Футбол: Хорватия жеңишке жөрмөлөп жетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 1/8 бөлүктөгү оюндар менен уланууда. Кезектеги матчтар Жапония жана Хорватия ортосунда өтүп, оюн 120 мүнөткө чейин созулуп, акырында жеңүүчүнү командалар пенальти аркылуу аныкташты. Ошондой эле экинчи өйүздө Азия континентинин дагы бир мыкты чыкмасы Түштүк Корея менен жылдыздуу Бразилия чейрек финалдын жолдомосун талашышты. Футбол күндөлүгүнөн оюндарга кенен токтололу.
Эки саат эсти оодарган оюн...
Жапондар менен хорваттардын оюну өтө чыңалган мүнөзүн башынан аягына чейин ошол калыпта кармады. Хорваттар алда канча тажрыйбалуу экенине карабай, көпкө чейин оюнунун ыгын таба албай, тапса алчусун ала албай жүрдү.
Дарексиз берген пастары, жарым аянттан топту жоготкону, атаандаштын айып аянтчасына батына албай турганы биз көнгөн Хорватияга окшобой турду. Айтор чаржайыт оюн жүргүзүп жатып, хорваттар жапондорго биринчи голду соктуруп ийсе болобу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мына биринчи тайм бүтөйүн деп жатканда, жапондор бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алып, дал ошол чабуулун голго айлантып, эс алууга кетишти. Хорватия үчүн күтүүсүз гол болуп калдыбы ким билсин, бирок сырттан карап турган кишиге Европалыктар оюнду жүргүзө албай жатканы билинип турган эле.
Экинчи таймда гана Хорватия умачтай көзү ачылып, өзүнө келди. Чабуулдары курчуп, кооптуу учурлардын санын көбөйткөнү менен жапондор деле бутуна топ тийген учурда азуусу менен ай жанып коюп жатышты. Ошентсе дагы 55-мүнөттө хорват чабуулчусу Перишич абадан көтөрүлүп келген топту, дарбазага таамай сүзүп, абийирди жапты. Бул гол Перишич үчүн тарыхый болду окшойт. Жалпы ири турнирде Хорватия үчүн 10-гол болуп, өз өлкөсү үчүн рекордду койду. Анткени буга чейин Хорватиянын Шукер деген көзгө атары өз өлкөсүнө 9 гол менен бомбардирлердин сап башын кармап келаткан экен.
Оюнга кайтсак, Хорватия дагы деле болсо эсептик артыкчылыкка чыгуунун аракетин көрүп жатты, бирок кай бир учурда Жапониянын чабуулдары оюнду асты-үстү кылып сала жаздагандарын кантип танабыз? Ошентип ары-бери тепкилешип жатышып, жалпы эсеп 1:1 менен аяктады. Эми плей-оффтун артыкчылыгы ушул экен, бул бөлүктө сөзсүз бир команда утушу керек эмеспи. Мына ошондуктан 90 мүнөт оюн бүткөндөн кийин, калыс дагы 30 мүнөт кошуп берди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эстери оогон эки тарап тең топ тепкенге алы калбай, айтор эки сааттык оюндан кийин, пенальтиге келип жетишти. 11-метрлик тебишүүдө хорваттардын дарбазачысы Ливакович жапондордун үч оюнчусунун тобун тосуп салып ааламды таң калтырды. Ал эми Жапония дарбазачысы болгону бир пенальтини күм-жам кылганга жарады. Ошентип пенальтиден 3-1 эсебинде жеңишке жеткен Хорваттардын сүйүнөөргө деле алы калбай, жөрмөлөгөн бойдон жарым финалга жөнөдү.
Баса дал ушул жерден хорваттардын бул жолу даңазалуу сүрөнчүсүнө айланган бийкечин кантти экен, кандай сүрөп жатты экен деп баары акмалап калды окшойт. Футболчусу бир тең, сүрөнчүсү бир тең деп бушга чейин эле футбол күйөрмандары интернетте кызуу талкуулап жатты эле. Ошол эле тапта жапониялыктардын ыйы стадиондо бир топко чейин токтобой турду. Самурай менен сумонунун мекенинен келгендер бир чети кырын, бир чети сырын көрсөтүп турду.
Бразилия он мүнөт сайын гол киргизип жатты
Дагы бир 1/8 бөлүктөгү оюн Бразилия менен Түштүк Корея ортосунда болуп өттү. Баарыбыз билип калгандай эле Бразилия бул оюнга абсолюттук фаворит катары чыкты. Бул жерде Корея канча мүнөт Бразилияга туруштук бере алат деген суроо турган болчу. Айтор, оюн башталар замат “сарылардын” азиялыктар менен эркелешкенге убакыты жок экенин билдирип, чабуулду көздөй алып учушту. Табы келип турган аттай эле жалаңдашат чиркин…

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алгачкы чабуул 7-мүнөттө эле гол менен аяктады. Арадан беш мүнөт өтпөй кезек Неймарга өтүп, ал дагы пенальти аркылуу эсеп тактага бакыйта дагы бир мөөр басып салды. Мындай шумдукту көрбөгөн Корея, эмне болуп атканын түшүнбөй эле турду. Келген топту коргоочулары алдыга карабай эле тээп салат же ал жакта бир командалашы болсочу, түгөттүкү десе...
Айланып эле топ кайра корейлердин дарбаза жагына келет, ызы-чуунун аягы кайра эле гол менен жыйынтыкталып жатпадыбы. 29-мүнөттө Ришарлисон топту жерге түшүрбөй башы менен үч-төрт жолу абадан шылдыңдап сүзгүлөп, ошол жерден пасташып жүрүп, корейлердин башын маң кылып, акыры ошол чабуулду дагы гол менен аяктады. Бразилиянын оюну кудум эле кинодогудай сценарий менен жүрүп жатканын кантип жашырам эми? Мына тынчыды го деп отурсак эле, 36-мүнөттө дагы бирди Лукас Пакета дегени барып көмөлөтүп жиберди. Буларын бул темпте болсо баш адашат, келе берчи бери калькуляторду дегенге жетип кала жаздадык. Камынып барып токтодум. Биринчи тайм 45 мүнөт болсо, орто эсеп менен алганда Бразилия ар бир он мүнөт сайын бирден гол согуп жүрүп отурган экен. Мына сага ламбада дедим…
Жашыл майсаңды карап олтургандар качан жабыла бийлеп кетет дедим. Он мүнөт сайын бирден гол деген эмне тамтык?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Таймдын экинчиси деле ошондой эле “сарылардын” үстөмдүгү менен өттү. Бирок жоготор эч нерсеси калбаган Корейлер деле ачык ойноп, Бразилиянын коргоосунун эбин таба баштады. Ал эми Неймардын командасы болсо калжеке футболу менен өздөрүнө анча-мынча катачылык кетирүүгө мүмкүнчүлүк берип отурушту. Ошентип күлүп ойнойбуз деп жатып, 76-мүнөттө Корея бир голун төшөп кетти. Бул гол Корея командасына жеңүүгө үмүт бербесе дагы, болгон бугун чыгарып алганга жакшы түрткү болду. Бул биз барбыз деген коңгуроосу эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Голго шылтап стадиондогу кайгырып турган Кореянын күйөрмандары дагы бир жарыла бакырып-бакырып алышты. Кыязы Түштүк Кореянын самаганы бир гол эле болгон окшойт, айтор ошол гол менен азиялыктар дагы тынчый түштү, ал эми Бразилия болсо көзүрлөрүн талаадан айдап чыгып жада калса дарбазачысына чейин алмаштырып, оюнду чыңалбай эле аягына чыгарып салды. Жалпы эсеп; Бразилия – Түштүк Корея 4:1 жана Бразилия чейрек финалда Хорватия менен кездешмекчи. Эми бул оюн тууралуу кезегинде кенен сөз кыларбыз, эң негизгиси сиз урматтуу окурман күндөлүктү калтырбай окуп, каалашыңызча бөлүшүп туруңуз.
Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.












