Футбол: Германия кыл учунда, Бельгия “белди” аша алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Футбол майрамы уланып, жеңиш күтүп жаткан командалар тетири оюндары менен көпчүлүгүн таң калтырса, биринчи тайпада упайларын жоготкон командалар турнирде калуунун аракетин ийгиликтүү ишке ашырып кетишүүдө.
Жапония тайпадан чыкмак, бирок...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жапондор экинчи айлампада баарын гана таң калтырбастан, өздөрү да азыркыга чейин түшүнбөй ан-таң болуп турса керек. Биринчи оюнда күчтүү деген Германияны утуп алгандан кийин, эми Коста-Риканы кабагым-кашым дебей жеңип, аны менен чогуу алдын ала эле тайпадан чыгууну камсыздаса керек деп көпчүлүгү ойлогон. Ал тургай так ушундай болот деп мелдешип, күн чыгыштын күлүктөрүнө күйөрман болуп кеткендер канча?
Бирок футбол ушунусу менен кызык, топ тоголок дешип, алдын ала бир нерсени айтып болбойт эмеспи. Жапон футболчулары жакшы эле үстөмдүк менен баштап, биринчи жана экинчи таймда деле чабуулун улантып жатты. Бирок коргоодо үлгүлүү ойногон Коста-Рика, керектүү учурда топту блоктогонго жетишип, дарбазачынын көмөгү менен айрым чабуулду майтаргандын эбин таап алды. Оюн бүтөөргө он мүнөттөн аз убакыт калганда Коста-Рика жалгыз чабуулду уюштуруп, анысы дагы гол болуп чыга келди окшойт.
Себеби Коста-Рика буга чейин испандарга 7:0 эсебинде утулуп, анда деле бир тыңгылыктуу чабуул уюштура албай калган. Бул жолкусун деле жапондорго жалгыз сокку узатып анысы гол болду. Андан ары Жапония оюнду сактап калуу үчүн болгон жан дилин салып киргени менен баары кеч болуп калды. Жалпы эсеп; Жапония – Коста-Рика 0:1 деп оюн жыйынтыкталды…
Так ошондо жакында эле күнү да күлмүңдөп, жылдызы жанган жапон туугандар катуу бир шаабайы сууду бейм. Кадимкидей анысы байкалып турду. Каап деген сүрөнчүлөр андан көп. Бирок дагы деле топ тоголок принцибин эстен чыгарбай туралы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жапон демекчи, булар бир кызык калк экен дегендер андан көп. Футболчусу жашыл майсаңда топ кубалап жүрсө, күйөрманы жөн кетпей мизилдетип стадион жыйнап жүрөт. Топ кубаламай боюнча чемпионатты кимиси утса дагы тазалык менен тартип, маданият боюнча көптөр үчүн Жапония “чемпион” болгону калды. Жакшы иши жайыла берсин дейли. Эми кеп герман туугандарда…
Германияда абал оор
“Е” тайпасын улантсак Германия экинчи тайпаны утпаса, чемпионат менен кош айтышып калышы дагы мүмкүн болчу. Бирок каршылашы Испания немистерге жеңишти берип салчу команда эмес эле. Мына ошондуктан Германия өтө эле оор абалга келип такалды. Анын үстүнө немистер алгачкы болуп 62-мүнөттө өздөрүнө гол өткөрүп алып, чемпионаттан чыгып кете турган болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бактысын чабуулдан издеп жатып, оюн бүтөргө жети мүнөт калганда абалды теңеп кетишти. Жалпы эсеп: 1:1. Ошону менен оюндун убактысы дагы соңуна чыгып, Германия алгачкы бир упайы ал эми Испания төрт упайы менен көч баштап калды.
Жалпы “Е” тайпасындагы абалды карасак төрт команданын тең абалы чаташты, бирок эң эле абалы оору Германия болуп калды.
Жапония менен Коста-Рикада үчтөн упай бар, ал эми Германия бир упайы менен турнирдин түбүндө калды. Бирок, немистерди азырынча турнирден чийген болбойт, себеби бардыгы үчүнчү айлампада чечилмекчи. Анда Германия – Коста-Рика менен ойнойт жана Испания менен Жапония ойномокчу. Ошентип кечээ эле турнирге бирден бир фаворит макамы менен келген Германия курамынын плей-офф бөлүгүнө чыгуу-чыкпасы бир гана өзүнөн эмес, атаандаштын оюнуна дагы көз каранды болуп турат.
Канада үчүн турнир жыйынтыкталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакшы дымак менен турнирге келген Канаданын үмүтүнө экинчи айлампада Хорватиялыктар суу септи. Эмне кылышсын хорваттар дагы оңой “жоо” эмес, хоккей болсо анда кеп башка эле. Акыркы Дүйнө чемпионатында Хорватия финалга чейин барган команда болгондуктан, Канаданы алгачкы мүнөттөн баштап эле бутага алып кирди. Ошентсе дагы биринчи болуп Канада гол киргизди, бирок оюн бүткөнчө хорваттар төрт гол менен жооп кайтарды. Жалпы эсеп: 4:1
Жыйынтыгында Канада курамасы эки айлампада упай топтой албай, алдын ала турнирден четтеген команда болуп калды. Үчүнчү турда Канада – Морокко менен ойнойт, бирок бул оюн Канада үчүн эч нерсени чечпей калды. Ал эми Морокко дагы оңой жоо эмес экенин көрсөтүп келатканын эске алганда, Канада символикалуу упайга ээ боло албай калуу коркунучунда турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Себеби Морокко түндө учурдагы коло медалчылар Бельгиянын таш талканын чыгарып салышса болобу? Жалпы эсеп: Морокко – Бельгия 2:0 болуп, африкалыктар 4 упай менен турнирде Хорватия экөө тең келатат.
Ал эми Бельгия күчтүү курамы менен келгенине карабай, турнирден чыкпай калышы толук мүмкүн болуп калды. Анткени үчүнчү айлампада Бельгия сап башындагы хорваттар менен ойнойт жана бул оюн буга чейинки эки командадан да күчтүү болмокчу. Ошол эле учурда Морокко тайпадан жеңил чыгып кетиши чындыкка жакын болуп калды. Айтор булардын бардыгын кезеги келгенде футбол күндөлүгүндө чаташтырбай жазып турмакчыбыз. Ага чейин белгиянын чыныгы күйөрмандары атактуу шоколадын камдап алып, футбол күткөнү күткөн.
Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.












