Газадагы согуш: ортомчулар сунуштаган жаңы формула тууралуу эмне белгилүү?

Газа тилкеси

Сүрөттүн булагы, Reuters

Газадагы согушту токтотууга Египет менен Катар ортомчулук кылып келе жатканы белгилүү. Алар Израил менен ХАМАС тобунун ортосунда 2023-жылдын октябрынан бери токтобой келе жаткан согушту аяктоо боюнча жаңы формуласын сунушташты. Бул тууралуу Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматына сүйлөшүүлөрдөн кабары бар палестиналык жетекчилердин бири билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, тынчтык келишимин беш жылдан жети жылга чейин узартып, согуштук аракеттер токтотулуп, Израил аскерлерин Газа тилкесинен толугу менен чыгаруу сунушталууда. Мындан тышкары, ХАМАС барымтада кармап жаткан бардык израилдик туткундарды, ал эми Израил абактардагы палестиналыктарды бошотушу керек болот.

Бул сүйлөшүүлөрдүн алкагында, ХАМАСтын жогорку даражалуу жетекчилеринен турган делегация жакынкы күндөрү Каирге консультацияга келиши күтүлүүдө.

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согушту токтотуу боюнча келишим мындан бир ай мурун Израил Газа секторун кайрадан аткылай баштаганда бузулган. Эки тарап тең тынчтык келишимин сактаган жок деп бири-бирин айыптап келе жатат.

Израил тарап ортомчулардын бул сунушу боюнча эч кандай комментарий бере элек.

ХАМАС тобунун өкүлдөрү менен Каирде өтө турган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө саясий кеңештин жетекчиси Мохаммед Дарвиш жана сүйлөшүүлөрдү жүргүүзүү боюнча башкы өкүл Халил аль-Хайя катышат.

Бир нече күн мурун ХАМАС Израилдин ок атышууну алты аптага убактылуу токтотуу жөнүндөгү сунушун кескин четке каккан эле. Анда Израил тарап ХАМАСты куралын таштоосун жана аман калган туткундардын жарымын бошотуусун талап кылган.

19-апрелде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газадагы согуш ХАМАС толук жок болуп, бардык туткундар кайтарылмайынча токтобой турганын билдирген. ХАМАС тобу буга жооп кылып, Израил ок атышууну токтотмоюнча туткундар бошотулбай турганын айткан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

ХАМАС Газа тилкесиндеги башкарууну "улуттук жана аймактык деңгээлде" макулдашылган палестиналык кайсы уюмга болсо дагы өткөрүп берүүгө даяр экендигин айтканын, сүйлөшүүлөрдөн кабары бар палестиналык чиновник Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматына билдирди. Анын айтымында, башкаруу макамы оккупацияланган Батыш жээктеги Палестина бийлигине же жаңы түзүлгөн административдик органга берилиши мүмкүн.

Бирок Нетаньяху келечекте Газаны башкарууда палестиналык администрациясынын кандай гана катышы болбосун четке какты. ХАМАС 2007-жылдан бери Газаны башкарып келе жатат.

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын булагы, тынчтык келишимине жетүү үчүн азыркы ортомчулук аракеттерди олуттуу деп атап, ХАМАС уюму "болуп көрбөгөндөй ийкемдүүлүктү" көрсөтүүдө деп белгиледи. Деген менен бул аракеттер жемишин берет деп айтууга эч ким батынбагандай.

Израиль ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин биринчи баскычы аяктагандан кийин Газа тилкесиндеги чабуулун 18-мартта кайра жанданткан. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки баскычы туңгуюкка кептелген.

Ал арада АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф эки тарапты сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырган. Ал ошондой эле палестиналыктар менен израилдиктер ыйык Рамазан айын жана еврейлердин Пасха майрамын тынч өткөрүү үчүн тынчтык келишимин биринчи этабын апрелдин ортосуна чейин узартууну сунуштаган.

Израил Уиткоффтун сунуштарын кабыл алып, бирок согуштук аракеттер токтотулушу үчүн барымтадагы аман калган туткундарды бошотуу жана каза тапкандардын сөөгүн өткөрүп берүү талабын койгон.

Эксперттер башынан эле Израил бийлигинин Газа тилкесиндеги негизги максаты ХАМАСты толук жок кылуу экенин эске алып, аскерлерди чыгарып кетүү милдеттенмесине олуттуу караган эмес. Ал арада туткундарды "колундагы күчтүү көзүр" катары кармап келген ХАМАС бийлиги аларды бошотуудан баш тарткан.

Израил Газа тилкесине аба соккуларын күчөттү. Газанын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, апта башынан бери Израилдин аба чабуулдарынан кеминде 22 палестиналык каза болуп, дагы 45 киши жаракат алган.

Күбөлөрдүн айтымында, аба соккуларынан улам ХАМАС башкарган муниципалитеттердин карамагындагы ондогон бульдозер жана оор техникалар жок кылынды. Алар жолдорду калыбына келтирүү, урандыларды тазалоо жана урандылардын астында калгангандары куткаруу үчүн колдонулчу.

Танктар Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынын түштүк тарабында да байкалган. (КВ)