Атом бомбасын кайра "сыноо" коркунучу чыктыбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусия атом бомбасын сыноого толук тыюу салуу боюнча ратификациядан өткөн Келишимден баш тартканы жатат. Ал арада, ядролук акыр заман коркунучун эскерткен каймана маанидеги “Кыямат күнүнүн сааты” азыр түн ортосуна 90 секунда калганын көрсөтүп турат.
Владимир Путин ратификацияны жокко чыгарууну 5-октябрда сунуштаган. Мамлекеттик Думанын Орусиянын президенти сунуштаган нерсени аткаруудан баш тартуусу кыйын, ошондуктан Путин өз оюн өзгөртүп жибербесе эле, ратификацияны де-факто кайра чакыртып алды деп эсептесе болот.
Бул кадам Орусия дароо өзөктүк сыноолорду баштайт дегенди билдирбейт.
Бул тууралуу орус бийлигинин өкүлдөрү да айтып жатышат. “Биз ратификацияны жокко чыгаруудабыз, башкача айтканда, биз өз статусубузду тең салмактап жатабыз, анткени мындайды АКШ ондогон жылдардан бери колдонуп келген: алар эл аралык мониторинг тутумунун бардык маалыматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, алар адистештирилген форматтардагы ишке катышат, анткени алар келишимге кол коюшкан, бирок ратификациялаган эмес. Биз дагы ошондой кылабыз”, - деди РФтин тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Мамлекеттик Думада сүйлөп жатып.
Келишим күчүнө кирген эмес, анткени бир нече өзөктүк куралы бар негизги өлкөлөр, анын ичинде АКШ аны ратификациялаган эмес, дагы бир нечеси ага кол да койгон эмес.
Ошого карабастан, орус жетекчилигинин жана кремлчил үгүтчүлөрдүн өзөктүк риторикасы өзгөчө көзгө урунат, анткени Европада чоң согуш жүрүп жатат, Жакынкы Чыгышта болсо дагы бир согуш башталып кетиши мүмкүн.
Чикаго университетинин өзөктүк илимпоздорунун ядролук акыр заман коркунучун эскерткен долбоору - символикалык “Кыямат күнүнүн сааты” азыр түн ортосуна 90 секунда калганын көрсөтүп турат, бул дүйнө атомдук согушка мурда болуп көрөгөндөй жакын экенин билдирет.
Иштебеген келишим
Өзөктүк куралдарды сыноого толук тыюу салуу келишими (ӨКСТСК) 1996-жылы түзүлгөн. Ага 186 мамлекет кол коюп, алардын 178и ратификациялаган.
Бул келишимге өзөктүк куралы бар Түндүк Корея, Индия жана Пакистан кол койгон эмес. Ал эми Египет, Израиль, Иран, Кытай жана АКШ аны ратификациялаган эмес. Бул өлкөлөр келишимге кол койбосо жана ратификация кылбаса, ал күчүнө кирбейт.
1990-жылы Советтер Союзу ядролук сыноолорго мораторий киргизүүнү сунуш кылган. Бул мораторий Улуу Британия жана АКШ менен макулдашылган жана өзөктүк куралы бар мамлекеттер аны аткарууга аракет кылып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1990-жылдары Кансыз согуш аяктагандан кийин акыркы сыноолорду Улуу Британия (1991-жылы), АКШ (1992-ж.), Франция жана Кытай (1996-ж.) жүргүзгөн. Орусия өзөктүк сыноолорду жүргүзгөн эмес.
Бирок, БУУнун сайтында айтылгандай, 1998-2016-жылдар аралыгында он өзөктүк сыноо болгон: Индия менен Пакистанда экиден, Түндүк Корея алты жолудан. Бул сыноолор мораторийди бузуу болуп эсептелет.
Бул окуялардан алда канча мурда, 1963-жылы Советтер Союзу, Улуу Британия жана АКШ дагы бир документке — Атмосферада, космос мейкиндигинде жана суу астында ядролук куралды сыноолорго тыюу салуу тууралуу келишимге кол коюшкан.
Бул келишим жер астында сыноого тыюу салган эмес, башкача айтканда, келишим баарын камтыбаган.
Андан кийин келишимге дагы 128 мамлекет кошулду. Алардын ону келишимге кол койгон, бирок ратификациялаган эмес. Ага кол койбогондордун арасында өзөктүк куралы бар эки өлкө – Франция менен Түндүк Корея да бар.
Ал документ дале күчүндө.
Туура эмес келишимби?
Орусиянын президенти 5-октябрдагы “Валдай” дискуссиялык клубунун жыйынында дүрмөт алып жүрүүчү жаңы ракеталар:“Сармат” континент аралык баллистикалык ракетасы (КАБР) жана “Буревестник” канаттуу ракеталарын сыноонун алкагында Өзөктүк сыноого толук тыюу салуу ратификациясын жокко чыгаруу ыктымалдуулугу тууралуу билдирди. Башкача айтканда, кеп ядролук дүрмөттөрдү өркүндөтүү жөнүндө эмес, “атайын дүрмөт” менен жабдылган өзөктүк куралдын жаңы алып жүрүүчүлөрүн сыноо жөнүндө болду.
“Ядролук кыймылдаткыч системасы бар бардык алыстыкка жете алчу канаттуу “Буревестник” ракетасынын акыркы ийгиликтүү сыноосу өткөрүлдү. Биз өтө оор ракета болгон “Сарматты” да жасап бүтүп калдык. Жөн гана административдик жана бюрократиялык процедураларды калды, андан соң аларды массалык түрдө өндүрүүгө жана аскердик колдонууга берүүгө өтүшүбүз керек. Биз муну жакынкы келечекте жасайбыз”, - деди Россиянын президенти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Эксперттер бул жаңы курал экенин, андыктан атайын дүрмөттүн бузулбай иштей турганына ынанып, сыноолорду өткөрүшүбүз керек дешет. Мен азыр чындап эле сыноо өткөрүү керекпи же жокпу, айта албайм," - деп улантты ал.
Сөз өзөктүк дүрмөттөр жөнүндө эмес, алып жүрүүчү ракеталар жөнүндө болуп жаткандыктан, Орусиянын президенти “атайын дүрмөттүү” ракеталарды сыноо жөнүндө айтып жатат деп болжолдоого болот. “Атайын дүрмөт” – ядролук дүрмөттү билдирет, муну президенттин сөзүнүн контекстинен түшүнсө болот.
Дүрмөттү жер астында сынап көрүүгө болот, бирок, “бул жаңы куралды” же болбосо ракеталарды - абага учуруу керек.
Бирок мындай сыноо 1963-жылдагы келишимди эчак эле бузмак. Андыктан, келишимди денонсациялоо тууралуу сөз болбогондуктан, Орусия мындай сыноолорду өткөрбөйт.
Ошол эле учурда мораторийден башка эч нерсе жер астындагы сыноолорго тыюу салбайт, анткени Өзөктүк куралдарды сыноого толук тыюу салуу келишими эч качан күчүнө кирген эмес.
Ядролук жарылуу коркунучу
Техникалык жактан Орусиянын жер астындагы сыноолорду өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бир гана Франция 1990-жылдары өзүнүн бардык өзөктүк курал сыноочу жайларын жаап, демонтаждап, БУУнун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө андайды жасаган ядролук куралы бар жалгыз мамлекет болуп калды.
Бирок мындай сыноонун саясий кесепеттерин алдын ала айтуу кыйын.
Орусиянын ИМЭМО эл аралык коопсуздук борборунун изилдөөчүсү Дмитрий Стефанович "Говорит Москва” радиосуна маек берип жатып Орусиядан кийин башка өлкөлөр жер астындагы сыноолорду өткөрө башташы мүмкүн деп билдирди.
“Биз, америкалыктар, жарым-жартылай англиялыктар жана француздар, аздыр-көптүр кытайлар да практикалык сыноолордун эбегейсиз зор тажрыйбасына таянып атомдук бомбаларабыз кандай иштерине толук ишенсек болот. Ал эми, мисалы, Индия менен Пакистанды ала турган болсок, ал жакта дагы көптөгөн суроолор бар. Алар көп нерседен күмөн санашат. Маселен, Индиянын басма сөзүндө сыноолор өтүшү керек деген макалалар үзгүлтүксүз чыгып турат. Эгер бул каалганы улуу өлкөлөрдөн, өзөктүк державалардан бирөө ачып койсо, анда баары ошол каалгадан кирүүгө ашыгышат. Баягы эле: кимдир бирөө жасады, анда башкаларга да жасаса болот деген логика иштеп кетет”, - деди ал.
Сыягы, көптөгөн өлкөлөрдө жардыруу сыноолорун жактагандар бар - өзөктүк дүрмөттөрдү иштеп чыгуучу адистер өздөрү жасаган каражаттын иштешин иш жүзүндө сынап көрүүнү каалайт чыгар. Путиндин сөздөрүнө караганда, андан бул тууралуу сурап жатышат: "Мага өзөктүк куралды сыноого кайтып келүү тууралуу айтып жатышат".
Бирок, дүйнөдө атомдук куралды колдонуудан коркуу да абдан чоң. Ал эми атомдук куралды сыноо — чындап колдонууга карата жасалган биринчи кадам.
Украинага кеңири кол салууну баштаган Орусия эл аралык изоляцияда калды, бирок толук блокада болгон жок. Кытай жана Индия сыяктуу ири мамлекеттер Орусия менен соода-сатык, ал тургай аскердик-техникалык кызматташтыкты улантууда.
Орусияга батыш өлкөлөрүнүн товарлары, анын ичинде кош максаттагы товарлар да ташылат. Бул, адатта, ар кайсы өлкөлөрдө ортомчуларды колдонуу менен көмүскө схемалар аркылуу ишке ашат.
Бириккен Улуттар Уюмунда орус аскерлерин Украинадан чыгарып кетүүсүн талап кылган добуш берүү учурунда Кытай менен Индия “калыс” деп добуш берген. Ал эми Нью-Делиде өткөн Чоң жыйырмалыктын саммитинде согуш боюнча бир топ жумшак резолюция кабыл алынды.
Эгер Орусия бир катар жардырууларды жасап, Пандоранын өзөктүк кутусун ачса, бул аны менен кызматташуусун токтотпогон өлкөлөрдүн ага болгон мамилесин бир топ суутат.
Өзөктүк согуш бардыгын сестентет, ал эми дүйнөдө туруксуздуктун пайда болуп жатканын эске алганда, мындай куралды колдонуу коркунучу барган сайын реалдуу болуп баратат.
Стратегиялык туруктуулук
Өзөктүк куралды сыноого толук тыюу салуу келишими күчүндө болбосо да, Москванын ратификациялоодон баш тартуу сыяктуу демонстративдик кадамы ансыз да тең салмактуулугу жок дүйнөдө туруктуулукту алсыратат. Узак убакыт бою туруктуулук кансыз согуштун аягында пайда болгон эл аралык келишимдерге негизделип келген.
Акыркы жыйырма – отуз жылда АКШнын, Орусиянын демилгеси менен же дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшүнө байланыштуу бул келишимдердин көбү өз ишин токтотту.
Булар Орусия менен АКШнын ортосундагы мамилелерди жөнгө салган эки тараптуу келишимдер болгон, бирок ал келишимдер эл аралык абалдын жалпы туруктуу болушуна катуу таасир этчү.
- 2002-жылы АКШ ракетага каршы келишимден чыккан.
- 2015-жылы Орусия Европадагы кадимки куралдуу күчтөр боюнча келишимден толугу менен чыккан.
- 2019-жылы Америка Кошмо Штаттары Орто жана жакын аралыкка атуучу ракеталарды жок кылуу боюнча келишимден чыккан.
- 2020-жылы АКШ Ачык асман келишиминен чыккан.
- 2023-жылдын февраль айында Орусия бул системадагы негизги документти, Стратегиялык чабуул коюучу куралдары боюнча келишимди (START III) токтоткон.
START III токтотулганын жарыялаган соң, орус президенти өзөктүк сыноолорду кайра жандантуу тууралуу айта баштаган.
Анын айтымында, азыр Коргоо министрлиги менен “Росатом” сыноолорго даярдыкты камсыз кылышы керек. Ошол эле учурда ал: “Албетте, биз биринчи болуп сыноо өткөрбөйбүз” деп убада кылды. "Бирок Америка Кошмо Штаттары сыноо өткөрсө, биз да сынайбыз." - деди.
Эл аралык абалды стабилдештирген эл аралык (эки тараптуу эмес) негизги келишимдердин бири — Ядролук куралды жайылтпоо келишими. Бул, дүйнөнү өзөктүк жарыша куралдануудан жана акырында өзөктүк куралды колдонуудан сактап турган эң маанилүү документ болуп саналат.
Бул келишимдин күчүндө болушу жана кол тийбестиги дүйнөнүн ядролук курал тууралуу, аны колдонуу жана сыноо тууралуу канчалык кооптонуп жаткандыгын даана көрсөтөт.
Эмне үчүн өзөктүк сыноо өткөрбөө маанилүү?
Мораторийдин жүрүшүндө дүйнөлүк коомчулук мындай коркунучтуу курал сыноо режиминде да колдонулбай калганына көнө түштү.
Ядролук куралдын негизги сапаттарынын бири – аны колдонуу зарылчылыгы жоктугунда. Аны колдонуу коркунучунун өзү эле коопсуздукту камсыз кылат. Бул стратегиялык туруктуулуктун негизин түзгөн “өзөктүк курал колдонуунун алдын алуу” принциби.
Ал эми "стратегиялык туруктуулук" - бул, өз кезегинде, көптөгөн жылдардан берки дүйнөнүн абалы. Башкача айтканда бул - ири ядролук арсеналдары бар мамлекеттердин ортосунда ачык аскердик чыр-чатактын жоктугу.
Ошол мамлекеттердин бири – Россиянын чоң согушту баштаганы бул стабилдүүлүктү катуу бузду. Өзөктүк куралы бар Израилге ХАМАС чабуул жасагандан кийин дүйнө ого бетер туруксуз абалга кептелди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинага толук масштабдуу чабуул башталгандан бери “Кыямат күнүнүн” символикалык сааты 90 секундага алдыга жылдырылып, түн ортосуна жакындады.
Бул саат Чикаго университетинин Атомдук илимпоздорунун долбоору болуп саналат, ал дүйнөдөгү стратегиялык туруктуулуктун абалын көрсөтөт. Аталган саатта түн жарымдын болушу (12:00) ядролук согуштун башталышын билдирет.
Саатты жылдыруу чечимин коштогон академиялык кеңештин билдирүүсүндө: “Орусиянын Украинага каршы согушу эл аралык мамилелердин нормаларын бузуп, ар кандай тобокелдиктердин пайда болушуна шарт түзөт. Баарынан да жаманы, Россиянын өзөктүк куралды колдонуу боюнча жымсалдаган коркутуулары конфликттин мындан ары күчөшүнө себеп болуп, кокустан же атайылап өзөктүк курал колдонууга алып келиши мүмкүн.” – деп айтылат.
Чындыгында ошондой. Атомдук курал оор, кыйратуучу кесепеттерге алып келиши ыктымал, андыктан аны колдонуу мүмкүндүгү тууралуу сөз кылуунун өзү эле тынчсызданууну пайда кылып, дүйнөдө туруксуздукту жаратышы мүмкүн.
Анын үстүнө, саат жебесинин символикалык жылдырылышы Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуганга чейин жасалган эле.
Өзөктүк курал тууралуу сөздөр
Владимир Путин 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабдуу кол салуудан мурда эле өзөктүк куралды колдонуу ыктымалдуулугу жөнүндө кеп кылган.
2018-жылы президент Орусия анын аймагына жасалган чабуулга жооп иретинде өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин билдирген. Ошондо ал: “Агрессиянын курмандыктары катары, биз, шейит болуп бейишке барабыз, алар жөн эле өлүп калышат” деген сөздөрдү айткан.
Бул билдирүүдө эч кандай жаңы маалымат камтылган эмес – бул Орусиянын өзөктүк доктринасын ачыктоо болчу. Бирок, ири өзөктүк арсеналдардын бирине ээ болгон өлкөнүн лидеринин ушундай сөздөрдү айтышы опузалоо катары кабыл алынышы мүмкүн.
Орус пропагандисттери бул жаатта андан да ашып түшүштү. Өзөктүк куралды колдонобуз деген коркутуулар сыналгыдан жана интернеттен айтылууда.
Июнь айында Кремлге ыктаган саясат таануучу Сергей Карагановдун “Оор, бирок зарыл чечим” деген макаласы “Орусия глобалдык саясатта” журналына чыгып, кеңири резонанс жараткан. Ал айткан өтө оор чечим тактикалык өзөктүк куралды колдонуу болчу.
Акыркы мезгилдеги эң резонанстуу билдирүүлөрдүн бири RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоняндын сөздөрү болду, ал өзүнүн телеграмм каналында дүйнөнү байланыш каражаттарысыз калтыруу жана жер орбитасында спутниктердин баарын иштен чыгаруу үчүн Сибирдин асманында ядролук бомбаны жардырууну сунуш кылган.
Мындай билдирүүнү олуттуу кабыл алуу кыйын. Электромагниттик импульс чындап эле ядролук жарылуунун зыяндуу факторлорунун бири, бирок анын таасири чектелүү гана.
Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин сайтында мындай деп айтылат: "Жердеги жана анчалык бийик эмес абадагы жарылуулар болсо - электромагниттик импульстун таасири жарылуунун борборунан бир нече километр алыстыкта байкалат. Бийиктиктеги жарылууда - бир нече жүздөгөн километрге чейин билинет”. Башкача айтканда, дүйнө жүзү боюнча электрониканы өчүрүү үчүн адамзат цивилизациясын жок кыла турган көптөгөн атомдук жардырууларды уюштуруу керек болот.
Алдыңкы орусиялык үгүтчүлөрдүн биринин билдирүүсү маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда катуу сын менен кабыл алынгандыктан, ал тургай Кремль да ага комментарий берген. “Маргарита Симонян мамлекеттик органдарда иштебейт, анын билдирүүлөрү дайыма эле Москванын расмий позициясын чагылдыра бербейт”, - деди Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Өзөктүк курал жаатындагы аракеттер
Пропагандисттердин сүйлөгөн сөздөрүндө жана мезгил-мезгили менен Орусиянын жетекчилеринин билдирүүлөрүндө пайда болгон өзөктүк курал тууралуу сөздөр иш-аракеттер менен бекемделип жатат.
Украинага кол салгандан бери кеминде эки жолу Путин сөздөн ишке өтүп, Орусиянын өзөктүк арсеналынын конфигурациясын да өзгөрттү.
28-февралда, Украинага басып киргенден төрт күн өткөндөн кийин, Путин атомдук соккуну алдын алуу күчтөрүн "өзгөчө согуштук нөөмөткө" өткөргөнүн жарыялаган.
Стратегиялык өзөктүк кучтөр ар дайым толук согушка даяр абалда турушат. Аларды “өзгөчө” абалга өткөрүү, согуштук нөөмөт режимин күчөтүү эмес, Батыш өлкөлөрү үчүн кандайдыр бир эскертүү болгондой.
Владимир Путин өзөктүк куралга байланыштуу экинчи аракетин стратегиялык эмес, тактикалык жактан 2023-жылдын март айында жасаган. Ал Беларустун аймагына тактикалык өзөктүк куралдардын бир бөлүгүн жылдырууга буйрук берген.
Украинага Challenger 2 танктары үчүн ураны азайтылган снаряддарды жеткирүү планы буга себеп болгон.
Мындай шылтоо анчалык суу кечпегендиктен, Путин өзү өзөктүк куралды жылдырууга көптөн бери даярданып келгенин мойнуна алган.
“Бирок бул окуялардын контекстинен тышкары деле Александр Григорьевич Лукашенко Россиянын тактикалык өзөктүк куралын Беларустун аймагына жайгаштыруу маселесин көптөн бери көтөрүп келет”, - деди Путин, журналист Павел Зарубиндин “Москва. Кремль. Путин." программасына берген маегинде.
Ошол эле учурда куралды жылдыруу аны Беларуска өткөрүп берүү дегенди билдирген эмес – учактын ок-дарыларын Москванын уруксатысыз колдонуу техникалык жактан мүмкүн эмес.
Бул эки аракет тең опузалоо эмес жөн гана күч көрсөтүү болгонуна карабастан, эл аралык кырдаалды курчутту, анткени тактикалык өзөктүк курал жөнүндө сөз болгондо, алардын колдонулушунан бүткүл дүйнө сестенет.
“Сармат” жана “Буревестник”
Орусиянын өзөктүк арсеналына тиешелүү үчүнчү аракет - Путин 5-октябрда айткан өзөктүк курал алып жүрүүчү "Буревестник" жана "Сармат" ракеталарын иштеп чыгуу жана сыноо болду.
Путин айткан “Буревестниктин” атомдук сыноосу көз карандысыз байкоочулар тарабынан тастыкталган жок, бирок ага даярдык болуп жатканы тууралуу эл аралык басма сөз жазды.
“Буревестник” ракетасы Жаңы Жер архипелагындагы Паньково полигонунда сыналышы мүмкүн деп октябрдын башында америкалык New York Times гезити, ал эми сентябрда норвегиялык Barents Observer басылмасы кабарлаган.
Норвегиялык басылма полигондогу иш-аракеттер Август айында эле байкалганын билдирди.
Батыш Орусиянын бул долбооруна өзгөчө кылдаттык менен көз салып турат, анткени “Буревестник” ракетасынын жарыяланган мүнөздөмөлөрү аны өтө кооптуу курал экенин көсөтүп турат. Анын баллистикалык континенттер аралык ракеталардан айырмасы – ал канаттуу ракета. Аны учуп баратканда аныктоо кыйын.
Бирок "Буревестник" ушуну менен гана коркунучтуу эмес.
Ракета атомдук энергетикалык орнотмо менен жабдылган. Анын түзүлүшү жөнүндө так маалымат жок, бирок, бир версия боюнча, анда өзөктүк энергия менен иштеген реактивдүү кыймылдаткыч болушу мүмкүн.
Атомдук энергетикалык орнотмо ракетаны өтө узак убакытка абада кармап тура алат, андыктан анын учуу аралыгы он миңдеген километрге жетет.
Бирок, мындай кыймылдаткычтын терс таасири – ал иштеп жаткан бардык учурда атмосферага аз сандагы радиоактивдүү бөлүкчөлөр чачылып турат. Бул абдан “балит” мотор болуп саналат.
Экинчи маселе – сыноолордун коопсуздугу. Эгерде сыноо учурунда кырсык болуп кетсе радиоактивдүү булгануу болушу ыктымал.
Эксперттер 2019-жылдын 8-августунда “Буревестниктин” ийгиликсиз сыноолору “Росатомдун” беш кызматкеринин өлүмүнө себеп болушу мүмкүн деп эсептешет. Орусия кырсыкты радиоактивдүү энергиянын көп эмес булагы бар ракетанын моторунун сыноолору менен байланыштырды.
Кандай болбосун, ядролук ракетаны ядролук дүрмөтсүз сынап көрүү мүмкүнчүлүгүнүн өзү эле дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандырып жатат. (DO)












