Казакстан: Арон Атабектин өлүмүн иликтөө талабы

Казакстандын Кылмыш-жаза системасынын комитети маркум диссидент Арон Атабектин өлүмү боюнча айыптоолорго жооп берди.

Арон Атабек

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арон Атабек

Акын-диссидент “Шанырак иши” боюнча 15 жылдык жазасын өтөп, абактан чыккандан кийин эки айдан кийин 24-ноябрда каза тапты.

 Ал абактан арып, ден соолугу кыйла начарлаган абалда бошотулган. Арон Атабек түрмөдө кыйноолорго, ырайымсыз мамилеге тушукканын айткан.

Казак ММК өкүлдөрү Кылмыш-жаза системасынын комитетинин төрага орун басары Мейрам Аюбаевге акындын өлүмү үчүн бул мекеме жетекчилиги өзүн күнөөлүү сезеби деп суроо салган.

“Антип эсептебейт”,- деген Аюбаев.

Ал маркум 2019-жылы ден соолугун текшерүүдөн баш тартканын, кийин абалы такыр начарлаганда ага догдурлар кирип чыкканын айтууда. Быйыл 22-сентябрда ал ооруканага которулган. Андан кийин 18 жылдык жазасы жумшартылып, эртелей абактан бошотулган.

Арон Атабек ал өзү мөөнөтүнөн мурда аны бошотуу тууралуу сураныч келтирбегенин буга чейин расмий билдирген. Мындай шартта ал күнөөнү мойнуна алгандай болуп калмакмын деген жүйөөсүн келтирген.

 2006-жылы “Шанырак” микрорайонунда мыйзамсыз курулган турак-жайларды түрттүрүү үчүн келген полиция кызматкерлери менен жергиликтүү эл кагылышып, бир аскер каза тапкан.

 Ал окуялардан кийин массалык баш аламандык үчүн төрт киши кесилген, анын бири Арон Атабек болгон.

Казакстандагы активисттер жана эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигинен акындын өлүмүн иликтөөнү талап кылып келишет. (EK)

Ангела Меркелдин доору соңуна чыкты

Германия тарыхындагы биринчи айым канцлер бийликтен кетүүдө

Сүрөттүн булагы, pool

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германия тарыхындагы биринчи айым канцлер бийликтен кетүүдө

Дүйнөдөгү эң таасирдүү саясатчы, Германия тарыхындагы биринчи айым канцлер, эң узак убакытка өлкөнү башкарган Ангела Меркель бийликтен кетүүдө.

Германияда алдыңкы саясатчылар карьерасын жыйынтыктаган учурда аны салттуу түрдө Grosser Zapfenstreich- байыркы аскердик салтанат менен узатышат. Бийликтен кетип жаткан адамдын ырды тандаганга акысы бар. Меркель болсо Нина Хагендин поп-хит жанрындагы “Du hast den Farbfilm vergessen” (“Сен түстүү фильмди унуттуң”) ырын тандап алды.

Меркель музыканы сүйүп угат, ага көбүнчө классикалык ырлар жагат. Мисалы ал көбүнчө Рихард Вагнер музыкалык фестивалына барып турат. Ошондуктан коштошуу салтанатында Нина Хагендин ырынын жаңырышы коомчулук үчүн күтүүсүз болду.

Ангела Меркель менен Нина Хагендин жаш курагы дээрлик тең. Экөө тең ГДРде төрөлгөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ангела Меркель менен Нина Хагендин жаш курагы дээрлик тең. Экөө тең ГДРде төрөлгөн
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ангела Меркель менен Нина Хагендин жаш курагы дээрлик тең. Экөө тең ГДРде төрөлгөн. Бирок Хаген 21 жашында Батыш Германияга өтүп кеткен.

Германия Европадагы эң ири өлкө. Демек, жаңы өкмөт кабыл алган чечимдер, коңшу өлкөлөргө чоң таасир тийгизет. Олаф Шолс 2018-жылдан бери Ангела Меркелдин өкмөтүндө вице-канцлер болуп иштеп келген. Эми декабрдын экинчи аптасында анын ордуна канцлер болуп барат. Шолс “Европанын суверендүүлүгү биздин тышкы саясаттын өзөгү болот”, - деп айтып келүүдө.

Ангела Меркелден канцлердикти өткөзүп алуу үчүн ал Бундестагда добуш берүүдөн өтүшү керек болот. Бул иш-чара 6-9-декабрда болот деп күтүлүп жатат.

Олаф Шолс үч партиянын башын бириктирген коалицияны жетектей турган болду. Жаңы коалициянын Германия жашыл экономика өткөрүү боюнча кеңири планы бар. Анын социал-демократтар партиясы эки ай мурун федералдык шайлоолорду жеңип алган. Эми ал Жашылдар жана бизнеске санаалаш Эркин демократтар менен бирге бийликке келмекчи. (ErA)