Газада адам өлүмүнөн кийин гумжардам таратуу токтоду, Израилдин жаңы чабуулу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ жана Израилдин демилгеси менен уюшулган Газа гуманитардык фонду (GHF) палестиндерге гуманитардык жардам таратууну бир суткага токтотту. Газадагы гумжардам борборунун жанында адам өлүмү катталгандан кийин, фонд өз ишин кайрадан карап, жардам таратуу ыкмасын өзгөртмөкчү. Ал арада Израилдин армиясы Хан-Юнистин батыш тарабындагы мектепке абадан сокку урду. Анын кесепетинен кеминде 12 адам мерт болуп, дагы бир топ киши жаракат алды.
Израилдин учкучсуз учагы ондогон аялдар жана балдар жашаган эки чатырга сокку урганын күбөлөр билдирген. Ал жакка Хан-Юнистин чыгышындагы аймактардан качып келгендер баш калкалап жаткан.
Жергиликтүү журналисттер жана активисттердин айтымында, соккуга урулган мектеп жакында эле аль-Амаль аймагынан жүздөгөн качкындарды кабыл алган. Израилдин армиясы окуу жайды бутагы алгандыгы тууралуу билдирүү жасай элек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гуманитардык жардам таратуу иши адам өлүмүнөн кийин токтоду
Шейшембиде Газа гуманитардык фонду (GHF) гумжардам таратылчу жайларын "реорганизация кылып жана иштөө механизмдерин жаңылоо" максатында убактылуу ишин токтото тургандыгын билдирди.
Буга байланыштуу билдирүү таратып, анда уюм израил аскерлеринен башаламандыкты алдын алып, согуш талааларына жакын аймактарда "элдин агымын жөнгө салууну" суранган.
GHF палестиналыктарга жаңы инструкцияларды иштеп чыгаарын, уюмдун жалпы натыйжалуулугун жакшыртуу максатында кызматкерлерин окутуу курстарынан өткөзөөрүн билдирди.
"Жардам алган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу биздин башкы максатыбыз бойдон калууда", – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Буга чейин израил армиясы жардам таратуу пунтктарына бара турчу жолдорду "согуштук зоналар" катары эсептей тургандыгын эскерткен эле.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Израил армиясынын башка бир билдирүүсүндө жергиликтүүлөргө гуманитардык жардам тараткан борборго кирүүгө жана аларга баруучу жолдор күнүмдүк колдонууга тыюу салган.
Кечөө күнү ал жерде топтолгон элге израил аскерлери ок чыгарып, 27 адам каза болгонун ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа жарандык коргонуу башкармалыгы билдирди.
Израил армиясынын өкүлү шектүү адамдар тобуна эскертүү иретинде ок атылганын, алар "белгиленген маршруттан чыгып кетишкенин" ырастады.
Бул акыркы жумада гумжардам борборунун айласында адам өлүмү менен коштолгон үчүнчү каргашалуу окуя болду.
Израил шектүү адамдарга эскертүү иретинде гана ок чыгарганын, бирок израилдик аскерлер топтолгон элди дагы аткылап жаткандыгы тууралуу күбөлөрдүн айткандарын иликтей турганын билдирди.
Ал арада Газа гуманитардык фонду (GHF) эч кандай аткылоо болбогонун айтып, ХАМАСты жалган маалымат таратып жатат деп айыптоодо.
Бирок фонд өзүнүн периметринен тышкары активдүү согуштук аймакты көзөмөлдөбөй турганын моюнга алды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Би-Би-Си Ак үйдүн билдирүүсүн четке какты
Гумжардам борборунун айласындагы ызы-чуу тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт шейшембиде өткөн басма сөз жыйынында токтолгон. Ал өз сөзүндө Би-Би-Сини айыптап, гумжардам тараткан борбордун айланасында болгон атышуулардан каза болгондордун санын "ХАМАСка сөзмө-сөз ишенип" чагылдырган деп айткан. Ошондой эле, анын айтымында, басылма кийинчерээк ал билдирүүсүн өчүргөн.
"Би-Би-Си [окуя болгон жерден] кадрларды изилдеп чыккандан кийин өзүнүн билдирүүсүн өчүрдү деген дооматтар такыр чындыкка дал келбейт. Биз эч нерсени өчүргөн жокпуз жана макаладагы маалыматтар так экенине ишенебиз", – деп билдирди Би-Би-Си.
Левитт ошондой эле Би-Би-Сини макаласынын темасында курман болгондордун санын өзгөрткөнүн сындаган. Бирок корпорация анын айтканын төгүндөп, макала жарыялангандан кийин жаңы маалыматтар менен толукталганын, мындай көрүнүш "тез өнүгүп жаткан окуяларды чагылдырууда кадыресе практика" экенин билдирген.
"Каза болгондордун саны "медиктер тарабынан айтылган 15 [мерт болгон] деген баштапкы сандан баштап, ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрликтин 31 киши каза болгондугуна чейин, Кызыл Чырым уюмунун "кеминде 21" талаа ооруканасында каза болгон деген акыркы билдирүүсүнө чейин ар бир жолу так аныкталган", – деп билдирди Би-Би-Си.
Карама-каршы ыкмалар
Газа гуманитардык фонду (GHF) өткөн аптада эле ишин баштаса дагы, анын ишмердүүлүгү сынга кабылды.
Фонд өз ишин расмий баштаарына бир күн калганда анын аткаруучу директору кызматын тапшырган. БУУ жана башка уюмдар "жардамды курал катары пайдаланып жатат" деген жүйө келтирип бул уюм менен кызматташуудан баш тартышкан.
БУУнун өкүлдөрү фонддун ишмердүүлүгү жарандардын өмүрүнө коркунуч туудуруп, Израилдин аскердик максаттарын ишке ашырууда деп айтышууда.
Би-Би-Синин кабарчысы Том Бэйтмандын айтымында, GHF эл аралык маалымат каражаттарын палестиналыктардын өмүрүн алган чуулгандуу окуя тууралуу жалган маалымат таратууда деп айыптаган.
"Уюмдун дооматтары чындыкка дал келбейт, анткени ЖМКлардын маалыматтарында палестиналыктар гумжардам борборлорун көздөй баратканда өлтүрүлгөнү ачык көрсөтүлгөн", – деди ал.
Фонд каза таап жана жарадар болгондор анын объектилерине жакын жерде катталганын коомчулукка билдирүүдө.
Кээ бир аналитиктер бул долбоорду жергиликтүү калкты ачарчылыкка кептеген израил армиясынын согуштук операцияларын бир бөлүгү катары эсептөөдө.
Ал арада GHF кандайдыр бир саясий же аскер кызыкчылыктарды көздөбөй турганын айтып, толук көз карандысыз экенин кайталады. Фонд 21 жүк ташуучу унаа менен элге тамак-аш, жардам таратканын жар салса, БУУ ок атышпоо учурунда күнүнө 600гө жакын жүк ташуучу унааны жеткирип турганын билдирди.
Бирок ЮНИСЕФтин Газадагы өкүлү Жеймс Элдер Би-Би-Сиге аталган фонд гумжардам тараткандай түр көрсөтүп жатканын айтты.
"Газага күнүнө 500-600 жүк ташуучу унаа менен элге тамак-аш, жардам таратып турган ири уюмдар жетишпей жатат. Болбосо, күнүмдүк 500-600 куту жөнүндө сөз болуп жатат, ал дагы жеке адамдарга таратылууда", – деди ал.
Израил бийлигинин айтымында ХАМАС анклавга жеткирилген гумжардамды уурдап жаткан, ошондон улам азык-түлүктү таратуунун жаңы системасы керек болгон.
ХАМАС уюму мындай айыптоолорду четке кагып келүүдө. АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин администрациясы андай айыптоолор чын болсо дагы, гумжардамдын уурдалышынын масштабы БУУнун Газага жүк ташуусун толугу менен чектеп салгыдай олуттуу негиз жок экенин айткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
GHF кантип түзүлгөн жана кантип иштейт
БУУнун моделине ылайык гуманитардык жардам Газа тилкеси боюнча 400 жерге жеткирилиши керек. Бирок аталган уюм башкача принциптер менен иштейт: жер-жерлерде ири жардам таратылчу борборлорун ачкан, ал жакка палестиналыктар өз алдынча жетиши абзел.
Израил армиясы жергиликтүүлөрдүн барып-келүүсү үчүн Газанын четиндеги бир нече жогорку коопсуздук зонасын бошотуп чыккан.
Уюмду АКШ өкмөтүнүн мурдагы гуманитардык жардамчысы Жон Акри жетектейт. Кампаларын израил аскерлери жана куралчан америкалык күзөтчүлөр кайтарышат. Фонд жаңы түзүлүп жатканда, анын биринчи аткаруучу директору Жейк Вуд уюм көз карандысыздык жана бейтараптуулуктун негизги гуманитардык принциптерин бузуп жатат деп кызматтан кеткен.
Уюм каржы булактарын ачыктоодон баш тартууда. Алардын айтуусу боюнча, донорлордун купуялуулугу АКШда катталган башка коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө дал келерин жүйө келтирүүдө.
Жон Акри дагы эле интервью берүүдөн баш тартып, анын басма сөз катчысы бир дагы жолу пресса менен байланышкан эмес.
БУУ гуманитардык жардамды калктын реестринин негизинде бөлүштүрөт, ошондуктан бардыгына азык-түлүк алууга кепилдик берилет. Бирок бул жаңы курулган фонддун бөлүштүрүүчү борборлорунда иш андай жүрбөй жатат.
GHF тараткан видеолордо азык-түлүк кутучалары үстү-үстүнө тизилген. Палестиналыктардын колуна эмне тийсе, ошону алганга жанталашып жатканын көрүүгө болот.
Демек, элдер алдыңкы катардан орун алыш үчүн түн ортосунда эле чогулуп, эртең менен таратуучу борбор ачылганда тамак-аш кутучаларына жанталашышат.
Натыйжада тыгылыш күчөп, баардыгына жетпей калып жатат. Кары-картаңдарга жана оорулууларга ого бетер кыйын болууда. (КВ)












