Роналду аргасыз кезек күттү, Испанияны Марокко сүрүп чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнө чемпионатынын 1/8 бөлүктөгү оюндары жыйынтыктады. Акыркылардан болуп Испания – Морокко жана Португалия – Швейцария команадалары чейрек финалга жолдомону талашышты. Күндүн сенсациясы Испания командасынын Мороккого утулганы болуп калды. Ал эми Португалия командасынын жылдызы Криштиану Роналдуну машыктыруучу дароо оюнга коё бербей, запастагы оюнчулардын катарына отургузду. Ошондон улам аны эмне кармап олтурат, тренердин көздөгөну эмне деген талкуу ошондон чыкты. Кененирээк футбол күндөлүгүнөн окуңуздар.
Испаниянын “тики-такасы” тык токтоду
Испандар менен кайсы мамлекет футбол ойнобосун алардын сансыз пасташуу оюнуна даяр болушу керек. Атаандашты эсеби жок пастары менен чаташтырып, акыры ошол ыргакты түшүрбөй голго айлантып койгонду алар “тики-така” тактикасы деп коюшат.
Кечээ Морокко менен оюнда дагы Испания билген пасташуусун баштаганда эле, Мороккого анда-санда топ тийери билинип калды. Ошентсе дагы африкалыктар испандардын эби жок пасташуусуна даярдыкты жакшы көргөндөй. Аларга теңелбестен дарбазанын түбүн күчтөп алгандыктан, Испания жыйынтыктоочу соккуга келгенде натыйжага жетпей жатты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошентсе дагы 77 пайыз оюн талаасына Испания ээлик кылды. Мына эми голу бышып келатат деп көбү ойлоп турушту, бирок Морокко аягына чейин моюбай туруп алды. Статистиканы байкасаңар испандар 1019 жолу бири-бирине пас өткөргөн экен, ошол эле учурда Морокко 305 жолу гана өз ара топ өткөрүшүптүр.
Мына шумдук, талааңа келип алып ушунча пас өткөрүп, статистиканы ээлеп алганда атаандаш акыр-аягы сынышы керек эле, бирок Морокко 90 мүнөт кыйшайбай турду. Жөн эле эмес, бизде ылакап кепке айлангандай "кылы кыйшайбай" туруп алды. Соңунда “тики-така” испандарга каршы иштеп, көрүүчүлөргө эби жок пас кызыксыз болуп, голду талап кыла баштады, бирок Мороккону коргонуусу болоттой турду.
Негизги мүнөт аяктап, кошумча дагы 30 мүнөт калыс кошуп берип, ал мүнөттөр деле ошол бойдон чыкылдап бүттү. 120 мүнөт статистикага ээлек кылганы менен Испания болгону бир эле жолу дарбазага таамай тепкен экен, аны дагы дарбазачы Буну тосуп койду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ии айтмакчы, дал ошо Яссин Буну деген дарбазачынын жылдызы жанчу сааты оюн бүткөндөн кийин башталбадыбы. Пенальти тебишүүгө келгенде Морокконун дарбазачысы Испаниянын үч пенальтисин катары менен тосуп салып, ошол замат атаандаштарды муздак сууга ыргытып салды.
Эмне кылсын эми, пенальтиден бир дагы гол киргизе албай, ал эми Морокко оюнчулары үч пенальтисин ишке жаратты. Жалпы эсеп; Испания – Морокко 0:0 (пенальти 0:3). Ошону менен Морокко кечээ сенсация жараткан өлкөгө айланып, айрыкча бүтүндөй Африка континенти сүйүнүп жаткан кербези. Себеби, бул континенттен жалгыз эле Морокко калганын эске сала кетели.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Роналду оюнду отургучта баштады
1/8 бөлүктөгү эң акыркы оюн Португалия менен Швейцария ортосунда өтүп, бул оюнда дүйнөлүк медиа аянттан Криштиану Роналдуну сыйпалап эле таппай калышты. Көрсө Португалиянын машыктыруучусу өз жылдызын дароо аянтка чыгарбай турууну чечкен экен. Анын да бир билгени бар го деп турдум.
Оюн башталып элдер аянтта футбол ойноп жатса, фотографтар тескерисинче отургучтагы Роналдуну тартып туруп алышты. Эмне кылсын эми, Роналду дүйнөлүк жылдыз болгондуктан, баары бир обьекттен түшпөй койду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок канчалык ар кандай сөз кылбасын, Португалиянын машыктыруучусу Роналдуну запаста калтырганы туура чечим болгону оюндун жүрүшүндө эле билинип турду. Себеби Криштианунун ордуна чыгарган Рамуш аттуу оюнчусу 17 мүнөттө эле эсепти ачып жиберди.
Айтор Португалия өзүнө ишенимдүү оюнду жүргүзгөндүктөн, биринчи таймдын соңу менен 2:0 эсебинде алдыга чыкты. Ал эми эс алуудан келгенден кийин, Португалия талаада жалгыз кожоюн болду окшойт.
Жаңы үмүткөр Рамуш Португалия үчүн баш аягы үч гол киргизсе, жалпы оюндун жүрүшүндө Криштиану Роналдунун командалаштары 6 гол тоголотуп жиберишти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындайга Швейцария болгону бир гол менен жооп бергенге гана алы жетти. Жалпы эсеп; Португалия – Швейцария 6:1 жана ошону менен Португалия ишенимдүү чейрек финалга жолдомо алган акыркы команда болду. Кийинки бөлүктө Португалия Мороккого каршы чыкмакчы. Билбейм эми бул жерден Испандарды жеңип алган Мороккого жеңил болобу же Швейцариянын таш талканын чыгарган Португалияга оомат оойбу айтуу кыйын болуп турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Айтор футбол ушунусу менен кызык экен, өз маалында гана күндөлүккө жазбаса, бул чемпионат ансыз деле күнүнө бирден сенсацияны белек кылып жатпайбы.
Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.













