Футбол: Месси мээлеген бойдон баратат, Франция утулду

Биринчи оюнунда жеңилген Аргентина тайпасында биринчи орундан чыкты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биринчи оюнунда жеңилген Аргентина тайпасында биринчи орундан чыкты

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатында Австралия плей-оффко жолдомо алып кубанычы койнуна батпай жаткан чагы. Польша курамасы болсо Аргентинага 2:0 эсеби менен утулганына карабай, экөө тең 1/8 бөлүккө жөнөштү. "Менминсинген Франция алгачкы жеңилүү ызасын тартты, бул үчүн кимди жемелерин билбей турат. Башкы суроосу эле, эмне болуп кетти, кандай болуп калды?" деп жатышат деген пикирлер да чыкты. Менимче анын себеби башкада… Эми мунун баарын футбол күндөлүгүнөн кененирээк кеп куралы.

Франция утулду, бирок биринчи

“D” тайпасынын үчүнчү оюндарында Франция – Тунис менен кез келди. Франция үчүн бул оюндун эч кандай баалуулугу жок болчу. Анткени Европалыктар алдын ала эле плей-оффко жолдомо алып койгон. Ушундан улам Франция көз мончокторун чарчатып-чаалыктырбайлы дештиби талаага чыгарбай, экинчи курамдагы оюнчуларын тердетели деп чечиптир.

Күйөрмандардын сүймөнчугу болгон Мбаппе, Жиру, Гризманн өңдүү жылдыздар жашыл майсаңда эмес, отургучта отурса дагы бир кызыктай көрүнөт экен. Мындайды байкаган Тунис оюндун башынан эле Францияны камалоого алып кирсе болобу? Бир карасаң франциялыктар коргоодо Туниске каршы ойноп жатканы дагы күлкүлүү сезилет экен. Ошентсе дагы Тунисте чабуулга чыгуудан башка аргасы жок болчу.

Франция - Тунис оюнунда Кыргызстандын желегин байкоого болот...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франция - Тунис оюнунда Кыргызстандын желегин байкоого болот...

Плей-оффко чыгыш үчүн команда утууга милдеттүү эле. Арыдан бери Тунистин голу бышып жетилди окшобойбу, 58-мүнөтүндө африкалык команданын капитаны Хазри баарын алдап келип, топту жай баракат дарбазага айдап койду. Тунистин күйөрмандарынын кубанычында чек жок, стадион алай-дүйлөй боло түштү. Мындайга арданган Франциянын машыктыруучусу аянтка болгон жылдыздарын сүрмө тобу менен айдап чыкса болобу?

Мбаппе, Гризманн, Дембеле жана башкалары оюнду курчутуу үчүн чыккан эле, бирок алдын ала жолдомо алып алгандын кесепетиби, айтор алар деле жарытарлык оюн жүргүзбөй койду. Аларың сырттан караган кишиге дене боюн жазбай, терин чачпай койгондой эле сезилди. Алардын да бир билгени бардыр. Бирок так ушул жагдай атаандаштардын капчыгына жакшы кеп салып койду. Анысы кандай кеп эле. Машыктыруучулар тиги жылдыздарды чыгарбай койгондо Тунис Францияны уткан күндө да "силер чыныгы оюнчуларын көргөн да жоксуңар, алар силерди чу дегенде эле аластап кетмек" деген сыяктуу ой жаралмак. Эми алар биз так ошол жылдыздарын окшуп утпадыкпы деп корстон болот да калат.

Австралия 1/8 финалга чыгышын белгилөөдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Австралия 1/8 финалга чыгышын белгилөөдө

Аңгыча эле убакыт дагы аяктады, Тунис оюнчулары ышкырык жаңырары менен телефондорун көздөй чуу койду. Анткени ошол тапта Австралия менен Дания ойноп жаткан жана Тунистин плей-оффко чыгар-чыкпасы ошол оюнга көз каранды эле. Канчалык Тунис футболчулары Францияны уттук деп сүйүнбөсүн, ал сүйүнүч оюн бүткөндөн кийин кум сепилдей кыйрап жатып калды. Себеби аркы оюнда Австралия – Данияны 1:0 эсебинде жаңы эле утуп, оюн аяктады деген кабар келди. Натыйжада эмне кылсын, Франция 6 упай менен “D” тайпасында лидер бойдон калды, ошончо упайды Австралия да жыйнаган экен экинчи жолдомону “сарылар” алып кетти. Ал эми Тунис менен Дания турнир менен кош айтышууда.

Мексика менен Сауд Арабия артта калды

Мексика бир гол айырмасынан улам 1/8 финалга чыга албай калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сауд Арабия акыркы минутада Мексикага гол киргизип, 1/8 финалга өзүн да, атаандашын да чыгарбай койду

Аргентина, Польша, Мексика жана Сауд Арабия төртөөнүн тең тайпадагы иши чатак болуп турган. “С” группасында төрт команданын кимиси плей-оффко жолдомо алары үчүнчү тайпада чечилмек. Сауд Арабиянын оюнунда Мексика эки упай менен араптарды утуп келаткан, бирок оюн бүтөйүн дегенде бир гол киргизип алып, ошол гол Мексика үчүн тагдыр чечүүчү гол болуп калганын кайдан билсин?

Мына жеңдик, мына тайпадан чыктык деп сүйүнүп жаткан мексикалыктар, Аргентина менен Польшанын оюнун караса, ал жакта дагы Аргентина утуп жаткан экен бактылуу болуп жатышкан. Балээнин баарын упайларды санай келгенде башталбадыбы. Аргентина 6 упай менен биринчи орунга чыгып кеткенине эч кандай суроо жок болчу.

Польшалык дарбазачы Войцех Щесны алгач Мессини, андан соң анын пенальтисин да тосту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Польшалык дарбазачы Войцех Щесны алгач Мессини, андан соң анын пенальтисин да тосту

Ал эми Польша менен Мексикада төрттөн упай болуп калды. Мындай учурда командалардын турнирде голдору саналмакчы. Атаганат, Мексика жана араптар менен ойноп жатканда алешемдикке алдырбай акыркы мүнөттү тынч ойноп койгондо, бир гол соктуртбайт болчу да. Дал ошол гол эки команданын голдорун санай келгенде ашыкча болуп калбадыбы, ошол гол Мексиканы плей оффтон ажыратып салбадыбы.

Польшалык дарбазачы Войцех Щесны алгач Мессини, андан соң анын пенальтисин да тосту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Щесны пенальтини тосуп, Польшаны 1/8 финалга чыгарды

Футбол мына ушунусу менен кызык. Бир гол ашыкча өткөрүп алгандыгы үчүн Мексика чемпионаттан чыгып калды. Ал эми Польша – Аргентинага утулганына карабай Месси менен кошо жетелешип, 1/8 бөлүккө кете берди. Сауд Арабия болсо 3 упай менен “С” тобунун артында калды, бирок өзү үчүн араптар биринчи оюнда эле Мессинин командасын утуп тарыхый ишти жасап койгон.

Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.