Адамзатты кокустан жок кылып коё жаздаган учурлар

Ричард Фишер

Жерге кайтып келген Аполлон-11 ракетасынын астронавттары.

Сүрөттүн булагы, NASA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жерге кайтып келген Аполлон-11 ракетасынын астронавттары.

Жакынкы тарыхта эле, теоретикалык түрдө, Жер планетасынын атмосферасын өрттөп, же адамзатты кырып жиберчү бөтөн планеталыктарды чыгарып жиберген чечимдерди кабыл алгандар болгон. Алар бизге азыр дагы туш болуп жаткан жок болуп кетүү коркунучтары тууралуу эмнелерди айтып бере алышат?

1960-жылдардын аягында НАСА (АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы, англ. National Aeronautics and Space Administration, кыск. - NASA) адамзаттын тагдырын аныктап коё турган чечимди чыгарууга аргасыз болгон. Аполлон-11 ракетасы менен Айга учуп барып, конуп, Жерге кайтып келген 3 астронавт, капсуланын ичинде Тынч Океанда калкып, күнгө күйүп, ыңгайсыз абалда, бизди качан алып кетишет деп күтүп жатышты. НАСА жетекчилиги 3 улуттук баатыры үчүн шарттарды бир аз жагымдуураак кылууга аракет кылды. Бирок, мунун кооптуу, тобокелдүү жагы болду беле? Ооба, Жер планетасына өтө зыяндуу, тирүү жандыктын баарын кырып жок кылууга жөндөмдүү бөтөн планеталык микробдор келип калышынын бир аз да болсо ыктымалдуулугу болгон.

Андан 20 жыл мурун, изилдөөчүлөрдүн жана аскер жетекчилеринин бир тобу ушундай эле маанилүү кадам шилтөөнүн астында турушкан. Алар биринчи атомдук куралдын сыналышын күтүп жатканда, мунун аягы жакшы бүтпөй, дүйнө үчүн катастрофалык жыйынтык менен бүтүшү ыктымал экенин билишкен. Бул эксперименттин кокустан атмосфераны өрттөп, планетадагы тирүү жандыктын баарын жок кылуу ыктымалдыгы бар болчу.

ХХ кылымда адамдардын бир нече тобу тоталдык катастрофага алып келе турган кенедей ыктымалдык үчүн жооптуу болуп, дүйнөнүн тагдырын өз колунда кармап турушкан. Алар бир гана өзүнө эмес, башкаларга дагы акыр заман алып келишмек.

Мындай чечимдерди чыгарууга эмне түрткү болду эле? Бул чечимдер биз бүгүн кабылып жаткан тобокелчиликтер жана каатчылыктарга карата мамилебиз жөнүндө эмне айта алат? Адамзат ХХ кылымда космоско зонддорду жана адамдарды жиберүүнү биринчи жолу пландаштырганда, космосту булгоо же тескерисинче космостон булганыч алып келүү маселеси келип чыккан. Биринчиден, “барган жерин” булгоо коркунучу жаралып — жер жүзүндөгү жашоо белгилери космоско кокустан барып калышы мүмкүн эле. Космос кемелери учардын алдында өтө кылдаттык менен жууп тазаланып, стерилизациядан өткөрүү керек эле. Эгер микробдор кемеге кирип кетсе, мындай кырдаал чет планеталык жашоо белгилерин табууга чоң тоскоолдук жаратмак эле. Ошондой эле, космосто Жер планетасынан тышкары жашаган организмдер болгондо, биз аларды “Дүйнөлөрдүн согушу (War of the Worlds)” киносунун аягында болгондой, Жердин бактериялары же вирустары менен паларды кокустан өлтүрүп алмакпыз. Ушул айтылган маселелер космостук жарыш жылдарындагыдай эле бүгүнкү күндө да абдан опурталдуу маселе болуп саналат.

Кран Аполлон-11 миссиясынын капсуласын кемеге жүктөп жатат, бирок астронавттар кемеге буга чейин эле киргизилишкен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кран Аполлон-11 миссиясынын капсуласын кемеге жүктөп жатат, бирок астронавттар кемеге буга чейин эле киргизилишкен

Экинчиден, “кайткан жерин” булгоо коркунучу дагы болгон. Бул теория боюнча, астронавттар, ракеталар же зонддор Жерге кайтып келгенде, Жердеги жашоонун түп-тамырынан жок кылуучу, же жергиликтүү организмдерден алда канча өрчүгөн, аларга үстөмдүк кылуучу, же Жердеги кычкылтектин баарын жутуп алып, жок кыла турган организмдерди кокустан ташып келе алышат.

Космостон Жерди көздөй булганыч ташып келүү коркунучу НАСА Айга Аполлон миссияларын жиберүүнү пландап жатканда өтө олуттуу мамиле кыла турган маселе болгон. Астронавттар абдан кооптуу заттарды Жерге алып кирсе эмне болмок? Ал убакта мындай ыктымалдуулук жогору болот деп эсептешкен эмес, себеби Айда жашоонун белгилери бар деп эч ким ойлогон эмес. Бирок, мындай сценарийди да алдын ала изилдөө зарылчылыгы болгон, анткени кичинекей эле ката кетирилгенде, мунун кесепети өтө оор болмок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Аполлон-11" ракетасы Айдан Жерге организмдерди ташып келбесине 99% ишенсе болот деп айта алабыз, бирок, ушул 1% аныкталбагандык деле тынч, беймарал отуруп калуу үчүн өтө чоң, кооптуу көрсөткүч”, - деп, ошол кездеги кадыр-барктуу окумуштуулардын бири айткан эле.

НАСА жер-жерлерде бир нече карантин чараларын көргөн, айрым учурларда муну көңүл кош аткарган. АКШ Саламаттыкты сактоо министрлигинин кооптонуп жаткан жетекчилери алгачкы планга караганда катаалыраак чара көрүлүшүн талап кылып, космос агенттигине сүр көрсөтүшүп, ыктымалдуу түрдө бир нерсе жуктуруп келген астронавттарын, керек болсо чек ара тозотунан өткөрбөй коюуга укуктуу экенин билдиришкен.

АКШ Конгрессинде угуулар өткөндөн кийин, НАСА кымбат баалуу карантин комплексин суу кемеге орнотуп, Тынч Океанга конгон Ай изилдөөчүлөрүн кемедеги ошол комплекске алууга макулдугун берген. Ошондой эле, астронавттарды үй-бүлөсү менен кучакташып, же президент менен кол кармашып учурашуусуна чейин үч апта бою ошол комплексте обочолонтуп кармоо чечими чыгарылган.

КАРАНТИН ПРОЦЕДУРАСЫНДА ЧОҢ ЭРЕЖЕ БУЗУУГА ЖОЛ БЕРИЛГЕН: НАСА ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАПСУЛАНЫН ЭШИГИН АЧУУ ЧЕЧИМИН ЧЫГАРЫШКАН.

Бирок, катастрофалык тобокелчиликти туура эмес кабылдоо жөнүндө макала жазган Дьюк Университетинин укукчу окумуштуусу Жонатан Вайнердин айтымында, карантинди ишке ашыруу процедурасында чоң эреже бузууга жол берилген.

Баштапкы протокол боюнча, астронавттар сууга конгондон кийин капсуланын ичинен чыгышпайт болчу. Бирок, НАСА ысык, тумчуктурган, толкундарда чайпалган капсуланын ичинде күтүп жаткан астронавттардын ден-соолугун ойлоп, оюн өзгөрткөн. Карантинде кармоонун ордуна, НАСА жетекчилери капсуланын эшигин ачып, астронавттарды салга алып чыгып, андан кийин тик учак менен алып кетүү чечимин чыгарышты (макаланын үстүндөгү сүрөттү караңыз). Куткаруу командасы био-булганычтан коргоочу кийимчен болуп, кемедеги карантин комплексине астронавттарды алып киришсе да, капсуланын эшиги деңизде ачылар замат ичиндеги аба атмосферага жайылып кеткен.

Өзөктүк куралдын бүлгүнү

24 жыл мурун, окумуштуулар жана АКШ өкмөтүнүн чиновниктери анча чоң эмес, бирок потенциалдуу түрдө катастрофалык тобокелчиликке байланыштуу дагы бир маанилүү бурулуштун алдында турушту. 1945-жылдагы атомдук бомбанын сыналышынан мурун Манхэттен долбоорунун окумуштуулары үрөй учурган ыктымалдуулукту көрсөткөн эсептерди кылышкан. Алар иштеп чыккан бир сценарий боюнча өзөктүк жарылуудан кийин чыккан ысык энергия ушунчалык көп болуп, башкарылгыс термо-өзөктүк синтездин келип чыгышына себеп болмок. Башкача айтканда, мындай сыноо кокустан Жердин атмосферасын өрттөп жиберип, мунун арты менен океандардагы, кургак жерлердеги жашоонун баарын жок кылмак.

Кийинки изилдөөлөр мындай болушу мүмкүн эмес экенин көрсөткөн, бирок сыноо күнүнө чейин окумуштуулар анализдерин кайра-кайра текшерип турушкан. Акыры Тринтини сыноо күнү келгенде, ырасмийлер ишти уланта берүнүү чечишкен.

Атомдук куралдын алгачкы сыноодон өтүшү илимдин жаңы дүркүрөгөн өсүш дооруна жол ачты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атомдук куралдын алгачкы сыноодон өтүшү илимдин жаңы дүркүрөгөн өсүш дооруна жол ачты

Бомба жарылгандан кийин жалт этип чыккан жарык болжогондон бийигирээк жана күчтүүрөөк болгондо, ага байкоо жүргүзгөн илимий топтун бир мүчөсү эң жаман нерсе болду деп ойлогон. Ошол байкоочулардын бири, Гарвард университетинин президенти эле. Ал сыноого чейин алгач бир аз чочулап турса, жарылуудан кийин үрөйү катуу учкан.

Анын небереси Женнет Конант: “Ал бомба иштеп кетерине көзү жетпей, бирок иштеп кеткенден кийин дагы ишенбей, иш катастрофалык кесепеттер менен бүттү, "кыямат күн" келди деп ойлогон”, - деген, Washington Post гезитине курган маегинде. Маек Конанттын ушул долбоордун алкагында иштеген окумуштуулар жөнүндөгү жазган китеби жарык көргөндөн кийин орун алган.

Оксфорд Университетинин философу Тоби Орд, бул адамзат тарыхындагы эң маанилүү учур болгон деп эсептейт. Ал “Тринити” сыноосу ишке ашырылган так күнүн жана саатын — 1945-жылдын 16-июлу, саат 05:29 — адамзат үчүн өзүбүздү өзүбүз жок кылуу жөндөмдөрүбүздүн өөрчүшүндөгү жаңы доордун башталышы катары аныктаган.

"Кокустан эле биз ушунча көп энергияны бошотуп, Жер планетасынын тарыхында алгачкы жолу ушунча чоң температура жараттык”, - дейт Орд өзүнүн “Жар” (The Precipice) китебинде. Орддун айтымында, Манхэттен окумуштуулары өтө кылдап иштеп, катуу талаптар коюлганына карабастан, алардын эсептөөлөрүн кызыкдар эмес тараптар эч качан эксперттик талдоого алышкан эмес. Ошондой эле мындай сыноолордун тобокелчиликтери жөнүндө, бөлөк мамлекеттердин өкмөттөрү тургай, шайланган эл өкүлдөрүнө маалымат берилгени жөнүндө эч бир далил жок. Окумуштуулар менен кол башчылар эки жакты карабай, алга карай өздөрү эле чаптырып кете беришкен.

Орд баса белгилегендей, 1954-жылы окумуштуулар дагы бир атомдук куралды сыноо эсептөөлөрүндө өтө чоң ката кетиришкен: жарылуунун күчү күтүлгөн 6 мегатоннанын ордуна 15 мегатоннаны түзгөн. “Ошол жайда жасалган эки негизги термо-өзөктүк эсептөөнүн ичинен… бирөөсү туура, бирөөсү жаңылыш болчу. Мындай атмосферанын алоолонуп күйүп кетүүсүнүн субъективдүү тобокелчилиги 50%га жеткен деп тыянак чыгаруу ката болоттур. Бирок, бул 50/50 көрсөткүчү биздин келечегибизди тобокелге салганга татыктуу ишеничтүүлүк деңгээли эмес”.

Бир паста жок болуп кетер дүйнө

Албетте, алда канча билимдүү XXI кылымда жашап жатып, ал эки чечим өз убагы үчүн мүнөздүү болгон деп кеп кылган биз үчүн абдан эле оңой болор. Андан бери жаратылышты булгоо, Күн системасындагы жашоо жөнүндө илимий билим абдан өнүгүп, өтө чоң секирик жасады, ал эми союздаштар менен нацисттер арасындагы согуш эбак артта калды. Бүгүнкү күндө эч ким мынчалык чоң тобокелдерге барбастыр, туурабы?

Тилекке каршы, жок. Азыр деле, кокустанбы, же атайылаппы, акыр заман келишинин ыктымалдуулугу ошол убакка караганда алда канча жогору болуп турат.

Аполлон-11дин астронавттары Жерге кайтып келгенден кийин карантинге алынышкан, бирок алар океанда калкып турган капсуладан чыгарылып, карантин комплексине киргизилгенге чейин ортодо кооптуу тыныгуу болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аполлон-11дин астронавттары Жерге кайтып келгенден кийин карантинге алынышкан, бирок алар океанда калкып турган капсуладан чыгарылып, карантин комплексине киргизилгенге чейин ортодо кооптуу тыныгуу болгон.

Албетте, бөтөн планеталыктарды жок кылуусу — дүйнө туш болуп жаткан эң чоң тобокелчилик эмес экенин моюнга алыш керек. Бирок, канткен күндө да, “планеталык коргонуу” жана бөтөн планетадан жугуштуу оорулардан коргоочу лабораториялар боюнча саясаттар болсо да, бул эрежелер жана процедуралар Күн системасындагы башка планеталар менен алардын жандоочуларына бара турган жеке менчик компанияларга карата колдонулары боюнча маселе дале ачык бойдон калууда. (Бөтөн планеталыктардын жоосу бизди басып кирет деген коркунучка кошумча катары, галактикага “биз бул жерде барбыз, кош келгиле” деп, сигналдарды трансляциялап берүү да бөтөн планеталыктар менен катастрофалык жолугушуубуздун ыктымалдуулугун жогорулатат. Алар бизге караганда көбүрөөк өнүккөн болсо, коркунуч кыйла чоң болот - мисалы, Европалык колонизаторлор менен жаңы ачылган материктердеги түпкү элдердин тагдырын эске алыш керек).

Өзөктүк куралдардын коркунучу көбүрөөк кооптондурат. Атмосфера толугу менен күйүп кетишинин ыктымалдуулугу өтө аз болсо, ядролук кыш же динозаврларды тукум курут кылган климаттык өзгөрүүлөр келип чыгышынын ыктымалдуулугу кыйла эле чоң. Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда атомдук арсенал азыркыдай кеңири жайылган эмес же акыр заман алып келчү күчү жок эле. Бүгүнкү күнү куралдын бул түрү андай күчкө жетти.

Орддун болжолдуу эсеби боюнча, XX кылымда адамзаттын жок болушунун ыктымалдуулугу 100дөн 1ге барабар болчу. Бирок, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч кыйла өстү деп эсептейт. Ар дайым болуп келген табигый коркунучтардан тышкары, антропогендик кыйроонун ыктымалдуулугу соңку бир нече он жылдыкта абдан жогорулады. Өзөктүк коркунучтан тышкары, жөнгө салынбаган жасалма интеллекттин келип чыгуу ыктымалдыгы жогорулады, көмүр кычкыл газынын көлөмү өтө өстү, булар аз келгенсип, биз вирустардын биологиясына кийлигишип, алардын адамды оңой эле өлтүрүп коё тургандай кылып чыгарганды да үйрөнүп алдык.

COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, биз глобалдык деңгээлде тыгыз байланышканыбыз, дезинформация жана саясий пикир келишпестиктердин кесепетинен алсызыраак болуп калдык.

Ал: “билгенимдин баарын эске алганда, бул кылымдагы тобокелчиликти 6 октуу тапанчанын чыгырыгындагыдай, болжол менен алтыдан бирге барабар катары көрөм”, - деп жазат. - “Биз жапа тырмак иш кылбасак, акыл-эстин ордуна жоон билегибизди эле күчөтө бергенди токтотпосок, адамзаттын жок болуп кетүү тобокелчилиги кийинки келе жаткан ар бир кылым сайын уламдан-улам күчөй берет”.

Сиз бир чакадан ак, боз же кара топторду алып жатасыз деп элестетиңиз. Ак топ - жакшыны, боз топ - жакшы-жаманы аралашты, кара топ - тукум курут болуу дегенди түшүндүрөт дейли.

Жок болуп кетүү тобокелчилигин изилдөөчүлөр, бул күчөп жаткан кооптуулукту мүнөздөгөн дагы бир нерсе боюнча сизди килейген бир чакадан топторду алып чыгууну сурашат. Ошол ар бир топ жаңы технологияны, ачылышты же ойлоп табууну түшүндүрөт. Алардын көпчүлүгү же ак, же боз түстө. Ак топ - адамзат үчүн, мисалы самын сыяктуу, жакшы жетишкендикти билдирет. Боз топ - социалдык тармактар сыяктуу пайдасы менен зыяны аралаш болгон бир жыргалчылыкты түшүндүрөт. Бирок, чакада бир нече кара топ бар. Алар өтө сейрек кездешет, бирок кокустан ошонун бирөөнү алып чыксаңар, адамзат тукум курут болот.

Муну “коркунучтагы дүйнөнүн гипотезасы” деп коёт, жана бул гипотеза биздин келечекте өтө сейрек жана өтө кооптуу окуяларга даярдык көрүү проблемасын алдыңкы планга алып чыгат. Биз али кара топту алып чыккан жокпуз, бирок, алар адаттан тыш, башкачараак болгон, биз аларды колубуз менен чаканын ичинен сыйпалап деле көрдүк. Ошон үчүн багыбыз бар экен, жолубуз болгон экен деп койсок болот.

Кара топ боло турган көптөгөн технологиялар же ачылыштар бар. Биз айрымдарын, мисалы өзөктүк куралдарды же биоинженердик вирустарды билебиз, бирок өздөштүрүп, ишке ашыра элекпиз. Башкалары, мисалы машиналардын өз алдынча үйрөнүп, акылдуу болушу, же геномдук технологиялар жөнүндө өтө аз билебиз. Ал эми бизге такыр белгисиз, биз эч нерсе билбеген багыттар да бар: алар дагы эле ойлоп табыла элек болгону үчүн, канчалык кооптуу болгонун али билбейбиз.

Адаттан тыш окуялардын трагедиясы

Эмне үчүн биз мындай апаат коркунучтарына алар татыктуу болгон олуттуу мамиле кылбайбыз? Вайнердин бул боюнча бир нече сунушу бар. Ал адамдар ушундай өзгөчө кырдаалдагы апаат коркунучтарын “адаттан тыш окуялардын трагедиясы” катары жаңылыш кабыл алганын сүрөттөп берет.

Тринити бомбасынын сыноосу өткөн жердин бүгүнкү көрүнүшү, бактыга жараша, атмосфера өрттөнүп кеткен эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тринити бомбасынын сыноосу өткөн жердин бүгүнкү көрүнүшү, бактыга жараша, атмосфера өрттөнүп кеткен эмес.

Вайнердин айтымында, адаттан тыш окуялардын ресурстук трагедиясы мындан башкачараак. Жалпы ресурстарды туура эмес башкаруудан айырмаланат. Бирок сейрек катастрофалык тобокелчилик туура эмес кабыл алынат.

Ал мунун келип чыгышынын үч божомолдуу себебин сунуштайт:

Биринчиси — сейрек апааттардын “кол жеткистиги”. Жакында эле болгон окуяларды эстөө, эч качан болбогон окуяларды эстгенег караганда оңоюраак. Мээ өткөн мезгилде болгон окуялар жөнүндөгү элестердин жыйындысынан келечек курууга жөндөмдүүрөөк. Эгерде жаңылыктарда бир тобокелчилик, мисалы, терроризм пайда болсо, коомдун тынчсыздануусу күчөп, саясатчылар кыймылдап, жаңы технологиялар иштелип чыгып баштайт, ж.б.у.с. Бирок, адаттан тыш окуялардын трагедияларын алдын ала көрүүнүн өзгөчө татаалдыгы — өзүң кетирген катадан сабак алууга мүмкүн эместигинде. Алар эч качан жаңылыктар түрмөгүндө, күн тартибинде чыкпайт. Бирок, бир чыкканда, болду, оюн бүттү дей берсе болот.

Экинчи себеп — ири апааттын “сенейтүүчү, апкаарытуучу” эффекти. Психологдордун айтымында, адамдардын тынчсыздануусу апааттын опурталдуулугу менен бир багытта өспөй турганын белгилешкен. Жалпак тил менен айтканда, кимдир бирөөдөн Жердеги адамдардын баарынын өлүмүнө канчалык кабатыр болуп жатканын сурай турган болсоңуз, мында бир киши өлгөндөгүгө караганда жети жарым миллиард эсе күчтүүрөөк кабатыр болот деп күтпөш керек. Алар ошондой эле келечек муундардын өмүрүн да эске алышпайт. Жалгыз адамдын керт башына түшкөн кыйынчылыкка караганда калың элдин башына түшкөн кыйынчылыкка кабатыр болуу деңгээли төмөн турганына далилдер бар. BBC Future үчүн селдейип калуу психологиясы жөнүндө жазылган бир макалада, журналист Тиффани Вен Тереза Эненин сөзүн цитата келтирет: “Мен жыйылган элди көрсөм, эч качан кыймылдап баштабайм. Эгер мен бир кишини көрсөм, ошондо кыймылдайм”.

Үчүнчү себеп — Вайнер “жетишсиз тизгиндөө” эффектин сүрөттөйт. Эгер сиз чыгарган чечимдерден улам дүйнөгө акыр заман келе турган болсо, сизди шалаакылык үчүн жоопко тарта турган эч ким калбай калат. Мыйзамдар менен эрежелер тирүүнүн баарын кырылып, жок болушуна алып келе турган акылсыздыкты ооздуктай албайт.

Кыязы, мында адаттан тыш окуялар трагедиясы кокустан — текеберликтен, көк мээликтен же тоготпогондуктан болуп калышы мүмкүн экени өтө кооптондурат.

“Калган шарттары бирдей болгондо, дүйнөнү жок кылууну көп деле киши каалабайт. Ал түгүл жүзү жок корпорациялар, ар нерсеге кийлигишкен өкмөттөр, акылдан тайып калган окумуштуулар, кыяматты чакырган жанжөкөрлөр да дүйнөдө тынчтык болушун каалайт, анткени беймарал дүйнө алардын өз максатына жетишүүсүнө: пайда көрүүгө, тартипке, бир нерселерге ээлик кылууга, же дагы башка жамандыктарды кылууга үчүн керек”, — дейт Элиэзер Юдковски, жасалма интеллектти изилдөөчү окумуштуу. - “Эгер тукум курут болушубуз, биздин аны баамдашыбыз үчүн жетишерлик деңгээлден жай жүрсө, анда муну ишке ашырып жаткандар эмне дээрин билбей, айран калышат болуш керек… Жер планетасы кыйрап, андагы жашоо жок боло турган болсо, мындай кырдаал катадан улам жаралат болуш керек”.

Биз “Аполлон-11” миссиясын ишке ашырган расмий бийлик өкүлдөрү жана Манхэттен долбоорунун окумуштуулары коркоок кишилер болбогонуна ыраазы болушубуз керек. Бирок, келечекте бир күнү, кимдир бирөө адамзаттын тагдырын колуна кармап, дагы башка бир маанилүү бурулуш чекитине жетет. Балким, алар эбак эле ошол жолго түшүп алып, көзүн жумган бойдон кыяматты көздөй сапарын тартып бара жаткандыр. Эми алардын убагы келгенде, адамзаттын багы үчүн туура чечим чыгарышаар деп үмүт кылалы. (KGNE)