Иликтөө: Британ күчтөрү кармалган оогандарды жок кылганбы?
Ханна O'Грейди, Жоэл Гантер
Би-Би-Синин “Панорама” берүүсү

Би-Би-Си өз иликтөөсүндө 2010-2011-жылдары британиялык атайын даярдыктагы аскерлер (Special Air Service же кыскача SAS бөлүгүнүн жоокерлери) Ооганстанда кармалган куралсыз адамдарды бир нече жолу бүдөмүк жагдайларда өлтүргөнүн аныктады.
Журналисттер алган аскердик рапортторго ылайык, SAS бөлүмү алты айлык командировкасында 54 кишини мыйзамсыз өлтүргөн болушу мүмкүн.
Би-Би-Синин “Панорама” телеберүүсүнүн кабарчылары аныкташкандай, SAS’тын ошол кездеги башчысы, генерал сэр Марк Карлтон-Смитке болжолдонгон мыйзамсыз өлтүрүүлөр тууралуу кабар берилген. Бирок Королдук аскердик полиция бул өлтүрүүлөр боюнча тергей баштаганда Карлтон-Смит бул маалыматтарды берген эмес.
Британиянын Коргоо министрлиги болсо британ аскерлери "Ооганстанда эрдик жана кесипкөйлүк менен кызмат өтөштү" деп билдирди. Министрликтин пикири боюнча, "Панорама" телеберүүсү "буга чейин толук иликтенип чыккан айыптоолордон негизсиз тыянак чыгарган".
Генерал Карлтон-Смит комментарий берүүдөн баш тартты. Баса, ал ушул жылдын июнь айында отставкага кеткенге чейин британ армиясынын штабынын начальниги болуп иштөөгө үлгүрдү.
“Панорама” SAS’тын ыкчам отчетторунун жүздөгөн баракчаларын изилдеп чыкты. Анын ичнде SAS бөлүмүнүн 2010-2011-жылдары Гильменд провинциясында жок кылуу же колго түшүрүү максатында жүргүзүлгөн ондон ашуун рейддер тууралуу рапорттор да бар.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул бөлүмдө (расмий түрдө ал “эскадрон” деп аталат) кызмат өтөгөндөр атайын даярдыктагы аскерлер түнкү рейд учурунда куралсыз адамдарды өлтүргөнүнө күбө болушканын Би-Би-Сиге айтып берди.
Алар ошондой эле британ аскерлери "ыргытылган курал" деген ыкманы колдонгонун көрүшкөнүн айтты - башкача айтканда, куралсыз кишилерди өлтүрүүнү актоо үчүн кылмыш жасалган жерге АК-47 автоматтары калтырылган.
Спецназда кызмат өтөгөн бир нече аскер ар кандай бөлүкчөлөр бири-бири менен “ким көбүрөөк киши өлтүрө аларын билүү үчүн атаандашкан” деп билдиришти. Ошондой эле алар Би-Би-Си изилдеген бөлүк бул көрсөткүчтөн мурунку бөлүктөн ашууга умтулган деп ырасташат.
Ички электрондук почталар спецназдын эң жогорку деңгээлиндеги офицерлери болжолдонгон мыйзамсыз өлтүрүүлөр жөнүндө билишкенин, бирок өздөрүнүн шектенүүлөрү тууралуу аскер полициясына кабарлабаганын көрсөтөт.
Улуу Британиянын Коргоо министрлиги конкреттүү айыптоолор боюнча комментарий бере албастыгын билдирди, бирок мындай комментарийлерден баш тартуу “дооматтарды моюнга алуу катары кабыл алынбашы керек” деп баса белгиледи.
Күмөн жараткан өлтүрүүлөр
2019-жылы Би-Би-Си жана Sunday Times гезити SAS жүргүзгүзгөн рейддердин бирин иликтеген. Кийинчерээк ал соттук териштирүүгө алып келип, коргоо министри бийлик бул ишти кантип тергегенин көрсөткөн документтерди ачыктоого милдеттендирилген.
Азыркы иликтөөнүн жүрүшүндө Би-Би-Си жакында алган ыкчам маалыматтарды анализдеди - анын ичинде SAS бөлүктөрүнүн түнкү рейддердин чоо-жайын ачыктаган рапорттор да бар.
Кызыгы, биз өлтүрүлгөн оогандар кармоо маалында “парданын же башка тиричилик буюмдарынын артынан АК-47 автоматын же гранаталарды алып чыккан” деген таң калыштуу окшош маалыматтарды таптык.
- 2010-жылдын 29-ноябрында бөлүктүн жоокерлери мурда кармалып, имараттын ичине киргизилген адамды атып салышкан, ал "граната жардырууга аракет кылган".
- 2011-жылдын 15-январында спецназ мурда кармалып, имараттын ичине киргизилгенден кийин "матрастын астынан гранатасын алып чыгып, ыргытууга аракет кылган" адамды өлтүрүшкөн.
- 7-февралда спецназчылар "кайгуул тобун автомат менен аткылоого аракеттенген" адамды атып өлтүрүшкөн. 9-13-февралда кармалгандардын өлүмү боюнча да дал ушундай түшүндүрмө берилген.
- 16-февралда спецназ эки туткунду атып салышкан - алардын бири “көшөгөнүн артынан” гранатаны, экинчиси “столдун астынан АК-47 автоматын” чыгарган.
- 1-апрелде спецназдын жоокерлери эки туткунду атып өлтүрүшкөн, алар да имаратка киргизилгенден кийин бириси "АК-47 алган", экинчиси "гранатат ыргытууга аракет кылган".
Алты айлык командировкада бул бөлүм жүздөгөн кишини жок кылган. Би-Би-Си изилдөөсүнө ылайык, рейддерде SAS’тын бир дагы аскери жарадар болгон эмес.



Спецназдын штаб-квартирасында кызмат өтөгөн жогорку деңгээлдеги офицерлердин бири Би-Би-Сиге билдиргендей, бул бөлүмдүн рапорттору “олуттуу тынчсызданууну” жараткан. "Түнкү рейддерде өтө көп адамдар өлтүрүлгөн, сандар бир-бирине дал келбеген, - дейт ал. - Кармалган адам өлбөшү керек. Бирок бул улам кайталана берсе штаб коңгуроо кагат. Ошондо эле бир нерсе туура эмес болуп жатканы айдан ачык болчу”.
Атайын багыттагы күчтөрдүн улук офицерлеринин бири жетекчиликке жиберген жашыруун катында бул мыйзамсыз киши өлтүрүүлөрдүн "атайын саясаты" болушу мүмкүн экенин эскерткен.
Андан соң текшерүү жүргүзүлө баштаган. Бирок Ооганстанга жөнөтүлгөн офицер окуянын SAS аскерлери айтып берген версиясын кабыл алгандай. Би-Би-Синин маалыматы боюнча, офицер рейд болгон жерлерге барган эмес жана жергиликтүүлөр менен маектешкен эмес. Сот документтерине ылайык, жыйынтыктоочу отчетко шек жараткан өлүмдөргө жооптуу SAS бөлүмүнүн командири кол койгон.
Аскер полициясынын колуна эч кандай далил түшкөн эмес, ал эми тиешелүү билдирүүлөр, Би-Би-Си аныктагандай, жашыруун файлдарга көчүрүлгөн - ага бир нече жогорку деңгээлдеги офицерлердин гана колу жеткен.
2012-жылы Британиянын атайын багытындагы күчтөрүн генерал Карлтон-Смит жетектей баштаган. Би-Би-Синин маалыматы боюнча, ал шек жараткан өлтүрүүлөр тууралуу кабардар болгон, бирок эскадронго Ооганстанга дагы алты айга кайтып келүүгө уруксат берген.
Ал эми 2013-жылы Королдук аскердик полиция рейд учурундагы киши өлтүрүүнү иликтей баштаганда, генерал Карлтон-Смит мурунку инциденттер тууралуу айткан эмес.
2011-жылы Ооганстанда Королдук деңиз жөө аскерлерин жетектеген полковник Оливер Ли Би-Би-Синин иликтөөсүндөгү мыйзамсыз аракеттер боюнча айыптоолорду "өтө үрөй учурарлык" экенин айтты. Полковник алар боюнча коомдук иликтөө жүргүзүү зарыл деген пикирде.
Өлтүрүү же колго түшүрүү
Би-Би-Си Ооганстанга 2010-жылдын ноябрында келген SAS’тын бир эскадронунун алты айлык командировкасын кеңири анализдеп чыкты.

Бул аскердик бөлүк негизинен Гильменд провинциясында кызмат өтөгөн. Бул Ооганстандын эң кооптуу жерлеринин бири - талибдердин буктурмасы жана жол боюнда коюлган бомбалар адаттагыдай эле көрүнүш, ал эми армиянын жоготуулары жогору.
Эскадрондун негизги ролу "өлтүрүү же колго түшүрүү" аталыштагы пландаштырылган операцияларды жүргүзүү болгон. Алардын максаты - талибдердин командирлерин кармап, бомба түйүндөрүн жок кылуу.
Атайын операциялар үчүн буталарды тандоого катышкан Би-Би-Синин бир нече булактары билдиришкендей, спецназ чалгын кызматы менен жакшы иштеше алган эмес, мындан улам британдар карапайым ооган жарандарын “талиб-согушкерлери” деп таанып алышы ыктымал.
2011-жылы Гильменддеги атайын операцияларда бутаны аныктоого катышкан бир британиялыктын айтымында, “чалгын кызматынын балдары алардын пикиринде талиб болгон адамдардын тизмесин түзүшкөн. Бул тизмелер тезинен талкууланып, спецназга өткөрүлчү - алар өлтүрүү же колго түшүрүү буйругун алышкан”.
Булактын айтымында, алар басымдын астында шашылыш аракеттерди кылышкан. "Баарын өлтүрүштү дей албайбыз, бирок операциялардын сапатын жакшыртуу үчүн басым болгон, ошондуктан оогандыктарга карата шашылыш тыянак чыгарылып калышы мүмкүн".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Рейдин жүрүшүндө SAS эскадрону белгилүү тактиканы колдонушкан: бардык кармалгандар имараттан чыгарылып, тинтилип, колуна кишен салынчу. Андан соң кармалгандардын бири тинтүүгө жардам берүү үчүн имараттын ичине кайтарылган.
Бирок жогорку кызматтагы офицерлерди кармалгандар кайра имаратка киргенде эле “ал жерде катылган куралдарды алып чыккан” деген маалымат тынчсыздандырган - талибдердин мындай тактикасы тууралуу Ооганстандагы башка британ аскерлер билдиришкен эмес.
2011-жылдын апрелинде тынчсыздануулар күчөп, SAS’тын улук офицери спецназдын жетекчисине кат жазып, анын колунда "кармалгандарды атайылап өлтүрүү", ошондой эле "өлтүрүүнү өзүн-өзү коргоо катары көрсөтүү үчүн далилдерди жасалмалоо" боюнча далилдер бар экенин айткан.
Эки күндөн кийин британ спецназынын штаб башчысынын жардамчысы директорго SAS’тын жоокерлери "аскер курагындагы адамдарды, алар коркунуч жаратпаган учурда да атайылап өлтүргөн болушу мүмкүн" деп эскерткен.
Эгер бул шектенүүлөр негиздүү болсо, анда SAS бөлүгү "негизсиз, моралга сыйбайт жана мыйзамсыз иш-аракет кылган" деп жазган ал.

Би-Би-Си 2010-2011-жылдары SAS’тын жоокерлери тинтүү жүргүзгөн бир нече үйгө барды. Алардын биринде - Гильменддеги Над Али деген чакан кыштакта 2011-жылдын 7-февралында эртең менен тогуз ооган, анын ичинде бир өспүрүм өлтүрүлгөн.
SAS’тын ыкчам кызматкерлери ал жерге тик учак менен жетип, имаратка талаа тараптан жакындашкан. Алардын айтымында, оогандар аларга ок чыгарган, алар жооп кайтарып, үйдүн ичиндеги баарын өлтүрүшкөн.
Үйдүн ичинде, дубалдарда астыңкы бөлүктөрүндө рейдден кийин калган октун издери калган. Би-Би-Си баллистикалык адистерге окуя болгон жерден сүрөттөрдү көрсөттү. Алар октор жогорудан ылдыйга чейин атылганын, бул ок атышууга окшобой турганын билдиришти.
Курал боюнча эксперт Ли Невиллдин айтымында, октун тешиктери "буталар жерге жакын болгонун, дубалга жакын жаткан же чөгөлөп турган - бул активдүү атышуу үчүн адаттан тыш поза" экенин көрсөтүп турат.
Би-Би-Си иликтеген башка эки жерде да ушундай көрүнүш болгон. Баллистика боюнча эксперттердин айтымында, октун тешиктери ок атышуудан эмес, атып өлтүрүү жөнүндө кабар берет.

Атын атагысы келбеген Королдук аскер полициясынын тергөөчүлөрүнүн бири Би-Би-Сиге алар окуя болгон жерден сүрөттөрдү көргөнүн жана мындай октун издери аларды тынчсыздандырганын ырастады. "Дубалдардагы октун издери ушунчалык төмөн [деңгээлде] болгон, бул спецназчылардын версиясын жокко чыгарат", - деди тергөөчү.
2014-жылы Королдук аскердик полициясы Ооганстандагы британ аскерлеринин болжолдуу кылмыштары боюнча иликтөө жүргүзгөн. Ал операция "Нортмур" деп аталган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 600дөн ашык кылмыш, анын ичинде SAS тарабынан жасалган бир катар киши өлтүрүүлөр болгон. Бирок, тергөөчүлөр Би-Би-Сиге кабарлагандай, аскер кызматкерлери далилдерди чогултууга тоскоолдук жараткан.
2017-жылы "Нортмур" операциясы токтотулуп, 2019-жылы толугу менен жабылган.
Британиянын Коргоо министрлиги кылмыштар боюнча эч кандай далилдер табылган жок деп билдирди. Бирок тергөө тобунун мүчөлөрү Би-Би-Сиге бул тыянакка каршы экенин айтышты.
Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, анын аскерлери жогорку стандарттарды сакташкан. "Жаңы далилдер келтирилген жок, бирок жаңы далилдер чыкса аскер полициясы айыптарды карап чыгат", - деди мекеменин өкүлү.
Коргоо министрлиги дагы бир билдирүүсүндө Би-Би-Синин “Панорама” телеберүүсүнүн журналисттери "толугу менен иликтенген айыптоолордон негизсиз тыянак чыгарганын" билдирди.
Андан ары: "Биз аскердик полиция эки операциянын жүрүшүндө британ аскерлеринин Ооганстандагы жүрүм-турумуна байланыштуу айыптоолор боюнча кеңири жана көз карандысыз иликтөө жүргүзгөнүн баса белгилеп, “Панорамага” кеңири жана толук маалымат бердик. Иликтөөлөр айыптоолорду ырастоого жетиштүү далил таппады. Айыптарга ишара кылуу жоопкерчиликсиз, туура эмес жана биздин эр жүрөк аскерлерибизди согуш талаасында да, аброю жагынан да тобокелге салат”.
"Коргоо министрлиги, албетте, ар кандай жаңы далилдер үчүн ачык, эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Бирок, биз бул теманы мындай субъективдүү чагылдырууга караманча каршыбыз". (ЕВ)
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:












