Футбол: Роналду менен Неймардын командалары утулду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Үчүнчү тайпалык оюндарда фаворит командалардын бардыгы көңүл толорлук оюндарын өткөрүшкөн жок. Бразилия менен Португалия атаандаштарына багынып берип, натыйжада күтүлбөгөн командалар тайпадан чыгып кетишти. Өз кезегинде Уругвай курама командасы чемпионат менен кош айтышууга аргасыз болуп калды. Дагы кайсы командалар 1/8 бөлүккө чыгып кеткенин футбол күндөлүгүнөн окуңуздар.
Бразилия көзүрлөрүн отургузду
Дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи жолу Африкалык команда Бразилияны утуп отурат. Буга чейин Африка континентинен жети ар кандай курама Бразилия менен ойноп, баары утулуп келишкен экен. Бразилия эгерде башынан көңүл кош ойнобогондо бул тарых деле жаралбайт болчу, анткен менен Латын Америка континентинен келген команда алдын ала жолдомо алып алгандыктан бул оюнга сакалуу көзүрлөрүн алып чыккан жок. Тескерисинче алмашуучу отргучта Неймар баш болуп, Ришарлисон, Силва, Алиссон, Винисиус өңдүү “миллиондук” оюнчулар отурушту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал эми Камерунду жеңиштен башка жыйынтык канааттандырбайт эле. Ошондон уламбы оюн башталар замат чабуулду курчутуунун аракетин көрөт. Бирок, кандай аракет кылбасын, жылдыздары жок болсо дагы бул Бразилия курамы экен, бекеринен дүйнөдө алдыңкы курама команда деп аташпасын экинчи курамы менен деле аныктап койду. Камерунга каршы коргоону курчап жатып албастап, Бразилиянын бозойлору деле алдыны көздөй сабалап кирди.
Камерун анда-санда чыккан чабуулун ошол замат майтарып, болбосо “сарылар” статистиканы толук ээлеп алышты. Талаанын 65 пайызын тейлеген бразилиялыктар, оюндун жүрүшүндө 21 жолу чабуул уюштурган экен. Салыштырмалуу Камерун 7 жолу гана чабуулга чыкты.
Ошентсе дагы 90 мүнөт бою эсеп ачылбай, бирок көгөргөн африкалыктар кошумча мүнөттө көздөгөнүн согуп кетишти. Жалпы эсеп; Бразилия – Камерун 0:1.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сүйүнүчүжанар тоо болуп атылып, көздөн жаш куюлуп баштаган Камерун оюнчулары, оюн бүткөндөн кийин маанайлары суз боло түштү. Балээнин бардыгы Сербия менен Швейцариянын оюнунун жыйынтыгында эле.
Сербдердин “алтын мууну” эмне болду?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сербия бул чемпионатка жылдыздуу курамы менен келген эле. Бул курамдын оюнчуларын көрүп, Сербияда “алтын муун” чогулган экен деп эксперттер болжоп коюшкан. Бирок футболдо курамды чогултса болот, ал эми команданы чогултуу андан дагы оор иш деп айтып коюшат эмеспи.
“Алтын муунда” дал ошол команда жок болуп калдыбы бейм? Өткөндө да Камерун менен ойноп жатып 3:3 кылып кызыл жаян гол менен оюн бүткөн. Бул жолкусун деле Швейцария менен оюнда голдор жаап жатты. Жыйынтыгы менен эсептегенде Швейцария 3:2 эсеби менен утуп кеткен экен. Эмне кылсын эми оюн тең чыкканда африкалык Камерун тайпадан чыгып кетмек, Сербия утса анда Швейцария экөө тең үйүнө кетип, кайрадан эле Камерун, Бразилия менен чогу сапарын уламак. Бирок Сербия анын бирин да кыла албай Швейцарияга утулуп, эки колду көтөргөн бойдон чемпионаттагы оюндарын токтотту.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал эми Швейцария жеңишке гана сүйүнбөстөн упайлар боюнча Бразилияны кубалап жетип, тайпадан биринчиге чыгып кетишине дагы аз калбадыбы. Биринчилик менен өз тобунда чыгууга Швейцарияга бир гол жетпей калды. Ошентсе дагы негизги тапшырмасын аткарып Европалык команда 1/8 бөлүктө Португалия менен ойной турган болду.
Португалия Кореяны плей-оффко ала чыкты
Бул чемпионатта утулбаган команда калган жок. Бардык эле жылдыздуу курамдар жок эле дегенде бирден жеңилүү ызасын көрдү. Ал эми Португалия башкадан өзгөчөлөнүп, өз тайпасында 9 упай алганга мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок, алар деле болсо алдын ала 1/8 бөлүккө билетти алып койгондуктан алдыны көздөй алып учууга ашыккан жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Оюн башталар замат 5-мүнөттө эле Португалия эсепти ачып, азыр эми оюн бүткөнчө Европалыктар Түштүк Кореянын айласын алты кетирет деп турган элек. Бирок, Корея кымгуутка алдырбастан, өз оюнун бат эле таап алды. Арадан 20 мүнөт өтүп-өтпөй эле өз голу менен жооп берген Корея, дагы деле болсо тайпадан чыгууга бул эсеп жетишсиз экенини билип турду.
Криштиану Роналду канчалык аракет кылбасын же башы менен топко жетпей, же буту менен түз теппей, элдин назарында бир кызыктай абалда жүрдү.
Ал эми Корея аягына чейин акмалап жүрүшүп, оюн бүтүп кошумча убакыт кошулганда гана өзүнүн жеңишин сууруп чыкты. Мына кызык, жалпы эсеп; Португалия – Түштүк Корея 1:2 болуп, эми Кореянын оюнчулары сүйүнөрдөн мурун, берки өйүздөгү Уругвай менен Гананын жыйынтыгын билүүгө шашты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал жакта болсо Гананы Уругвай 0:2 эсебинде утуп жаткан кабар Кореялыктарга майда эле жакпадыбы чиркин. Алардын көктөн издегени жерден табылды да... Мындай кабарды уккан Корея футболчулары азыркыга чейин тайпадан чыгып кеткенине ишенбей турушат окшойт. Португалия болсо өз тайпасында биринчи орунда калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Футбол ушунусу менен кызык турбайбы, эми Уругвай менен Гана калган чемпионатты өз өлкөлөрүнө барып алып, эл катары сыналгыдан гана көрүшү керек. Ал эми биз болсо урматтуу окурман ушуну менен тайпалык оюндарды жыйынтыктайбыз дагы, эми 1/8 бөлүктөрдү футбол күндөлүгүндө жазып турабыз. Мындан аркы оюндар ары кызыктуу, ары опурталдуу болоруна шек жок. Эми деле кеч эмес, сиз дагы өзүңүзгө бир команданы тандап алып, күйөрмандык кыла бериңиз.
Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.












