Сирияда медиктер жапырт көмүлгөн сөөктөрдүн тек-жайын аныктай башташты

Казуу, изилдөө иштери башталды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казуу, изилдөө иштери башталды

Тим Фрэнкс

BBC Newshour, Дамаск

Башар Асад бийликте турган кезде жүз миңден ашуун киши дайынсыз жоголгону айтылып келет. Аял-эркек дебей, жаш балдар да дайынсыз кеткен учурлар бар. Азыр сириялык медиктер жапырт көмүлгөн жайларды казып, каза болгондордун тек-жайын аныктоого аракет кылып жатышат.

Бул үчүн Сирияда атайын идентификациялык борбор ачылды. Борбордун башчысы, доктор Анас аль-Хурани кишилердин жамбаш сөөктөрү тизилген эки үстөлдү көрсөтүп, алар аял-эркегине карабай аралаш көмүлгөн жайдан казылып алынганын айтты.

Үстөлдөрдөгү 32 жамбаш сөөк тыкан тизилип, ар бирине номур коюлган.

Сөөктөрдү иргөө — борбордун биринчи милдети.

Балким, бул сөөктөр Башар Асад жана анын атасы Хафездин режими тушунда өлтүрүлгөн деп эсептелген жүз миңдеген адамдардын бирине таандык болушу мүмкүн. Бул эки режим Сирияны элүү жылдан ашуун башкарган.

"Бул сөөктөр алардын акыркы курмандыктарына таандык болушу мүмкүн. Бул адамдардын өлгөнүнө бир жылдан ашык убакыт боло элек", — дейт доктор аль-Хурани.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Доктор аль-Хурани — соттук-медициналык одонтолог. Анын айтымында, тек-жайды аныктоодо адамдын тиштери маркум тууралуу көп нерсени айтып бере алат.

Бирок Дамасктагы бир кабаттуу бозоргон кеңсенин жер төлөсүндөгү лабораториянын кызматкерлери үчүн жамбаш сөөк деле жетиштүү. Алар адамдын бою, жынысы, жашы, кесиби тууралуу маалыматтарды аныктоого аракет кылып жатышат.

Алар курмандык кыйноого алынганбы же жокпу деген суроого да жооп издешет. Албетте, курмандыктын өздүгүн так аныктоо үчүн ДНК анализи эң мыкты ыкма болуп саналат. Бирок Сирияда ДНК-тест жүргүзө турган бир эле борбор бар. Жарандык согуш учурунда көптөгөн лабораториялар талкаланып калган.

"Ал эми тест үчүн керек болгон көптөгөн химиялык прекурсорлор санкциялардан улам азыр бизге жеткиликтүү эмес", — дейт доктор аль-Хурани.

ДНК-тесттер арзан эмес: бир тест 250 доллар турат. Доктор аль-Хуранинин айтымында, аралаш жапырт көмүү жайынан табылган бир дененин бардык мүчөсүн бириктирүү үчүн болжол менен 20 тест жүргүзүү керек.

Ушул тапта лабораторияны толугу менен эл аралык Кызыл Чырым комитети каржылоодо.

Сириянын жаңы өкмөтү мурдагы режим учурундагы кылмыштарды иликтөөнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну, "өткөөл мезгилде адилеттүүлүктү орнотууну" өздөрүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары жарыялады.

Бирок жакындарын жоготкон көптөгөн сириялыктар Би-Би-Сиге кайрылып, бийликке нааразычылыгын билдиришти. Алар жаңы өкмөт Башар Асад бийликте турган 13 жыл аралыгында бейкүнөө өлгөн кишилердин тек жайын аныктоого мындан да жакшы аракеттерди көрүшү керек деп эсептешет.

Сирияда узак жылдарга созулган жарандык согуш учурунда жүз миңдеген адамдар өлтүрүлүп, миллиондогон адамдар үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болушкан. Айрым эсептерге ылайык, 130 миңден ашуун адам дайынсыз жоголгон.

Азыркы ыргак менен аралаш жапырт көмүлгөн жайдан табылган кишинин өздүгүн аныктоо үчүн айлар керек болушу мүмкүн. Доктор аль-Хурани бул узак жылдарга созула турган иш экенин белгилейт.

Абу Али Асаддын режими учурунда карапайым кишилердин сөөктөрү жүк ташуучу унаалар менен ташылып келип турган деп эсептейт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абу Али Асаддын режими учурунда карапайым кишилердин сөөктөрү жүк ташуучу унаалар менен ташылып келип турган деп эсептейт

Кескиленген жана кордолгон сөөктөр

Мындай аралаш көрүстөндөрдүн он бири Дамасктын чет жагындагы кооз, бирок кургак, ээн дөңсөөнүн чокусунда жайгашкан. Бул жерге эл аралык ЖМКлардын ичинен биринчи болуп Би-Би-Си барды.

Кабарчыларды Хусейн Алави аль-Манфи коштоп жүрдү. Ал өзүн Абу Али деп атайт. Ал Сирия армиясында айдоочу болуп иштеген.

"Менин жүгүм адамдын сөөктөрү болчу", – дейт Абу Али.

Абу Али он жылдан ашык убакыт бою өлүктөрдү ташыган жүк унааларын айдап иштеген. Ал бул жерге 2011-жылдан 2013-жылга чейин – өлкөдө митингдер башталып, кийин согушка айланып кеткен маалда жумасына орто эсеп менен эки жолу келип турган.

Ал өлүктөрдү аскердик же коопсуздук кызматтарына тиешелүү жайлардан алып кетчү.

"Менде 16 метрлик трейлер болчу. Ал дайым эле толуп калчу эмес. Бирок орточо эсеп менен ар сапарда 150дөн 200гө чейин сөөк ташычумун", – дейт Абу Али.

Малак Аудэнин бир эмес, эки уулу жоголгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Малак Аудэнин бир эмес, эки уулу жоголгон

Анын айтымында, алар карапайым жарандар болчу. Алардын денеси кескиленген жана болушунча тамтыгы кеткен.

Сөөктү көкүрөгүнө же чекесине чапталган номерлер аркылуу гана таанууга болот. Бул номурлар аркылуу алар кайсы жерде өлтүрүлгөнүн аныктоого мүмкүн.

Анын айтымында, көпчүлүгүндө "215" деген номер бар болчу. Бул Дамаскта жайгашкан аскерий чалгын кызматына таандык кармоо жайы. Ал "215-филиал" деген ат менен белгилүү.

Абу Алинин унаасында гидравликалык жабдык болгон эмес. Ошондуктан аскерлер сөөктөрдү кол менен чуңкурга ыргытып ташташчу. Андан кийин трактор келип, сөөктөрдү көөмп кетчү.

Шамаалдан улам жүздөрү туурулуп калган жергиликтүү үч киши бул жерге аскердик жүк унаалары дайыма келип турганын тастыктады.

Абу Али болсо мамлекеттин дудук кызматчысы болууну үйрөнгөнүн айтат:

"Сен жакшы же жаман эч нерсе айта албайсың. Жоокерлер өлүктөрдү жаңы казылган чуңкурларга ыргытып жатышканда мен жөн гана жылдыздарды же Дамаск жакты карап отурчумун".

"Алар анын колун сындырып, далыга урушкан".

Узак жылдар бою Түркияда бозгунда жүргөн Малак Ауде жакында эле Дамаскка кайтып келди.Сирия балким Асаддардын диктатурасынан кутулгандыр, бирок Малак анын кесепетин 13 жылдан бери тартып келет.

Сирияда президентке каршы нааразылык акциялары башталгандан бир жыл өткөн соң, 2012-жылы анын эки уулу дайынсыз жоголгон.

Мохаммедди Асаддын армиясына кызмат өтөөгө чакырышканда ал өспүрүм болчу. Ал маалда демонстрациялар тутанып, бийликтин репрессиясы акырындап толук масштабдуу согушка айланып бараткан.

Малактын айтымында, уулу көзгө көрүнгөндүн баарын жек көрчү. Мохаммед жашынып, ал тургай өзү да митингдерге катыша баштаган. Бирок аны издеп таап алышкан.

"Алар анын колдорун сындырышып, далыга урушкан. Ал ооруканада үч күн эс-учун жоготкон бойдон жаткан", – дейт апасы.

Мохаммед аскерден кайра качып кеткен.

"Мен аны дайынсыз жоголду деп расмий билдиргем. Бирок чынында мен аны жашырып жүргөм", – дейт Малак.

2012-жылдын май айында, 19 жаштагы Мохаммед достору менен кошо кармалган. Аны аскерлер атып салышкан. Малак расмий түрдө эч кандай билдирүү алган эмес, бирок уулу өлтүрүлгөн деген ишенимде.

Алты айдан соң полиция Мохаммеддин иниси Махерди кармап, мектептен алып кетишкен. Бул Махердин экинчи жолу кармалышы эле. Биринчисинде 2011-жылы, 14 жашында демонстрацияларга катышканы үчүн камакка алынган. Анда бир айдан кийин эркиндикке чыккан. Апасы уулу үйгө ич кийимчен, күйүк жана толгон- токой жаралар менен келгенин эскерет.

Малак уулу Махер 2012-жылы мектептен жоголгон деп эсептейт, анткени бийлик анын улуу агасын жашырып жүргөнүн билип калган.

Малак 13 жылдан кийин биринчи жолу Махер тууралуу кичинекей болсо да маалымат алуу үмүтү менен уулу окуган мектепке баш бакты.

Жаңы директор жыртылып калган бир нече кызыл китепти алып чыкты. Малак балдардын ысымы жазылган тизмеден уулун атын таап алды.

Махер 2012-жылы декабрда эки жума бою сабакка барбай калганы үчүн мектептен чыгарылган экен.

Анын жоголушунун артында мамлекет турганы боюнча эч кандай түшүндүрмө жок. Бирок Махердин мектеп документтери тиркелген папка табылды.

Анын мукабасы "акылман Башар Асаддын" алыстан ойлуу карап турган сүрөтү менен кооздолгон. Малак мектеп директорунун столунан калем алып, сүрөттү чийип таштады. Жарым жыл мурун мындай аракети үчүн анын өмүрү кыйылышы мүмкүн эле.

Көп жылдар бою Малакка үмүт берген жалгыз нерсе — Махерди "215-филиалда" көрдүк деп ырастаган эки адамдын сөзү.

"Ал бул кишиден баары жакшы экенин айта барууну өтүнүптүр" – деди Малак. Эненин көзү жашка толуп, жыртылып калган кагаз бетаарчы менен жүзүн сүртүп отурду.

Көптөгөн сириялыктардай эле Малак үчүн Асаддын режиминин кулашы кубанычтын гана эмес, үмүттүн да күнү болду.

"Мен Махердин түрмөдөн чыгуу мүмкүнчүлүгү 90% деп ойлогом. Мен аны күттүм", – дейт ал.

Бирок ал уулунун ысымын түрмөдөгү тизмеден таба алган жок. Ошондуктан кайгысы ашып-ташып турат.

"Мен өзүмдү таптакыр адашкан жана жоготкон кишидей сезип жатам", – дейт ал.

Малактын бир тууган иниси Махмуд 2013-жылы танк чабуулунан каза болгон. Анын сөөгү өз ырасымы менен жерге берилген. Малак буга да каниет кылат.

Бул материалдын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуй аласыз. (АА)