Мессинин алгачкы упайы, Франция тайпадан чыкты...

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнө чемпионатынын экинчи айлампасы ары кызыктуу, ары табышмактуу болуп баратат. Биринчи оюнда Аргентинаны утуп дүйнө дүңгүрөткөн Сауд Арабиясы 26-ноябрда Польша менен ал жомогун уланта албай утулду. Ал эми Мессинин Аргентинасы эми гана калыбына келгендей, алар Мексиканы утуп алгачкы жеңишке ээ болушту. Кызыгы да, кыйыны да көп чемпионатты чечмелеп жиберели.
Месси кайтып келди
Аргентинын дагы бир ката кетиргенге акысы жок эле. Ансыз деле дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздарга шыкалган Аргентина араптарга утулуп, бир ирет “мат” болушкан. Эми тайпадан араптардан да күчтүү Мексика курамы келди. Атаандаштын күчтүүлүгүн эске алып, Аргентина талаага “түйүлгөн бойдон” чыкты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Оюн күтүлгөндөй эле тең болду, Мексика артка чегинип жатып алчулардан эмес. Кезеги келгенде чабуулду курчутуп коюп жатты. Биринчи таймда командалар гол менен айырмаланган жок. Ал эми экинчи таймда Месси демилгени колго алды. Алыскы соккусу таамай ылдыйкы сол бурчка барып, эсепти ачканга жетишти.
Бирок Аргентина анысы менен токтоп калган жок, оюнду тынчытуу үчүн дагы бир гол керек эле. Оюн бүтөөргө үч мүнөт калганда Энцо Фернандес эсепти экилеп койду. Жалпы эсеп; Аргентина – Мексика 2:0 жана Лео Мессинин командасы алгачкы үч упайга ээ болуп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды.
Араптардын сыйкыры уланган жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мессинин кийинки беттеши тайпада биринчи келаткан Польша командасы менен болот. Курамында Левандовский бар команда өткөн жумада сенсация жараткан Сауд Арабиясы менен кез келди. Эки команда тең жашынып жатып албастан, алгачкы мүнөттөн тартып бактысын чабуулдан издеп кирди. Анын негизинде Польша биринчи таймда алгачкы голун согуп, Пётр Зелиньскийдин жардамы менен эсепти ачты.
Ал эми экинчи таймдан араптарга сын таккандан көпчүлүгү коркуп турду, тескерисинче экинчи таймда чыңалган араптар, бул жолкусун да оюнду асты-үстү кылып салабы деп акмалап турушту. Анткени өткөн оюнда да биринчи тайм Аргентинага бир нөлгө утулуп жаткан Саудиялыктар экинчи таймда эмне болгонун билесиңер.
Айтылгандай эле экинчи бөлүктө араптар чабуулун кайрап баштады, бирок буга польшалыктар да дайын болуп турушкан экен, утур-утур контрчабуул менен оюнду кызытып коюп жатты. Гол киргизебиз деп алдыга жулунган Сауд Арабия коргоону да унутуп коюп жатканын байкаган польшалыктар, 82-мүнөттө Роберт Левандовскийдин көмөгү менен эсепти 2:0 кылып, оюнду жыйынтыктады.
Натыйжада “С” тайпасында Польша алгачкы жеңиш жана бир тең чыгуусу менен 4 упайга ээ болуп, тайпанын башына жайгашты, андан соң Аргентина менен Сауд Арабия үчтөн упай менен келатышат, ал эми Мексикада бир упай бар жана тайпадан чыгуу үчүн алар сөзсүз Сауд Арабиясын кийинки оюнда утушу керек.
Франция тайпадан чыккан алгачкы команда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“D” тайпасында франциялыктар экинчи оюнда Дания менен туш келди. Буга чейин Австралияны ишеничтүү уткан Франция командасы, тайпадан алдын ала чыгууну камсыздоо үчүн Данияны да утушу керек эле. Дал ошондой тапшырма менен чыкканын Киллиан Мбаппе коштогон Франция жылдыздары алгачкы мүнөттөн баштап аткарууга киришти. Бирок канчалык аракет кылбасын Дания атаандаштар тарабынан урулчу соккуларга даярданып, коргоону күчтөп алган экен, биринчи таймда болгон чабуулду майтарып салды.
Франциялыктарга арга барбы? Экинчи тайм дагы деле болсо чабуул артынан чабуулду уюштура берип, акыры 61-мүнөттө көздөгөнүнө жетишти. Чабуулду Мбаппе өзү баштап, аягына чекитти өзү бүтүрдү. Анткени менен көп узабай франциялыктар өздөрү Данияга гол киргизүүгө шылтоону түзүп берип койгондой, арадан беш мүнөт өтпөй дароо Кристенсендин күчү менен эсеп теңелди.
Оюн кайрадан баштады, эсеп теңелди, бирок Фрациянцияда Киллиан Мбаппе бар экен, оюн бүтөөргө төрт мүнөт калганда кайра эле өзү эсепти узартканга жетишти. Жалпы эсеп; Франция – Дания 2:1 жана Франция бул чемпионатта тайпадан 6 упай менен ишеничтүү чыккан алгачкы команда болуп калды. Экинчи сапта Австралия үч упай менен жана Дания менен Тунис бирден упай менен келатат. Айтмакчы Австралия кечээ Тунисти 1:0 эсеби менен жеңип, турнирде алгачкы жеңишке ээ болуп, тайпада дароо экинчи орунга жайгашып, абалын жакшыртып алды.
Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.












