Газа: Израил гумжардам борборун танк менен аткылаганы айтылууда

Газа

Сүрөттүн булагы, EPA

Газадагы гумжардам борбору Израилдин аткылоосуна кабылганы айтылууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, отуздай киши мерт болуп, 150дөй жараат алган.

Газа тилкесинде Рафах шаарындагы гуманитардык жардам тараткан борбордун тегеретесинде израилдик аскерлер танкалар менен ок чыгарышканын ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Күбөлөрдүн жана дарыгерледин айтымында, кеминде 26 адам мерт болуп, дагы 150дөн ашыгы жараат алган.

Рафах шаарындагы журналист Мохаммед Гарииб Би-Би-Си Дүйнөлүк Кызматына танкалар миңдеген палестиндиктер гуманитардык жардам тараткан борбордун жанына чогулган маалда аткылаганын билдирди.

Жергиликтүү кабарчылар жана активисттер окуя болгон жерден үрөй учурган сүрөттөрдү жарыялашты. Ал кадрларда каза тапкан жана жарадар болгондорду Рафах аль-Маваси аймагындагы Кызыл Чырым ооруканасына эшек арабалар менен ташып жатканын көрүүгө болот. Тез жардам кызматы окуя болгон жерге жете албай койгон.

Бул фактыларды текшерүүгө адистешкен BBC Verify тобунун журналисттери кадрлар кайсы жерде тартылганын изилдеп чыгышты. Топтолгон эл танкалардан качып жатканын чагылдырган роликтер Нетзарим коридорунда жаңы ачылган гуманитардык жардам тараткан борбордун түштүк тарабында тартылганы аныкталды (Ал Газа тилкесин экиге бөлүп, Израил аскерлеринин көзөмөлүндө).

"Учурда израил аскерлеринин ок чыгаруусунун натыйжасында канча киши жабыркагандыгы тууралуу маалымат жок. Бул маселе каралып жатат", – деп билдирди Израилдин армиясы.

Газа

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ал арада АКШ жана Израилдин колдоосу менен жардам бөлүштүрүү максатында түзүлгөн Газа гуманитардык фонду (GHF) окуя тууралуу маалыматты четке какты.

"Бул жалган маалымат. Гумжардамдын баары бүгүн таратылды, ал жакта эч кандай аткылоо болбоду. Биздин күнүмдүк маалымат топтомунда, жаракат алгандар же каза болгондор боюнча азырынча эч кандай билдирүү катталган жок. ХАМАС таратып жаткан бул жалган маалымат тууралуу уктук. Алар чындыкка дал келбейт", – деди аталган уюмдан.

Бирок Гариибинин айтымында, танкалар борбордун жанына таңкы саат 04:30 жакындап, аткылай баштаган.

"Мерт болгондор жана жаракат алгандар бир топ убакыт окуя болгон жерде кала берди. Ал район Израил аскерлеринин көзөмөлүндө болгондуктан, куткаруу кызматы ал жакка кирелбай койгон. Акыры ооруканага эшек арабалар менен ташып жөнөшкөн", – деди Би-Си-Синин журналисти.

Кызыл Крест ооруканасынын дарыгерлери 26 адам мерт болуп, дагы 150дөн ашыгы жараат алганын айтышкан. Кийинчерээк ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрлиги бул аткылоодон улам 31 киши каза таап, 200гө чукулу жарадар болгонун маалымдады.

Тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөр кандай өтүүдө?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Рафактагы чулгандуу окуя ХАМАС тобу Газа тилкесиндеги ок атууну 60 күнгө токтотуу боюнча АКШнын сунушуна жооп кайтаргандан кийин орун алды. Ал жоопто уюм 10 туткунду бошотуу, дагы 18 туткундун сөөгүн берүү сунушуна көнүп, ошол эле маалда Израилдин абактарындагы палестиндер бошотулушун талап кылган. Бирок Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф бул шартты аткарылгыс деп атап, Тель-Авив дагы аны четке каккан.

Эл аралык уюмдар анклавдагы гуманитардык кризис курчуп, израил армиясынын согуштук операцияларынан улам жергиликтүү калк ачарчылык коркунучунду турганын айтышууда.

Газа гуманитардык фонду (GHF) анклавда гуманитардык жардамды таратуу максатында бир нече бөлүштүрүүчү пункттарды ачкан. Алардын айтымында, өткөн аптада палестиналыктарга эки миллион тамак таратылган. Би-Би-Си бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу тастыктай алган жок.

GHF – америкалык-израилдик демилге. БУУ жана башка уюмдар "жардамды куралдандырып жатат" деген жүйө келтирип бул уюм менен кызматташуудан баш тартышкан. Израил бийлигинин айтымында ХАМАС анклавга жеткирилген гумжардамды уурдап жатат.

Израил бийлиги 2-марттан тартып Газа секторуна ташылчу гуманитардык жардамды өткөрбөй, тилкени блокадада калтырган. Май айынан ортолорунда гана GHF схемасы иштелип чыгып, тилкеге азык-түлүк камтылган биринчи жүк ташуучу унаалар 20-майда анклавга өткөзүлгөн. (КВ)