“Зордукталчу аялдардын тизмесин түзүшкөн”. Британ флотундагы сексуалдык ыдык фактылары иликтенет

Сүрөттүн булагы, PA Media
Британиянын Королдук деңиз флотунун жетекчиси, сэр Бен Ки суу астында жүрүүчү кемелерде аялдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү фактылары боюнча ички иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.
Буга чейин, 28-октябрда, Daily Mail гезити деңиз флотто мурда кызмат өтөгөн бир нече аял менен маектерди жарыялаган. Анда алар узакка созулган жана тынымсыз жыныстык тийиштик кылуу тууралуу, алар айрыкча деңизге чыккан учурда болгонун айтып беришкен.
"Күнөөлүү деп табылгандардын баары жоопкерчиликке тартылат", - деди Адмиралтейчиликтин биринчи лорду, адмирал сэр Бен Ки жана аял кызматкерлер айтып берген окуяларды “жийиркеничтүү” деп атады.
Жабырлануучулар гезитке берген маегинде эркек кесиптештери деңизде кырсык болгон учурда “зордукталчу аялдардын тизмесин” түзүп алышканын айтышты.
Аялдардын бири жарык өчүп калгандан кийин улук офицер ага ыдык көрсөткөнүн куугунтуктаганын, дагы бир улук кесиптеши бөйрөккө урганын билдирди. Ошондой эле эркек кызматташтар анын бөлмөсүнө 50 пенс тыйындарды (45 сом) чаптап, муну алар менен жыныстык катнашка баруу үчүн төлөм деп кыйытканын кошумчалады.
Гезиттин маектештери билдиришкендей, көйгөй сексуалдык асылуу менен эле чектелбейт - суу астындагы флотто кызмат өтөгөн аялдарга сыйлабоо менен мамиле кылышат; аларга көп кыйкырышат. Аялдардын бири аны улук офицер планшет менен уруп жибергенин айтат.
Макаланын авторлору мындай көрүнүш он жылдан ашык убакыттан бери - 2011-жылы аялдарга суу астындагы флотто кызмат өтөөгө уруксат берилгенден бери болуп жатканын айтышат.
“Туура үлгү жок”
46 жаштагы Луиз сексуалдык ыдык көрсөтүү "маданияты" суу астында жүрүүчү кемелер менен чектелбегенин Би-Би-Сиге билдирди. Луиз мындай көрүнүш жалпы аскер-деңиз флотунда "нормалашкан" дейт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Ал жактагылардын баары башка дүйнөдө жашап жаткандай сезилет", - деди ал.
"Алар жээкке чыгаардын алдында, түнкү нөөмөттө болбосо эле көп ичишет", - дейт ал. Луиз алкоголдук ичимдиктер көбүнчө кабыл алынгыс жүрүм-турумдун себеби болгонун кошумчалады. Ал 2019 жана 2020-жылдары эки башка кемеде кызмат өтөгөндө өзү да мындай мамилеге туш болгонун айтат.
2019-жылы ичип алган кесиптеши офицерлердин ашканасында юбкасынын астына колун салган. Луиз токтотууну талап кылып, каютасына кеткенде офицер - 16 жашынан бери Аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн улгайган адам - анын артынан жөнөгөн.
"Ал менин кетип калганымды чакыруу деп ойлоду, - дейт Луиза. - Ал колунда презерватив менен эшигимди каккылап, “жок” дегенди уккусу келген жок".
Эртеси күнү офицер кечирим сураган жок: "Ал мындай жүрүм-турумду кадимки көрүнүш деп эсептеген", - дейт аял.
Луиздин окуясы тууралуу Коргоо министрлигине маалымат берилген, бирок жооп келе элек. 2019-жылы Луиз жогорку офицерлерге даттанган эмес.
"Мен бул жаш жигиттер үчүн кабатырланып жатам, - дейт ал. - Аларга бул кадыресе көрүнүш деп үйрөтүлүп жатканы алардын күнөөсү эмес. Бул маданият. Алар улуулардан башка үлгү көрүшпөйт".
"Флот ойгонуп, дүйнө мындай иштебей турганын түшүнүшү керек".
“Жийиркеничтүү айыптоолор”
Коргоо министрлигинин сайтындагы маалыматта Британиянын суу астында жүрүүчү флоту “көрүнбөс жана бардык жерге жетүүчүлөр" деп айтылат. Анын катарында Британиянын өзөктүк куралын ташыган “Трайдент” суу астындагы кайыктары бар.
2019-жылга карата суу астындагы флоттун бир пайызы гана аялдарды түзгөн.
"Мен биздин жарандарды жана муну окугандарды Королдук деңиз флотунун стандартына туура келбеген ар кандай окуялар биз үчүн таптакыр кабыл алынгыс жана флот кандай болушу керектигин чагылдырбайт деп ишендиргим келет", - деп берилет адмирал сэр Бен Кинин билдирүүсүндө.
"Бул айыптоолор жийиркеничтүү. Королдук деңиз флотунда сексуалдык ыдык көрсөтүү жана сексуалдык зомбулукка орун жок, биз муну жөн калтырбайбыз", - деп кошумчалады ал.
Уктап жатканда зордуктоо аракетине кабылганын айткан аял азыр Аскер-деңиз флотунда иштебейт. Ал ыдык көрсөтүүгө байланышпаган башка иш боюнча кызматынан бошотулуп, "жашыруун маалыматтарды тараткандыгы үчүн күнөөлүү" деп табылып шарттуу түрдө кесилген.
2019-жылы Улуу Британиянын Коргоо министрлиги кабыл алынгыс жүрүм-турум тууралуу кеңири отчетун жарыялаган. Анда арыздарды кабыл алуу жана аларды кароо системасы жакшыртуу менен жыныстык тийиштик кылууга каршы күрөшүү боюнча сунуштар да камтылган.
"Бирок, акыры, туура эмес жүрүм-турум көйгөйүн маданиятты өзгөрткөн бардык кызматкерлердин биргелешкен аракети менен гана чечүүгө болот, аны жогорудан башташ керек", - деп айтылат маалыматта.
Отставкадагы контр-адмирал Крис Парри жалпы коомдун көйгөйлөрү деңиз флотунда да байкалып жатат деп эсептейт. "Тилекке каршы, күнүмдүк жумушчу чөйрөдөгү сексуалдаштырылган жүрүм-турум суу астындагы кайыктарга да өтүп кетти, бирок, албетте, чектелген мейкиндикте мунун баары апыртылган", - деди ал Би-Би-Си радиосуна берген маегинде.
Ал сексуалдык зомбулукка каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн лидерлик керек деп эсептейт - бардык деңгээлдеги командачылык мунун кабыл алынгыс экенин көрсөтүшү керек.
Вице-адмиралдын айтымында, ал гендердик аралаш курамдагы кемелерди башкарып жатканда ар дайым сексуалдык зомбулук боюнча айыптоолорго ар дайым абдан олуттуу мамиле жасаган.
Аскердик адилеттик боюнча борбор кайрымдуулук коомунун кызматкери Эмма Нортондун айтымында, кандай гана иликтөө болбосун Королдук деңиз флоту өзүн өзү иликтейт.
“Коомдук ишмелер жана аял-жоокерлер көп жылдар бою мындай олуттуу арыздарды тергөөнү куралдуу күчтөрдүн айрым бөлүмдөрүнөн алып, көз карандысыз органга өткөрүп берүүнү талап кылып келишет”, - деди ал. (EB)












