Сириядагы таасир талаш: Түркия, АКШ, Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн көздөгөнү эмне?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Жереми Хоуэлл
- Role, BBC World Service
Сириянын убактылуу президенти Ахмед аль-Шараа он үч жылга созулган жарандык согуштан кийин өлкөнү бириктирүүгө күч үрөп жатат. Ал бир эле учурда Түркия жана АКШ өңдүү мамлекеттердин саясий басымына каршы турууга мажбур болууда. Бул өлкөлөрдүн ар биринин Сирияда өз кызыкчылыгы бар.
Сирия азыр кандай бөлүнгөн?

2024-жылдын декабрь айында "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобу жана анын союздаштары Сириянын борбору Дамаскты басып алышкан. Натыйжада өлкөнүн мурунку президенти Башар Асад Орусияга качып кетүүгө аргасыз болгон. Топтун лидери Ахмед аль-Шараа өлкөнүн өткөөл мезгилдеги президенти болуп дайындалган.
Бирок "Хайят Тахрир аш-Шам" азырынча өлкөнүн бардык аймагында өз бийлигин орното алган жок.
"Топ Сириянын батышындагы белгилүү бир тилкени көзөмөлдөп жатат. Бул аймак Идлибден башталып, Дамасктын түштүгүнө чейин созулат", — деди Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунун вице-президенти Пол Салем.
Анын айтымында, аталган топ өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө өз көзөмөлүн толук орнотууга дарамети жете элек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Маселен, Сириянын аймагында 10 миңге жакын түрк аскери бар экени айтылат. Бул аскерлер эки өлкөнүн чек арасындагы аймактарда жайгашкан.
Мындан тышкары Түркия өлкөнүн түндүгүндөгү Сириянын улуттук армиясы деп аталган топко курал-жарак жеткирип, аскердик жана саясий жактан колдоо көрсөтүүдө. Бул топ кезинде Асаддын өкмөтүнө каршы күрөшкөн.
Айрым талдоолорго караганда, 70- 90 миң аскер дал ушул топтун курамына кирет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сирияда АКШнын 900дөй аскери бар. АКШ ошол эле маалда күрддөр башкарган Сириянын демократиялык күчтөрүн (SDF) колдойт. Анын курамына Элдик коргонуу кошуундары (YPG) кирет. Бул күчтөр өлкөнүн түндүк-чыгышын жана чыгышын көзөмөлдөп турат.
Айрым маалыматтарга ылайык, Сириянын демократиялык күчтөрүндө 40 миңден 60 миңге чейин согушкер бар, анын дээрлик жарымы Элдик коргонуу кошуундарына карайт.
Сириянын түштүгүндөгү друздар (этникалык диний топ) басымдуулук кылган аймактарды Түштүк фронт жана Түштүктөгү операциялар штабы сыяктуу кошуундар көзөмөлдөп турат.
Пол Салемдин айтымында, ошол эле маалда друздар жашаган айылдар негизинен "Хайят Тахрир аш-Шамдын" бийлигин тааныды.
Түркиянын Сирияда көздөгөнү эмне?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Хайят Тахрир аш-Шам" Идлиб провинциясын башкарып турган мезгилде Түркия аны колдоп келген. Мисалы, Түркия бул топту электр энергиясы жана байланыш менен камсыздап турган.
Бул топ Дамаскты көзөмөлгө алгандан кийин Түркия Сириянын борборуна өкүлдөрүн жөнөткөн биринчи өлкө болуп калды.
Эл аралык кризис тобунун (ICG) Сирия боюнча улук талдоочусу Нанар Хавачтын пикиринде, Түркия Сирияда негизинен эки максатты көздөйт. Биринчиден, Түркияда жашап жаткан үч миллион сириялык качкынды өз мекенине кайтаруу үчүн Анкара Сириянын туруктуу болушун каалайт.
"Мындан тышкары Түркия Сириядагы куралчан күрд топторун өзүнүн чек арасынан алыстатууну көздөйт. Анкара алар Түркиянын душманы болгон "Күрдистан жумушчу партиясы" менен бирге иштешет деп эсептейт", – деди Нанар Хавач.
Пол Салемдин айтымында, Сириядагы азыркы бийлик өлкөдөгү башка күчтөрдү бириктирип, күч топтоп, күрддөрдүн автономиясын жоюшун Түркия каалап жатат. Бул аль-Шараанын да негизги максаты болуп саналат.
АКШ Сирияда кандай максаттарды көздөйт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын Сириядагы негизги максаты "Ислам мамлекети" террордук тобу менен күрөшүү. АКШ 2014-жылдан бери бул топко каршы согушуп келет. Мындан тышкары Вашингтон "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшкөн күрд куралдуу топторун колдойт.
Күрд кошуундары Сириянын түндүк-чыгышындагы түрмөлөрдү көзөмөлдөп турат. Бул жабык жайларда аталган топ менен байланышы бар деген айып менен миңдеген туткун кармалууда.
Эксперт Хавачтын айтымында, радикал топтун идеаларын бекем карманган, тажрыйбалуу согушкерлер боштондукка чыкса, Сирияны туруксуздаштырып жибериши мүмкүн.
Башар Асаддын тушунда адам укуктары одоно бузулганы үчүн АКШ Сирияга катаал санкцияларды киргизген. Азыркы учурда бул чектөөлөр күчүндө. Хавачтын баамында, Дамаск бул санкциялардын алынышын, эл аралык коомчулук өлкөгө инвестиция сала башташын каалап жатат.
Перс булуңундагы өлкөлөр эмнени каалайт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аль-Шараа убактылуу президент болгондон кийин эң биринчи Сауд Арабиясына барды.
"Перс булуңундагы өлкөлөр, мисалы Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары, аль-Шараа жана "Хайят Тахрир аш-Шам" тобунун жихадчыл өтмүшүнө байланыштуу шектенүү менен мамиле кылышат", — дейт британиялык RUSI аналитикалык борборунун өкүлү Хеллиер.
Анын пикиринде, ошол эле маалда алар Сириянын калыбына келишин, араб чөлкөмү менен интеграцияланышын жана мындан ары Ирандын куурчагы болбошун каалашат.
Орусиянын Сириядагы максаты кандай?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2015-жылы Орусия Башар Асаддын режимин колдоп, Сирияда өзүнүн аскердик базаларын жайгаштырууга мүмкүнчүлүк алган.
Тартустагы аскер-деңиз базасы Орусияга Жер Ортолук деңизде таасирин арттырууга шарт түздү. Ал эми Хмеймимдеги авиабаза "Африка корпусундагы" операциялардын баштапкы аянтчасы болуп калды. Бул корпус мурда "Вагнер" жеке аскердик компаниясына таандык болгон. Кийин аты өзгөртүлүп, расмий түрдө Орусиянын бийлигинин көзөмөлүнө өткөн. Ал Африкадагы бир катар өлкөлөрдө Орусиянын кызыкчылыгын коргойт.
Башар Асаддын режими кулагандан кийин Орусия Сириядан кеме, учак сыяктуу өзүнүн стратегиялык активдерин чыгарып кетти. Азыр Дамасктагы убактылуу бийлик менен биргеликте аскер базаларынын келечегин талкуулап жатат.
"Сирия Орусия менен жаатташууга кудурети жетпейт. Себеби бул ар кандай этникалык топтордун ортосундагы чыңалууну күчөтүп, көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн", -дейт Хавач.
Чет өлкөлөр Сирия үчүн көйгөй жаратышы мүмкүнбү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пол Салемдин айтымында, аль-Шараа үчүн бир нече ыңгайлуу кырдаал бар: көпчүлүк өлкө Сириядагы туруктуулукту колдойт, ал эми жергиликтүү топтордун көбү убактылуу өкмөттү жактайт.
Бирок Согушту изилдөө институтунун (ISW) маалыматтарына ылайык, азыр Түркия колдогон Сириянын улуттук армиясы Алеппонун чыгышында күрддөрдүн Сирия демократиялык күчтөрү менен кагылышууда. Эгерде SDF таркатылбаса, Түркия аларга каршы кысымды күчөтүшү мүмкүн.
"Түркия үчүн бул негизги максат эмес, бирок мүмкүн болгон варианттардын бири", — дейт Салем.
Азырынча АКШ Түркиянын күрддөргө каршы аракеттерине тоскоол болуп жатканын байкоого болот.
Сириядагы америкалык контингенттин келечеги белгисиз. Буга чейин Трамп "бул биздин согуш эмес" деп айткан.
Сирияда Израилдин да аскерлери бар.
Бул өлкө 1967-жылы Голан дөңсөөсүн басып алган. Асаддын режими кулатылгандан кийин Израиль ал жакка өз аскерлерин жөнөттү. Учурда ЦАХАЛ Сирия жана Израиль күчтөрүн бөлүп турган буфердик зонаны ээлеп турат.
Мындан тышкары ЦАХАЛ буфердик зонанын чегинен чыгып, Сириянын аскер базаларына болжол менен 500 жолу абадан сокку жасады. Натыйжада Сириянын аскердик мүмкүнчүлүгү дээрлик жок кылынды.
Ирандын Сириядагы кырдаалга кийлигишүүсү да тынчсызданууну жаратууда.
Иран 1979-жылдагы Ислам революциясынан бери Сириянын союздашы болуп келген жана жарандык согуш учурунда Асаддын бийлигин колдоого болушунча жан үрөгөн.
"Асаддын режиминин кулаганы Иран үчүн чоң сокку болду. Анткени Тегеран Сирияны өзүнүн союздашы "Хезболлага" курал жеткирүүчү канал катары колдонуп келген", – дейт доктор Салем.
Анын пикиринде, Иран азырынча Сириядагы таасирин калыбына келтирүүнүн жолун таба албай жатат. Эгер убактылуу өкмөт өлкөдө өз бийлигин толук орното албай калса, сириялык топтор бири-бири менен согуша башташы ыктымал. Анда Иран айрым куралдуу топторду колдоо аркылуу өлкөгө кайра кайтып келүүнүн жолдорун табышы мүмкүн. (AA)












