Аялдардагы рак илдети эки миллионго жетти

Рак илдети

Сүрөттүн булагы, spl

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рак илдети

Окумуштуулар берген акыркы маалыматтар боюнча өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча эки миллиондой аялга көкүрөк жана жатын рагы диагнозу коюлган.

АКШ адистеринин айтымында аталган илдетке чалдыккан аялдардын басымдуу бөлүгү 50 жаштан жогоркулар болууда.

Өнүккөн өлкөлөрдө жашап, рак илдетине кабылган аялдар текшерилүү, дары-дармек, чылымга каршы иш аракеттер жана вакциналар менен жетиштүү деңгээлде камсыз боло алышат деп билдирет окумуштуулар. Алар дүйнө лидерлерин рак оорусуна маани берип, аны олуттуу көйгөй катары кабылдоого чакырышты.

2010-жылы көкүрөк жана жатын органдарынан рак илдетине чалдыккан эки миллионго жакын аялдардын 625 миңи көз жумган.

Сиеттлдеги Вашингтон Университетинин Ден соолук көрсөткүчтөрү жана аны баалоо иниститутунун анализи боюнча жакыр өлкөлөрдө көкүрөк жана жатын органдарынын рагы менен ооругандардын басымдуу бөлүгүн жаш аялдар түзөт.

Рак илдети боюнча иш алып барган кайрымдуулук уюмдары жана окумуштуулар бул ооруга эне өлүмү менен катар эле дүйнөлүк деңгээлде көңүл бурууга чакырышууда.

Барган сайын көбөйүп

Көкүрөк рагы боюнча дүйнөлүк көрсөткүч жыл өткөн сайын болжол менен 3 пайызга өсүүдө. Муну менен бирге бул илдеттен көз жумгандардын саны да жыл сайын 2 пайызга жогорулап жатат.

Адистердин маалымдоосуна караганда, оорунун башкы себеби организмдин картаюсу болгону менен акыркы учурда ашыкча диета, семирип кетүү, тукум кууган илдет, экономикалык шарттар да ракка жол ачып жатат.

Сүрөттүн булагы, PA

Окумуштуулар эрте изилдөө, көкүрөк рагынын алдын алуу, жатын органдарына HPV эмдөөлөрүн жүргүзүү (папиллома вирусуна каршы эмдөө), жатын рагынын эрте диагноздолуп, дарылануусу жана чылым чегүүгө каршы иш аракеттерди жүргүзүү менен бул илдеттен өлгөн аялдардын санын азайтса боло дейт.

Маселенин баары мындай программаларды дүйнө жүзүндөгү аялдарга кандайча жеткиликтүү кылса болот деген суроодо болууда.

Жатын рагына каршы эмдөөлөр кеңири деңгээлде жүргүзүп, баасын арзандатууга болот. Кеңири масштабдагы мындай иш чаралар глобалдык фонддор тарабынан каржыланышы мүмкүн дейт адистер.

Мурда төрөөт жана кош бойлуулук учурундагы кыйынчылыктар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү төрөөт жашындагы аялдардын өлүмүнүн башкы себептеринен болуп келген.

Азыр болсо бул көйгөйгө жакыр өлкөлөрдөгү көкүрөк жана жатын органдарынын рак илдетине чалдыккандардын санынын көп болуусу кошулду.

Сүрөттүн булагы, Other

Австралиянын Квинсленд университетинин окумуштуусу, доктор Алан Лопез: “Дүйнө жүзү боюнча кош бойлуу жана төрөөт учурунда аялдардын өмүрүн сактап калуу боюнча биз эбегейсиз чоң иш чараларды жүргүздүк. Анын жыйынтыгы абдан пайдалуу болгонун да көрүп жатабыз. Көптөгөн энелердин өмүрүн сактап калуу үчүн көкүрөк жана жатын рагы илдети да ушундай кеңири деңгээлде каралышы керек”, - деди.

Алдын алса болот...

1980-2010-жылдардын аралыгында 187 өлкөдөгү окумуштуулар аялдардын рак илдетинин изилденүүсү жана дарылануусуна багытталган иликтөө иштерин жүргүзүштү.

Улуу Британияда көкүрөк рагы илдетине чалдыгып каза тапкан аялдардын саны 32 ден 1 аялга түшкөн, 2010-жылы 47 аялдан бирөө болгон. Руанда сыяктуу жакыр өлкөлөрдө 980-жылы 60 аял болсо, 2010-жылы 97ге чыккан.

Изилдөөгө катышкан дагы бир доктор профессор Рафаэль Лозанонун айтымында, дүйнөлүк коомчулук көкүрөк рагын өнүккөн өлкөлөрдүн проблемасы катары кабылдап көнүп калган. Бирок бул көйгөй азыркы учурда глобалдашып, жер жүзүнүн булуң бурчуна таркап кетти.

Ракка чалдыгуунун негизги себептери жетишсиз тамактануу жана семирип кетүү

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ракка чалдыгуунун негизги себептери жетишсиз тамактануу жана семирип кетүү

"Ракка чалдыгуунун негизги себептери жетишсиз тамактануу жана семирип кетүү. Мындай көрүнүштөр азыр жакыр өлкөлөрдө да көп. Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө көкүрөк рагын алдын алуу, изилдөө жана дарылоого боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, андан өлгөндөрдүн саны азайганын көрө алдык. Бирок жакыр өлкөлөрдө тескерисинче, бул көйгөй улам өсүүдө.

Жатын рагына чалдыгуу жана андан каза тапкандардын саны өнүккөн өлкөлөрдөгү көрсөткүчтөр боюнча көкүрөк рагына караганда аз болууда. Кейиштүүсү коопсуз жыныстык катнаш, алдын алуу жана эрте диагноз коюп дарыласа тез эле сакайып кете турган оорудан жыл сайын жарым миллиондон ашуун аялдын өлүүсү. Улуу Британиядагыдай туура багыт жана каржылоо менен бул оорунун алдын алса болот эле", - деди профессор Лозано.