Армагеддондун карааны айылга келди же Кариб кризисинин сабактары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өзөктүк согуштун өктөм риторикасы
Ушу тапта орус-украин согушуна байланыштуу аталышы ар башка, доору башка, бирок тектеш, тамырлаш эки көрүнүштү эске салган нерселер өктөм айтыла баштады. Ансыз деле түркүн түйшүктөн башы арылбаган калкты ого бетер сестенткибиз келбейт, бирок эч кимди, анын ичинде бизди кыйгап өтпөй турганы анык болгондуктан кеп кылуу муктаждыгы жаралды. Биз байкабай же таңазар албай койсок эле кара баскыр ал көйгөй жоголуп кетпейт экен.
Бири айтылуу Кариб кризиси. Быйыл 27-октябрда Кариб кризисине туура алтымыш жыл толду. Октябрь же Куба кризиси деп да аталат. Адамзатты өзөктүк согушка жуп такап барып, араң дегенеде чечилген согуштук, саясий, дипломатиялык жана идеологиялык кризис. Экинчиси Армагеддон. Уламыш менен фантастиканын туундусу, акыр заман тууралуу универсал түшүнүктү туюнткан көөнө термин. Экөө тең маңдайыбызга келип, айыл аралап, өзөктүк согуш коркунучу реалдуулук экенин кабарлап турат.
СССР менен АКШ – эки башка системанын уюткусу, тирөөчү болгон эки ири мамлекет, экөө тең каршылаш эки согуштук-саясий блоктун анабашы, бири-бирине атаандаш кубаттуу өлкөлөр 1962-жылы күзүндө дал азыркыдай эле карама-каршылыктын, дүйнөнүн эгеси болуу үчүн атаандаштыктын, жүрүп жаткан кансыз согуштун, идеологиялык антагонизмдин айынан глобалдык алааматка кептелет.
Өткөн кылымдын элүүнчү жылдары Москва менен Вашингтон өзөктүк жана башка кыйраткыч куралдарын өз орбитасындагы мамлекеттерге жайгаштыра баштайт, ракетага шыкалган кемелерин деңиздерге коё берет. Акыры Советтер Союзу баллистикалык, тактикалык куралдарын Америкага ракета тургай кол сунса жеткидей социалисттик Кубага, Кошмо Штаттар СССРге чектеш Түркияга жайгаштырат. Жарыша курал жайгаштыруу, дипломатиялык-саясий тиреш, ар кандай провокация менен коштолгон аскерий операциялар апогейине жетип, өзөктүк курал колдонуудан кайра тартпаган абалда калган. Бири бирин айыптайт, коркутат, опузалайт. Анын үстүнө аскер адамдары, эки жактын тең согуш өнөр жай күчтөрү, куралдан пайда көксөгөн ишкерлери, агрессивдүү саясатчылары, экөөнүн кармашына таңсык түркүн күчтөрдүн шыкагы күчөйт.

1962-жылы 27-октябрда өзөктүк бомбалар жүктөлгөн ракеталар эми атыла турган болгондо, эки жактын лидерлери Никита Хрущев менен Джон Кеннеди эсине келет. Кеннеди Хрущевго кайрылып, “биз Кубага кол салбайбыз, блокада кылбайбыз, биз аскерий күчтөрүбүздү Кубага жакын булуңдан чыгарып кетебиз, силер Кубадан ракеталарыңды алып кеткиле, чагымга алдырбайлы” деп кайрылат. Советтик жетекчилик аябай талкуулап, баарын салмактап, бир топ шарттар менен макул болот. Кыскасы, кудай жалгап, эки тарап тең мунасага келет. Ошентип дүйнө реалдуу, эми баштала турган, эч качан жеңүүчүсү болбой турган өзөктүк кыяматтан аман калат. Бирок Хрущевду советтик элита, аскерий адамдар мажүрөө тура, чабалдык кылды деп күңкүлдөйт, Кеннедини Американын элитасы, аскерий жетекчилиги дал ошондой эле жүүнү бош, чыккынчы, чечкинсиздик кылды деп ачык айыптаган. Акыры Хрущевду кызматтан алып тынышты, Кеннедини атып тынышты.
Кариб кризиси адамзатты ойлонтту, чочутту. 1968-жылы “Өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишим” түзүлөт. 1970-жылы негизги беш өзөктүк мамлекеттер жана калгандары тарабынан бул Келишим ратификацияланат. Бирок өзөктүк согуштан адамзат чочуганы менен азыркы саясатчылардын бир далайы, башкаруу чөйрөсү, аскер башчылары жалкыбаптыр.
Орус жана Батыш саясатчылары Армагеддон сөзүн колдоно башташты. Инжилде (Ачылыш китебинде) жакшылык менен жамандык катуу салгылашат имиш, кыяматка алып келген соңку кармаш болот деп баяндалат. Байыркы баяндагы акыр замандагы соңку кармаш идеясы тегин жерден чыкпаптыр. Уламыштардан өнүп чыккан окшобойбу. Израилдин түндүгүндө Мегиддо калаасынын тушунда нечен кандуу кармаш өткөн экен. Инжилде дал ошол сөз болуп жаткан жерде далай эл кырылганы айтылат.
Биздин заманга чейинки XV кылымда Египет фараону Тутмос III ханаан падышасынын колун тыптыйпыл талкалаганы, XI кылымда Гедеон баштаган 300 еврей жоокери мадиандардын түмөн аскерин жеңгени, Азиянын кыйла бөлүгүн оңой эле ээлеп алган монголдор так ушул жерден катуу жеңилип, артка чегингенин байыркы тарыхый жазуулар тастыктайт. Ушул сыяктуу баяндар Армагеддонду соңку майдан талаасы, Мегиддодогу акыркы кармаш, акыр заман алдындагы кырылыш деген апокалипсис концептин бекемдейт. Башка сюжеттердей эле бара-бара көркөм өнөрдүн темасына айланып, далай чыгарма жаралып, атактуу фильмдер тартылат. Инжилдеги ушул кырылыш, фантастикалык кинодогу апокалипсис минтип саясатчылардын риторикасына айланды. Куру чечендик үчүн иллюстрация, жардамчы лексема, шөкөт салыштырма эмес, кадимкидей аракет катары айтылып туру, үрөй учуруп.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Акыр заманды эскертип, адамзат башына азап салууга белсенгендер өзөктүк курал колдонуу перспективасын айгыр минип айылчылайм дегендей кадыресе кеп кыла башташты. Орус саясатчылары да, аларга каршы турган Батыш билермандары да бул сөздү оңой колдоно баштады. Ал тургай Сергей Суровикиндин орус армиясынын Украинадагы аскер башчысы болуп дайындалышын “Генерал Армагеддон келди” деп кубатташты (караңыз: https://www.business-gazeta.ru/article/566719).
АКШ президенти Жо Байден Орусия өзөктүк курал колдонсо Армагеддон болоорун эскертти (караңыз:https://gordonua.com/news/worldnews/bayden-zayavil-o-samom-vysokom-riske-yadernogo-armageddona-so-vremen-kubinskogo-krizisa-1962-goda-1629842.html).
Сөз адамдын оюн, ниетин туюнтат. Өзөктүк куралды колдонуу риторикасынын динамикасы жана масштабы кооптуу. Өзөктүк куралды адеп Москва кеп кылды (караңыз:https://lenta.ru/news/2022/09/21/yadder/) АКШ менен Европа да орустар өзөктүк куралга даабайт, андай ниети болсо адекваттуу жоп кайтарабыз, орусуң аман калбайт деп эскертип келди. Кремль кайра тартчу беле, биздин коопсуздукка шек келсе, өзөктүк курал колдонобуз, бул курулай опуза эмес деп опурулуп туру.
НАТО ракетеларды жайгаштырчу жерлерди караштыра баштады. Йенс Столтенберг америкалык өзөктүк куралды Германияда, ал болбосо Чыгыш Европага жайгаштырарын билдирди. Германиянын олку-солкулугу негиздүү, анткени Германия маселесин биротоло жөнгө салуу боюнча 1991-жылдагы келишимдин жоболоруна ылайык ФРГ атомдук, биологиялык жана химиялык куралды өндүрүүгө, колдонууга, жайгаштырууга акысы жок. Бирок Американын айрым оор бомбардировщиктери, тактикалык куралдар Германияда турганы жашыруун эмес. Москва ушуну бетке кармап келет.

Кариб кризисинин унутулган сабактары
Адамзат башынан 14 миң согушту кечирди. Бекеринен айрым тарыхчылар адамзаттын тарыхы – согуштардын тарыхы деп айтышпаса керек. Швейцариялык окумуштуу Жан-Жак Бабель биздин заманга чейинки 3500-жылдан тартып 2000-жылга чейинки беш жарым миң жыл ичинде адамзат болгону 292 жыл (жалпы суммардык мааниде) гана тынчтыкта жашаган экен. ХХ кылымда эле эки дүйнөлүк согуштун азабын тартты, запкысынан али арыла элек. Саясатчылар менен аскер башчылар киши убалынан корко турган эмес, атом бомбасын сынап көрдү, тынчыбыды, жалкый элек экен. Дүйнө Кариб кризисинен тыянак чыгарбаптыр. Куба кризисинен кийин Жапониянын Окинава аралында тактикалык ракеталар чагымчыл аракеттин айынан аз эле жерден атылбай калганы да тарыхый факт. Муну эске алганда экинчи ирет радиоактивдүү курал атылмакчы болгон. Адамзат тагдырын чечкен аткаминерлер тарыхтан сабак албайт окшоду. Американын мурдагы коргоо министри Роберт Макнамара 2003-жылы Fog of War («Согуш туманы») документалдык фильми үчүн берген интервьюсунда Кариб кризиси тууралуу «Пенделер адамзат коомун жок кылууга ушунчалык жакын келген. Бийликке эгедер кишилердин өзүм билемдиги менен өзөктүк куралдын акылга сыйгыс айкалышы адамзатты жер менен жексен кылат. Куба кризисинин башкы сабагы мына ушунда турат.
Бүгүн 7500 стратегиялык өзөктүк дүрмөт бар, анын 2500 15 мүнөт ичинде атууга даяр, көз ирмемде миңдеген чакырымга жетет. Ушунча курал бир-эки адамдын чечими менен атылышы ыктымал. Ушунун өзү эбегейсиз коркунуч эмеспи» Албетте, эбегейсиз коркунуч. 1985-жылы ноябрда эсил кайран Михаил Горбачев менен Рональд Рейган “өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт жана андай согуш эч качан болууга тийиш эмес” деген тарыхый декларацияга кол койгон. Бүгүн жобону өзөктүк куралды колдонуу тууралуу дискуссияда эстөөгө мажбурбуз. Адамзат кайра калыбына келгис боло турган кырсык, эми кайтып эсине келбей турган алаамат, жексен болуу келечегинен башка альтернатива.
Эл аралык укукта адамзатка каршы кылмыш түшүнүгү бар. Аныктамалары, түрлөрү жетиштүү. Армагеддон кылам дечүлөр жасамакчы болгондордун кесепети адамзатка каршы, бирок жазалай турган жан калбай турган, бир эле жолу жасала турган акыркы кылмыш. Муну ким түшүнбөйт десең, айткандары тигил, кылгандары бул. Мосва кечээ Украинаны “ыплас бомба” даярдап, чагым уюштурганы жатат, эгер андай болсо сазайын беребиз” деди (караңыз:https://news.mail.ru/politics/53591524/).
Айтымдарында Киев радиоактивдүү материалдар кошулган бомбаны өз элине колдонуп, анан “мына Орусия өзөктүк курал колдонду, эми жазасын берели” деп дүйнө коомчулугуна кайрылат имиш. Фантастикалык фильмдердин каармандары экрандан чыга калып, логикага сыйбаган нерселер айтылууда. Эл башкарган, журт тескеген, лидер аталгандардын минтип өзөктүк согушту оозанып, ошондой куралды колдоном деп опурулушу дүйнө тагдыры кылдын учуна илингенин, өзөктүк ракеталар колдонулган глобалдык согуш босогодо турганын каңкуулабайбы?

Сүрөттүн булагы, NAVAL HISTORY AND HERITAGE COMMAND
Аткарылбаган келишимдер
“Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндө Келишимдин”, ушуга үндөш конвенциялардын, макулдашуулардын, өзөктүк куралдарды чектөө боюнча институттардын аки-чүкүсү көп. Бул келишим жаралышы жана аткарылышы драматизмге жык толгон эл аралык башкы документ. Бүгүн эл аралык укук системасы кризиске кептелип, аткаруудан кала баштады. (караңыз: https://www.azattyk.org/a/rakhmondun-monologu-jana-uluu-aganyn-jetegin-samagandar/32092817.html)
Өзөктүк курал боюнча эл аралык мыйзамдар, келишимдер да аткарылбай калды. Аткарылмак турсун, “Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндө” негизги келишимдин жоболорунун өзү алешем, ар кандай интерпретацияга жол ачат. Биринчиден, ушул башкы келишимде өзөктүк куралга ээ мамлекеттер деп бешөө (АКШ, Улуу Британия, Кытай, Франция жана СССР (эми анын мураскору Россия) гана аталган. Жобо ушундай. Израил, Индия, Пакистан, ЮАР бул келишимге кошулган эмес. Түндүк Корея кирип, кайта чыгып кеткен. А бул мамлекеттерде өзөктүк курал жок дегенге ким кепил? Эч ким. Демек келишимдин "ташка тамга баскандай" жоболору кайда калды?. Адистер өзөктүк курал даярдоо технологиясын террористтер да өздөштүрө ала турганын белгилешет. Мисалы, Орусиянын атом машина куруу илим-изилдө институтунун жетекчиси Игорь Острецов: “Эгер террористтер жылуулук бөлүп чыгаруучу иштиктүү элементтерге ээ болсо, анда өзөктүк бомбаны үңкүрдө деле жасоого болот” деп белгилеген. Албетте, бул оптимизм жаратпайт.
Экинчиден, Келишимдин преамбуласында жана 6-беренесинде өзөктүк мамлекеттер өзөктүк куралдарын азайтып, материалдарын жоготууга умтулат деп белгиленген. Келишим түзүлгөндөн бери ошол өлкөлөрдүн бири да өзөктүк куралдарын азайтмак тургай, андай ракеталарды чыгаруу программасын кыскартканы жок. Тескерисинче, күчөттү.
Үчүнчүдөн, Келишимде ар бир мамлекет өзүнө коркунуч келсе бул келишимден чыгып кете алат деп жазылган. Демек көрүнгөн шылтоону айтып, чыгып кетсе не болот? Тыюу салган жоболор ансыз деле иштебей турганда, ого бетер колу бошойт, жолу ачылат.
Эмне кылуу абзел?
Биринчиден конфликтик маселелерди чечүүнүн жолу катары өзөктүк риториканы жана опузаны дароо токтотуу зарыл. Куралга ээ мамлекеттер сүйлөшө алат жана милдеттүү. Алар адамзат алдында жоопкерчилигин бекем түшүнүүсү зарыл.
Экинчиден, стратегиялык жана тактикалык куралдарды колдонуу боюнча жаңы, так макулдашууларды тезинен түзүү керек. 2010-жылдагы келишимди кайцра карап, андай куралдардын чегин азайтууга жетишүү зарыл. Курал болгон соң колдонулат тура. Шылтоо
издеп анча деле убара болбойт экен. Орусия менен АКШнын ортосунда өзөктүк куралды колдонууга жол бербөө тууралуу келишим бар. Бул келишимди аткарууга тараптар милдеттенме алып, потенциалдуу мамлекеттерди кошуу кажет. Күн тартибине чыккан соң, баарын токтотуп, өзөктүк курал боюнча өзөктүк жана ири державалар глобалдык конференция өтүп, жаңы макулдашууга жетишүүсү кечиктирилгис маселе. Кариб кризисиндеги эң негизги сабак – бул лидерлердин адамзат алдындагы жоопкерчилигин сезүүсү жана “чабалдык, коркоктук кылды” деген айыптоолорго туруштугу. Лидермин дегендер жеке амбициясын, аскерий чөйрөдө популярдуулугун курмандыкка чалуусу эң негизги шарт.
Ошентип Укриананын аймагында чоң алаамат болжолдонууда. 60 жылдан соң Кариб кризиси кайра эске түштү. Армагеддон айылыбыза жакын келди. Бирок каршылаш тараптар жана орус-украин жаңжалынын акторлору талкуулого умтулганы ишеним жаратат. Өзөктүк курал менен коркутуп жаткандар Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында же башка бир аянтта тарых сабактарын четке какпай, мунасага келип, ылаажы табууга тийиш. Бул алардын ушул жерде жана азыр аткарууга тийиш милдети, лидерлердин адамзат алдындагы саясий жана укуктук жоопкерчилиги.
Алмаз Кулматов, коомдук ишмер, тарыхчы
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












