Месси утулду, Лёва кечирим сурады, Франциянын жаракаттары

Сауд Арабия 22-ноябрда сенсация жаратты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сауд Арабия 22-ноябрда сенсация жаратты

Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнүндө алгачкы сенсациялар жаралып, Лео Мессинин Аргентинасы биринчи оюнду эле жеңилүү менен баштады. Ал эми "D" тайпасында Тунис – Дания менен кез келип, африкалыктар алгачкы упайын алышса, Дүйнөнүн учурдагы чемпиондору Франциянын оюнчуларында удаа-удаа жаракат алып жатат. Футбол күндөлүгүнүн эң урунттуу учурларын баяндап турабыз.

Мессиге ишенгендер айныды

“Аргентинанын футбол боюнча Дүйнө чемпионатын утууга кезеги келди”, “Месси эми сөзсүз утуш керек”, “Месси, Месси” – деп жаткандар Аргентинанын биринчи оюнунан кийин ракурсту дароо өзгөртүүгө аргасыз абалда калышты окшойт.

Кечээ 22-ноябрда Аргентина алгачкы оюнда Сауд Арабияга утулуп, дүйнө дүңгүрөп жаткан учурда турабыз. Дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнүндө төрт оюн болгонуна карабай, Аргентинанын утулушу күндүн темасын ээлеп алды. Буга дагы өзүнүн себеби бар эле, анткени букмекерлер Мессинин командасы чемпионатты утат деп 13 пайыздык божомол берип жатышкан.

Сауд Арабиянын жеңиши

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Аргентинадан күчтүү деп букмекерлер жалгыз гана Бразилияны эсептеп, анын чемпион болушуна 16 пайыз ишенимде турушат. Бирок Аргентинанын биринчи оюнунан кийин букмекердин сандары өзгөрдү. Азыркы тапта Мессинин командасы чемпион болот деген божомол 8 пайызга түшүп, Аргентина алдыңкы бештикке кирбей калды. Ошондой эле буга чейин Аргентина өз тайпасынан чыгаарына букмекерлер 90 пайызга ишенип жатышса, бир оюндан кийин ишеним 55 пайызга түштү. Албетте тайпанын биринчи оюну командалар үчүн катачылыктарды берүүгө мүмкүнчүлүк берет деп актана берсе болот дечи.

Бирок Аргентинанын жалпы командалык оюну чемпионатты утуп салчудай сүрдү бере албай жатканы чындык экенин өз күйөрмандары дагы моюнга ала баштады.

Анын үстүнө алдыда Польша жана Мексика менен оюндар бар экендигин эске алганда, Месси жана командасы үчүн оюн араптардан дагы оор болору шексиз. Командалык оюнду кечээ Сауд Арабиясынан көрө алдык. Акча футбол ойнобосун далилдеген араптар экинчи таймдан баштап чабуулду тартынбай баштап, коргоодо сүрдөбөй ойношту. Аргентинанын оюнчулары Сауд Арабиядан 25 эсе кымбат эле, жалгыз эле Месси 50 миллион евро контракт алса, саудиялыктардын жалпы 24 оюнчусу 25 миллион евро келишимге ойноп келишет жана бул дагы бир жолу акча футбол ойнобосуна таасын далил болуп калды.

Жалпы эсеп; Аргентина - Сауд Арабия 1:2 жана алгачкы үч упай менен араптар экинчи тайпалык оюнга келатат.

Польшанын капитаны Роберт Левандовски

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Польшанын капитаны Роберт Левандовски Мексикага каршы пенальти киргизе алган жок

Левандовский пенальтиден “аксады”

Леонель Мессинин командасы тайпадан чыгууга жеңилдикти саудиялыктар болбосо дагы башка атаандаштары түзүп беришти.

“С” тайпасында экинчи жуп саналган Мексика менен Польшанын оюнунунда командалар жеңүүчүнү аныктай албай, тең тароого туура келди. Ошентсе дагы оюндун жүрүшүндө Польшанын көзгө басары Роберт Левандовскийге карата эреже бузулуп, пенальти тебүү мүмкүнчүлүгү берилгенине карабай, Мексиканын дарбазачысы Очоа топ багытын туура таап алды. Ишке ашпай калган аракети үчүн Лёва жалпы Польша элинен кечирим сураганга жетишти жана “Польша бул оюнду утушу керек эле” деп билдирди. Оюндун аягында Польша менен Мексика тең чыккандыгы үчүн бирден упайга ээ болуп, бул эсеп Аргентинага кийинки оюнда упай топтоого жакшы мүмкүнчүлүк жаратса, Сауд Арабияга өз тайпасында биринчи орунга чыгууга жол ачты.

Жалпы эсеп; Польша – Мексика 0:0.

Тунистин алгачкы упайы...

Дания - Тунис

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Үй кожоюндары Катар жана Иран футболчулары алгачкы оюндарында жеңилгенден кийин, Тунис дагы жеңилүүчүлөрдүн катарын толуктайт деп көбү божомолдоп турушкан эле. “D” тайпасында Дания – Тунис менен кез келип, африкалыктар оюндун аягына чейин Данияга курч чабуул өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербей коюшту.

Ошол эле учурда Тунис өзү дагы көзгө толоорлук чабуул менен айырмаланган жок, тескерисинче Дания менен тең чыгуу негизги тапшырма болгондой оюнду ортоңку аянттан ашырбай турушту. Кандай болгон күндө дагы Дания гол киргизе албай койгонуна өзүн гана күнөөлөшү керек.

69-мүнөттө Даниянын форварды Андреас Корнелиус жарым метрдей аралыктан 6 метрлик дарбазага топту сүзүп киргизе албай койду. Жер тепкилеп ийгендердин дабышы экранды тиктеп олтурган бизге чейин угулду бейм. Чиркин... Андан кийин “кызылдарга” мындай мүмкүнчүлүк оюндун аягына чейин келген жок.

Тунистин алдыда Дүйнөнүн учурдагы чемпиондору Франция жана Австралия менен оюндары бар. Ошентсе дагы кечээ эле турнирдин аутсайдери саналып жаткан Тунис алгачкы бир упайды алганга жетишти жана бул команда өз тайпасында калган атаандаштарынын дагы эсеп-чотун бузчудай болуп турат.

Жалпы эсеп; Тунис – Дания 0:0.

Францияда баары жакшы, бирок аягына чыдайбы?

Антуан Гризманн менен Килиан Мбаппе

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Алтын топтун" ээси Карим Бензема ойнобогонуна карабастан Францияда күчтүү оюнчулар дале бар. Сүрөттө Антуан Гризманн менен Килиан Мбаппе

Франциялыктар учурдагы чемпион экендигине карабай, бул турнирге аябагандай чоң жоготуулар менен келди. Жалпысынан 7 негизги оюнчу жаракаттан улам Чемпионатка келбей калды, акыркысы болуп Карим Бенземанын курамга кирбей калышы карталардын асты-үстүн алмаштырып салды.

Ошентсе дагы мына эми деп, Франция алгачкы оюнду Австралияга каршы “D” тайпасында баштабай жатып, 9-мүнөттө эле коргоочу Люка Эрнандес жаракат алып оюндан чыгып кетти. Дарыгерлердин айтуусунда Эрнандес ушуну менен Чемпионаттын жүрүшүндө Францияга жардам бере албайт. Учурда Франциянын курамында биз көнгөн көпчүлүк жылдыздардын ордун чоочун эле жаштар басты.

Ошого карабай Франция алгачкы оюнда Австралияга каршы өтө ишенимдүү оюнду көрсөтүп койду. Франциялыктар биринчи болуп гол киргизип алганы менен төрт жолу жооп беришип, жалпы эсепти 4:1 кылып ирилетип салды. Кантсе да чемпиондордун катарында Гризманн, Мбаппе жана Жиру өңдүү чабуулчулары жетиштүү. Бирок аталган жылдыздар турнирдин аягына чейин алмашуусуз чыдайбы? – деген суроо актуалдуу болуп турат. Себеби барган сайын оюндун деңгээли да көтөрүлөт жана каршылаштар күчтөнмөкчү. Ал эми Франция чемпиондукту сактап калуу жоопкерчилиги менен да турнирге келгенин эстен чыгарбоо керек. Алдыда Дания жана Тунис менен оюндар бар. Азырынча жалпы эсеп: Франция – Австралия 4:1.

Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.