Британиянын аскерлери ооган балдарга ок чыгарды беле?

British soldiers on dawn foot patrol in Nahr-e Saraj district, Helmand Province, Afghanistan

Сүрөттүн булагы, PA Media

    • Author, Matt Bardo
    • Role, BBC Panorama

2012-жылы октябрь айында Британиянын атайын багыттагы аскери Ооганстандагы кыштактардын биринде төрт жаш баланы атып өлтүргөн. Муну согуш кылмышы деп аташканы менен, эч ким жоопкерчиликке тартылган жок.

Эскертүү: үрөй учурган окуя

Окуяга күбө болгон ооганстандыктар 12 жаштагы Ахмед Шах менен 14 жаштагы Мухаммед Тайиб, 17 жаштагы Найик Мухаммед аттуу айылдашынын үйүндө калууну чечкен. Турак жайда Найиктин улуу агасы, 20 жаштагы Фазел Мухаммед дагы бар болчу.

Кечки саат сегизде Британиянын жана Ооганстандын атайын багыттагы аскерлери Лой-Бакх кыштагына кирип келип, тинтүү жүргүзгөн. Британ аскерлеринин бири үйгө кирип барып, ок жаадырган.

Аскерлер кыштактан чыгып кеткенден кийин, Найик менен Фазелдин улуу агасы Султан Мухаммед биринчилерден болуп окуя болгон жерге жүгүрүп келген.

The four youngsters were shot dead in this single-roomed guest house.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төрт өспүрүм бир бөлмөлүү имаратта өлтүрүлгөн

"Бөлмөгө кирсем сөөк, балдардын тиштери чачылып жатыптыр. Төртөө жерде жатты, кан чатырга чейин чачыраптыр",-деди ал.

Султандын энеси балдар жерге берилгиче бөлмөдөн чыкпай отурган. Ал жерде турган чыныларды, андагы ичилбей калган чайды эстеди.

"Чай канга аралашып калыптыр. Балдарды башка таамай атыптыр",-деди Сабба Мухаммед.

Sabbah Mohammed
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сабба Мухаммед, өлтүрүлгөн эки баланын энеси

Лой-Бакх кыштагындагы окуядан кийин балдарды жерге берүү зыйнатында мечитке башка кыштактардан келген ооганстандыктар дагы чогулду. Бейкүнөө балдарга эмнеге ок чыгарылды деген суроо көптөрдү кызыктырды.

Мухаммед Ибрагим ошол учурда Гильменд провинциясындагы Над-Али аймагынын башчысы болчу. Ал Ооганстандын коопсуздук агенттиги атайын багыттагы аскерлер тинтүү учурунда Фазел Мухаммедди издешкенин айтты.

"Мен Фазел менен күн сайын көрүшүп турчумун. Аны кантип талиптердин башчысы катары көрүштү? Андай болушу мүмкүн эмес. Жаш балдар "Талибан" кыймылына кошулган болсо, мен биринчилерден болуп аны билмекмин. Бул балдарды дароо камакка алмакмын",-дейт ал.

Би-Би-Синин "Панорама" программасы Sunday Times басылмасы менен бирге журналисттик иликтөө жүргүзүп, согуш кылмышы болгону бонча далилдерди ашкереледи.

"Кармап кетүү же жок кылуу"

Лой-Бакх кыштагында ишке ашырылган тинтүү көп колдонулган тактика экени айтылууда. Атайын багыттагы аскерлер согуш учурунда бул тактика аркылуу "Талибан" кыймылынын башчыларын жок кылууга аракеттенген.

Коалициянын атайын багыттагы аскерлери түн ортосунда талиптерди "кармап же жок кылууну" көздөгөн. Талиптердин башчылары боюнча маалыматты атайын кызматтар армияга берип турган.

Мурдагы атайын кызматтын офицери Франк Ледвиж түн ортосундагы тинтүүнү айрымдар "өлүм эскадрону" деп атап келишкенин белгиледи.

"Мындай тактикада так маалымат жок болсо деле, аскерлер тинтүү операциясына чыга берет. Башкача айтканда тактиканы кармап кетүү же жок кылуу машинасы десек болот",-дейт Ледвиж.

US and Afghan security forces board a Chinook helicopter in Kandahar province southern Afghanistan - 14 August 2011

Сүрөттүн булагы, AFP

Тинтүү учурунда "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү дагы жок кылынганы талашсыз. Бирок атайын кызматтын маалыматы ар дайым так болбогону боюнча дагы далилдер бар.

2010-жылга чейин БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин атайын өкүлү болуп иштеген Филип Алстон, тинтүү учурунда бейкүнөө адамдар дагы өлтүрүлгөнү боюнча көп арыздар түшкөнүн белгиледи.

"Арыздардын көбүнүн жүйөсү бар экенине эч шек санабайм. Тинтүү учурунда жайкын тургундар өлтүрүлгөн деген тыянак чыгарсак болот",-деди ал.

Бириккен улуттар уюму Коалициялык күчтөр тинтүү учурунда үч жүздөн ашуун жөн жай тургундарды атып өлтүргөнүн маалымдаган.

Жоопкерчиликке тартуу

Төрт жаш баланын өлүмү чуу жаратып, ишти Королдук аскердик полиция (RMP) иликтеген. RMP атайын багыттагы аскерлер тинтүү учурунда ондогон жайкын тургундарды өлтүрдү деген айыптар боюнча тергөө иштерин жүргүзгөн.

Би-Би-Синин "Панорама" программасы менен Sunday Times басылмасы аскердик полициясында иштегендерден маалымат топтоду.

Төрт баланы атып өлтүрдү деп шектелген аскер полицияга өзүн коргогонго аргасыз болгонун айткан экен. Шектелип жаткан аскер эки баланын терезеден курал көтөрүп турганын көргөндүктөн ок чыгарганын, андан кийин дагы эки бала караңгыдан секирип чыкканда аргасыз курал колдонгонун билдирген.

Жаш балдардын үй-бүлөсү аскердин айтып бергенин четке кагууда. Алар балдардын колунда курал жок болгонун жана мыкты жабдылган Британиянын атайын багыттагы аскерине эч коркунуч жараткан эмес дешүүдө.

"Төртөө тең чай ичип отурган. Алар отурган жеринен атылган",-дейт Найик менен Фазелдин улуу агасы Султан Мухаммед.

Sultan Mohammed was the first person to go into the guest house after the soldiers left.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Султан Мухаммед биринчилерден болуп окуяга болгон жерге барган

Би-Би-Синин "Панорама" программасы алган сүрөттөрдө дубалдардагы октун изин көрсө болот. Октун изи жерден болжолуу алтымыш сантиметр бийиктикте байкалат. Демек, сүрөт төрт баланын үй-бүлөсү айткан сөздөргө далил катары кабыл алынса болот.

Королдук аскердик полиция атайын багыттагы аскерди төрт кишини өлтүргөнү үчүн соттоп, тинтүү иштерин башкарган офицерди жана анын командирин дагы маалыматты бурмалаганы үчүн жоопкерчиликке тартууга көздөгөн.

Аскердик прокурорлор айып такпай, 2017-жылы иш жабылган болчу. Бирок "Панорама" программасы көрсөткөн далилдерди карап, Королдук прокурор кызматынын мурдагы башчысы Лорд Кен МакДональд иш кайрадан каралышы керек экенин билдирди.

The bullet holes left behind after the raid were clustered around a metre or less off the ground.

Сүрөттүн булагы, Family of Fazel Mohammed

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Октун изи жерден болжолуу алтымыш сантиметр бийиктикте байкалат

"Октун изи атайын багыттагы аскер айтып берген окуяга дал келбей жатат. Маркум балдардын жакындары айткан окуяга дал келүүдө. Кыштактагы окуядан кийин документтерди бурмалоо аракети жүргөнү аныкталса, анда жалпы иш кайрадан каралышы керек",-деди ал.

Британиянын Коргоо министрлиги аскердик операциялар мыйзамдын чегинде жасалганы жана бул айыптар боюнча толук кандуу тергөө иштери жүргөнүн белгиледи. Ошондой эле Министрлик "негизсиз" айыптарды четке какты.

"Биздин армия Ирак менен Ооганстанда кайраттуулук жана жогорку кесипкөйлүк менен кызмат кылды. Биз жогорку стандарттарды сактап келебиз. Сиздер айткан окуяны дыкат карап чыгып, көз карандысыз Прокуратура кызматы ишти жабууну чечкен. Тергөө иштерин жүргүзүү жана жоопко тартуу боюнча чечимдерге Коргоо министрлиги аралашпайт. Ошондой эле мындай чечимдер кабыл алынып жаткандай көз карандысыз байкоочулар дагы болот. Би-Би-Синин дооматтары Аскердик полицияга жана Прокуратура кызматына жөнөтүлдү. Алар дооматтарды иликтөөгө ар дайым ачык",-деп айтылат Британиянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө.

Би-Би-Синин "Панорама" программасынын "Согуштук кылмыш боюнча далилдер ашкереленди" аттуу берүүсү 18-ноябрда обого чыкты.