Роналду жаңы тарых жаратты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Футбол боюнча Дүйнө Чемпионатынын бешинчи күнү “Н” жана “G” тайпаларындагы оюндар менен уланды. Анда Уругвай менен Түштүк Корея өлкөлөрү өтө эле жай баракат оюнду көрсөтсө, Португалия менен Гананын оюну акыркы секундга чейин кыл чайнашып, чыңалган мүнөздө өттү. Ошондой эле Чемпионаттын эң күчтүүсү деп саналаган Бразилия курама командасы турнирге кандай даярдыкта келди деген суроо талкуунун чордонунда турду эле. Эми ошол негизги деген өңүттөрүн кезеги менен талдайлы.
Португалия утту, бирок утулгандай абалда калды
Криштиану Роналду коштогон Португалия курамасы Африка континентинен келген Гананы жеңил желпи эле утуп алса керек деп көбү божомолдоп турган. Бирок бул Дүйнө Чемпионаты биринчи айлампада эле бир нече фаворит өлкөлөрдү жер каратып койгонго жетишти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жашыл майсаңга чыкканда Португалия алгачкы мүнөттөн баштап демилгени колго алуу аракети менен баштады. Биринчи таймда европалыктар өздөрүн чабуулда эркин алып, аракетин күчтөгөнү күчтөгөн. Ал эми Гана эмне кылсын? Коргоодон баш көтөрө албай, чабуулга чамасы да келбей турду. Ошондон улам Гана биринчи таймда бир дагы жолу Португалиянын дарбазасына сокку узата алган жок, бирок ошол эле учурда атаандаштын тобун дарбазага жеткирбей кайтара тээ турганы эле чоң эрдик болду. Ал арада экинчи тайм башталып, ганалыктарды түп орду менен алмаштырып салгандай эле чыга келишти чиркин… Чабуулга батынып, атаандашка сес көрсөтүп, ачыгыраак оюнду баштады.
Ошого карабай Португалиянын көзүрү Криштину Роналдуну дарбазанын түбүндө кулатып алып, пенальти менен бир гол киргизип койду. Бул гол Роналду үчүн тарыхый гол болуп калды. Себеби ал 5 Чемпионат катары менен гол киргизген дүйнөдөгү жалгыз футболчу болуп калды. Рекорд-рекорду менен болсун деп ачып көзду жумганча, айтып оозду жыйганча эле, көп өтпөй Гана футболчулары өз жообун берип эсепти теңеп салды. Бирок Португалия безге сайгандай безилдеп ойноп аркасынан дагы эки голду киргизип, эсепти 3:1 кылып ат чабым алдыга кеткендей болду. Сүрөнчүлөр майданда өздөрү жашыл майанда топ тээп жүргөндөй сүрөп жатты. Алардын каны дургүп турганы айтпса да түшүнүктүү. Футболдун дал ушул кумары үчүн жүздөгөн, миңдеген чакырымды жүрүп келгендеринин сыры да ошондо эмеспи. Адреналин…
Оюн бүтөйүн деп калганда Португалия утаарына эч кимдин деле күмөнү калган эмес эле, бирок акыркы мүнөттө Гана эсепти кыскартып, андан ары жеңишти бербөөгө болгон күчүн салып кирди. Мындай айтканда ганалыктар жанын сабап ойноп кирди десек жарашчудай. Мына ушул жерден алмашууга оюндан чыгып кеткен Роналдунун кабагы бүркөлүп, тамырлары бүлкүлдөп, ийиндери сүлкүлдөп, эмоциясы буркан-шаркан түшүп жатканы сыртынан эле айдан ачык көрүнүп турду.
Калыс оюн бүттү деп ышкырар алдында Португалиянын дарбазачысы өтө чоң жаңылыштык кетирип, Гана жок жерден эле голдуу болуп кала жаздады эле, бир кудайдын жардамы менен Португалия оюндан аман калды. Ошентип жалпы эсеп; Португалия – Гана 3:2 болуп, Роналдунун командасы жеңди. Жеңди деген менен оюнчулар же сүйүнө албай, же жетине албай бир кызык абалда стадионду таштап кетишти.
Ангыча эле антирекорд…

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ушул эле тайпада Уругвай менен Түштүк Корея өлкөлөрү ойноп, бул оюн тескерисинче антирекорд менен тарыхта калды. Оюнду көрбөй башка ишке алек болгондор алтындай убакытын үнөмдөп калгандай эле болду. Себеби эки команда 90 мүнөт бою бири-бирине тыңгылыктуу чабуул жасай алган жок.
Эгер статистикага кайрылсак, Уругвай – Түштүк Корея бири-биринин дарбазасына бир дагы жолу таамай сокку узаткан жок. Мына ушунусу менен бул оюн тарыхтагы эң эле суз оюнга айланды. Стадиондо кудум эле үйрөнчуктөр машыгып жаткандай көрунуш болду. Ошентсе дагы тең чыкканы үчүн бирден упайга ээ болуп тарашты. Жалпы эсеп; Уругвай – Түштүк Корея 0:0
Бразилиянын бир укмуш системасы - жеңиштин ачкычы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн эң эле көрктүү матчы “G” тайпасында Бразилия менен Сербиянын ортосунда болду. Футбол эксперттери чочулагандай эле Бразилиянын ойноо системасын көргөндөн кийин турнирдеги бардык атаандаштар бир сыйра сестене түштү өңдөнөт. Кечээ бразилиялыктар Сербияга кымындай дагы мүмкүнчүлүк калтырбастан, аянтты толугу менен ээлеп алды. “Сарылардын” топту алып жүрүшү, аянтты текши колдонушу, дриблинг, пас жана тактикасындагы ар бир кыймылы үлгүлүү футболду көрсөттү. Биринчи тайм 0:0 менен аяктаганы менен Бразилиянын оюнун көрүп отуруу бул өзүнчө ырахат болуп, ошол эле учурда алардын голу “бышып” келатканы билинип калган.
Ал эми экинчи таймда Латын Америкалыктар эсепти ачып, андан соң эки эселеп коюшту. Бирок, алдыга озуп кеткенине карабай бразилиялык футболчулар чабуулду аягына чейин жүргүзүп, чабуул үстүнөн чабуулду курчутканы жада калса Сербиялык күйөрмандардын да жүрөгүнөн түнөк тапты десек аша чапкандыкка жатпастыр.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жалпы эсеп; Сербия – Бразилия 0:2 менен аяктап, аны менен чогу Дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарындагы биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Алдыда командалар экинчи айлампага карай жөнөштү, эми барган сайын оюндар дагы кызыктуу болуп, айтан ооз толуп, көрсө көз кубанат го чиркин. Андагы ар бир өзгөчө учурду калтырбай сөзсүз футбол күндөлүгүнөн кабардар кылып турмакчыбыз. Футболду даңазалап, футболду жайылталы, Кыргызстандан да мыкты оюнчулар чыксын деген изги тилек менен башкаларга да бөлүшө жүрүңүз.
Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн












