Иерусалимди каптаган ири өрттү өчүрүүгө армия тартылып, чет өлкөлүктөр жардамга келди

өрт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Иерусалимдин айланасындагы дөңсөөлөрдөн чыккан өрттөн улам Израил коркунучтун эң жогорку деңгээли тууралуу эскертти. Куткаруучулар өрттүн очогу алты жерде тутанганын айтышууда.

Израилдеги катуу шамалдан улам өрт өтө тез жайылып кетти. Шамалдын ылдамдыгы орточо эсеп менен 100 км/саатка чейин жетип, анын багыты өзгөргөнү тууралуу маалыматтар чыкты.

Учурда Иерусалим бардык жагынан өрттүн курчоосунда калды. Шаардан чыгуу үчүн бир гана трасса ачылып, тыгын пайда болду, эл көп. Өлкөнүн борборун байланыштырган дагы бир чоң жолдо эл жүздөгөн унаасын таштап качууга аргасыз болду.

Израилдин өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, бул Израилдин тарыхындагы эң күчтүү жана масштабдуу өрттүн бири.

Өрттүн очогуна жакын турган, Иерусалимдин чет жакаларында жайгашкан алты конуш эвакуацияланды. Он алты кишинин ооруканага жеткирилгени кабарланды, алардын абалы жакшы.

Иерусалимдин айланасындагы өрт палестиналык конуштарга да коркунуч келтириши мүмкүн, алар абдан жакын жайгашкан. Ошондон улам Рамалла шаарынын бийлиги израилдик куткаруучулар менен бирге өрткө каршы күрөшүүгө даяр экенин айтты.

өрт

Сүрөттүн булагы, Mostafa Alkharouf/Anadolu

Өрт аэропортко карай жылууда

Израилдин маалымат каражаттары кара түтүн Бен-Гурион эл аралык аэропортун карай жылып баратканын кабарлашты. Азырынча аэропорт кадимки тартипте иштеп жатат. Бирок айрым учуп-конуу тилкелерин каптаган кара түтүн учкучтардын көрүүсүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн экени кабарланды.

Аэропорттун жетекчилиги өрт Тель-Авивди көздөй жылса, башаламандык жаралышы мүмкүн экенин эскертти.

Өрттү өчүрүүгө Израилдин бардык куткаруу кызматтары, өрт өчүрүүчүлөр жана аскердик авиация, ошондой эле ЦАХАЛ тартылды. Алардын аракеттери штаб аркылуу координацияланууда, ал жерге Израилдин Коргоо күчтөрүнүн өкүлдөрү да келишкен.

Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир өлкөнүн коргоо министрине кайрылып, бардык шарттарда уча алган жана 18 миң литрге чейин сууну, химиялык заттарды ташууга жөндөмдүү болгон "Шимшон" транспорттук учактарын берүүнү өтүндү.

Соңку маалыматтарга караганда, биринчи "Шимшон" буга чейин "Тель-Ноф" аскер базасынан учуп чыккан. Бул учактардын жарандык операцияларга катышуусу өтө сейрек көрүнүш.

өрт

Сүрөттүн булагы, Mostafa Alkharouf/Anadolu

Греция, Кипр, Хорватия, Болгария жана Италия өрт өчүрүү үчүн тик учактарды жана учактарды Израилге жөнөтүштү.

Калың түтүн жана аба ырайынан улам алардын Израилге жетиши кыйынчылык жаратат, бирок Бен Гурион аэропортунун диспетчердик кызматы италиялык жана хорватиялык учактар Тель-Авивге конгону жатканын билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн Грециядан да супертанкер келери күтүлүүдө.

өрт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Атайлап өрт коюу жана теракт тууралуу билдирүүлөр

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кырсыктын себептерин иликтөө тапшырмасын берди.

Өрттүн чыгышына катуу шамал жана күндүн ысыгы себеп болушу мүмкүн, бирок полиция атайлап өрт коюу жана теракт тууралуу да айтып жатат.

Шаршемби жана бейшемби күндөрү өлкө боюнча израилдик аскерлердин эрдигин даңазалаган иш-чаралар, майрамдар өтмөк. Бирок өрт чыккан же ага жакын турган аймактарда ал токтотулду.

Израил бийликтери жана өлкөнүн айрым маалымат каражаттары ХАМАСтын "Израилдин талааларын жана шаарларын өрттөөгө" чакырган билдирүүлөрү тууралуу маалымат чыгарып жатышат.

Теракт тууралуу версияны өзүнчө комиссия иликтөөдө. Иерусалимдин чет жакаларында атайлап өрт коюуга шектелген үч киши камакка алынды.

Палестиналык коомдук сайттарда Израилдин аймактарын андан ары өрттөп салуу тууралуу миңдеген чакырык пайда болду, бирок бул атайлап өрт коюлган дегенди билдирбейт.