Футбол чемпионаты: Мбаппе Польшаны чөгөлөттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе командасы менен 1/8 финалдык бөлүктө Польша футболчуларына каршы оюнда эки гол киргизип дубль жасады. Ошону менен Мбаппе учурдагы турнирдин жалгыз бомбардирине айланды. Ал эми экинчи плей-оффтук беттеш Англия менен Сенегал өлкөлөрүнүн ортосунда өттү. Топтор кандай кайыганын, ким кайсы жерден тайыганын эми четинен баяндайын деп турам. Башкаларга да бөлүшүп окуганды унутпаңыз. Футбол күндөлүгүнүн бүгүнкүсү мына мындай болду...
Франция рекорддорду жаңыртты
Польша менен оюнда Франциянын курамы фаворит катары чыгып, божомолдогондой эле оюнду баштан аяк колдон чыгарган жок. Акыркы тайпалык оюнда эс алып алган Мбаппе, Гризманн, Жиру Польшага каршы сергип чыккан экен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көк форма менен чыккан франциялыктар Польшанын талылуу жерин сынап отурбастан, дароо эле алдыга жутунду. Мындайды көрбөгөн Польша курамасы дендароо абалда, бар күчүн коргоо менен көрсөткөндөн башкага жарабады. 44-мүнөттө Франциянын чабуулчусу Оливье Жиру өзүнүн "сөзүн" өктөм айтып, эсепти ачканга жетишти. Бул го Жиру үчүн тарыхый гол болду окшойт, жалпы эсеп менен алганда Францияда ойноп жүрүп 52 жолу ар кандай командаларга гол киргизиптир. Натыйжада Жиру Франциянын тарыхындагы бомбардирге айланды. Буга чейин бул рекордду Тьерри Анри 51 голу менен кармап келген экен. Бирок, Жирунун рекорду эмне болуп калыптыр, экинчи таймда жаш жылдыз Мбаппе рекорд коюу жагынан легендарлуу Пелени кошо ашып салды.
Эмесе сөз башынан болсун. Экинчи таймда Жиру алмашууга кетип, Мбаппе талаада жалгыз чабуулчу болуп калды. Мына ошол мүнөттөн баштап жаш жылдыздын шоу-программасы башталгандай эле болду чиркин... Тим эле сууту толук канган күлүктөй жүрдү. Оюн бүткөнчө эки гол төшөп жиберген Килиан дароо ушул турнирдин бомбардирине айланды. Буга чейинки үч голун кошкондо Мбаппеде азырынча беш гол бар жана мындай көрсөткүч бул чемпионатта эч кимисинде жок.
Ал эми дүйнөлүк медиа Мбаппенин голдорун тарых менен салыштырып, жаш балбанды Пеледен дагы жогорку көрсөткүчтөрү бар экенин санап, саймедиреп жиберди. Жап жаш туруп атка жеңил, тайга чак неме экен деп баалап жатса керек биздикилер.
Мбаппенин жылдызы жанды…

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мбаппе учурда 23 жашта жана Франция үчүн акыркы эки Дүйнө чемпионатында 9 голу бар экен. Эгерде Пеленин 24 жаштагы жетишкенидигине салыштыра турган болсо анда анын жарыбаган 7 эле голу болгон экен деп кыйыта сүйлөп киришсе болобу? Мына сага! Биздин көз алдыбызда жаңы Пеле жаралып жатабы ким билсин?
Айтор оюнга кайтсак ышкырык жаңырарга бир мүнөт калганда Франция Польшага бир гол "белек" кылып берди. Өз аянтында колу менен ойноп койгон үчүн Польша пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк алып, Левандовский аны гол кылып, боёсун кандырыды. Жалпы жыйынтык; Франция – Польша 3:1 жана франциялыктардын сапары Дүйнө чемпионатында уланууда.
Англия чыкты, утту, кетти...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1/8 бөлүктүн дагы бир оюну Англия жана Сенегал ортосунда болду. Футболдун мекени саналган Англия түндө африканын командасына бир сыйра мастер-класс өттү. Кантип командалык оюн жүргүзүү, пасташуу, каршылаштан суурулуп чыгуу боюнча Англиянын ар бир аракети үлгүлүү болуп турду.
Натыйжада Сенегал мындай үлгүлүү чабуулга жарытаарлык жооп бере турган тактикасы деле жок экен. Ачыгын айтыш керек оюндун башында Англия деле колдо бар топту эмне кылышты билбей далбастап жатканы үйрөнчүк деле түшүндү окшойт. Же аракети окшошпойт, же чабуулу аягына чыкпай жөнөкөй сөз менен айтканда жүдөп атышкан. Бул учурда Сенегал дагы бир-эки кооптуу чабуул уюштуруп жиберип, кызыктуу таймаш болот окшойт деп турганбыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Балээнин баары 37-мүнөттө Хендерсондун голунан кийин башталды жана ошону менен Англия оюндун аягына чейин токтогон жок. Биринчи таймдын аягында Харри Кейн эсепти экилеп жиберди дагы, ошону менен эс алууга командалар кетишти.
Экинчи бөлүктө Сенегал утуп аткан кишидей эле шашпай оюнун жүргүзө берди эле, Англия 57-мүнөттө дагы бирди торуп келип тууп, кудум эле ордодо кадамак кадагандай кадады чиркин. Жалпы эсеп; Англия – Сенегал 3:0, бирок футболду мекенинен келгендерди чейрек финалда күчтүү атаандаш күтүп турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Англия эми Франция менен кез келмекчи, элестетип жатасыңарбы кандай матч болоорун? Ал утат, тигил жутат деген божомолуңарды эми божурап, эми мелдеше берсеңер болот. Негизи эки команда тең чемпионатта ишенимдүү келатат, экөө тең финалга татыктуу, ошентсе дагы бирөө калып, бирөө кетмекчи. Эми ага чейин дагы убакыт бар эмеспи, бүгүн кечинде болсо 1/8 бөлүктөгү оюндар уланып, Жапония менен Хорватиянын оюну алгач болсо, андан соң Бразилия менен Түштүк Кореянын чейрек финалга жолдомону талашат. Андыктан окурман биздин күндөлүктү калтырбай окуп туруңуз.
Дүйнөнү дүңгүрөткөн футболдун эпкини бизге жетсе экен...
Көз көргөндү эмес, кулак укканды жазып жатам. Сөзмө сөз эмес, эсте калган маанисин жазайын. Кадимки Аскар Салымбеков футбол тууралуу кеп болгон жерде “Англияда туулуп, тушоосу ошол жерде кесилип, дүйнө кыдырып телчиккен футбол Кыргызстанга келгенде төкөр болуп калбаса экен деп жүрөм” деген имиш. Анын сыңарындай көгүлтүр экрандан эле көрүп койбой канткенде кыргыз футболу өнүгөт деп жапа тырмак аракет кылып, өзгөчө жооптуу жетекчилер ойлонcо экен деген тилек.
Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.












