Чемпионат-2022: "Немис машинасы быкшыды"

Жапония дүйнө чемпионатындагы экинчи сенсация жасады

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапония дүйнө чемпионатындагы экинчи сенсация жасады

Футбол майрамынын төртүнчү күнү кайрадан эле күтүлбөгөн эсеп менен коштолууда. Турнирдин фаворити деп саналган Германия курамы кечээ Жапонияга багынып, көпчүлүгү немистердин курамынан күмөн санай баштады. Анткени алдыда Германиянын Испания менен оюну өтмөкчү, ошол эле учурда Испания эң жогорку даярдыкта келгенин Коста-Рика менен оюнунда көрсөтүп койду. Дүйнө чемпионатынын төртүнчү күндөгү оюндарын футбол күндөлүгүнөн окуңуз.

Жапония дүйнөнү таң калтырды

Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты дагы деле болсо сенсацияларын улантууда. Кечээ “Е” тайпасында Жапония жана Германия командалары арасындагы оюнда, дүйнө немистерден бир укмуш, жогорку класстагы оюнду күтүп жаткан. Бирок оюндун жүрүшүндө ал классты жапондуктар көрсөтүп салса болобу?

Жапониялык күйөрман жетекчисине "эки апталык эс алуу бергени үчүн" ыраазычылыгын билдирүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапониялык күйөрман жетекчисине "эки апталык эс алуу бергени үчүн" ыраазычылыгын билдирүүдө

Алгачкы таймда оюн Германиянын сценарийи боюнча өтүп, каршылаштын дарбазасына 14 жолу сокку узатышты. Эми элестеткиле бир таймда ушунча чабуул жасоо бул өтө эле көп, салыштырмалуулук үчүн айтсак Чемпионат башталгандан бери бир дагы команда жалпы оюнда мынча чабуул жүргүзө элек эле. Ал эми немистер дагы бир жолу айтайын бир таймда эле жапондуктарды алай-дүлөй кылып, үрөйун учурчудай эле ойношту. Бирок...

Бирок экинчи жагынан алсак ошончо соккунун арасынан бир чабуулу гана гол болуп кирип, калганынын коргоочу менен дарбазачы майтарып, эбин таап алгандай. Мындай учурда дарбазачы мыкты болбосо, Жапония бир далай голду өткөрүп алмак. Мына ошондуктан матчтын “мыкты оюнчусу” наамын дарбазачы Сюити Гонда алды.

Жапония экинчи таймда гана эсине келди. Тактикалык алмаштыруудан кийин, алмашууга чыккан эки оюнчусу тең бирден гол киргизип, учурда “самурайлардан” бактылуу киши жок болуп жаткан кербези. Оюндун 75 пайызын немистер көзөмөлдөгөнү менен кечээ дүйнө “немис машинасынын” туш-тарабынан быкшыганын көрдү жана статистика эсепке эч кандай жардам көрсөтө албасына күбө болушту. Жалпы эсеп; Германия – Жапония 1:2

Испаниянын “тики-такасы”

Испания - Коста-Рика

Сүрөттүн булагы, Getty Images

“Е” тайпасында экинчи оюн Испания жана Коста-Рика командалары ортосунда өтүп, испандан турнирдин фаворити экенин далилдеп кетишти. Жалаң жаштардан куралган Испания, маалында дүйнөнү дүңгүрөтүп жүргөн курамынан кем калбасын көрдүк окшойт. Евро-2020 турниринде сынга калган Испаниянын машыктыруучусу Луис Энрике, бул саам жаштарды кыл табына келтирип алган экен, оюнчулар жарым сөздөн бири-бирин түшүнүп турушту. Оюнчулар ат тезегин кургатпай катар-катар гол менен айырмаланып, биринчи таймды 3:0 менен жыйынтыктады.

Дагы бир жолу Испаниянын машыктыруучусуна кайрылсак, Луис Энрике буга чейин “Барселонанын” машыктыруучусу болгон, ал эми жаш кезекте өзү ошол клубда оюнчу болуп таанылган. Машыктыруучу болуп турган чакта “Барселона” өзү көнгөн “тики-така” деп аталган тактикасы менен айырмаланган.

Испаниянын азыркы машыктыруучусу Луис Энрике "Барселона" клубу менен "требл" уткан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Испаниянын азыркы машыктыруучусу Луис Энрике "Барселона" клубу менен "требл" уткан

Бул ыкма команда топтун көп бөлүгүнө ээ болуп, оюндун аягына чейин пасташып жүрүп атаандашты жүдөтүүгө алып келет. Дал ушу тактиканы кечээ Испаниянын жаштарынан көрө алдык. Салыштырып көрсөңөр жалпы оюнда Коста-Рика 230 жолу бири-бирине пас берсе, испандыктар 1045 жолу пасташкан. Жыйынтыгында Испания өзүнүн “тики-такасы” Коста-Риканы аягына чейин башын айлантып отуруп, эсепти 7:0гө жеткирди. Кийинки оюнда Испания курамы Германия менен ойномокчу.

“F” тайпасындагы нөлдөр

Марокко, Хорватия, Бельгия жана Канада “F” тайпасына жайгашып, бул жерде хорваттар менен белгиялыктар группанын фавориттери болсо, Марокко тескерисинче аутсайдер болуп саналууда. Хорватия 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатында финалга чейин барган команда экендигине карабай 90 мүнөт ичинде Марокко дарбазасынын ачкычын таппай койду.

Хорватиялык капитан Лука Модрич 2018-жылы "Алтын топ" уткан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хорватиялык капитан Лука Модрич 2018-жылы "Алтын топ" уткан

Курамында Лука Модрич, Перишич, Ковачич өңдүү жылдыздар менен Хорватия оюндун аягына чейин болгону эки жолу дарбазага таамай тепкенге жетишти. А бирок, Марокко деле 90 мүнөт ичинде ошондой эле таамай тебүүсү менен айырмаланды, бирок эки тараптын тең соккулары голго айланган жок. Бул жыйынтык хорватиялыктардын купулуна толбогону менен алдыдагы оюнда команда упайларды топтоп аларына ишенип жаткандай. Жалпы эсеп; Хорватия – Марокко 0:0

Ал эми “F” тайпасында экинчи жуп Бельгия жана Канада оюнунда дүйнөнүн коло медалынын ээлери белгиялыктар Канаданы 1:0 эсебинде утканына карабай бул оюнда мактоолор Канада тарапка ооп кетти.

Белгиялык Аксель Витсель канадалык Альфонсо Дейвисти токтотууга аракет жасап жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Белгиялык Аксель Витсель канадалык Альфонсо Дейвисти токтотууга аракет жасап жатат

Канада дүйнөлүк деңгээлде жылдыздары жок болсо дагы, бельгиянын аттуу-баштуу оюнчуларына каршы коргоодо бекинип жатып алган жок. Тынымсыз чабуулда жүрүп, жарым аянттан ары байма-бай прессингде жүргөнү ошол замат Канадага дүйнө боюнча сүймөнчүктөрдү көбөйттү десек жаңылышпайбыз.

Кантсе дагы Бельгия 44-мүнөттө Миши Батшуайинин пайдасы менен эсепти ачып, тажрыйбалуулукка салып кетти. Ал эми оюндун жүрүшүндө Канада эч нерсеси менен Бельгиядан кем калбаган оюнду көрсөттү, атүгүл кээ бир чабуулда бельгиялык күйөрмандардын үнү кудайга чейин жетип жатканын кантип танабыз. Жыйынтыгында жалпы эсеп; Бельгия – Канада 1:0

Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.