Жаңыөзөн боюнча полиция кызматкерлери сотко тартылууда

Сүрөттүн булагы, AP
Казакстандын Актау шаарында Жаңыөзөндөгү баш-аламандыкты токтотууда кызматтык абалынан аша чапкан деп айыпталып жаткан полиция кызматкерлерин үстүнөн сот иши башталды.
Интерфакс агентиги билдиргенине караганда сотто облусттук ишки иштер бөлүмүнүн башчысы Кабдыгали Утегалиев, экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Бекжан Багдабаев, Жаңыөзөндүн ички иштер башкармалыгынын башчысы Эрлан Бактыкалы уулу жана оперативдүү кызматкер Ринат Жолдубаевдер сурак берүүдө.
Өткөн жылдын декабрында Казакстанда эгемендүүлүк күнү майрамдалып жатканда Жаңыөзөндө баш-аламандыктар болуп, 15 киши набыт болгон эле.
Бирок бейрасмий булактар каза болгондор менен жабыр тарткандардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет. Ал эми полиция кызматкерлери тараптан 30 киши жабыркаган.
Буга нефть заводдо иштеген жергиликтүү жумушчулардын айларга созулган нааразычлык акциялары себеп болгон. Алар айлык акыны көбөйтүү талабы менен митинг чыккандан кийин, жумуштан кетирилген.
Жумуштан куулгандар эгемендүүлүк күнү майрамалып жаткан стадионго келип, полиция менен жумушчулардын ортосунда кагылышуу болгон.
Бийликтер буга каражатты жеп алган деп жергиликтүү чиновниктерди жана бийлик менен элдин ортосунда чатак чыгарууну көздөгөн деп оппозицияны айыптап келет.











