"Балам арабыздан кетип калбаса экен деп тилейм". Бөбөктөрдү тооруган онкология
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Соңку жылдары Кыргызстанда балам онкологиялык ооруга чалдыгып калды, дарылатабыз деп ири суммадагы акчага муктаж экенин айтып, коомчулуктан жардам сурагандар көбөйгөндөй. Шашылыш болуп калган учурда ата-энелердин замансы курулуп калып жатат. Мындан улам улам бир жерде кайрымдуулук акцияларын уюштуруп, атүгүл көчөгө чыгып каражат сураганга аргасыз болгон мисалдар да бар. Мунун себеби эмнеде, кайдан жүрүп мындай илдетке кабылды деп бушайман түшкөндөр четтен чыгат.
Дарыгерлердин, бул илдетти жеңгендердин айтымында, дарт аныктоодо кокусунан онкологиялык илдет аныкталып кала турган болсо дароо эле тирүүлүктүн эң катаал өкүмүндөй, баары бүткөндөй кабыл албоо керек. Медицина өнүккөн шартта муну жеңип чыгууга кенен жол ачылган. Андай каармандар Кыргызстандын өзүндө эле арабызда да жүрүшөт. Эң жакшы дары - илдетти жеңем, колдон келет деген бекем ишеним.

Сүрөттүн булагы, Бейтап
Арсендин өмүрү бычактын мизинде турат
Арсен ойносо оюнга тойбой турган чагында минтип онкологиялык илдетке кабылып калды. Ал он бир жашта, бирок оорунун айынан былтыртан бери мектепке дагы барбай калган.
Беш баланын түйшүгүн жалгыз көтөрүп жаткан эненин аны дарылатууга бере калайын десе акчасы, сата калайын десе мал-мүлкү дагы жок. Апасы экөөнүн жалгыз үмүтү элден бирин-серин түшүп жаткан каражат.
“Уулум ойноп жүрүп эле күтүүсүздөн жыгылды. Гемоглобини өтө эле төмөндөп кетип, реанимацияга түшүп калдык. Доктурлар анын апластикалык анемияга чалдыгып калганын аныкташты”,- деди апасы Бактыгүл Касмакунова.

Сүрөттүн булагы, Бейтап
Бөбөк учурда тез арада сөөк чучугун алмаштырууга муктаж, учурда анын өмүрү бычактын мизинде турат.
“Кандай гана учур болбосун балам гемоглобини түшүп, биздин арабыздан кетип калышы ыктымал. Муну эстегенде аны кучактап ыйлайм”,- деп кейиди апасы.
Кыргызстанда мындай операция азырынча жасала элек. Андыктан бала Түркия мамлекетине барып операция жасатып келиши керек. Ага кеминде 110 миң доллардын тегерегинде каражат керек экен.
“Андай каражат табууга мүмкүнчүлүгүм жок. Кайрымдуулук фонддору аркылуу он миң доллардын тегерегинде гана каражат чогулду. Калганы качан чогулат билбейм”,- деди Арсендин апасы.
Көрсөткүч 30 пайызга өстү
Расмий органдар соңку жылдары Кыргызстанда рак илдетине кабылган балдардын көрсөткүчү 30 пайызга өстү дейт.
2021-жылы 120 бала катталса, 2022-жылы 180, 2023-жылы 187 баладан аныкталган.
Дарты аныкталып, каттоого алынган балдардын саны болжол менен 2000ге чамалайт.
“Бирок бул көрсөткүч балдар көп ооруп жатат дегенге жатпайт. Буга чейин дарт аныкталбай келген болушу мүмкүн”,- деди Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков.
Доктурдун айтымында, дүйнөлүк изилдөөлөр боюнча ар бир 100 миң баланын арасынан 14-18ге чейин бул илдет аныкталат. Кыргызстанда мындай көрсөткүч учурда 10-12ге жетет.
“Кыргызстандын калкынын санын эске алганда өлкөдө жылына 220дан 250ге чейин бала катталышы керек. Бизде андан төмөн, демек дарты аныкталбай жүргөндөр дагы болушу мүмкүн. Айрым ата-энелер баласы ооруса дароо эле чет өлкөгө алып чыгып кетет, алар дагы биздин тизмеге түшпөй калат”,- деди ал.
Педиатрлардын билимин жогорулатуу керек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Стамбековдун айтымында, балдар онкологиясын эрте аныктоо кыйын. Ошондуктан көпчүлүк бөбөктөр үчүнчү жана төртүнчү стадиясында кайрылышат.
“Бирок балдар чоң кишилерден айырмаланып бул стадияда дагы сакайып кетет. Себеби балдарга жасалган химия терапия ийгиликтүү болуп эсептелинет”,- деди ал.
Учурда Кыргызстандын бардык районун балдар онкологу менен камсыздоо мүмкүн эмес. Анткени өлкө боюнча болгону он эки гана адис бар. Муну айткан дарыгер бул тармакта педиатрлардын билимин жогорулатуу керек дейт:
“Балдар ооруганда биринчи эле педиатрга барат. Алар дартты туура аныктап бизге жолдогудай болушу керек. Анын үстүнө онкологиялык оорулардын өзгөчө белгилерин дароо эле аныктоо кыйын”.
Адистердин айтымында дүйнө жүзү боюнча балдар арасында онкологиялык оорулардын арасынан ак кан болгон бардардын саны көп. Кыргызстанда ал 40 пайызды түзөт.
Бул илдетке кабылган балдар алсырап, өңү кубарып, тез-тез мурду канап, без чочуп, боору жана көк боору чоңоюп кетет.
Андан кийин эле мээнин шишиги турат, ал 15 пайыздын тегерегинде. Мээ шишигине кабылган балдар токтоосуз кусуп, көзү жакшы көрбөй, бети кыйшайып, колу-буту кыймылга келбей калат.
Үчүнчү эң эле кеңири тараган бездин рагы. Анда баланын денесине ар кандай шишиктер пайда болуп, арыктап, алы кетип, температура менен коштолот.
Онкологиягиялык оорудан айыгып кетүү толук мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алия рак илдетин жеңип чыккан бөбөктөрдүн бири. Ал 2021-жылы ак кан оорусуна кабылган.
Ата-эне алгач баланы Кыргызстанда дарылатып, сакайтып алган. Бирок асылган оору Алияны бир жылдан кийин кайра тооруган.
“Рак клеткалары кайра козголду, баланын сөөк чучугун алмаштырууга туура келди. Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүк жок болгондуктан Түркияга алып жөнөдүк”,- деди атасы.
Алия үй-бүлөдө үч кыздын улуусу, ага ошол кезде бир жарым жаштагы сиңдиси донор болгон экен.
“Сыноону жеңип чыгуу абдан кыйын болду. Балаң үчүн баарына барат экенсиң да. Болгон мал-мүлктү, топтогон оокат-кечени бүт саттык. Ал дагы жетпеди. Көчөгө үкөк көтөрүп чыгып, акча чогулттук. Жалпы 175 миң доллар кетти”,- деди бөбөктүн атасы Бекен.
Алиянын атасы кызынын айыгып кеткени чоң жеңиш экенин айтып кубанып отурду. Бирок бала дале доктурлардын көзөмөлүндө. Үч айда бир Түркияга барып, текшерилип турат экен.
Айтымында ага эле кеминде беш миң доллардын тегерегинде каражат кетет. Мындай сумманы кыска мөөнөттө табуу дагы оңойго турбайт.
“Аны табуу үчүн ичпей-жебей төбөбүз менен жер казып иштейбиз”,- деп кошумчалады.
Бейтаптын атасы кыргыз медицинасы ушул тармакка көңүл буруп, дарыгерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатып, жаңы техника, сапаттуу дары-дармек менен камсыздоо жагын колго алса дейт:
“Кыргызстанда дарыланып жакшы болуп чыккандардын баарыда вирус кийин кайра эле козголот экен. Чет өлкөнүн клиникалары менен биздикин салыштырып болбойт. Ал жактагы ооруканалар 100 пайыз керектүү жабдыктар менен камсыздалган”,- деди Бекен Жумагул уулу.
Чет өлкөгө дарыланууга чыгып жаткан бейтаптарга мамлекет тарабынан жардам берилсе жакшы болмок деп кошумчалады.
“Маселен, Түркияга барганда 90 күндөн кийин виза алышың керек болот. А биз ал жакта бир жыл жүрүп келдик. Баргандан кийин баскан-турганыңдын баары акча. Мамлекеттен же элчиликтен эч кандай жардам болбойт”.
Жүрө-жүрө көч түзөлөт

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстанда 2014-жылга чейин балдар онкологиясынын өзүнүн имараты болгон эмес. Улуттук онкология борборунан кичинекей бейтаптар үчүн болгону жыйырмага чукул гана орун берилген жана бир гана дарыгер иштечү.
Ошол жылы бюджеттен бир млн сом гана каражат бөлүнсө, он жылда анын суммасы 100 млн сомго чыкты дейт Султан Стамбеков.
Стамбеков айрым оорулар жогорку технологиядагы дарыланууну талап кыла турганын айтып, Кыргызстан азырынча андай көрсөткүчө жетише албай жатканын ырастады.
Бирок жылдан жылга жаңы жабдыктар менен толукталып, дарыгерлер Орусия, Түркия, Голландия сыяктуу мамлекеттерден билимдерин жогорулатып жатканын айтты.
“Дүйнөдө мыкты деген клиникалар бар. Ак кан оорусуна чалдыккан бейтаптарын 92 пайызы ал жактан сакайып кетет. Бирок алар каякта да, мен каяктамын. Биздин каржылоо кандай, алардыкы кадай? Колубузда бар болгон нерселерди колдонуп, аракетибизди көрүп жатабыз. Он жыл мурун бизге жыйырма гана орун берилсе, учурда үч кабаттуу имаратка ээ болуп отурабыз. Акырындык менен жолго салынып келе жатат”,- деди ал.
Кыргызстанда балдар онкологиясын дарылоодо химия терапияга болжол менен орточо 250 миңден 600 миң сомго чейин каражат кетет. Дарыланууга кеткен чыгымдын 60-70 пайызын мамлекет каржылайт.












