Футбол: Самурайлар футболго өттүбү? Жапония таң калтырды

"Жапон керемети" - азиялыктар тайпадан биринчи орунду ээледи

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Жапон керемети" - азиялыктар тайпадан биринчи орунду ээледи

Жапон футболчуларын көргөн бир топ киши аң-таң эле болуп калды. Буларың бул жүрүшү менен чиймей болду сызыкты, көрсөтмөй болду кызыкты деп эле олтуруп калды. Күн чыгыш өлкөсүнүн футболчулары бир жарк этти бейм, чирки-и-и-ин…

Бул жакта туруп эле бир топ кыргызстандык жапондорго жагымдуу карап, оюнчуларын жактырып калды. Дал ушул күндөрү ошол өлкөдө иш сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жоон топ кыргыз расмийлери Жапониядагы жеңиштин атмосферасын, кубанычын жеринен көрүп жатса керек. Ал жагын келгенде кенен баяндап беришээр, балким "көрсө бул футбол дегениң укмуш чоң майрам турбайбы" деп, Орокко жакын курулат деген олчойгон стадионду эртелетип, аягына чыгырап салат болду бекен деген изги тилек.

Бишкекте салынчу жаңы стадиондун эскизи

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте салынчу жаңы стадиондун эскизи

Жапондордун кызыгын бир саамдан кийин кенен чечмелейин, ага чейин түйүнчөгүн түйүнүп, чемпионат менен кош айтышкандар тууралуу учкай кеп кылайынчы.

Германия менен Бельгия үйүнө кетти

Германиянын 33 жаштагы оюнчусу Томас Мүллер бул чемпионаттан кийин карьерасын аякташы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиянын 33 жаштагы оюнчусу Томас Мүллер бул чемпионаттан кийин карьерасын аякташы мүмкүн

Дүйнө чемпионаты күтүүсүз оюндар менен коштолууда. Турнирдин фаворити болуп келген Германияны биринчи оюнда эле Жапония оюнчулары "аттап-тондоп" үйүнө жөнөтүштү. Ошондой эле “Бельгиянын алтын мууну” деп аталып келаткан тарыхтагы мыкты курамын африкалык Морокко теңине да албай коюп, шаабайын суутту.

Испандарды бир кудай сактады

Испания жыйынтыктоочу турда Жапония экөө туш келип, бул жерден Испания Азиядан келген атаандашын сүрүп чыгып, аны менен тайпада биринчи орунду алат деп болжоп турушкан. Айткандай эле оюн башталбай жатып эле Испания тики-така деп аталган тактикасы менен талааны бүтүндөй ээлеп алса болобу?

Жапондор оюндун жүрүшүндө дем алганга гана эптеп жетишкени болбосо, калган аянтта испандар чачылып, "чардап" жүрдү. Сөз куру болбош үчүн статистика менен келтирсек, талаанын 83 пайызын Испания ээледи, Жапондорго жарыбаган 17 пайыз эле тийген экен. Оюндун жүрүшүндө Испания 1058 жолу пасташса, жапондор болгону 228 жолу бири-бирине топ өткөргөн экен. Мына кызык.

Оюндун 11-мүнөтүндө эле Испания күтүлгөндөй гол төшөп, эми оюндун аягына чейин дагы канчаны киргизет деген суроо жоопсуз турду. Кандай болсо дагы статистика футбол ойнобойт деп айтылгандай, Жапония ошол колго тийген 17 пайызын рационалдуу колдонушту. Биринчи тайм камакта жатканы менен экинчи таймга жаңы дем менен чыгышкандай. Эс алуудан келээр замат азиялыктар бир голду жоктон бар кылды. Эсепти теңеп алган соң, жапондор атаандаштын талылуу жерин таап алышты.

Жапониянын голу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Көбүн эсе Испания чабуулда жүргөнү менен кайсы учурда капилет чабуулду уюштура калышты өздөштүрө калган Жапония көп өтпөй эле Танаканын күчү менен дагы бир гол киргизишти. Ушул голду калыс эсептегиси келбей көпкө турду.

Топ аутка кетип бараткан жерден жапондуктар кайрып алып, дарбазага жеткиришкен экен, калыс видеокайталоону улам барып кароого аргасыз болуп жатты. Акыры баарын кайталоодон көрүп, күбө болгондон кийин, “гол” деп ышкырыкты бергенде жапондуктардын жүрөгү жарылып кетейин деди го чиркин. Эмне кылсын эми Испандар бактысын чабуулдан издеп киришкени менен Жапония алардын тики-такасын толугу менен сындырып, жок кылып, теңине алып койгон да жок. Ошентип 17 пайыз аянтты ээлеп, эң аз статистика менен деле испандарды утса болорун Жапония дүйнөгө далилдеп берип койду. Жалпы эсеп; Испания – Жапония 1:2.

Аналитиктер "Е" тайпасынан Испания менен Германия чыгат деп божомолдошкон, бир гана суроо: "ким биринчи орундан чыгат" деген болчу. Бирок жапондор эксперттер менен макул болушкан эмес...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аналитиктер "Е" тайпасынан Испания менен Германия чыгат деп божомолдошкон, бир гана суроо: "ким биринчи орундан чыгат" деген болчу. Бирок жапондор эксперттер менен макул болушкан эмес...

Германия утту, бирок үйүнө кетти

“Е” тайпасындагы экинчи оюн Германия менен Коста-Риканын ортосунда болуп жаткан. Немистер Коста-Риканы 4:2 эсеби менен утуп чыгып, эми 1/8 бөлүккө чыктык деп жайбаракат оюндан кайтып келатышкан, бир маалда аркы өйүздө Испания – Жапонияга утулуп жатат деген кабар алардын жүрөгүнүн үшүн алды.

Германия - Коста-Рика оюнун тарыхта биринчи жолу аял калыс тейледи. Сүрөттө франциялык Стефани Фраппар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германия - Коста-Рика оюнун тарыхта биринчи жолу аял калыс тейледи. Сүрөттө франциялык Стефани Фраппар

Ошол замат Германия өмүрү күйбөгөн испандарга жан тартып, жан алекетке түшүп кирсе болобу. Болбосо алар дагы Испания өз атаандашын ал жактан, биз бул жактан утсак, чогу 1/8 бөлүккө жетелешкен бойдон чыгабыз деп ойлогон да жарыктык. Эми эмне кылсын Жапония 6 упай менен ишеничтүү биринчи орунга чыгып кетти, ал эми Испания менен Германия оюн бүтөр замат дароо душманга айланышып, ошол замат голдорду санашып киришти.

Анткени экөө тең төрттөн упайга ээ болуп калышпадыбы, эми санакка келгенде Испанияда голдор көп болуп чыгып, ошонун эсебинен плей-оффко чыгып кетти. Ал эми Германия кантмек, турнирдин мыктыларынын бири болуп келди эле, айла жок эми түйүнчөгүн түйгөн бойдон Коста-Риканы ээрчиген бойдон калган чемпионатты үйүндө көрмөй болуп жатат.

Бельгия кимди күнөөлөштү билбей калды

Учкан командалардын арасында Бельгия дагы бар. Түндө алар Хорватия менен ойноп эсепти ача албай, оюн 0:0 менен аяктап, Бельгия дагы үйгө сапар алмай болду. Болбосо бул Бельгияны эксперттер тарыхтагы эң эле күчтүү курам, бери жагы жарым финалга чейин келет деп болжоп турушкан эле.

Лука Модрич менен Кевин де Брюйне

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лука Модрич менен Кевин де Брюйне

Футбол деген ушул экен, Бельгия эмес Германия өңдүү командалар четтеп жаткандан кийин башкалары эмне болуп калыптыр. Айтор азыр Бельгия күнөөнү кимге оодарышты билбей турат. Башкы машыктыруучусу Мартинес оюн бүтөр замат отставкага кетти, башкалары оюн жүргүзө албаганы үчүн башы маң бойдон турнирден кетүүгө аргасыз болуп турат. Булардын “F” тайпасында Бельгиядан мурун Морокконун тайпадан чыгып кеткени көпчүлүгүн таң калтарып турат.

Марокко командасы да сенсация жаратты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марокко командасы да сенсация жаратты

Болгондо да жөн чыкпастан тайпадан биринчи орун менен суурулуп чыкты. Канада, Хорватия, Бельгиянын бирине дагы утулбастан 7 упайды топтоп, алып учкан бойдон 1/8 бөлүккө жөнөдү.

Түндө Марокко жыйынтыктоочу турду Канадага каршы ойноп, аны дагы 2:1 эсебинде ишеничтүү утуп алды. Болбосо Марокко атаандашы менен тең ойноп койгон учурда деле тайпадан чыкмак экен, бирок Дүйнө чемпионатында бирөөнү бирөө аямак беле?

Футболчулар Марокконун машыктыруучусу Валид Реграгиге "ыраазычылыгын" билдиришүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Футболчулар Марокконун машыктыруучусу Валид Реграгиге "ыраазычылыгын" билдиришүүдө

Алдынан чыкканын алып ыргытып жүрүп эч ким күтпөгөн африкалык команда, мыктылардын баарын артка калтырып, төш каккан бойдон келди. Анын аркасынан Хорваттар 5 упай менен экинчи болсо, Бельгия 4 упай менен үйүнө упайы жок Канаданы алган бойдон кетмей болду. Дүйнө чемпионаты мына ушундай кызыктар менен коштолууда, күндөлүктү калтырбай окуп туруңуздар, кызыктардын баары алдыда өңдөнөт.

Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.