Катардагы дүйнөлүк чемпионат: укмуштары менен кемчилиги

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

20-ноябрда дүйнөлүк чемпионаттын салтанаттуу ачылышы болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 20-ноябрда дүйнөлүк чемпионаттын салтанаттуу ачылышы болду

20-ноябрда Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Алгачкы ирет дүйнө чемпионаты күз-кыш мезгилинде өтүүдө. 200 млрд доллардан ашык сарпталган эң кымбат бул спорттук турнир далай кызык, жаңжалдар менен коштолуп келет.

Дээрлик бир айга созулчу дүйнө чемпионатынын өзгөчөлүгү, анын айланасындагы чыр-чатактар жана башка кызыктарын тизмектеп беребиз.

Чу дегенде эле Катардын курамасы жеңилип калганы кызык болду. Дал ушул беттеште Катар атаандаштарына миллондорду жумшап, жеңилип берүүгө көндүрүптүр деген имиштер аябай тарады. Ал талкуу басыла электе футболдун мега жылдаздары Месси менен Роналду бирге олтуруп, бир тактада шахмат ойноп жатканы тартылган фото чыкты. Көп өтпөй экөө футбол талдаасында эле эмес, турмушта да атаандаш, чогуу олтурушкан жок, тек гана эки башка олтургузуп тартылган фотолорду бириктирди деп талкуу андан ары уланууда.

ronaldo messi

Сүрөттүн булагы, Annie Leibovitz shot for Louis Vuitton

8 стадион жана 5 турнир өтүүчү шаарлары

Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 5 шаардын 8 стадионунда өтөт. Катарлыктар ысыкты жеңүү үчүн стадиондордогу температураны +27°Сден жогору эмес деңгээлде кармай турчу системалары менен жабдууну убада кылышкан. Биринчи стадиондун курулушу 2013-жылы башталып, 4 жылга созулган. 2021-жылы бардык стадиондор ишке даяр болду.

“Лусаил” стадиону

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Лусаил” стадиону

“Лусаил” Катардын эң чоң стадиону болуп саналат, ал 80 000 көрүүчүнү батыра алат. Дохадан 15 км алыстыкта ​​жайгашкан. 22-ноябрдан тарта 10 оюн, анын ичинде 18-декабрда финал болот.

 "Аль-Байт" стадиону

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Аль-Байт" стадиону

“Эль-Хавр” шаарындагы "Аль-Байт" 60 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Бул стадион 20-ноябрдан 14-декабрга чейин 9 беттешти кабыл алат.

“Халифа” эл аралык стадиону

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Халифа” эл аралык стадиону

“Халифа” эл аралык стадиону Эр Райян шаарында жайгашкан жана 45 000ден ашык көрүүчүнү батыра алат. Анда 21-ноябрдан 17-декабрга чейин 8 беттеш өтөт.

“Аль-Тумама” стадиону

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Аль-Тумама” стадиону

“Аль-Тумама” дагы 40 миң кишиге эсептелген жана штаттын борбору Дохадан 12 км түштүктө жайгашкан. Анда 21-ноябрдан 10-декабрга чейин 8 беттеш өтөт.

“Education City”

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Education City”

“Education City” Эр-Райян шаарында жайгашкан жана 40 000 көрүүчүгө ылайыкталган. Бул аренада 22-ноябрдан 9-декабрга чейин турнирдин чейрек финалдык баскычына чейинки 8 беттеш өтөт.

"Аль-Жануб"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Аль-Жануб"

"Аль-Жануб" стадиону Аль-Вакра шаарында жайгашкан жана 40 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Анда 22-ноябрдан 5-декабрга чейин турнирдин 8 беттеши өтөт.

"Ахмад бин Али"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Ахмад бин Али"

"Ахмад бин Али" 40 миң көрүүчүнү ала алат жана Эль-Райян шаарында жайгашкан. Анда командалар 21-ноябрдан 3-декабрга чейин 7 жолу беттешет.

"Рас Абу Абуд" (974) стадиону

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Рас Абу Абуд" (974) стадиону

"Рас Абу Абуд" дагы 40 миң кишиге ылайыкталган жана борбор Дохада жайгашкан. Анда улуттук командалар 22-ноябрдан 5-декабрга чейин 7 жолу беттешет.

32 команда жана миллиондогон байгелер

Быйыл акыркы жолу дүйнө чемпионатында 32 команда ойнойт. 2026-жылы үч өлкөдө, АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган кийинки дүйнөлүк чемпионатка 48 команда катышат.

Англия менен Иран командаларынын оюнунун учурунда тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Англия менен Иран командаларынын оюнунун учурунда тартылган сүрөт

Апрель айында ФИФА турнирдин плей-офф турниринен командалар канча акча табарын ачыктаган. Ошентип, чемпионаттын жеңүүчүлөрү 38 миллион еврого байыса, күмүш байге ээлери 27,27 миллион еврого ээ болушат. Үчүнчү жана төртүнчү орундарды ээлеген командалар 24,45 миллион евро жана 22,64 миллион евро табышат. Ал арада чейрек финалда утулган командалар 15,40 миллион евро, ал эми 1/8 финалда утулган командалар 11,7 миллион евро алышат.

Фавориттер кимдер?

Букмекерлердин рейтингине ылайык, ачык фаворит Бразилия. Sports.ru басылмасы Европанын алдыңкы чемпионаттарындагы бразилиялык оюнчуларды жана Бразилиянын өзүндөгү негизги клубдарды санады.

Бразилиянын чабуулчусу Неймар машыгуу учурунда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бразилиянын чабуулчусу Неймар машыгуу учурунда

Экинчи орунда дүйнөнүн учурдагы чемпиону Франция турат. Бирок жаракатынан улам бир аз алсырап калган жарым коргоочу Поль Погбаны эске алуу керек. Ал улуттук курамада дайыма жакшы ойногон.

Букмекерлер арасында үчүнчү орунда - Аргентина. Абдан жакшы курам жана күчтүү эмоционалдык компонент - бул футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири болгон Лионель Месси үчүн акыркы Дүйнө чемпиондугу болушу мүмкүн. Ал буга чейин бул турнирди уткан эмес.

Месси үчүн бул турнир акыркы дүйнө чемпиондугу болушу мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Месси үчүн бул турнир акыркы дүйнө чемпиондугу болушу мүмкүн

Англия дагы фавориттердин катарына кирет. Анын оюнчуларынын тобу мыкты, бирок аларга каршы 2022-жылдын жай жана күз айларында өтө так эмес жыйынтыктар бар.

Аба ырайы

Катар ысык жана нымдуу. Жылуу деңиз шамалдары Перс булуңундагы бул кичинекей өлкөнүн бүткүл аймагын аралап өтөт.

Матч күндөрү трибуналар 40 миң кишиге толуп, алардын ар бири жылуулуктун жана нымдуулуктун булагы болот.

Катарлыктар ысык абаны сездирбеш үчүн стадионду түрдүү жолдор менен нымдап турууга мажбур

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катарлыктар ысык абаны сездирбеш үчүн стадионду түрдүү жолдор менен нымдап турууга мажбур

Абанын температурасы менен аудитория тарабынан пайда болгон жылуулуктун айкалышы эффективдүү муздатуу системасын талап кылат.

Бул үчүн трибуналардагы ар бир отургучтун астына желдеткичтер орнотулду.

Заманбап футболчулар бир матчта 10 кмден ашык чуркай алышат, тер менен үч литрге чейин суюктукту жоготушат, ошондуктан алар денедеги суюктукту жана айлана-чөйрөнүн акылга сыярлык температурасын кармап турушу керек.

Катардын нымдуу абасында тер азыраак бөлүнүп чыгып, дене ысып кетиши мүмкүн, бул ысыктын соккусу сыяктуу ар кандай кыйынчылыктарга алып келет.

Ошондуктан, Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын матчтарында муздак аба үйлөй турчу чоң түтүкчөлөрдү орнотту, алар талаага муздак аба үйлөп, анын үстүндө муздак катмар пайда болот.

2,5 миллион билет, 3-4 миллиард көрүүчү

ФИФАнын маалыматы боюнча, Катарда өткөн дүйнө чемпионатына 2,5 миллионго жакын билет сатылган. Уюмдун билдирүүсүндө, билеттерди сатууда Катар, АКШ, Англия, Сауд Арабия, Мексика, Бириккен Араб Эмираттары, Франция, Аргентина, Бразилия жана Германиядан келген күйөрмандар алдыңкы орунда экени айтылат. Ошол эле учурда Камерун-Бразилия, Бразилия-Сербия, Португалия-Уругвай, Коста-Рика-Германия жана Австралия-Дания сыяктуу тайпалык баскычтагы беттештерге эң көп билет сатылды.

Билетти эң көп алган өлкө АКШ болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Билетти эң көп алган өлкө АКШ болду

Уюштуруучулардын айтымында, оюндарга 1 миллионго жакын күйөрман келет, ал эми жалпысынан дүйнө калкынын дээрлик жарымы, 3-4 миллиард көрүүчү турнирди көрөт.

Күйөрмандар спирт ичимдиктерин стадиондо иче албайт

Катар тарыхта дүйнө чемпионатын өткөргөн биринчи араб өлкөсү болуп калды. Бул жерде шарият мыйзамы иштейт.

Катар бийлиги зыяратка келген аялдардан жупуну кийинүүнү суранды, бирок алар диний мыйзамга туура келбеген көрүнүшү үчүн жоопко тартылбай турганын убада кылды.

Региондун башка өлкөлөрүндөгүдөй эле Катарда алкоголдук ичимдиктерге дээрлик толугу менен тыюу салынган, ал кымбат мейманканаларда, ресторандарда гана сатылат.

 VIP-зонадагылар гана алкоголь алып иче алышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, VIP-зонадагылар гана алкоголь алып иче алышат

Жума күнгө чейин алкоголдук ичимдиктер стадиондордо да, негизги күйөрмандар зонасында сатылат деп болжолдонгон. Бирок 18-ноябрда ФИФА күйөрмандар стадиондордо алкоголдук сыра сатып ала албай турганын жарыялады.

Эгер сатылса да, ичимдик абдан кымбат болот: бир пластик стакан сыра 10 британ фунт (13 доллар) турат, бул Лондон пабдарынан эки эсе кымбат.

Биринчи жолу аял реферилер калыстык кылат

Франциялык рефери Стефани Фраппарт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франциялык рефери Стефани Фраппарт

Дүйнө чемпиондугунун тарыхында биринчи жолу калыстардын арасында аял бригадалары болот. Негизги калыстар франциялык Стефани Фраппарт, руандалык Салима Мукансанга жана япониялык Ёсими Ямашита болмокчу.

Катардагы адам укуктары, эмгек мигранттарынын каза болушу

Бул чемпионат учурунда да, андан кийин да чечилбеген конфликт болуп саналат. Батыш өлкөлөрү адам укуктарын коргоо системасы бүткүл дүйнө үчүн универсалдуу деп ырасташат. Ал эми Катарда мындай деп ойлошпойт, анткени Катар - бул ислам мыйзамдары катуу сакталган мамлекет. Өлкөдө эркек менен аялдын укуктары бирдей эмес, бир жыныстуу мамиле үчүн түрмөгө отурасың. Эмгек мигранттары жарандарга салыштырмалуу укуктарынан кыйла ажырап калгандыктан, жумушчулар өлкөгө кирүүгө гана эмес, андан тышкары чыгууга да уруксат алышы керек.

Мунун баары саясатчылардын, укук коргоочулардын, жада калса футбол машыктыруучуларынын катуу сынына алып келүүдө. Мисалы, Англия курама командасынын башчысы Гарет Саутгейт көп сандаган интервьюларында футболго караганда тең укуктуулук жөнүндө көбүрөөк сөз кылат.

Укук коргоочулар Катардагы инфраструктураны кургандардын жашоо шарты өтө начар болгонун айтышууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Укук коргоочулар Катардагы инфраструктураны кургандардын жашоо шарты өтө начар болгонун айтышууда
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

The Guardian гезитинин маалыматына караганда, Катарда 2022-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка даярдык учурунда стадион, мейманкана жана башка объектилердин курулушунда иштеген 6,5 миңден ашуун мигрант каза болгон. Баарынан көп Индиянын жарандары — 2,7 миң адам, дагы 1,6 миңи Непалдан, 1 миңи Бангладештен, 800дөн ашууну Пакистандан жана 550дөн бир аз ашыгы Шри-Ланкадан өлгөн. Буга чейин укук коргоо уюмдары бул курулуш объекттеринде жумушчулардын укуктарынын бузулушу жана ал жердеги эмгек шарттарынын начардыгы тууралуу бир нече жолу кабарлашкан, атап айтканда, 2015-жылы Amnesty International уюму бул курулуштарда жылына 441 адамдын өлүмү жана жумушчулардын укуктарынын бузулушу боюнча маалыматтарды жарыялаган.

Катар 6,5 миң адам стадиондорду, мейманканаларды жана жолдорду курууда түздөн-түз каза болбостон, көбүнчө табигый себептерден каза болушкан деп коргонууда.

Катар бийликтери да келген күйөрмандардын бир жыныстуу мамилелерине каршы эместигин айтып, полиция аларды куугунтуктабай турганын убада кылышууда. Алар сезимдерин ачык көрсөтүүдөн алыс болууну гана суранышат.

Булардын баары европалыктарды, америкалыктарды жана австралиялыктарды толугу менен канааттандырбайт жана алар колунан келишинче каршы чыгышууда. Он өлкөнүн командаларынын капитандары ФИФА тыюу салганына карабай, асан-үсөн түстөгү боодо ойношот. Даниянын курама командасы, өзгөчө турнир үчүн, демөөрчүлөрдүн логотиби жок атайылап бүдөмүк формага буйрутма берген жана анын экинчи комплекти көбүнчө кара түстө. Франциянын курама командасы чемпионаттын алдында укук коргоо уюмдарын каржылай турган фонд түзөрүн жарыялаган.

Дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү үчүн Катар канча каражат жумшады?

Катар тарыхтагы эң кымбат дүйнөлүк чемпионатты өткөрөт. Бул чындыкта таң калыштуу эч нерсе жок, анткени турнир Жакынкы Чыгыштын бай өлкөлөрүнүн биринде өтүүдө. Бирок рекорддун өзү эмес, сандардын ирети таң калтырат: чемпионатка кеткен чыгым 220 миллиард долларды түзгөнү расмий жарыяланды. Салыштыруу үчүн: ар кандай булактардын маалыматы боюнча, Орусия мурунку 2018-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка 11,6дан 14,2 миллиард долларга чейин короткон – бул Катардын суммасынан 15-20 эсе аз. Бул сумма нөлдөн баштап курулган алты заманбап стадионду камтыйт, ал тургай британиялык журналисттерди толук канааттандырган уюштуруу иштерине кеткен. Каражат дагы эмнеге жумшалган? Уюштуруучу өлкөнүн айтымында, чемпионатты өткөрүү үчүн инфраструктура, аэропортторду жаңылоо, метро, магистралдарды салуу, ошондой эле жаратылышты булгоону азайтуу үчүн экологиялык технологияларга жумшалган.

Катар тарыхтагы эң кымбат чемпионатты өткөрүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катар тарыхтагы эң кымбат чемпионатты өткөрүүдө

Чемпионат 20-ноябрдан 18-декабрга чейин өтөт. Ага жалпысынан 32 курама команда барды.

Дүйнө чемпионатын 2022-жылы Катарда өткөрүү чечими 12 жыл мурун кабыл алынган. ФИФАнын мурдагы президенти Зепп Блаттер бул чечимдин "жаңылыштык" болгонун айткан жери бар.