Футбол: Месси Аргентинаны чейрек финалга сүйрөп чыкты

Месси Аргентина менен төртүнчү жолу дүйнө чемпионаттардын чейрек финалына жетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Месси Аргентина менен төртүнчү жолу дүйнө чемпионаттардын чейрек финалына жетти

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатында 1/8 финалдык бөлүктөгү оюндар башталды. Бул бөлүктө утулган командалар түз эле үйлөрүнө кетишет. Ал эми уткан өлкөлөр чейрек финалга жөнөшөт. Жалпы 32 команданын учурда 16сы калды, алдыдагы 8 оюндан кийин командалардын саны дагы эки эсе кыскарат. Чейрек финалга түндө эки команда жолдомо алды алар кимдер болгонун футбол күндөлүгүнөн окуңуз. Жакшы эле экран тиктеп олтуруп, түн уйкуга жеңдирип жиберип, тук эткен бойдон каап деп эми ойгонгондорго арнап азил-чыны аралаш жаздым.

АКШ деңгээлине жараша оюн өткөрдү

Негизи эле Америка Кошмо Штаттарынын футбол жеңиштери боюнча тарыхы аз. Канчалык өнүккөн өлкө болбосун, бул мамлекетте футбол жогорку деңгээлге чыкпай келе жатканы таң калтырат. Европадан оюнчулар АКШнын лигаларына барса дагы, ал оюнчулар кашайып пенсияга чыккандар болуп чыгат. Ошондуктан АКШнын деңгээли Дүйнө чемпионаттарында дайыма чектелүү болуп калат.

АКШнын капитаны Кристиан Пулишич матчтан кийин "бул биз үчүн чоң тажрыйба болду" деген комментарий берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын капитаны Кристиан Пулишич матчтан кийин "бул биз үчүн чоң тажрыйба болду" деген комментарий берди

Кантсе дагы чемпионаттын 1/8 бөлүгүнө суурулуп чыгышы АКШ үчүн чоң майрам болду. Нидерландияга каршы оюнда АКШ күйөрмандары өз командасынын алы жетпей каларын туйса дагы, кандайдыр бир сыйкырды күтүп турушкан. Бирок, бул Дүйнө чемпионаты жана ага Нидерландия ар убак мыкты даярдыкта келгени келген. Кечээ оюнда алар АКШнын атаандаш катары да тоготкон жок.

Оюн башталаары менен 10-мүнөттө Европалыктар ылдам гол киргизүү тапшырмасын мыкты аткарышты. Болгондо да анын автору Нидерландиянын көзгө басар бомбардири Мемфис Депай болуп чыкты. Бир голго алымсынбаган Европалыктар дагы деле болсо чабуулундун чаңын чыгара берип, биринчи таймдын соңунда дагы бир голду согуп жиберди.

Нидерландия үчүн биринчи году Мемфис Депай киргизди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нидерландия үчүн биринчи году Мемфис Депай киргизди

Экинчи таймда утуларын туюп калган америкалыктар бактысын чабуулдан издөө аракетин көрдү. Жүрүп отуруп 76-мүнөттө АКШнын оюнчусу Хаджи Райт эсепти 2:1 кылып, америкалыктардын үмүтүн жандырды. Мына-мына деп оюндан баш көтөрүп келаткан АКШны оюн аяктаарга 9 мүнөт калганда Нидерландия таптакыр үмүтүн өчүрдү көрүнөт. Жалпы эсеп; Нидерландия – АКШ 3:1 жана Европалыктар чейрек финалга жолдомо алган алгачыкы команда болуп калды.

Ал эми АКШ үчүн Дүйнө чемпионаты каалгасын жаап, койду. Эми демин басып, калган оюнду океандын аркы өйүзүндө көрө берсе болот.

Голландиялык Д́ензел Д́үмфрис америкалык Хажи Райттын голун токтото алган жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Голландиялык Д́ензел Д́үмфрис америкалык Хажи Райттын голун токтото алган жок

Месси эми күүлөндү

Чемпионатты өлөң-салаң баштаган Аргентина, эми кызыды окшойт. Өз сеткасында Аргентина – Австралия менен туш келди. Эми ачыгын айтыш керек Австралия деле АКШнын башка континентте жашаган футболдогу эгизи.

Команда чемпионатка катышканына сүйүнбөсө, азырынча кай бир ири турнирде фаворит катары эч ким теңине ала элек. Ошентсе дагы кыбырап жүрүп, Австралиянын 1/8 бөлүккө чыкканына маңдайы жарыла сүйүнүп, бир жагынан плей-оффто Мессиге каршы келип калганы алдын ала эле маанайларын чөктүрүп турган.

Мессинин "күтүүсүздөн" киргизген голу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мессинин "күтүүсүздөн" киргизген голу

Айтылгандай эле оюн башталганда Аргентина – Австралияны бүтүндөй эле дарбазанын түбүнө камалоого алды. Австралия эмне кылсын, топ келсе дайыны жок дарбазадан алыска тээп салат. Оюн жүргүзөлү десе жарым аянттан топту алган Латын америкалыктар кайра эле курчоого алып жатышты. Австралия 90 мүнөт аянттан топту тээп коргоно албасы билинип эле калды. Натыйжада 35-мүнөттө демилгени Лео Месси өз колуна алды. Чабуулду бурчтан баштап, башаламан пасташып жүрүп, акыры өзүнө пас алып гол кылды. Биринчи тайм ошо менен эле бүттү окшойт.

Экинчи таймда Австралия муздак сууга жуунуп келгендей эле, чабуулду көбүрөөк уюштура баштады. Кээ бир чабуулу Аргентиналыктардын үнүн кудайга жеткирип коюп да атты. Ошентип дээрлик кызыктуу футболду көрүп баштадык эле, 57-мүнөттө Австралиянын дарбазачысы иттик кетирбедиби. Дарбазага чейин Мессилер акмалоого алып кирсе, далбастап жүрүп топту каршылашка алдырып жиберди да, Аргентина экинчи голун сокту.

Аргентина - Австарлия

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Австралияда “албарсты” эми ойгонду. Эми кенгурунун мекенинен келгендердин жоготор эч нерсеси калган жок. Алдыны көздөй сапырып жөнөштү да, 77-мүнөтүндө издегенин табышты. Эсеп 2-1 кайрадан Австралия жутунганы жутунган. Месси командасы менен коргоодо ойноп жүрсө дагы кызыктай көрүнөт экен. Ошентсе дагы Аргентина баары бир мыкты экен, “көктөрдүн” чабуулу баары бир кырдуу болуп, мына-мына Месси дагы бирди киргизет болуп турду.

Оюн аяктады, жалпы эсеп; Австралия – Аргентина 1:2 жана Лео Месси командасы менен чейрек финалга жөнөдү. Ал оюнда Аргентина жогоруда биз сөз кылган Нидерландия менен ойнойт.

Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.