Рактын алдын алчу вакцина чын эле жардам береби?
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда 11-14 жаштагы кыздардын жүз миңден ашыгы папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өттү. Эмдөөнүн бул түрү жатын моюнчасынын рагын алдын алууга мүмкүндүк берет деп жүргүзүлүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, пландуу эмдөө келечекте жыл сайын жатын моюнчасынын рагына кабылган 600дөн ашуун учурдун жана 300гө жакын өлүмдүн алдын алат.
Папиллома вирусу деген эмне?
Адамдын папиллома вирусу - жыныстык жол менен жугуучу жана организмге кирсе, ар кандай ооруларды (айрыкча рак оорусун) пайда кылуучу инфекция. Анын 100дөн ашык түрү бар, ичинен отуз чамалуусу жыныстык жол менен жугат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жыныстык жактан активдүү калктын 80%га жакыны өмүр бою HPV инфекциясын жуктуруп алышат. Дүйнөдө 660 миллион адам буга чейин HPV менен ооруган (дүйнө калкынын 12%). Жыл сайын дүйнөдө HPV менен байланышкан рактын 750 миң учуру жана аногениталдык сөөлдөрдүн 32 миллион учуру катталат. Жыл сайын 300 миңден ашык адам HPV чакырган рактан көз жумат. HPV Кошмо Штаттарда, Россияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө кеңири таралган жыныстык жол менен жугуучу оору болуп саналат.
Жугуу жолдору
- Көбүнчө жыныстык жол менен жугат
- Презерватив HPVден 100% коргой албайт, анткени инфекция теридеги жана былжыр челдеги микро жаракалар аркылуу болушу мүмкүн.
- Жаңы төрөлгөн ымыркайлар төрөт учурунда папилломавирус жуктуруп алышы мүмкүн, бул балдардын кекиртек папилломатозунун жана ымыркайларда аногениталдык сөөлдөрдүн пайда болушуна себеп болот.
- Инфекция жөнөкөй эле бирөөгө тийип койсоң деле жугуп калышы мүмкүн. Бул вирус коомдук жайларда: бассейн, даараткана, мончо сыяктуу жерлерде бир нече убакытка чейин жашай алат жана адамдын денесиндеги жара, кесилген жерлер аркылуу кирип кетет.
- Эпиляция же сакал алуу учурунда адам өзүнө өзү жуктуруп алуу ыктымалдыгы да бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2008-жылы немис окумуштуусу Харальд цур Хаузен жатын моюнчасынын рагын пайда кылууда адамдын папиллома вирусунун таасирин аныктап, далидегени үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.
Жатын моюнчасынын рагы вирус жок болгон учурда пайда болбойт. Ал колпоскопиялык жана цитологиялык, гистологиялык изилдөөлөр менен аныкталат.
Дарылоо
АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун изилдөөсүнө ылайык, табигый иммунитет 90% учурда 2 жылдын ичинде организмдеги вирус менен өз алдынча күрөшөт.

Папиллома вирустун радикалдуу терапиясы жок, башкача айтканда, адамдын денесинен вирусту толугу менен жок кыла турган эч кандай дары жана ыкмалар жок. Дарыгерлер вирустун кесепеттерин гана дарылашат, башкача айтканда, рактын алгачкы баскычтарын жок кылышат.
Жабыркаган теринин алып салуунун жолдору төмөндөгүдөй:
- хирургиялык алып салуу;
- электрокоагуляция;
- көмүр кычкыл газы же неодимий лазер менен лазердик коагуляция (күйгүзүп салуу);
- суюк азот менен криодеструкция;
- химиялык күйгүзүү.
Вакцина алууга каршылар да бар
Кыздар эртелеп эмдөөдөн өткөрүлсө, вакцина ошончолук таасирдүү болот дешет адистер. Тиешелүү дарыгерлер вакцина жатын моюнчасынын рагынын өрчүшүн 85 пайызга чейин алдын алат деп жатышат.

“Жатын моюнчасынын рагы менен ооруган он алты, он сегиз жаштагы кыздарды дагы жолуктуруп жүрөбүз. Бул абдан коркунучтуу, ошондуктан эмдөөдөн өтүү зарыл. Биздин өлкө вакцинаны акысыз берип жаткан соң, эмдөөдөн өтүү керек, бул башка өлкөлөрдө сатылат. Мага келген айрым ата-энелер кызыма вакцинаны качан бересиздер деп шаштырат, кээ бир ата-энелер болсо вакцинадан баш тартып жатышат”,-дейт Венера Жунусова, Бишкектеги №24 мектептин врачы.
Эмдөөгө каршы болгондор арасында бул вакцина аялды тукумсуз кылат, вакцина чет өлкөдөн артып калган калдык дары деген шек саноо бар. Жакында эле эмдөөдөн өткөн кыздардын бири өзүн жоготуп, шок абалга түшкөн. Саламаттык сактоо министрлиги кыздын ден-соолугу жайында экенин, ал катуу коркконунан абалы начарлаганын жүйө келтирди.
Кыргызстанда мындай эмдөө биринчи жолу болуп жатат
“Вакцина 2006-жылдан бери өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет. Клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, вакцина коопсуз деп жыйынтык чыгарган. Бизде быйыл биринчи эмдөө жылы болуп жатат. Биз дагы клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзөбүз. Башка өлкөлөрдөгү изилдөөлөр жатын моюнчасынын рагы 80-90 пайызга азайганын билдиришкен”,- деди Нуржан Замирбекова, Республикалык эмдөө борборунун врач-эпидемиологу.

Эпидемиолог эмдөө башталардын алдында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады. Ошондой эле 2000ден ашык медицина кызматкерлери окутулуп,100 миңден ашык маалыматтык материалдар басылып чыккан.
Кыргызстанда биринчи жолу адам папилломасына каршы эмдөө жүрүп жатат, бирок кийинки жылдан тарта бул улуттук календарга киргизилери айтылды.
Жаштар арасында жатын моюнчасынын рагы көп каттала баштады
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат, алардын ичинен 300 аял бул оорудан көз жумат. Бул аялдарда рак оорусунун эң кеңири таралган түрү, Кыргызстанда көкүрөк рагынан кийин экинчи орунда турат. Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиеванын айтымында, соңку мезгилде жаш кыздардын арасында бул оору жайылып баратат. Буга себеп алардын сак жүрбөгөндүгү, инфекция катары ага көңүл бурбай жаткандыгы болууда.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Кыз турмушка чыгып, жашагандан кийин папиллома вирусу пайда болсо, клеткаларда оору пайда болот. Вирустун симптомдору дагы жок, билинбей өрчүй берет. Азыр төрөй элек кыздар дагы ооруп жатат. Бул мурда чанда эле жолукчу, азыр көбөйдү. Ошон үчүн аларды вакцина кылыш керек деген чечимге келдик”,- деди Бактыгүл Султангазиева, Улуттук онкология жана гематология борборунун директору.
Оорунун алдын алуунун эң эффективдүү жолу вакцина деген доктур андан сырткары ар бир кыз, аял өз убагында профилактика жүргүзүү максатында медициналык текшерүүдөн өтүп турушу керек. Аны аныктоо оор эмес дейт Султангазиева. Ал кыздарга жок дегенде бир жылда бир көкүрөгүн жана жыныстык органдарын доктурга көрсөтүп турууну кеңеш берди.
Жалпысынан өлкөгө 368 миң доза HPV вакцинасы келди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, вакцина 6 айлык интервал менен эки жолу жасалат: эгерде биринчи доза ноябрда берилсе, экинчи доза май айында берилет.
Кыргызстанда жылына 5,5 миң адам онкологиялык ооруларга чалдыгып келет. Алардын көбү аялдар. Өлкө боюнча рак ооруларынын структурасында 1-орунду эмчек рагы ээлейт (19,2%), 2-орунда жатын моюнчасынын рагы (12,7%) турат. Өлүм боюнча биринчи орунду эмчек рагы (10,1%), үчүнчү орунду жатын моюнчасынын рагы (7,0%) ээлейт. 2020-жылы 616 эмчек рагынын жана 435 жатын моюнчасынын рагынын жаңы учурлары катталган.












