Израил Газанын дагы көбүрөөк аймагын басып кирүү үчүн резервдегилерди чакырууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израилдин аскер күчтөрү резервдеги он миңдеген кишини Газадагы операциясынын масштабын "кеңейтип жана күчөтүү" үчүн чакырууда. ЖМК тараткан маалыматка караганда, ХАМАСка каршы акырындап басып кирүүнүн масштабын кеңейтүү маселесин Израилдин Коопсуздук кабинети колдоп берди.
Ошол эле учурда аскерий жетекчилик эгерде Газада масштабдуу операциясын баштай турган болсо ХАМАСтын колунда турган туткундардан айрылып калуу мүмкүн экендигин министрлерге эскертти.
Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Газада кармалып турган туткундарды кайтарып алуу үчүн "басымды болушунча күчөтүп" жана ХАМАСка калайман салуу боюнча билдирүү таратты.
Аскердик операцияны сынга алып келе жаткандар ок атышууну токтотуу боюнча келишимди бузуп, жакында эле болгон кол салуу туткундарды бошотуп алууга кепилдик болуп бере албаганын жана премьер-министр Беньямин Нетаняхунун конфликттеги максаты боюнча күмөн жаратып коё тургандыгын айтышууда.
Израилдик аскерлер Газа секторунун жаңы чөлкөмүндө аскердик аракеттер болорун билдирип, жер үстүндөгү дагы, жер астында дагы жайгашкан "инфраструктураларды кыйрата" турушканын билдиришүүдө.
Нетаньяхунун жетекчилиги астындагы Коопсуздук кабинети Газа секторунда ХАМАСка каршы кол салууну акырындап кеңейтүүгө макулдук бергенин израилдик Kan коомдук телеканалы дүйшөмбү күнү өз булактарына таянып билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
Израил Газада ХАМАСка каршы жекшембинин кечинде алдыда боло турган аскердик кол салуу планын жактырып, бул иш ал жакта кармалып турган израилдик туткундарды тобокелге кептей турганын министрлерге эскерткенин Times of Israel билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коопсуздук кабинети Газа секторундагы аскердик операцияны кеңейтүү планын бир добуштан жактырды. Бул тууралуу басылманын анонимдүү бойдон калууну каалаган өкмөттөгү маектеши айтып берди. Бул план "Газаны ээлеп алуу" жана аймакты көзөмөлдөп турууну дагы карай турганын израилдик чиновник 5-майдын таңында билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул план келээрки аптада АКШ президенти Дональд Трамптын бул чөлкөмгө сапарынан кийин болоору күтүлүүдө жана ал ок атышууну токтотуу боюнча келишимге келгенге чейин улантылат. Бул муну менен эле чектелбей ХАМАСтын туткунундагыларды бошотууну дагы камтыган план экенин израилдик ЖМКлар кабарлашууда.
Channel 13 телеканалы ЦАХАЛдын башкы штабынын начальниги Эяль Замир эгер масштабдуу операция баштала турган болсо Газадагы туткундардан айрылып калуу ыктымалы чоң экендигин соңку бир нече күндөн бери министрлерге эскертип келгенин 4-майдын кечинде билдирди.
"Кургактыктагы толук кандуу операция баштала турган болсо биз милдеттүү түрдө туткундарга жетебиз дебейбиз. Биз алардан ажырап калышыбыз мүмкүн экенин эске алгыла", - деп билдирди Генерал Замир. Анын сөзүнө караганда, согуштун эки максаты бар. Хамасты жок кылуу жана туткундарды куткарып калуу. "Экөө тең бири-бирине тең салмактуу көйгөйлөр",- деген ал.
Коопсуздук кабинети Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү жандандырууну дагы жактырды. Ошол эле учурда жардам бөлүштүрүүнүн механизми өзгөртүлөт. Эл аралык уюмдар жана жеке менчик күзөт компаниялары азык-түлүк салынган кутуларды Газадагы үй-бүлөлөргө колмо-кол таратат. Алар жардамды массалык түрдө чогултуу жана бөлүштүрүүдөн баш тартууда.
Израил мындай өзгөртүү жөнөтүлгөн жардамдар ХАМАС тарабынан тартып алуу тобокелин болушунча азайтат деп эсептейт. Израил армиясы жардам бөлүштүрүүгө түздөн-түз аралашпайт. Бирок аскер адамдары бул милдетти аткара тургандарды жана эл аралык уюмдарды сыртынан коргоого алат.
ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрынан кийин израилдик 59 туткунду кармап келет. Алардын 24ү азыр да тирүү деп болжолдонууда.
Эл аралык ортомчулардын катышуусундагы сүйлөшүүлөр ок атышууну токтотуу боюнча жаңы келишимге жеткире алган жок.

Сүрөттүн булагы, RED_CROSS_AFP
Эки айлык жарашуудан соң Израил 18-марттан кийин чабуулдарын баштаганы менен бир да туткунду бошотуп ала алган жок. Ошондон бери карай ЦАХАЛ кайрадан 100 миңдеген жашоочуларды сүрүп, Газада көбүрөөк аймактарды ээлеп алып жатат.
Израил ХАМАСка карата басымды күчөтүү башкы максат экенин айтууда жана бул стратегия гуманитардык жардамды бөгөттөөнү дагы камтыган.
Гуманитардык уюмдар Газада суу жана дары-дармектин өтө тартыш болуп жатканын билдиришүүдө. Алардын пикирине караганда, мындай абалга жеткирген аракет согуш кылмышына барабар эле иш. Израил мындай айыптоону четке кагууда.
Газа секторуна басып кирүүнүн масштабын кеңейтүү израилдин резервинде турган аскерге милдеттүүлөргө карата басымды күчөтөт. Алардын айрымдары согуш башталгандан бери карай 5-6 жолу чакырылгандар.
Жаңы операция дагы деле туткунда турган израилдиктердин үй-бүлөлөрү тарабынан баштала турган нааразылыктарды жаратышы мүмкүн. Себеби алар Нетаньяхунун өкмөтүн ХАМАС менен келишимге келүүгө чакырып, бул туткундагыларды аман алып калуунун жападан-жалгыз жолу деп келишет.
Өткөн ишемби күнү кечинде жалпы Израилдин аймагында конфликтти аяктоо талабы менен нааразылык акциялары болуп өттү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израил өкмөтүнө сындап жаткандар ок атышууну токтотуу режимин бузгандан кийинки кол салуулар туткундагыларды бошотуп алууга эч кандай өбөлгө түзүп бере алган жок.
Нетаньяху туткунда калгандардын жакындарын жана атандаштарын кошо сүйлөшүүлөргө саботаж кылып жатышат деп бир нече ирет айыптап, согуштун созулуп кетишин саясий максатта пайдаланып жатышат деп келет. Ал өз дарегине карата айтылган сындарды да четке кагууда.
4-май күнү израилдик аскер жетекчилери Газа секторунда израилдик дагы эки аскер өлгөнү тууралуу билдиришти.
Ошол эле күнү йемендик хуситтер тарабынан атылган ракета Бен-Гурион аэропортунун негизги терминалынын жанында жарылды. Нетаньяху бул чабуулга катаал жооп боло тургандыгын билдирди.
Ок атышууну тоткотуу келишминен кийин кайрадан башталган чабуулдар өтө чуулуу окуялар менен коштолду. Алардын бири медициналык кызматкерлердин израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлүшү болду. Бул кандуу окуя Нетаньяхунун өкмөтүнө карата ачуу сындарга негиз болду.

Израиль армиясы март айындагы үрөй учурган окуя боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматка караганда, Газада иштеп жүргөн тез жардамдын 15 кызматкери Израил аскерлеринин "буйрукту так аткарбаганынын" жана "ыкчам буйрук берүүдөгү түшүнбөстүгүнүн" кесепетинен өлүмгө дуушар болушкан.
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) окуяны иликтеп, аскерлер бир катар кемчиликтерге жол бергенин аныктаган.
Тиешелүү бөлүктүн командиринин орун басары териштирүүнүн жүрүшүндө жарым-жартылай жана туура эмес отчет бергендиги үчүн иштен алынган.
Израилдик аскер күчтөрү өлтүрүлгөн айрым кишилер ХАМАС менен байланышы болгон деп ишендирген, бирок буга эч кандай далил келтирген эмес. ЦАХАЛ аткылоо учурунда каза тапкандардын биринде дагы курал болбогонун айткан.
Газанын Рафах районунда Кызыл чырым уюмунун палестиналык бөлүмүнүн (PRCS) унаалары, БУУнун жана Газадагы жарандык коргонуу тобунун унаалары аткылоого кабылган эле.
Израил адегенде бул унаалардын колоннасы караңгыда жарыгын жандырбай, атайын белги бере урган маяктарын күйгүзбөй айдаганы "күмөн" жаратып, колонна аскерлерге жакындап келгенин айткан.
Бирок каза тапкан парамедиктердин бири телефонуна үлгүрүп тартып калган видеодо машиналардын жарыгы кадимкидей жанып, жарадар болгондорго жардам берүү үчүн чакыруу түшкөн тарапка бара жатканы тартылып калганы аныкталган соң израилдик аскерлерге ачуу сындар айтылды.












