Токаев Жаңыөзөндөгү демонстранттарга кайрылды

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Актау шаарындагы Жаңыөзөндөгү кырдаал боюнча билдирүү жасады. Ал жеринде өкмөттүк комиссия иш алып барып жатканын айтып, демонстранттарды жоопкерчиликке үндөдү.

Касым-Жомарт Токаев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Касым-Жомарт Токаев

2-январда Жаңыөзөн тургундары суюлтулган газдын баасын түшүрүү талабы менен митингге чыгып, кийин алар Актаудагы көчөлөрдү да буушкан.

Казак басылмалары президент Касым-Жомарт Токаев жаңыөзөндүктөрдүн экономикалык талабын мыйзам чегинде чечүү тууралуу өкмөткө тапшырма бергенин жазды. Мындан кийин суюлтулган газдын баасы 85 - 90 тенгеге түшкөнү кабарланууда.

"Актауда өкмөттүк комиссия ишин баштады, анын курамына президенттик администрациядан адамдар кирди. Республикалык ыкчам штаб да иш алып барууда. Комиссия өлкө стабилдүүлүгү үчүн эки тарапка тең чечим кабыл алуу тапшырмасын алды. Күч органдарына коомдук тартипти сактоо милдети жүктөлдү. Демонстранттар жоопкерчиликтүү болуп, диаологго ачык экенин көрсөтүшү керек", - деп жазды Токаев Twitter баракчасында.

Жаңыөзөндө автомобилдердин көбү газ менен жүрөт, бирок соңку кезде суюлтулган газдын бир литри 120 тенгеге чейин кымбаттап, жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жаратты.

Митинг

Сүрөттүн булагы, Screenshot

3-январда Казакстандын Энергетика министрлиги өлкөдө суюлтулган газды керектөө жыл сайын өсүп жатканын, ал эми өндүрүш көлөмү мурунку деңгээлде сакталып калганын жүйөө кылган. Мындан улам бааны арзандатуу мүмкүн эместигин айткан эле.

Буга ынабаган митингчилер Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, социалдык маселени тез арада чечүүнү суранышкан.

Казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев газдын кымбаттап кетиши өлкөдө инфляция өскөн маалга туш келгенин, бул өз кезегинде казакстандыктардын үй-бүлөлүк бюджетине күч келтирип жаткандыгын жазды. Серепчи өлкөдө каршылык маанай күчөп жатканын, ал ар кандай себептер менен жалындап, масштабы кеңейип кетиши мүмкүн экенин эскертти.

"Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй социалдык жарылуу кайсы күнү, кандай себептер болбосун тутанып кетиши мүмкүн. Бул үчүн, башкысы ыңгайлуу шарттар гана керек экенин көрүп жатабыз. Жаңыөзөндүн келечегин карай турган болсок, 2030-жылга барып бул аймакта мунай кендери соолуйт жана кыскарат, ал жумушсуздукка алып келет да, кайрадан социалдык чыңалууга алып келет", - деп жазды Досым Сатпаев коомдук сайттардагы жеке баракчасында.

карта
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңыөзөндүн жайгашы, карта

Жаңыөзөндө былтыр январда дагы ушундай эле талап менен митингдер орун алган. Ал эми 2011-жылы жумуш шартын жакшыртуу талабы менен чыккан митингчилер күч менен таратылып, 17 киши каза тапкан.