Онкология: туура тамактанууну үйрөткөн кыргызча китеп

Китептин бет ачары Эл аралык китеп күнүнө карата Бишкекте өттү

Сүрөттүн булагы, POMOGATLEGKO.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Китептин бет ачары Эл аралык китеп күнүнө карата Бишкекте өттү

Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдардын туура тамактануусу боюнча кыргызчаланган китеп биринчи жолу басылып чыкты. Учурда китеп муктаж ата-энелерге акысыз таратылууда.

Түп нускасы Орусиянын “Дмитрий Рогачев” атындагы балдар онкологиясы илимий изилдөө борборуна таандык. Кыргыз тилине “Жардам берүү оңой” коомдук фонду аркылуу которулду.

Анын негизги максаты - баласынын илдети менен күрөшкөн региондогу ата-энелердин түйшүгүн жеңилдетип, зарыл маалыматты жеткиликтүү кылуу.

Химия терапия алган балдардын табити жоголот

Химия терапия алган балдардын табити жоголуп, жумалап, айлап тамак жегенден баш тартышат. Ооз көңдөйүнүн ичине жара чыгып, тынымсыз куса башташат. Мындан улам тез убакта арыктап кетишет.

Ошондуктан оор кесепеттердин алдын алуу үчүн эң алгач эле балдардын тамактануусуна көңүл буруп, атайын рецепт менен тамак-аш даярдап берүү керек деп эсептешет адистер.

“Мурда көп ата-энелер билбей эле балдарына базардан майга куурулган токоч, самса алып берип коюшчу. Бул балдарды ого бетер кыйнайт. Ал эми бул китепте ракка кабылган калган балдар кандай тамактаныш керек, кандай витамин жеш керек, керек болсо кандай суу ичиши керектигинен бери жазылган. Мындай китепти жыйырма жыл мурун эле Америкадан көргөм. Эми бизде болуп жатканы абдан жакшы болду”, - деди медицина илимдеринин доктору, профессор Эмиль Макимбетов.

"Мындай китепти жыйырма жыл мурун эле Америкадан көргөм..."

Сүрөттүн булагы, POMOGATLEGKO.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Мындай китепти жыйырма жыл мурун эле Америкадан көргөм..."

Дарыгердин айтымында, ата-энелердин көбү баласынын дарты менен алпурушуп жатып, тамактануусуна олуттуу көңүл бура албай калат. Туура тамактануу ракты жеңүүгө бирден-бир себеп, өбөлгө болуп берет.

Китепте тамак, салат, буламык, таттуулардын ар биринин курамы, даярдоо ирээти менен жазылган.

Кыргыз тилинде кеп-кеңеш берчү китеп

Ата-энелер китептин ачылыш аземинде

Сүрөттүн булагы, POMOGATLEGKO.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ата-энелер китептин ачылыш аземинде
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Онкологияга байланыштуу кыргыз тилдүү китептер жетишсиз болуп турган чакта, бул ата-энелер үчүн жакшы жардам болууда.

“Кызым 2017-жылы ооруп калды. Ал убакта мындай китептер жок болчу. Айрыкча онкология менен жабыркагандарга кандай тамак, витамин бериш керек деген кыргыз тилдүү китеп такыр эле жок болчу. Китеп чыкканы аябай эле жакшы болду. Мисалы, бир эле балык тамак бере берсең бала тажап кетет. Ал эми ошол эле балыкка дагы эмнелерди кошуп, түрлөп жасап берсе болору жазылган. Башка дагы түрдүү тамактын даярдоо эрежеси жазылыптыр. Бул абдан жакшы болду. Кубанычта болуп жатам”, - деди Нүргүл Урайымова.

Рак менен күрөшкөн айрым балдардын табити маанайына жараша өзгөрүп турат. Мисалы, эртең мененки жегиси келген тамагын түшкүсүн жебей калат. Же болбосо айрымдары бир тамакты бир-эки жыл бою жей беришет. Ошол учурда кандай тамак берип, рационду алмаштырса болору дагы китепте жазылган.

“Менин балам эки жылдан бери сосиска эле жеп калды. Мен кечке эле сосиска бере бербей, анын ордун кандай тамак менен алмаштырса болорун ойлонуп жүрчүмүн. Бул мен үчүн кадимкидей көйгөй болду. Китепти карап отурсам, тамактын түрлөрү көп экен. Мисалы, алмурут менен кантип таттуу пирог жасаса болот. Эми ушуларды жасап берем деп сүйүнүп турам”, - Гүлзат.

Рак менен күрөшкөн айрым балдардын табити маанайына жараша өзгөрүп турат

Сүрөттүн булагы, POMOGATLEGKO.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рак менен күрөшкөн айрым балдардын табити маанайына жараша өзгөрүп турат

Китептин бет ачары Эл аралык китеп күнүнө карата Бишкекте өттү. Жалпысынан беш жүз нускада басылып чыккан. Орус тилинен кыргызчага профессор Тилектеш Ишемкулов акысыз которгон.

Онколог-дарыгерлер, ата-энелер кыргыз тилинде китепке мамлекет олуттуу карап, дагы көп чыгарса деген пикирлерин билдирип жатышат.

Бирок, Балдар онкологиясы жана онко гемотологиянын бөлүм башчысысы Султан Стамбеков ооруканаларда рак менен күрөшүүдөгү түшүндүрмөлөр дубалда кыргыз, орус тилдеринде илинип турарын, ата-энелердин колуна брошюра тынымсыз таратылып берилерин айтууда.

“Дарыгерлер баарыбыз кыргыз тилинде жакшы сүйлөйбүз. Ата-энелерге түшүндүрмөнү кыргыз, орус тилдеринде беребиз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жардамы аркылуу дарт туралуу маалыматтар кыргызчаланып, брошюра, кичинекей китептер басылып чыгарылат. Негизги маалыматты Орусиянын булактарынан алып, анан которууга буйрутма беребиз”, - деди Стамбеков.

“Жардам берүү оңой” коомдук фонду

“Жардам берүү оңой” коомдук фонду

Сүрөттүн булагы, POMOGATLEGKO.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Жардам берүү оңой” коомдук фонду

“Жардам берүү оңой” коомдук фонду Кыргызстанда он жылдан бери онкологиядан жабыркаган балдарга колдоо көрсөтүп келет. Андан сырткары, онкологиядагы дары-дармектин жетишсиздиги, коррупциялык көрүнүштөрдү ачыктап келишкен. Негиздөөчүсү – Динара Аляева.

Ал кыргыз медицинасындагы алешемдиктерди ачыктаган сайын түрдүү басым жана коркутуулардан кийин өлкөдөн чыгып кеткенин айтууда.

Китепти кыргызчалоо демилгеси тууралуу Би-Би-Сиге ой бөлүшүп жатып, онкологияга чалдыккан балдардын тамактануусуна Саламаттык сактоо министрлиги же башка жооптуу мекемелер олуттуу көңүл бурбайт деп кейиди.

“Туура тамактануу балдар онкологиясы үчүн абдан маанилүү. Биз бул тууралуу 6-7 жыл мурун эле айта баштаганбыз. Азыктандыруучу, витаминге бай тамактанууну алдырта баштаганбыз. Бизге чейин бул ишти Саламаттык сактоо министрлиги дагы, дарыгерлер же башка фонддор, эч ким жасабаптыр. Орусияда рак менен күрөшкөн балдардын тамактануусу боюнча атайын иилимий конференциялар өтүп турат. Биз “Дмитрий Рогачев” атындагы илимий изилдөө балдар онкологиясынын илимий кызматкерин алып келип, Кыргызстанда дагы лекция өткөргөнбүз. Туура тамактануу боюнча кыргызчаланган китеп чыккандан кийин, жүздөгөн ыраазычылык сөздөрдү угуп жатабыз. Китепти акысыз которгон ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем”, - деди фонддун негиздөөчүсү Динара Аляева.

Динара Аляева, “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун негиздөөчүсү

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Динара Аляева, “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун негиздөөчүсү

Бул фонддун онкология багытында кыргызчалаган үчүнчү китеби. Биринчи китеп 2015-жылы которулуп, рак тууралуу кыргызча кенен түшүндүрмө берилген. Экинчи котормо “Чудик” аттуу китеп. Анда онкология менен ооруган балдардын организминдеги өзгөрүүлөр тууралуу кыргызча кенен сүрөттөр менен түшүндүрмө бар. Бул китеп азыр дагы абдан актуалдуу экенин фонддун кызматкерлери айтып беришти.

Ата-энелер ушул сыяктуу жеткиликтүү китептерди мамлекет колго алып, көбөйтсө деген өтүнүчүн айтышууда.

Кыргызстанда жылына 100-150 баладан рак илдети аныкталат.