Ракка чалдыккан балдар үчүн топтолгон миллиондордун дайыны чыкпай жатат

- Author, Сими Жолаозо, Жек Гудман, Сара Бакли
- Role, BBC Eye иликтөөсү
Жаш бала камераны карап турат. Өңү бозоргон, башында чачы жок.
"Жети жаштамын, ракка чалдыккам", — дейт ал. "Мени сактап калгыла, мага жардам бергиле".
Жогоруда сүрөттө турган Халил видеого минтип тартылып чыккысы келбегенин айтат апасы Алжин. Ага баласынын чачын кыр деп айтышкан. Кийин тартуу тобу ага жасалма тамчылаткычты туташтырган. Үй-бүлөсүнө Халилдин туулган күнү болуп жаткандай болуп тартылуусун айтышкан. Халилге сценарий беришип, англисче сүйлөп чыгууга даярдашкан.
Халилди ыйлатыш үчүн жанына тууралган пияз менен көзүнүн алдында ментол койгону уулуна жага бербегенин айтат Алжин.
Мындай көрүнүш атайын уюштурулуп жаткан болсо да Алжин ага макул болгон. Себеби уулу Халил чын эле рак менен ооручу. Ага бул видео аркылуу каражат чогултушуп, жакшыраак дарылоого өбөлгө түзүлөт деп айтышкан экен. Анын артынан чын эле каражат топтолгон. Биз тапкан маалымат боюнча, Халилдин атынан ачылган өнөктүк аркылуу 27 миң АКШ доллары чогулган.
Бирок Алжинге өнөктүк өз максатына жетпей калганын айтышкан. Ал эч кандай акча албаганын айтат. Ошол видеону тарткан күнү ага болгону $700 акы берилген экен. Бир жылдан кийин Халил каза болуптур.
Дүйнө жүзү боюнча айласы кеткен ата-энелердин илдетке чалдыккан же өлүм алдында жаткан балдарынын окуялары шылуун топтор тарабынан кыянат пайдаланып жатканын Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы аныктады. Адам өмүрүн сактап калат делген өнөктүктөргө коомчулук акчаларын берип келатышат. Биз топтолгон каражаттан дээрлик эч нерсе албаганын айткан 15 үй-бүлөнү аныктадык. Азап коштолгон видео тартууларга карабастан каражат чогултуу өнөктүгү жарыяланганы жөнүндө алар билген да эмес.
Бир эле шылуун топтун курмандыгы болгон тогуз үй-бүлө алардын атынан чогулган 4 млн АКШ доллардан колдоруна эч нерсе албаганын айтышты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул шылуундардын тармагынан жашырын маалыматты айтып чыккан бирөө бизге баяндап бергендей, алар "үч жаштан тогуз жашка чейинки… чачы жок, сулуу балдарды издешкен".
Шылуун топтун ичиндеги эң негизги бир адамды аныктай алдык. Ал Канадада жашаган израилдик Эрез Хадари болуп чыкты.
Каражат топтоо өнөктүгү үчүн тартылган үч жаш баланын, анын ичинде колумбиялык Ананын видеосун көрүңүз
Биздин иликтөөбүз 2023-жылдын октябрында башталган. Анда YouTube платформасында жагымсыз жарнама көңүлүбүздү бурган эле. "Мен өлгүм келбейт", — деп ыйлайт ганалык Александра аттуу кыз. "Дарылоого көп акча кетет".
Анда кайрымдуулук өнөктүү аркылуу ага дээрлик $700 миң акча чогулган.
Дүйнөнүн ар тарабындагы оорулуу балдардын видеолорун YouTubeдан көрдүк. Баары абдан окшош. Жогорку сапатта тартылган, ири суммада каражат топтогон болушу ыктымал. Алардын баары ыкчам көмөк көрсөтүүгө чакырып, адам сезимине басым жасайт.
Биз муну андан ары иликтейин деп чечтик.
Эл аралык деңгээлде кеңири коомчулукка ачык кайрылган өнөктүк Chance Letikva (Үмүт мүмкүнчүлүгү) деп аталган. Ал Израилде жана АКШда катталган.
Видеодогу жаш балдардын тек жайын аныктоо оор болду. Алыскы Колумбиядагы жана Филиппиндердеги жашаган балдардын үй-бүлөсүн табуу үчүн геолокацияны, коомдук желени жана жүз таануучу каражаттарды колдондук.

Сүрөттүн булагы, Chance Letikva
Каражат чогулткандардын сайтындагы акчанын суммасын чын-төгүнүн билүү оор болду. Ошондуктан биз эки жолу чакан өлчөмдө акча которгондо, жалпы сумма биз которгон өлчөмгө көбөйдү.
Александрага $180 которгон бир аял менен да сүйлөштүк. Кийин ага Александра жана анын атасы тарабынан жазылгандай болгон өтүнүч каттар тынбай келип турган.
Филиппиндердеги Алжин Табаса бизге айтып бергендей, уулу Халил жетиге чыккандан кийин эле илдетке чалдыгып калган.
"Ал ракка чалдыкканын укканыбызда дүйнөм талкаланып кеткендей эле болду", — дейт ал.
Алжиндин айтымында, алар жашаган Себу шаарындагы жергиликтүү ооруканада дарылоо жай жүргөн. Ошондуктан ал жардам издеп, билген адамдарынын баарына байланышкан. Бирөө аны Рой Инциерто аттуу жергиликтүү ишкер менен байланыштырганда ишкер Халилдин видеосун сураган. Алжин азыр ал видеону алдын ала байкоо иретинде сураганын түшүнүп турат.
Кийин 2022-жылдын декабрында Канададан бир эркек киши келип, өзүн "Эрез" деп тааныштырган. Алжинин айтымында, ал киши видео тартуу үчүн алдын ала акча берип, эгер видео тасмадан көп акча түшсө, алдыда дагы айына $1,500 берип турарын убадалаган.

Алжин билдиргендей, бир нече ай өтсө да видео канчалык ишке жарап-жарабаганы боюнча ага эч кандай кабар берилген эмес. Алжин Эрезден сураганда, Эрез видео "ийгиликтүү болбой калганын" айткан.
"Түшүнгөнүм боюнча, видео эч кандай акча алып келген эмес", — дейт Алжин.
Бирок биз ага 2024-жылдын ноябрына карата, өнөктүктө $27 миң чогулганын, акча чогултуу азыр деле уланып жатканын айттык.
"Топтолгон акчаны билгенимде, Халил азыр балким тирүү болмок беле деп ызаланам", — дейт Алжин. "Алар кантип ушуга барганын түшүнө албай турам".
Рой Инциертодон видео тасма тартуу иштериндеги салымы тууралуу сурашканда жаш балдардын чачын кырууну үй-бүлөлөрүнө айтканын четке кагып, үй-бүлөлөрдү бул ишке тартканы үчүн эч кандай акы албаганын билдирди.
Ал каражаттардын үстүнөн "эч кандай көзөмөл" кылбасын жана видео тарткандан кийин үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышпаганын айтты. Ага кайрымдуулуктан түшкөн акчадан үй-бүлөлөргө берилбегенин айтканыбызда ал "кыйын абалда" турганын жана "үй-бүлөлөргө боору ооруп" жатканын айткан.
Chance Letikva уюмунун каттоо документтеринде Эрез аттуу инсан көрсөтүлгөн эмес. Бирок иликтөөдөгү эки уюмдун өнөктүгүн Израилде жана Канадада каттоодон өткөн Walls of Hope (Үмүт чеби) аттуу уюм колдоого алган. Документтерде Канададагы директор катары Эрез Хадари көрсөтүлгөн.
Интернеттеги сүрөттөрдө аны Филиппиндердеги, Нью-Йорктогу жана Майамидеги жөөттөрдүн диний иш-чараларында жүргөнүн көрүүгө болот. Биз Алжинге көрсөткөнүбүздө, ал жолуккан инсан ошол болгонун айтты.
Биз Хадариге байланышып, Филиппиндердеги өнөктүккө тиешеси жөнүндө суроо узаттык. Ал жооп берген жок.
Хадари менен байланышы бар же ал тараптан уюштурулган өнөктүктөргө катышкан башка үй-бүлөлөргө дагы бардык. Алардын бири алыскы Колумбияда болсо, дагы бири Украинада.
Халилдин окуясы сыяктуу эле аларга жергиликтүү ортомчулар жардам колун сунуу үчүн байланышка чыгышкан. Жаш балдарды атайы же жасалма жол менен ыйлатышып, жарыбаган акча төлөп берип видеого тартып кетишкен. Бирок кийин алар эч кандай акча алышкан эмес.
Колумбиянын түндүк-батышындагы Сукре жергесинин тургуну Серхио Кер башында мындай жардамдан баш тартканын айтат. Анын айтымында, сегиз жашар кызы Ананын мээсинен зыяндуу өсмө аныкташкандан кийин ага Изабел аттуу бирөө кайрылып, каржылык жардам сунуштаган.
Бирок Изабел Ананы дарылаган ооруканага эл аралык бейөкмөт уюмда иштегенин айткан бир эркек киши менен келгенин айтат ал.
Серхио сүрөттөгөн киши Эрез Хадаринин кебете-кешпири менен дал келет. Андан кийин ага көрсөткөн сүрөтүбүздөгү кишини дагы ал тааныды.
"Ал мага үмүт берди… Келечекке деген эч кандай акчам жок болчу".
Үй-бүлөнү видеого тартуу менен эле иш бүтүп калган эмес.
Ананын ооруканадагы сүрөттөрүн талап кылып, Изабел кайра-кайра чала бергенин айтат Серхио. Качан гана Серхио жооп бербей койгондо Изабел Ананын өзүнө түз эле жаза баштаган. Биз анын үн жаздырмаларын уктук.
Ана жөнөтө турган башка сүрөтү жок экенин Изабелге айткан. Изабел болсо "Бул аябай начар иш, Ана, аябай жаман" деп жооп жазган.
Ушул жылдын январында Ана толугу менен айыкканда убадаланган акча эмне болгону тактоого аракет кылган.
"Ал уюм жоголуп кеткен", — деген Изабел ага үн жазма жиберип. "Сенин видеоң эч чыгарылган эмес. Эч качан чыккан эмес. Аны эч колдонушкан да эмес, угуп жатасыңбы?"
Бирок биз бул видео чыгарылганын көрдүк. 2024-жылдын апрелине карата, видео аркылуу $250 миң чогулганын айтууга болот.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Октябрда Изабел Хернандести биз менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүүгө көндүрдүк.
Ал түшүндүргөндөй, Израилден бир досу аны ракка чалдыккан жаш балдар менен иштеген "бир фонддо" жумуш сунуштаган бирөө менен тааныштырган. Ал иштеген адамдын аты-жөнүн айтуудан баш тартты.
Изабел уюштурууга көмөктөшкөн өнөктүктөрдүн бирөөсү эле жарыяланганын жана ал ийгиликтүү болбой калганын айтышканын бизге билдирди.
Биз Изабелге эки видео тасма чындыгында чыгарылганын жана алардын бири $700 миңден ашуун каражат чогултканын көрсөттүк.
"Мен үй-бүлөлөрдүн алдында кечирим сурашым керек", — деди ал. "Эмне болуп жатканын билгенимде, мындай нерсеге аралашмак эмесмин".
Украинада болсо оорукчан баланын апасына кайрылган киши чындыгында видео тасма тартылган жерде иштээрин аныктадык.
Татьяна Халявка мээсинде рагы бар беш жашар Викторияны видео тасмага тартууну Черновцыдагы Angelholm клиникасында уюштурган.
Facebook платформасында жарыяланган Chance Letikvaнын акча топтоо өнөктүгүндө керебетте отурган Виктория менен апасы Алена Фирсованы көрүүгө болот. "Кызымды куткарууга болгон аракетиңерди көрүп жатам, баарыбыз аябай таасирлендик. Викториянын дарылоосуна керектелген каражатты топтоо убакытка каршы жарыш", — делет сүрөттү коштогон маалыматта.
Алена бул сөздөрдүн эч бирин жазбаганын же айтпаганын жана акча чогултуу өнөктүгү башталганы жөнүндө дагы эч кандай кабары болбогонун билдирди.
Бул өнөктүктө 280 миң евродон ашуун каражат топтолгон.
Татьяна, бизге айтып беришкендей, Angelholm клиникасындагы жарнамага жана байланышка жооптуу болгон.
Жакында эле клиникадан өз мекемесинин ичинде видео тартууга уруксат беришпегенин Би-Би-Сиге билдиришип, төмөнкүлөрдү кошумчалады: "Клиника эч бир уюм тарабынан уюштурулган акча чогултуу демилгелерине катышкан дагы эмес, колдобойт дагы".
Angelholm клиникасы Татьяна Халявканын эмгек келишимин жокко чыгарганын айтты.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Алена бизге кол коюп бер деген келишимди көрсөттү.
Бул үй-бүлө үчүн видео тарткан күнү төлөнчү $1,500 каражаттан тышкары келишимде акча топтоо өз максатына жетсе $8,000 берилери көрсөтүлгөн. Ал эми максатка жетүү үчүн канча каражат топтолушу керек деген жерин бош калтырып кетишкен.
Келишимде Chance Letikva уюмунун дареги катары Нью-Йорктогу дарек көрсөтүлгөн. Уюмдун вебсайтында дагы бир дарек турат. Ал Иерусалимден болжолдуу бир сааттай алыстыкта жайгашкан Бейт Шемештеги дарек. Биз эки дарекке тең барып, бирок эч кандай уюмду тапкан жокпуз.
Кийинчерээк Chance Letikva көптөгөн мындай уюмдардын бирөөсү экенин билдик.
Биздин продюсерибиз оорулуу баланын досу катары өзүн тааныштырганда Викториянын өнөктүгүн видеого тарткан киши ушул сыяктуу башка уюмдарга дагы иштерин айтты.
"Ар учурда ар кандай болот", — деди өзүн "Олег" деп тааныштырган киши. "Мынтип айткым келбей турат, бирок алар конвейер тасмасындай эле иштешет".
"Ушундай ондогон компания материал сураган", — деген ал эки уюмду атады: бири "Ыйык Тереза" (Saint Teresa), дагы бири "Кичинекей периштелер" (Little Angels). Эки уюм тең АКШда катталган.
Аталган уюмдардын каттоо боюнча документтерин текшергенибизде Эрез Хадаринин ысымын кайрадан учураттык.
Түшүнүксүз болгону — жаш балдар үчүн чогултулган каражат кайда кеткени.
Викторияны видеого тартып кеткенден бир жылдан ашыгыраак убакыттан кийин апасы Алена эмне болуп жатканын билүү үчүн Олегге телефон чалган. Олег интернетте Алекс Коэн ысымын алып жүрөт экен. Көп өтпөй Chance Letikva уюмунан бирөө Аленага телефон чалып, топтолгон акчалар жарнама үчүн жумшалганын айткан.
Халилдин апасы Алжин дагы Эрез Хадариге телефондон байланышып сураганда ушундай эле жоопту уккан.
"Жарнаманын чыгашасы бар. Компания чыгашага учурады", — деген Хадари Алжинге эч кандай далил көрсөтпөстөн.
Кайрымдуулук акциялары боюнча талдоочулар бизге билдиргендей, жарнамага кеткен чыгаша өнөктүктө чогултулган жалпы суммасынын 20% ашпашы керек.
Chance Letikva уюмуна мурда жаш балдарды тартып иштеген бирөө бизге адамдар кантип тандалганын айтып берди.
Алардын айтып бергенине караганда, анонимдүүлүк шарты менен аларга онкологиялык клиникаларга баруу көрсөтмөсү берилет.
"Алар ар дайым териси ак, сулуу жаш балдарды издешчү. Балдардын жашы үчтөн тогузга чейин болушу кажет. Алар жакшы сүйлөгөндү билиши керек. Алардын чачы жок болушу зарыл", — деп баяндап берди ал бизге.
"Бала алардын талабына жооп береби-жокпу билиш үчүн менден сүрөт сурашчу, анан мен сүрөттү Эрезге жиберчүмүн".
Жашырын маалыматты айтып чыккан адам бизге билдиргендей, Хадари сүрөттү Израилдеги бирөөгө жөнөтөт эле. Ал кишинин ысымы аларга эч качан айтылган эмес.
Хадаринин Канададагы эки дарегине барып өзүнө байланышууга аракет кылдык, бирок аны тапкан жокпуз. Ага жиберген аудио билдирүүбүзгө жооп берип, бул уюм "эч качан иштебегенин" айткан жана кайсы бири экенин тактаган эмес. Биз жиберген аудио билдирүүдө элден чогултуп жаткан каражат жөнүндө сураган элек. Ал кийинки аудио билдирүүлөрүбүзгө жана суроолор менен айыптоолор камтылган катыбызга дагы жооп берген жок.

Сүрөттүн булагы, Erez Hadari
Каза болгон эки бала, Халил жана мексикалык Хектор аттуу жаш бала, үчүн акча чогултуу өнөктүгү Chance Letikva тарабынан азырга чейин уланып жатат.
Chance Letikva уюмунун АКШдагы филиалы Ыйык Рафаэл (Saint Raphael) аттуу жаңы уюм менен байланышы бар экенин айтууга болот. Ал көбүрөөк өнөктүк тартып чыгарган. Бери эле дегенде алардын экөөсүн Украинадагы Angelholm клиникасында тарткан.
Викториянын апасы Аленанын айтымында, кызынын мээсинде өсмө бар деген дагы бир диагноз коюлган. Биздин иликтөөбүздөгү маалыматтар анын үрөйүн учурганын айтат.
"Балаң… өлүм менен алышып жатканда кимдир бирөө андан акча жасап жатат. Эми, бул жийиркеничтүү. Бул кандуу акча".
Би-Би-Си Татьяна Халявка менен Алекс Коэнге, Chance Letikva, Үмүт чеби, Ыйык Рафаэл, Кичинекей периштелер жана Ыйык Тереза уюмударына байланышып, аларга каршы айтылып жаткан дооматтар боюнча жооп алууга аракет кылды. Алардын эч кимиси жооп берген жок.
Өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөгөн Израилдин Корпорацияларды башкаруу мекемесинен бизге кабарлашкандай, эгерде уюмду түптөгөндөр юридикалык жактарды "мыйзамсыз иштерди жаап жашыруу" максатында колдонгонуна далилдер табылса, анда Израилдин ичиндеги каттоосу жокко чыгарылып, ал эми негиздегендерге бул тармакта иш алып барууга тыюу салынышы ыктымал.
Британиядагы Кайрымдуулук боюнча комиссиясы кайрымдуулук уюмдарга жардам бергиси келгендерге мындай бирикмелер каттоодон өтүп-өтпөгөнүн текшерүүгө жана күмөн жаралган учурда аталган мекемеге кайрылууга кеңеш берет.
Репортажга кошумча салым кошкондор: Нед Дэвис, Трэкс Сафлор, Хосе Антонио Лусио, Алмудена Гарсия-Паррадо, Виталия Козменко, Шаккед Ауэрбах, Том Цур Висфелдер, Катерина Малофеева, Анастасия Кучер, Алан Пулидо жана Нил Маккарти.
Эгерде бул иликтөө боюнча кошумча маалыматыңыз болсо төмөнкү эмейлге байланышыңыз: [email protected]












