Казакстанда Өкмөт отставкага кетти, Алматыда жана Мангыстау областында өзгөчө кырдаал киргизилди

Сүрөттүн булагы, Reuters
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү каршылык акцияларынын кысымы алдында өкмөттү отставкага кетирди. Каршылык акциялары болуп жаткан Алматы шаарында жана Мангыстау областында өзгөчө кырдаал киргизди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президенттин жарлыгы боюнча кечки он бирден таңкы саат жетиге чейин коменданттык саат болот, массалык иш чараларга тыюу салынат жана адамдар менен транспортко чектөө салынат. Токаев элге видео кайрылуу жасап, акыл-эстүүлүктү көрсөтүүгө жана мыйзамга каршы аракеттерди токтотууга чакырды.
Каршылык акциялары эң биринчи Мангыстау областында суюлтулган газдын эки эсе кымбаттап кеткенине нааразылыктан тутанды. Газдын баасы литрине 60 теңгеден 120 теңгеге өстү. Актау жана Жанаөзөндүн жашоочулары көчөгө митингге чыгып, негизги жолдорду бууп салышты. Каршылык акциялары ошондой эле Алматы, Чимкент жана башка шаарларда, баш калаа Нур-Султандын өзүндө да болуп жатат.

"Баары эмнеден башталды? Биздин Мангыcтау областында, ошондой эле бүт өлкө боюнча товарларга баа өсүп жатат. Биздин областта машиналардын 90% суюк газ менен жүрөт, мурда орточо алганда төрт миң теңгеге, бул он доллар, 350 км жүрө алчубуз. Азыр суюк май саналуу күндөрдө эки эсе кымбаттап кетти. Кымбатчылыкка эл нааразы болуп чыкты. Жолдорду бууп башташты, анын ичинде шаарларды, райондор менен бириктирип турган негизги жолду тосуп, эч кимди өткөрбөй атышат. Бирөөнүн кош бойлуу аялын төрөт үйүнө алып бараткан тез жардамды өткөрүштү, бирок башка эч кимди, райондон шаарга келип иштеп жаткандарды өткөрбөй жатышат. Алар айланма жолдор менен шаарга келүүдө. Азыр бүтүндөй Мангыстау областы боюнча митингдер болуп жатат. Анын ичинде Жанөзөндө, Актау шаарында жана башка жерлерде",-деп билдирди Би-Би-Сиге Актау шаарынын жашоочусу, блоггер Азамат Сарсенбай.

Сүрөттүн булагы, Social media
Мангыстау областында каршылык акциялары башталганда өкмөт аларды угуп, газдын баасын адегенде 85 тенгеге, андан кийин баштапкы баасы элүү тенгеге чейин кайра түшүрдү. Бирок каршылык акциялары радикалдашып, социалдык-экономикалык талаптар менен катар саясий дагы талаптар жаңыра баштады.
“Шал кет” деген жана башка ар кандай видеороликтер ватсап менен тарап атат. Соцтармакта Назарбаевди кетсин деп атышат",-дейт Азамат Сарсенбай.
Казакстанды көп жыл башкарган Нурсултан Назарбаев президенттик бийликти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенине эки жылдай болуп калды. Азыр ал Коопсуздук Кеңешинин төрагасы, бирок анын Элбасы атагы бар, ошондуктан дагы эле аны болсо бийликтин эки тизгин бир чылбырын кармап турат деп ойлошот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Газдын, азык-түлүктүн кымбатташы бир эле Мангыстау областында эмес, бүт өлкө боюнча болуп жаткан көрүнүш. Бирок мунай кендери иштеген жерлерде жумушсуздук деңгээли төмөн, социалдык коргоо жагы жакшы болуш керек эле. Кен байлыктарга бай региондо нааразылыктын токтобой жатканы эмнеден кабар берет?
"Мен жергиликтүү жашоочу катары жергиликтүү элдин менталитетин түшүндүрөйүн. Эл мындай ойлоп жатат, биз мунайлуу крайда жашап аткандан кийин, априори, газ, бензин баасы башка областтарга, башка өлкөлөгө караганда арзан болушу керек дешет. Мына биздин байлык бут алдыбызда турат дегендей. Эмне үчүн аны биз кымбат алышыбыз керек. Биздин региондун негизги психологиясы ушундай болуп турат. Жумушсуздук, социалдык коргоо жагына келсек, он-он беш жыл мурда мунайчы болуу абдан актуалдуу эле. Баары жабыла нефтянниике, операторлукка окушчу. Мунай эч качан түгөнбөйт, анын баасы, котировкасы бийик бойдон турат деп ойлошкон. Бирок, тилекке каршы, соңку жылдары мунайдын баасы түшүп баратат, мунай өндүрүү кыскарып баратат, мунай чыккан жерлерде кыскартуулар болуп жатат. Элдин кирешеси азаюуда. Бир убакта нефтянник болом деп окуган менин курбулаштарым азыр иши жок жүрүшөт. Азыр жумушсуздук деңгээли аябай чоң",-деди Азамат Сарсенбай. (КС)

Сүрөттүн булагы, Getty Images












