Айтылуу “Ал-Жазиранын” кызматкерлери жыныстык тийиштик кылуу учурларына нааразы

Сүрөттүн булагы, Barry Iverson / Alamy Stock Photo
- Author, Суранжана Тевари
- Role, Би-Би-Синин Азиядагы ишкерлик бөлүмүнүн кабарчысы
Кемал Сантамария - ардагер сыналгы журналист. Ал Жаңы Зеландиянын TVNZ сыналгы компаниясында иштегенине 32 күн эле болгон соң, ал жактагы кызматынан кетти.
Мындагы жаңылыктар бөлүмүндө анын туура эмес жүрүм-туруму тууралуу айыптоолор ачыкка чыккан соң, бул окуя далай кесиптештерди дендароо кылды. Мындан көп өтпөй, Кемал Сантамария мырза 16 жыл иштеп кеткен "Ал-Жазира" компаниясындагы мурдагы кесиптештери да анын үстүнөн арызданып сүйлөй башташты.
Би-Би-Синин бул иликтөөсү "Ал-Жазиранын" учурдагы жана мурдагы бир катар кызматкерлери менен болгон маектерге, ошондой эле осол билдирүүлөрдүн жана кызматкерлердин даттанууларынын даректүү далилдерине таянуу менен жүргүзүлдү. Бул иликтөө "Ал-Жазира" телерадиокомпаниясынын Доха шаарындагы жаңылыктар бөлүмүндө Кемал Сантамария мырзага карата анын жыныстык мүнөздөгү тийишүүлөрү боюнча бир нече доолорду аныктады. Айрымдар бул сыяктуу жосунсуз жоруктарга жол коюуда Кемал Сантамария жалгыз эмес экенин айтышууда.
Алар, ошондой эле, жыныстык тийиштик кылуулар, сексизм, бейбаштык жана расизм боюнча даттануулар, негизинен, көз жаздымда калтырылып келчү жарамсыз эмгек маданиятын калыптандырган кызмат жайы катары "Ал-Жазира" компаниясын айыпташууда. Би-Би-Си менен баарлашкандар өз атын атагысы келбеди, анткени алар өз атын ачыктоо кийинки кызматтык илгерилөөсүнө кесепет тийгизет го деп чочулашты. Алардын аты-жөнү бул макалада өзгөртүлдү.
Кемал Сантамариа мырза Би-Би-Сиге түз жооп берген жок. Бирок ал коомчулук алдында ачык билдирүү жасап, мурда айтылган айыптоолорду мойнуна алып, айрымдары "чындык, кээ биринде олуттуу мазмун жок, кээ бирлери каратып туруп айтылган калп жана тарыхты кайра жылмалап жазуу" деп айтты.
Би-Би-Си тарабынан коюлган айыптоолорго жооп кылып, Кемал Сантамария мырза "кимдир-бирөөнү ыңгайсыз сездирген жүрүм-туруму үчүн" кечирим сурады жана буга чейин кызмат ордунда үстөмдүк кылып жаткан редакциялык маданияттын чегинде деп өзү ойлогон тоок сүйүүчүлүк, ашыкча досчулук, бир аз тамашалап коюучулук, чындыгында, иш маданиятына эч жатпагандыгын мойнуна алды.
Би-Би-Си өз иликтөөсүндө дайын болгон 22 доонун чоо-жайын "Ал-Жазирага" өзгөчө тизмелеп жөнөттү, бирок "Ал-Жазира" телерадиокомпаниясы бул доолордун ар бирине токтолуп отурбастан, тескерисинче, тек гана "дүйнө жүзүндөгү өз кызматкерлерин компания өз таянычы жана пайдубалы деп эсептейт; алардын коопсуздугу жана жыргалчылыгы баарынан жогору турат", деп билдирип чектелди. Андан тышкары бул компания: "95тен ашуун этностун өкүлдөрү камтылган эл аралык уюм катары биз ар дайым кызматкерлерибиздин бардыгы үчүн туура болгон жана конструктивдүү иш чөйрөсүн түзүүгө умтулабыз", - деп кошумчалады.
"Ал-Жазира" телерадиокомпаниясынын кызматкерлери болсо Би-Би-Сиге Катардын өзүндө да ушул көйгөйлөрдү көтөрүү үчүн күрөшүп жатышканын айтышты. Катар - Перс булуңунун чок ортосундагы адам укуктары жана гендердик теңчилик боюнча олуттуу сынга кабылып келе жаткан жана газга бай чакан мамлекет.
Көптөгөн замандаштары Кемал Сантамария мырзанын "Ал-Жазирадан" кетиши "Твиттердеги" өзүнүн барагында 16 жылдык ийгиликтүү ишинин аяктаганын жарыялаган сыймыктануу маанайындагы текст жазуусу менен коштолгондугун, ал эми жаңы зеландиялык TVNZ сыналгы компаниясынан шашылыш түрдө чыгып кеткендигин өз ара салыштырышты жана бул эки окуянын ортосундагы карама-каршылыкка көңүл бурушту.
"Мен анын шилекейин бетимден сүртүшүм керек болчу"
Жаңы кызмат ордун Жаңы Зеландияда сыналгы кабарчы катары баштаган Кемал Сантамария мырза оболу 2005-жылы "Ал-Жазира" компаниясынын Доха шаарындагы башкеңсесинде англис тилдүү каналда алып баруучу кызматында иштөө үчүн кабыл алынган болчу.
Ал кызматтык тепкичте тез эле илгери көтөрүлдү да, 2020-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоо тууралуу жана ар кыл башкы программаларда дүйнө жүзүндөгү негизги окуяларды чагылдырып турду.
Аны билгендер анын ачык-айрым, баарлашууга жеңил инсан жана "өзгөчө таланттуу сыналгы кызматкери" экендигин баса айтышат.
Тори деген айым "Ал-Жазирада" жаш продюсер болгон кезин, анан Кемал Сантамария өзүнө итиркейди келтире көңүл бура баштаганын эскерет. Торинин айтымында, ал "Твиттердеги" тексти аркылуу ага кучак жаюуга даяр экенин айтып, эмне үчүн аны кызматтан тыныгууга кеткен чагында чакырбай койгондугу жөнүндө сураган.
Би-Би-Си Кемал Сантамариа мырзанын Twitter, Whatsapp аркылуу, жана ошондой эле, "Ал-Жазира" компаниясынын ички электрондук почтоосундагы бир катар кесиптештерине жөнөткөн орунсуз билдирүүлөрүнүн далилдерине күбө болду.
"Андан кийин кеңседе ал мени менен кыналышууга далаалат жасады, - дейт Тори айым. - Ийниме колун коюп, тири шумдуктай кучактады. Эң жаманы: бетимден өптү. Бир нече жолу мага Кемалдын шилекейин жаагымдан сүртүш үчүн дааратканага барууга туура келди".
Торинин бул айткандарын эки киши, - анын теңдеш кызматтагы кесиптеши жана орточо деңгээлдеги жетекчиси, - Би-Би-Сиге тастыкташты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Олуттуу деңгээлдеги жаңылыктар бөлүмүндө эмгектенип жаткан кесипкөй кишиге өзүнүн кесиптешине анын канчалык сулуу экени тууралуу же анын "кош алмасына" тийишип кат жазуу, же канчалык аны өзүнүн "досу" катары түкшүмөлдөсө деле кучакташып коюуга чакыруу - жосунсуз жорук болоорун бир нече жолу эскертүүнүн эч кажети болбос", - деп Тори айым белгилейт.
Кемал Сантамария мырза өзүнүн сыналгы берүүнү чогуу алып барган кесиптеши болгон бул айымдын мамагы жөнүндө кеп кылган учурларын алар менен чогуу иштешкен бир нече киши Би-Би-Сиге тастыктап айтышты.
Учурдагы жана мурдагы бир нече кесиптештери Кемал Сантамария мырзанын жосунсуз жүрүм-турумуна бир далай ирет күбө болушкандыгын ырасташты.
Азыркы тапта "Ал-Жазирада" иштеп жаткан бир эркек кызматкердин айтымында, Кемал Сантамариа мырза жаңылыктар бөлүмүндө капысынан эле аны оозунан өөп алганын билдирди. Буга сыналгы каналдын жаңылыктар редактору (азыр ал жетекчилик кызматтардын бирине көтөрүлүп кеткен) өзү күбө болгон имиш.
Мурдагы кесиптештеринин көбү Кемал Сантамария мырзанын жүрүм-турумун уятсыз жорук деп мүнөздөштү, бирок алар бул тууралуу эч качан эч кимге арызданышкан эмес, анткени алар өздөрү Жакынкы Чыгыштагы ири сыналгы компанияда жаңыдан гана иштей башташкан, ал эми Кемал Сантамария аларга эчак эле тармактын жылдызы болгон адис катары саналган.
"Ал-Жазирада" штаттан тышкаркы кабарчы болуп 4 жылдай эмгектенген Фионанын айтымында, Кемал Сантамария мырза аны жаңылыктар бөлүмүндө кучактоого, жыныстык темада кеп кылууга жана жөнсүз электрондук тексттерди жөнөтүүгө далаалат кылган. Бул жосунсуз жорукту Фиона айым "хрестоматиялык жыныстык азгырык далаалаты" деп атайт.
Ал эми 2022-жылдын башында Кемал Сантамарияга каршы ар кыл доолор коомчулук үчүн ачыкталганда, Фиона айым өзгөчө ачууланды.
"Мен анын жоруктары жөнүндө алты жыл мурда эле арыздангам, бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес болчу, - деди Фиона. - Ошондон бери ал дагы канча кишиге ушундай ыплас мамиле кылды?"
"Карьерама доо кетирип алам деп корком"
Фиона айым жана башкалар эмне үчүн Кемал Сантамария мырзанын үстүнөн даттануулары "Ал-Жазира" компаниясында тийешелүү тергөөгө алынбай жүргөндүгү тууралуу суроо узатып жатышат.
Жаңы зеландиялык TVNZ компаниясы болсо мындай даттануу түшөөр замат Кемал Сантамариянын кызматка алынышы жаатында көз карандысыз иликтөө жүргүзгөн.
TVNZ компаниясы кызматкер жалдоо жүрүмү "негизги" делген алып баруучуларды жумушка тартуу жаатында талапка ылайыксыз жүзөгө ашырылгандыгын ашкереледи. Компаниядагы жаңылыктар бөлүмүнүн Кемал Сантамария мырзаны жумушка алган жетекчиси бул териштирүүдөн соң кызматтан кетти.
Сыягы, азыркы тапта "Ал-Жазирада" да ушундай эле териштирүү жүрүп жатат окшойт. Би-Би-Синин колуна жеткен маалыматка караганда, Катардагы бул медиа компаниядагы даттануулар каралып жаткан чөйрөлөр Кемал Сантамариа мырза менен ал иштеп кеткен жаңылыктар бөлүмү менен гана чектелбей тургандыгы күтүлөт.
"Ал-Жазиранын" башка бир бөлүмүндө бир нече аял жана эркек орто деңгээлдеги башкаруучуга каршы арызданышып, анын жыныстык асылууларга барганын ырастап чыгышты.
Бул арыз ээлеринин биринин айтымында: "Ал таптакыр адепсиз сөздөрдү айтып келди. Ал эркек кызматкерлерден "качан токол алганы жатасың?" деп, же болбосо "(жубайың) кыздыгын жоготтубу?" деп сурап жүрдү. Ыйык рамазан айында ал жыныстык темада кеп салып жатты. Ал эми жоолук салынган айымдардан алардын чачынын түсү кандай экенин сураганга чейин барды".
Маалыматка караганда, көптөгөн даттануулар ачыкталгандан бир нече ай өткөн соң, бул бөлүм башчы "Ал-Жазирадагы" ишинен кол жууган экен.
'Баарыбыз дудукка айландык"
"Калайык ар кандай нерселерге ачууланышат. Арийне, алар "Ал-Жазирада" жана Катарда ачык-айрым даттана албайбыз го деп ойлошот", - деди Дэвид деген мырза. Ал "Ал-Жазира" компаниясынын кордоо жана жыныстык тийиштик кылуу учурларынан улам кызматтан кеткенин айткан мурдагы кызматкери.
Дэвиддин айтымында, бир кесиптеш жетекчиси өзүн жана башкаларды "кас душмандай жекирип", бир нече жолу эл алдында кемсинткен.
Анын айтымында, ал жетекчи аял аны чогулуштарда далай ирет «басынтып», ал эми карыя кесиптештерин тим эле "беттен алып сүйлөтпөй коюуга" чейин барган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Ал-Жазиранын" бул бөлүмүнүн ар бир кызматкери, анын ичинде улук продюсерлор, - Дэвиддин айтымында, - алиги жетекчи айымдын "үстөмчүл" жана "орой" мамилесинен улам, андан жаа бою качып, "коркуп турушчу". Бирок, ал айым жогорку жактагы бир төбөлгө жакын болгондуктан, анын үстүнөн даттангандар өп-чап санда гана болду, деп Дэвид кошумчалады.
"Баарыбыз дудукка айландык да, калдык! - деп ал бөлүмдүн азыркы дагы бир кызматкери моюнга алды. - Биякта "жамааттык жабыркоо" деген сөз айкашын мурдагы жана азыркы кызматкерлерибиз сиркеси суу көтөрбөй кабыл алышат".
"Ал-Жазиранын" Доха шаарындагы башкеңсесинде жаңылыктар бөлүмүндө иштеген Лиам мырзанын айтымында, мындагы бир далай кызматкерлер "көп жылдар бою" ар кандай асылууларга, кордоолорго кириптер болуп келишти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си, ошондой эле, "Ал-Жазиранын" Лондондо жайгашкан жаңылыктар бөлүмүндө да кордоп-коркутуу орун алгандыгы тууралуу жоромолдорду иликтеди.
Ал эми башка бир шаардагы бюродо кеминде эки киши тастыктаган окуяга караганда, эркек бюро башчысы жаш кабарчы айымды түртүп жиберген соң, бул айым жыгылып түшкөн.
"Кемалдын чуусу окуяларды териштирүүдө тездеткич болуп калды", - дейт Дэвид мырза.
Катар өлкөсүндөгү жумушка кабыл алуу системасы жумуш визасын, балдардын мектебин, турак-жайын жана башка жеңилдиктерди тийешелүү бир компания менен байланыштырат. Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун улук кызматкери Марти Флэкс айымдын айтымында, мындан улам жумушчулар өздөрүнө ыдык көрсөткөн жумуштан кетүүгө өздөрү аракет кылышат.
Ырас, ыдык көргөндөр кыянаттык жана орунсуз жүрүм-турум учурлары жөнүндө кимдир-бирөөгө кабарлоону каалай беришпейт, деп кошумчалады Флекс айым, анткени алар "зыян ордун төлөө сыяктуу натыйжалуу каражатка жетүүдө далай көйгөйлөргө" туш болушат.
"Ал-Жазира" медиа каражаты өзүн "көз карандысыз" деп айтып келет, бирок аны Катардын эмири каржылайт жана анын журналисттери мамлекеттин ар кыл өңүттөрүн чагылдырчу калыс маалыматтын бардыгын дээрлик обого чыгара беришпейт. Катар өлкөсүндөгү жергиликтүү мыйзамдар сөз эркиндигин да чектеп келет.
Айтмакчы, Би-Би-Синин доолорго карата пикир айтуу өтүнүчүнө жооп берип жатып, "Ал-Жазира" компаниясы мындайча билдирди: "Биздин тийиштик кылуу учурларына каршы саясатыбыз - айдан ачык, ар тараптуу жана бардык кызматкерлерге бирдей жеткиликтүү. Соңку мезгилдеги бир нече учурлардан айгинеленгендей, биздин кызматкерлерибиздин ар бир расмий даттануусу өтө олуттуу негизде кабыл алынып, мындай дооматтар кылдат иликтегенден кийин, аларга карата тийешелүү оңдоо чаралары жүзөгө ашырылат".
Жабырлануучулардын айтымында болсо, дал ушул 2022-жылы, - өзгөчө "Ал-Жазира" сыяктуу дүйнөлүк маанидеги компаниянын жаңылыктар бөлүмүнүн ишинде жана, айрыкча алганда, "Ал-Жазира" компаниясынын өзү байма-бай чагылдырып келген #МенДагы деп аталган кыймыл кулач жая баштаган чакта, - эрежени көңүлдөн чыгаруу, "кечиримдүү жүрүм-турум маданияты" жана "мыйзамдан жогору деп эсептелген кишилерди" коргоо туруму өзгөчө кыжыр келтирүүдө.
P.S. Бардык жабырлануучулардын аты-жөнү (алардын өздүгүн коргоо өтүнүчүнө ылайык) бул макалада өзгөртүлдү.
Суранжана Тевари айым 2010-жылдан 2014-жылга чейин "Ал-Жазиранын" Дохадагы журналисти болуп иштеген. (TT)










