Жатын моюнчасынын рагы: Кыргызстанда аялдар өздөрүн жакшы карашпайт
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жатын моюнчасынын рагы - бул аялдын жатынында жана жатындын кынга туташкан жеринде пайда болгон рак клеткалары. Ал эң көп таралган гинекологялык-онкологиялык оору болуп саналат. Аталган оору 30-50 жаштан жогору курактагы аялдарда болушу мүмкүн, бирок күнүбүздө жаш кыздарда дагы пайда болгон учурлар кездешет.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жатын моюнчасынын рагы аялдарда көп кездешкен рак оорусу боюнча төртүнчү орунда турат. Эгер бейтап убагында туура дарыланып, көңүл бурса, андан толугу менен айыгып кетүү мүмкүн.
Кыргызстанда жылына 5,5 миң адам онкологиялык ооруларга чалдыгып келет. Алардын көбү аялдар. Өлкө боюнча рак ооруларынын структурасында 1-орунду эмчек рагы ээлейт (19,2%), 2-орунда жатын моюнчасынын рагы (12,7%) турат.
Өлүм боюнча биринчи орунду эмчек рагы (10,1%), үчүнчү орунду жатын моюнчасынын рагы (7,0%) ээлейт. 2020-жылы 616 эмчек рагынын жана 435 жатын моюнчасынын рагынын жаңы учурлары катталган.
Жатын моюнчасынын рагынын алгачкы белгилери
Бул илдеттин алгачкы стадияларында белгилери билинбеши мүмкүн. Бирок күчөп баратканда төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр байкалат:
- Жыныстык катнаш учурунда же андан кийин кандын бөлүнүп чыгышы;
- Этек кир циклинин ортосунда анормалдуу кандын келиши жана анын өзгөрүшү. Мисалы, учурунда келбөөсү, оорутуусу;
- Жаман жыт менен коштолгон бөлүнүүлөрдүн келүүсү;
- Кан аралаш бөлүнүүлөрдүн көбөйүшү;
- Жыныстык катнаштын жагымсыз болуп, оору менен коштолушу.
“Баары бүткөндөй” сезилет
Ысык-Көл облусунун тургуну Кундуз Осмонова жатын моюнчасынын рагына кабылып, аны алдырганга дуушар болгон. Анын айтымында, “рак” деген илдеттин атын укканда эле “баары бүткөндөй” сезилет, ошондуктан дагы кыргыздар аны тергеп, “жаман оору” деп коюшат.
“Онкологиялык борбордун эшигин аттагандан кийин эле өзүңдү жоготуп баштайт экенсиң. Ракты укканда такыр эле өмүрүң азыр бүтүп калчудай болот. Мен дагы абдан жаман болдум, бирок жакындарымдын колдоосу менен жеңип кеттим десем болот”, - дейт Осмонова.
Баштапкы стадияларында бул илдеттин белгилери билинбегендиктен, айымдар бул ооруга чалдыкканын көбүнчө билбей жүрө беришет. Ошондуктан, адистер атайын медициналык текшерүүдөн жок дегенде, бир жылда бир өтүп турууну сунуштап келишет.
“Мен 50гө чыктым, мага эми гинекологго баруунун деле кажети жок деп жүрө бергем. Көрсө канчага чыксаң да, гинекологго сөзсүз кайрылып туруу керек турбайбы. Мен ошентип жүрүп ооруну күчөтүп алдым окшойт, анын үстүнө бул ооруну ичтен өрчүйт, билинбейт”, - деп кошумчалайт ал.
Кыргызстанда рак менен күрөшүү үчүн акча жетпейт
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул “жаман оорудан” арылыш үчүн доктурлардын көрсөтмөсү менен Осмонова жатын моюнчасын алдырып салган. Минтип айтып койгонго оңой болгону менен, Кыргызстанда орточо айлык маяна алып жашаган жаран рак оорусу менен күрөшүүсү үчүн акчасы жетпейт дейт ал.
“Себеби, бир химия терапия эле 10 миң сомдон ашат, андан бирди эле албайсың, сөзсүз 3 же 5ти аласың. Андан тышкары дары-дармектер бар, алар да кымбат. Операциянын акысы дагы арзан эмес. Мисалы, мен нур терапиясын алдым жана жатын моюнчасына операция жасатып, аны алдырдым. Мага эң аз дегенде 100 миң сом кетти. Азыр дагы 6 ай сайын текшерүүдөн өтүп, врачтын көзөмөлүндө дарыланып турам”, - деди Осмонова.
Жатынын алдырып салган аялдардын көбү стресске батып, депрессияга түшүшөт. Себеби, жатын организмдин маанилүү бир бөлүгү жана ал аялы менен күйөөсүнүн мамилесине, маанайына таасир этпей койбойт. Осмонова жолдошунун колдоосуна ыраазы. Анткени, айрым үй-бүлөлөр аялы жатынын алдырган соң ажырашып кетишкен учурлар көп.
Аялдар өзүлөрүн жакшы карашпайт
Улуттук Онкология борборунун онкогинекологу, медицина илимдеринин кандидаты Асел Бейшенова бул тармакта 25 жылдан бери эмгектенет. Анын айтуусунда, жатын рагына кабылгандардын саны чынында өсүүдө жана мунун бир эле себеби жок, ага көптөгөн факторлор таасир этет.
Алсак, экологиядан тарта оорулуулулардын жашоо образына чейин көп факторлор таасир этет. Бирок, биринчи кезекте, бейтап өзү бул ооруну күчөтүп жиберет.
Аялдар өзүлөрүн жакшы карашпайт, тамеки чегишет, ичкилик ичишет, туура тамактанышпайт, убагында доктурга көрүнүшпөйт, ооруса дагы чыдап жүрө беришет же алдын-ала профилактика кылышпайт, ушул сыяктуу башка көптөгөн себептер бар.

“Советтер союзу маалында ар бир мекемеде, мектеп, окуу-жай, ишканаларда медициналык текшерүүлөр жүрүп турчу. Анын негизинде бардыгы убагында дарыланып, ооруларды учурунда билип, айыкканга шарт бар болчу. Азыр эми жашоо башка болуп, система башкача болуп кетти да, ушунун баары бул илдет менен ооругандардын санынын өсүшүнө алып келүүдө”, - дейт Бейшенова.
Ал азыр аялдар ооруларын билип алып деле дарылабай жүрө беришет дейт. Мисалы, эрозиясы бар аял боюнда болуп калса, аны дарылабаса, анын кош бойлуулугу да оор өтөт, ал учурда дарылганга дагы болбой, же дары иче албай, оорусу күчөп, акыры ракка алып келиши мүмкүн.
“Анан дагы, айымдар ар кандай чөптөрдү ичип, көзү ачыктарга барып ооруну жеңебиз деп ойлошот. Бул туура эмес, оорулуу өзүнүн профили менен бир гана адистерде-доктурларда дарыланышы керек. Болбосо, оору ого бетер күчөй берет”
“Рак – өлүм жазасы” деген диагноз эмес
Адис ошондой эле, “рак – өлүм жазасы” деген диагноз эмес деп баса белгилейт. Залал шишиктердин көбүн азыр дарыласа болот жана ооруну жеңүүгө биринчи иретте оорулуунун маанайы жана айыгам деген максаты болуш керек дейт.
“Жатын моюнчасынын рагын дарылоо анын стадиясына жараша жүрөт. Мисалы, 1-стадия болсо, 1 операция менен бүтөт. Стадия жогорулаган сайын, дарылоо процесси да оорлой берет. Бирок спецдарылоо деп коебуз. Ага сөзсүз түрдө хирургиялык дарылоо – операция, химиятерапия – бул залал шишиктерди дарылоо үчүн химиялык аппараттарды колдонуу жана нур терапиясы. Кээде булардын бири гана колдонулат. Кээде комбинациялык түрдө ушул үч ыкманын экөө колдонулат. Ал эми кээ бир учурларда комплекстүү түрдө бардык ыкмаларды колдонуу менен дарылашат. Ар бир бейтапка индивидуалдуу түрдө дарылоо процесси дайындалат”, - дейт медицина илимдеринин кандидаты Бейшенова.
Өнүккөн өлкөлөрдө жатын рагына каршы эмдөө бар. Кыз кезинде бул эмдөөдөн өткөндөр келечекте бул ооруга чалдыкпайт. Кыргызстанда азырынча эмдөөнүн бул түрү жок.
Жатын моюнчасынын рагын алдын алыш үчүн адистерден төмөнкүдөй кеңештер берилет:
1. Жылына 2 жолу же 6 айда бир гинекологдун текшерүүсүнөн өтүү;
2. Жыныстык өнөктөштөрдү бат-бат алмаштырбоо жана дайыма сактануу;
3. Бутту жылуу кармоо, сууктан коргонуу.
4. Адистерге гана кайрылуу, кыргызчылык, көзү ачыктардан оолак болуу.












