Ракка каршы күрөшкөн айым: эмчек өзүмдүкүндөй болуп калды десе, төбөм көккө жетти
Абдыбек Казиев, Руфат Эргешов, Би-Би-Си, Бишкек

Биз сизге ракты жеңдим деген ишмер айымдын окуясын толугу менен баяндап беребиз. Сыртынан караган киши рак илдетине кабылган, анын запкысын тарткан деп оюна да келбейт. Абдан шайдоот, улам бир ишке, чакырууга ашыгып чуркап жүргөн айым. Ал жетимиш жаштагы Шайыр Сагынбаева. Өзүнүн уул-кыздарынан башка эле ондогон адам бул айымга Шайыр апам деп кайрылат экен.
Би-Би-Си он бир жылдан бери өткөрүп келе жаткан "100 Айым" долбооруна быйыл да тизме түзүп, жарыялады. Ага АКШнын мурдагы президентинин жубайы Мишель Обама баштаган аялдар менен бирге дал ушул Шайырбү Сагынбаева дагы кирди. Ал кандай аракети үчүн мыкты айымдар тизмесине киргенин талдап беребиз.
Жыйырма жыл бою дарыкана тармагында иштеген аялдын тагдыры 2006-жылы капилеттен өзгөргөн. Бойго жетип, күчкө толуп турган уулу кырсыктаптыр. Анын чөнтөк телефонун тартып алабыз дегендер темир менен каракушка чапкан экен. Ошентип дасыккан спортчу уулу бир заматта төшөккө жатып калат. Уулунун күйүтүн катуу тарткан атасы кейий берип, жарым жылда өзү өтүп кетиптир. Он жыл баш көтөрө албай жаткан уулу да 2016-жылы каза тааптыр.
Муң-кайгы, жоготуу Шайыр Сагынбаеванын ден-соолугуна соккусун бербей койбойт эле. Удаа келген оор сыноолордон кийин белди бекем бууп, баш-аякты жыйып алайын деп курортко барат. Ал жердеги дарыгерлер рак илдетине кабылган окшойт деп шек санап, көп өтпөй ооруу тастыкталат. Илдет үчүнчү стадиясына жетип калган экен. Өлгөнгө чейин үлгүрүп калайын деп мурас жазып, кимдерге кабар бериш керектигине чейин балдарына кат камдаганын Шайырбү айым күлүп эскерди. Анан дарысы болсо ичип турайын деп ооруканага барат. "Дарыгерим түшүнүксүз ойлорду айтып, дары бербей эле узатып жиберди. Көрсө жаш экенине карабай ишин мыкты билген адис экенин кийин түшүндүм" дейт ал.

“Керез-мурас жаздыңыз беле деп сурады. Ооба дедим. Анда айыгам десеңиз ошонун баарын өрттөп, анан мага келиңиз, орун камдап коём деди. Бул эмне дегени деп кандай ойлонсом да акылым жетпей койду. Диагноз болсо тастыкталды. Эч ким билбейт. Эми айла жок балдарыма айтайын деп курорттон келдим деген шылтоо менен уул-кыздарымды чогулттум. Бир жакшы, бир жаман кабарым бар, кайсынысынан баштайын дедим. Жаманынан баштай бериңиз деп калышты. Ракка кабылганым жаман кабар экенин айттым. Кайра баарын жооткотуп жакшы кабарым ушул, илдет жаңы эле башталыптыр деп жашырып койдум. Коркпоңуз деп алар сыр бербейт, баары жакшы деп мен сыр бербейм.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошентип ооруканага барып жата турган болдум. Түн ичинде жазган катымдын баарын айрып, бирок эки катты катып алдым. Ал уулум менен кызыма арналган эле. Дарыланып жаткан күндөрдүн биринде абалым начарлап кетти. Ошондо баягы катып койгон эки катты көтөрүп алып кайра дарыгериме бардым. Мен болбой калдым окшойт, ушул каттарды уул-кызыма берип коюңузчу дедим. Эже, андай эмес, кайдагыны айтпаңыз деп эле дарыгерим такыр кепке келбей койду. Кандагы канттын деңгээлин текшерип, дарылап жатып абалымды жакшыртты. Ошондо дарыгер сиз менин өтүнүчүмдү аткарбаптырсыз, эми калган каттарды айрыңыз, жаңы жашоо баштаңыз деди. Айрыганга колум барбай турду. Шарт эттирип өзү айрыды дагы болду Шайыр эже айыгабыз, эч кандай көйгөй жок деди.
Кейиген сайын көйгөй көбөйөт
Ооруканада жатканыбызда бир жаш кыз чогуу жатып калды. Интернетти окуп алып эле Шайыр эже мен окуп чыктым, биз жашап кете албайт экенбиз, болбой калыптырбыз дей берип өзүн таштап жиберди. Анан күндөн-күнгө абалы начарлады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошол эле учурда мага бир киши сен тамчылатма дары алган сайын ошол дарынын ар бир тамчысы мени тазалап жатат, аты жаман ооруну денемден кууп чыгарып салат деп кудайдан тилене бер, ошентип кайраттан деп кеңеш берди. Ансыз деле акыйып дарынын тамчылаганын карап жатам. Жөн жатпай ошентейин деп бүт оюм менен айыгам, мага жардам берет, мени кудай колдойт дей бердим. Күн сайын ошол.
Акырындап абалым кадимкидей жакшыра баштады. Кандагы кант да калыбына келип калды. Айтоор мен күрөшөм, моюн бербейм, жеңем деп жашай баштадым. Жыйынтыгы мынакей. Дарыгерлерим да баарын байкап турушту. Үч жыл тынымсыз, эрежедегидей дарыланганымдын жемиши ушул, дейт Шайырбү.
Дарыгерлерден, бейтаптардан, өзүнөн сурап жүрүп далай кызык окуяларды уктук. Өзү жашоодон түңүлүп, керез айтып жүргөн адам көп өтпөй абдан оор абалда калгандарга дем берүүчү болуп чыга келген экен. Ал бизге эмчегин кестирген кыздын окуясын толкунданып баяндап берди. Купуялуулук эрежеси менен кыздын аты-жөнү, жаш курагы жөнүндөгү маалыматтарды сөз кылган жокпуз.
Илдетке кабылгандарды колдоп, ооруну жеңсе боло турганын айткан чөйрө чоң жардам берет

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Шайыр эже, бир бейтап эмчегин алдыргандан кийин абдан жаман абалда жатат. Жаш кыз экен. Такыр эле кеп-сөзгө келбей жатат. Сиз сүйлөшүп көрө аласызбы деп бир дарыгер айтып калды. Макул деп атайын барсам жаш кыз экен. Сөзгө тартайын деп кандай аракет кылсам да болбой, дубалды карап жата берди. Эже мен баарын чечтим, тынчымды албаңыз дегендей эле сөзгө чекит коюп салды. Эмне кылаарымды билбей дагы бир аракет кылып көрөйүн дедим. Анда макул, өзүң бил, мен кайра-кайра келе бермек белем деп жанына кирбей койдум. Так эле ошондой эмчегин алдырган башка аялдар менен көнүгүү жасап турчубуз. Аларды атайын ошол эшиктин түбүнө ээрчитип келип, алар баарын жеңгенин, эмне кылып жатышканын угуза-угуза сүйлөп жаттык. Анан бир күнү баягы кыз өзү туруп келди.
Акырын байкап, дароо кепке тарттым. Уксам чындап эле оңой эмес экен, көрсө жигити экөө сүйлөшүп, ал колун сурап, жакын арада үйлөнөбүз деп той күнүн белгилешкен экен. Той алдында кызды бир сыйра текшерилип ал десе, тезинен операция керек, бир эмчекти албасак болбойт деп дарыгерлер айтыптыр. Ишенбей үч-төрт дарыгерге барса, баары ошол эле диагнозду айтат. Шашылыш албаса, экинчи эмчегине да өтүп кетмек экен. Арга жок, анан алышат.
Кызга абдан оор тийип, жада калса бул тууралуу жигитине да айтпаптыр. Жөн гана мен чечимимди өзгөрттүм, бактылуу бол, мени издебе, мен турмушка чыкпайм деп кат жазып койгон экен. Сүйлөшсөм ыйлап, алты саны аман башканы алып, бактылуу болсун, мени билбей эле койсун деп сыздайт. Сени ушундай бойдон алса, бактысыз болуп калаарын кайдан билесиң, сен ал баланы сүйсөң, ал сени сүйсө, азыр ал кандай абалда калганын ойлодуңбу? Балким ал сени гана тандайт деп сөздү уланттым. Акырындап отуруп кыздын тилин таптым. Анан бул маселени сен айтпасаң, мен ортого түшө алам деп жигитинин номерин алдым. Ага чалып, сиз менен сүйлөшө турган маселем бар эле, апаңыз менен чогуу жолугалы деп көндүрдүм. Келишти, учурашкан соң сиздин апаңыз менен сүйлөшүп алайын, сыртка чыгып тура аласызбы десем, бир сыйра таң калып, анан чыгып кетти.
Апасына болочок келиниңиз ушундай болду деп баарын төкпөй-чачпай айтып бердим. Абдан жакшы адам экен. Жалгыз уулум, ал кандай кызды тандаса да макулмун, мунжуну алам десе деле баламдын тандоосун сыйлайм деди. Окуяны угуп алып абдан ыйлады. Анан уулун чакырдык, ал кирсе сөз баштай албай буйдалып калдык. Анан акырын сурай баштадым. Сен сүйлөшкөн кызыңды чындап сүйөсүңбү десем, эже сизге кандай айырмасы бар деп ачуулана түштү. Бул сурай турган иш, сүйлөшпөсөк болбойт, сүйгөн кызыңдын бир эмчегин кесишти десем, кандайча кесип салат деп түшүнбөй жатты. Сен ошол кызды мурдагыдай сүйө аласыңбы деген сыяктуу бир топ суроону бердим. Ал болсо мага кызды азыр көрсөтүңүзчү, мен аны кандай болсо да көргүм келет деди. Чындап эле көргүң келсе, анда бираздан кийин ооруканага келгиле, мен кызды ээрчитип чыгам дедим.
Кызга кирип баарын айтып бердим, жигитинин апасы айткандардын баарын айттым. Көргүң келеби десем ооба, мен да сагындым деп жашып кетти. Жүрү деп ээрчитип жөнөдүм. Жигитиң да, апасы да мыкты экен, сенин амандыгыңды эле тилеп жатышат, алаканга салып алабыз деген ушундай адамдар турса, менин бир эмчегим жок деп эле жүрө берсең, анда билбейм деп сүйлөп бараттым. Аңгыча эле алыстан башын көтөрүп, жигити бизди көрдү. Катуу жүгүрүп келип, эки ийинден кармап, бул эмне кылганың, мен сенсиз жинди болуп кете жаздадым, аз эле жерден жанымды кыйып коё жаздадым деп кирди. Кызды катуу кармаганга, силкилдеткенге болбойт десем эле кучактап, бооруна кысып шолоктоп ыйлады. Экөө кыйлага чейин турду. Аларды көрсөң кино бул жакта эле калат.
Ошентип баары жаңы барактан башталсын деген тилек менен үйлөнүү тоюн мурда белгиленген күндөн жылдырбай өткөрө турган болушту. Эки тарап макулдашып, кызды ооруканадан салонго, андан ары тойго алып кетишти. Көкүрөгүн кандай кылабыз деп аябай ойлондум. Анан түнкү саат үчкө чейин отуруп, жасалма эмчек тиктим. Ары кылсам да болбойт, бери кылсам да болбойт. Анда азыркыдай ыгын да билбейм. Акыры даярдадым. Берип жиберсем аябай жагыптыр. Кудум эле өзүмдүкүндөй болуп калбадыбы деп абдан кубанган экен.
Уулду болушуп, жакшынакай эле эмизип чоңойтуп, эми экинчи наристесин күтүп жатышат. Жакында эле байланыштык, аман-эсен көз жарып алсын деп сүйүнчү күтүп олтурам. Бири-бирине ынак болуп, бактылуу жашап жаткандарына абдан кубанам!
Балдар жабыркабасын десеңиз, үйдө ынтымак, гармония болсун
"Ынтымак бар үйдө балдар да оорубайт. Ынтымак кете баштаса эле балдар сыркоолой баштайт. Аны биз суук тийди же тигил-бул дейбиз. Ооруга гармондор таасир этет. Ден-соолук ооздон жана ойдон кетет. Сөз оорутат, сөз айыктырат.
Медицинасы өнүккөн өлкөлөрдө ракка кабылгандарды сооротуп, түшүндүрүп, жакшыга ишендире турган адистери, психологдору бар. Тилекке каршы Кыргызстанда андай шарт жокко эсе. Ошондой зарылдыктан улам Шайыр айым ракка кабылгандарга умай эне, психолог, шык берүүчү деген ролдун баарын бейрасмий мойнуна алган. Ага дарыгерлер өздөрү да абдан ыраазы.
"Бул эже кезинде өзү катуу ооруган, жаш деп айтканга, укмуштуудай бай деп айтууга болбойт. Бирок ага карабай эмчеги кесилген аялдарды шишик басып кетпеши үчүн жасала турган укалоонун түрлөрүн өз алдынча үйрөнүп алып, ошонун баарын акысыз көрсөтүп, жасап берип, ал аз келгенсип азык-түлүгүн, жатаканасынан бери чечип берип жатканын көрүп, деги бул эженин ичинде эмне деген кыймылдаткычы бар деп таң калам. Биз иштин көптүгүнөн аялдар менен аял катары эмес, дарыгер катары гана сүйлөшкөнгө чамабыз жетип калат. Эже болсо ошонун баарын аялдай, ападай сүйлөшүп, сүрөп келе жатат",- дейт маммолог, медицина илимдеринин кандидаты Яна Карабаева.

Аты жаман илдет жакшы сөзгө эле жеңилип бербейт. Ага кымбат дарылар керек. Айрымдар дарыланабыз деп тапкан-ташыганын бүт коротуп, айласы кетип калат. Ошондо да дары-дармегине акча жетпейт. Анын баарын өз көзү менен көргөн Шайыр айым буга да жол издептир.
"Илдеттен баш көтөргөн төрт аял башкалардын кандай кыйналып жатканын көрүп, жөн карап тура албадык. Бир жолун таап, жардам бергибиз келди. Байкасам тикмечилик колубуздан келет экен. Бир күнү тикмечиликке үйрөтүп жүргөн жигит чалып калды. Жагдайды түшүндүрсөм эле бир бөлмө, тигүүчү машиналары менен бош турат, пайдаланыңыз деп калды. Беш жүз сомдон чогултуп алып, базардан кесинди материалдарды сатып келдик дагы заматта сумкаларды тигип жибердик. Сатып алчу кардар да чыкты. Ошентип биринчи капиталыбыз түштү. Улам ар ким бир нерсесин сатып берип чакан цехке айландык. Анан эжелерибиздин бири силерге имарат керек экен деп “Дастан” ишканасына акысыз сүйлөшүп берди. Коммуналдык гана чыгымдарын төлөйбүз. Биз кимге жардам берип жатсак, ал адам дарыга акча табам деп башын оорутпайт, санаа тартпайт. Топтолгон акчага бир учурда төрт бейтапты дарылаткыдай чамабыз жетет экен, дарылоосу аяктаган учурда башкасын ордуна алалы деп чечим кабыл алдык. Ошентип соңку үч жылда 33-34 000 доллардай каражатты ушул аркылуу топтоп, 34 аялдын дарылануусуна жардам бердик".
Жетимишке таяп калган аял ушунча жоопкерчиликти өз мойнуна кантип алды? Бейтаптар бул тууралуу эмне дейт?

"Ооруп калдым, менин мисалымда бир эле химиялык дарылоого 50-60 миң сом керек экен. Аны эптеп топтодук. Андан кийинкисине чындап эле чамабыз жетмек эмес. Аябай айлабыз кетип, эми дарыланбайм деп калгам. Аңгыча эжелердин кабарын уктум, келип таанышып, ал-абалымды айттым. Жардам беребиз деди. Эми кандай болот деп анчейин ишене берген жокмун. Себеби такыр эле чоочун адамдар да. Убактысы келип, мына эртең дегенде ошончо акчаны алып келип, үзгүлтүк кылба, дарылан, эч ойлонбо, ушунун сага жардамы тийсе эле болду. Кийинкиңе камсанаба, биз канча керек болсо, ошончо иштеп табабыз десе, угуп алып, нес болдум. Анан экинчи терапиямдан кийин ушул эжелер биз үчүн кара жанын карч уруп иштеп жатса, жок дегенде ысык чайын куюп берип, чынысын чайкасам да барайынчы деп чечтим. Ошентип мени ушул адамдар толук дарылатты. Керек болсо азык-түлүккө чейин камсыздады. Кантип анан ушундай адамды мен апа дебейм? Апамдан кийин экинчи өмүр берген адам болуп жатпайбы. Бул апамдар менен жүрүп, мен оору дегенди да унуттум. Такыр өзгөрдүм. Ушундай да адам бар бекен, бир тыйын сурабай да жардам кылат бекен деп тууган-уругум Шайыр апага аябай таң калып, батасын беришти. Жанынан чыкпай, ошол апанын тарбиясын ал дешти. Мен бул адамдарга жолуккан күндөн тарта такыр башка адаммын. Мен жакшыга ишенем, мен жашоону сүйөм",- дейт Чынара Касымова.

Ракка кабылып, эң алыскы аймактардан келип, баш калкадан кыйналгандар четтен чыгат. Айрымдары ар кайсы бекетке түнөп калганын билгенде, эмне кылаарымды билбей калдым, дейт каарманыбыз. Ошентип 400-500 сомго эле жашагыдай атайын жай ачканын угуп, ал жакка да баш бактык. Көрсө, алыскы айылдардын биринде бир жесир келин ракка кабылган экен. Бишкектеги эжеси менен жездеси дарылатабыз деп колунан келишинче сүрөптүр. Кайра-кайра келип, химиялык дарылоо алгандыктан бул учурда атайын бөлмө бөлгөнгө туура келет экен. Ошондой күндөрдүн биринде ал үйдүн кичинекей баласы "таеже, сиздин күйөөңүздү мен өлтүргөн жокмун, биз эч нерсе кылган жокпуз, сиз деп ата-энем канча карыз болду? Сиз менин бөлмөмдү ээлеп жатасыз, мен окушум керек, бул жер менин ордум. Сиз чоң кишисиз да, өз көйгөйүңүздү өзүңүз чечиңиз", деген экен. Ошондон кийин аял дарыланууга кетип, андан ары бара турган жери жок темир жол бекетиндеги орундукта уктап калат. Кечинде бир кызматкер сиз рейстен калып калган жоксузбу, түнкү каттам эле калды деген экен. Бара турган жери жок, айласы кетип турганын түшүндүрсө, жаш балалуу энелер кире турган бөлмөгө түнөткөн экен.
"Аялдын талаада калып кыйналганын уккандан кийин бул көйгөй чечилбесе, баш калканын жогунан далай аял дарыланууга келбей да коюшу ыктымал деп ушул жайды ачкам. Таң калганым ачкан күндүн эртеси эле үстүңкү кабаттагы кошуналар далай буюмун беришти. Ошентип белен буюмга толуп, аялдарга баары даяр болуп калды" дейт Шайыр айым. Бул жерге келгендер суу, свет, газ, тазалоо деген сыяктуу гана төлөмдөрдү төлөп, жашай беришет.

Залкарлардын, даанышмандардын кургак жерге тамчы бол, бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт, жакшы сөз жан эргитет, адам кааласа таштан суу чыгарат деген сыяктуу ойлор менен уйгу-туйгу болуп, эжени кийинки жакшы ишине узаттык.
- Бул материалдын видеосун толугу менен YouTube баракчабыздан бул шилтеме аркылуу көрүңүз:
Статистика кандай?
Кыргызстанда жылына 5,5 миң киши онкологиялык ооруларга чалдыгып келет. Алардын көбү аялдар. Өлкө боюнча рак ооруларынын структурасында биринчи орунду эмчек рагы ээлейт (19,2%), экинчи орунда жатын моюнчасынын рагы (12,7%) турат.
Өлүм боюнча биринчи орунду эмчек рагы (10,1%), үчүнчү орунду жатын моюнчасынын рагы (7,0%) ээлейт. 2020-жылы 616 эмчек рагынын жана 435 жатын моюнчасынын рагынын жаңы учурлары катталган.












