошондой эле соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бизнес-форум уюштурулат.

"Борбор Азия – Жапония" саммитине катышуу үчүн кыргыз президенти Садыр Жапаров Жапонияга кечээ барган. Ал бүгүн Жапониянын императору Нарухито менен жолугушту. Ошондой эле саммиттин алкагында уюштурулган тосуп алуу сый тамагына катышты.

Садыр Жапаров менен Нарухито менен

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров менен Нарухито менен

"Жапония Борбор Азия чөлкөмүндө Орусия же Кытай менен түздөн-түз атаандашууга барбайт."

"Борбор Азия – Жапония" саммити жана кыргыз-жапон алакалары тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Жапониядагы расмий өкүлү Нургазы Исманов менен маектештик.

— Жапония биринчи жолу Борбор Азиянын лидерлерин Токиого чогултууда. Бул саммиттин Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан жана Жапония үчүн кандай мааниси бар?

— Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Токиодо чогулушу — бул символикалык гана окуя эмес, стратегиялык мааниси чоң кадам. Биринчиден, бул Жапониянын Борбор Азияны өзүнүн тышкы саясатында маанилүү чөлкөм катары карай баштаганын көрсөтөт. Экинчиден, саммит Токионун алыс болгонуна карабай, стратегиялык мааниси бар регион менен түз, жогорку деңгээлде мамиле түзүүгө даяр экендигин далилдейт.

Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн бул саммит көп векторлуу тышкы саясатты чыңдоонун дагы бир мүмкүнчүлүгү деп эсептесек болот. Айрыкча, азыр геосаясий атаандаштык күчөгөн шартта аймак өлкөлөрүнүн бир гана Орусия же Кытай менен чектелбей, Жапония сыяктуу технологиялык жактан өнүккөн жана геосаясий жактан салыштырмалуу нейтралдуу өнөктөш менен мамиле түзүүсү маанилүү. Ал эми Жапония үчүн бул саммит — региондо, Борбор Азия чөлкөмүндө узак мөөнөттүү экономикалык, саясий жана гуманитардык кызматташтыктын пайдубалын бекемдөө болуп эсептелет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

— Соңку бир канча жылдан бери АКШ, Кытай, Орусия, Евробиримдик, Германия, Италия сыяктуу өлкөлөр Борбор Азиянын беш өлкөсү менен "5+1" форматындагы ушул сыяктуу саммиттерди утур-утур өткөрүп келет. Батыш өлкөлөрү мындай жыйындарда Борбор Азиядагы сейрек металлдарга кызыгарын ачык эле айтып жатат. Жапонияны Борбор Азияда эмне кызыктырат?

— Жапониянын кызыкчылыгы бир гана сейрек кездешүүчү металлдар менен чектелбейт. Бирок бул фактор дагы маанилүү жана ал күн тартибинде бар. Жапония, өзүңүздөр билгендей, табигый ресурстарга жарды, бирок жогорку технологияларга таянган экономика болгону үчүн электромобилдер, батареялар жана жарым өткөргүчтөр үчүн керектүү ресурстарды диверсификациялоо Токио үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Азыркы учурда Жапония менен Кытайдын ортосундагы мамиленин чыңалуусун эске алганда, бул табигый ресурстарды диверсификациялоо өтө жогорку стратегиялык мааниге ээ. Мындан тышкары, Жапония Борбор Азияны логистикалык-транзиттик аймак катары да карайт. "Эркин жана ачык Индо-Тынч океан" концепциясынын алкагында карасак, Кытайды айланып өтүүчү соода жолдорун, туруктуу жеткирүү чынжырларын түзүү — мунун баары Жапония үчүн актуалдуу.

Жапониянын тышкы саясаттагы концепциясын Кытайдын "Бир алкак — бир жол" демилгесинин альтернативасы десек болот. Ошондой эле Жапония "жумшак күч" аркылуу — билим берүү, инфраструктура, экология, мамлекеттик башкаруу тармактарында узак мөөнөттүү таасир калтырууга кызыктар.

— Борбор Азия чөлкөмүндө Орусия менен Кытайдын саясий, экономикалык таасири күчтүү экени белгилүү. Жапония менен Кытайдын ортосунда маал-маалы менен чыңалуулар жаралган учурлар бар. Соода болобу, инвестиция маселеси болобу, Жапония Борбор Азияда Орусия же Кытай менен атаандаша алабы?

— Борбор Азия чөлкөмүндө Жапония Орусия же Кытай менен түздөн-түз геосаясий же башка бир атаандашууга бара албайт жана барбайт. Жапониянын стратегиясы башкача: ал сапат, технология, ишеним жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүүгө багытталган.

Кытай масштабдуу насыялар жана ири долбоорлор менен таасир кылса, Орусия тарыхый, коопсуздук жана миграциялык байланыштар менен таасир этет. Ал эми Жапония болсо инфраструктуранын сапатын жакшыртууга, адамдык капиталды өнүктүрүүгө, институционалдык реформаларга басым жасайт. Ошондуктан Жапониянын катышуусун атаандаштык эмес, альтернатива катары карасак болот. Бул кызматташтык Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга тышкы саясатта маневр жасоого, тең салмактуулукту сактоого шарт түзөт.

— Жапониянын Борбор Азия менен соода алакасын карасак, анын көбү коңшу Казакстанга туура келет экен. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин да кечээ Жапониядагы жолугушууда айтканына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Борбор Азиянын Жапония менен соода көлөмү 2 миллиард АКШ долларына жеткен жана анын 70 пайыздан ашыгын Казакстан түзөт. Өзбекстандыкы 13 пайыздын тегерегинде. Жапония географиялык жактан чөлкөмдөн, анын ичинде Кыргызстандан алыс экени белгилүү. Андыктан соода-экономикалык жаатта Бишкек Токио менен канчалык натыйжалуу кызматташа алат?

— Ооба, чындыгында соода көлөмү боюнча Казакстан алдыда. Анын ресурстук базасы кенен жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү жогору. Бирок бул Кыргызстан үчүн таптакыр мүмкүнчүлүк жок дегенди билдирбейт. Биздин өзүбүздүн багыттарыбыз бар. Реалдуу багыттарды айта турган болсок: биринчиден, бул түз соода гана эмес, кошумча нарк жаратуу, кайра иштетүү жана стандартташтыруу. Экинчиден, инвестиция тартуу, технология алып келүү, чакан жана орто ГЭСтер, агроөнөр жай, логистика тармактары. Үчүнчүдөн, Кыргызстан аркылуу үчүнчү рынокко чыгуу. Бул — Жапониянын брендин Кыргызстанда өндүрүп, аны башка мамлекеттерге экспорттоо дегенди билдирет. Ошондой эле санариптештирүү жана IT инженерия тармагы. Аталган багыттар үчүн географиялык алыстык чоң деле тоскоолдук жаратпайт.

Нургазы Исманов

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нургазы Исманов

— 2023-жылы Кыргызстан менен Жапониянын соода жүгүртүүсү 250 млн доллардан ашык болгон экен. Анын дээрлик баары импорт. Ал эми импорттун 90 пайызы — автомобилдер жана алардын тетиктери. Эки тараптуу сооданын көлөмүн өстүрүп, аны диверсификация кылуу мүмкүнчүлүгү барбы?

— Ооба, сөзсүз бар. Анткени кыргыз-жапон экономикалык кызматташтыгынын потенциалы али толук ачыла элек. Эң негизги себеп — Жапония тараптын Кыргызстанды аз билгендиги. Ошого жараша ири компаниялар барууга шашылбайт. Чоң компанияларда чечимдер узак убакытта кабыл алынат. Кыргызстан жөнүндө так маалыматтын аздыгынан жана өлкөнү тобокелчилиги жогору мамлекет катары санагандыктан көп келишпейт.

Биздин максатыбыз — ушул түшүнүктү өзгөртүү. Биз бир эле учурда Toyota, Marubeni же Mitsubishi сыяктуу гиганттарды күтпөстөн, чакан жана орто бизнести тартуу багытында иштешибиз керек. Себеби чакан бизнесте чечимдер бат кабыл алынат. Ал компаниялар өз өлкөсүндө Кыргызстан тууралуу позитивдүү маалымат таратууга жардам берет. Анын артынан инвестициялык климатка болгон мамиле өзгөрөт. Бул жагынан Монголия бизге жакшы мисал боло алат. Моңголдор менен кыргыздардын жашоо образында окшоштуктар көп, бирок моңгол базарында жапониялык компаниялар абдан көп.

— Жапониянын JICA сыяктуу уюмдары Кыргызстанда көптөн бери иш алып барат. Кыргызстан Жапония менен алака-катышта дагы эмнеге көңүл бурушу керек?

— JICA аркылуу Жапония Кыргызстанда инфраструктура, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана мамлекеттик башкаруу тармактарында олуттуу долбоорлорду ишке ашырып келет. Бул кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу зарыл. Айрыкча, кадрларды даярдоо, жапон менеджментин үйрөнүү, техникалык билим берүүнү күчөтүү өтө маанилүү. Ошондой эле жапон жеке секторун тартуу үчүн бизде укуктук кепилдиктерди жана инвестициялык климатты жакшыртуу зарыл.

Мындан тышкары, табигый кырсыктардын алдын алуу, эскертүүчү жана коргоочу чаралар боюнча жапон технологиясын үйрөнүү өтө маанилүү. Себеби Жапония бул жаатта уникалдуу тажрыйбага ээ. Мисалы, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы таш түшүү, жер көчүү сыяктуу көйгөйлөрдү алдын алууда жапон тажрыйбасын колдонсок болот.

— Азыр Бишкекте 30-40 кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат бериле баштады. Демек, бул жаатта да жапон технологиясын үйрөнсө болот экен да?

— Ооба, сөзсүз. Жапонияда имараттар эң жогорку технологиялар менен курулат. Жапония сейсмикалык активдүү аймак болгондуктан, алардын бекем имараттарды куруудагы тажрыйбасы абдан чоң. Ошол технологияларды биз да үйрөнүп, өз курулуш тармагыбызда колдонсок, коопсуздук үчүн өтө чоң пайда болот.

Нургазы Исманов

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нургазы Исманов