Эль-Нино эффектиси жана албууттанган Ак-Буура
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Mchs_kyrgyzstan
Кара-Суу менен Ош шаарында беш адамдын өмүрүн алган кубаттуу селден кийинки калыбына келтирүү иштери дагы эле жүрүп жатат. Тазалоо жана куткаруу иштерине отуздан ашык техника, миңге жакын адам тартылды. Быйыл өлкөдө табият кырсыктары көп болуп жаткан убакта алдын алуу, эскертүү берилип жатты беле деген суроо кайра-кайра көтөрүлүп жатат.
Жекшемби күнкү Оштогу үрөй учурган сел адам тургай, автоунаалардан бери агызып, жүздөгөн турак үйдү каптады.
Туш тараптан кошулган сел сууларынан кийин нугунан ашкан Ак-Буура дарыясы шаардын так ортосундагы базарды жайпап, айрым соодагерлердин товарларын жараксыз кылып, бир тобун агызып кетти.
Зыян али эсептелип бүтө элек. Сатуучулар каржылык жактан колдоо болобу деп өкмөттөн жооп күтүп турган чак.

"Контейнердин ичинде бир метр сууда калып калдым. Болжолдуу бир миллион сомдук товарым бар болчу. Мына баары баткак. Мамлекеттен жардам күтүп жатабыз, жардам берсе жакшы болот эле", – дейт базарда иштеген соодагер Агүл Шерматова.
Быйыл жаратылыш кырсыктары өкмөттүн казынасы менен элдин чарбасын олчойгон зыянга кириптер кылды.
Апрель айынан бери тынымсыз жүрүп жаткан сел кырсыктары 170 млн сомдон ашык зыян алып келгени буга чейин расмий айтылган.

Сүрөттүн булагы, Mchs_kyrgyzstan
Кечээ Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына барып, селдин кесепеттерин өз көзү менен көрүп, соодагерлердин суроолоруна жооп берди.
Минкаб башчысынын айтымында, адегенде комиссия түзүлүп, кимге канча зыян келтирилгенин аныктап чыгат. Андан кийин жардам берүү маселеси чечилмекчи.

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Базарды кантип суу басты?
Кыргызстандын Түштүк аймагы акыркы үч айдан бери сел кырсыгынан катуу жапа чегүүдө. Жаратылыш кырсыгы 20дан ашык адамдын өмүрүн алган болсо, анын дээрлик көбү үй бүлө мүчөлөр.
ӨКМ кызматкерлери үй бетин көрбөй күнү-түнү калыбына келтирүү, издөө иштери менен алек. Бирок алдын алуу иштери аксап жатабы деген суроо кабыргасынан турат.
Шаардын тургундары Ак-Буура дарыясы ашып, калааны каптаган көрүнүш буга чейин катталбаганын айтышууда. Ошого карабай, табият кырсыктары көп болуп жаткан убакта дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүрдү беле деген суроо кайра-кайра көтөрүлүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу кызматынын бөлүм башчысы Мырзабек Токтосунов Ак-Бууранын ашып кетишин себебин мындайча түшүндүрдү:

"Суунун көп келүүсү анан сел менен кошо агып келген ар кандай акыр-чикир, калдыктар жөө адамдар өткөн көпүрөлөргө капталып, суунун нугун буруп жиберген. Жыйынтыгында ушундай көрүнүш болду".

Сүрөттүн булагы, Belek Musaev

Сүрөттүн булагы, Belek Musaev
Селдин себептери
Быйыл катуу жааган жамгырдан улам мурда катталбаган жерлерден да сел жүргөн учурлар болуп жатат.
Аба ырайы улам алмашып, табият кырсыктарынын тез-тез катталып жатышына планеталык масштабдагы климаттык өзгөрүүлөр себеп болууда дейт адистер.
География илимдеринин кандидаты Абдижапар Аккулов быйылкы жаанчыл мезгилдин себебин мындайча чечмелеп берди:
"Океандардын деңгээли көтөрүлүп, түндүк уюл менен түштүк уюлда муздар эрип жатат. Ошондон көтөрүлгөн жылуу аба, булуттар шамал аркылуу бүткүл жер жүзүнө тарап жатат. Биздин тоолор аларды өзүндө кармап калууда. Мындан улам жаан-чаачын да көп болууда".

Буга чейин дүйнөлүк окумуштуулар жер жүзүндө болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөргө Эль-Нино кубулушу таасир этип жатканын көрсөтүп беришкен.
Эль-Нино кубулушу учурунда шамал басаңдап же багытын өзгөртүп, анын ордуна жылуулук жер үстүндөгү сууларды чыгышка багыттайт.
Бул кубулуш атмосферага көбүрөөк жылуулук берип, нымдуу, жылуу абаны жаратат. Эль-Нино ошондой эле атмосферанын айлануу схемасына таасирин тийгизерин окуумуштуулар аныктап чыгышкан.
"Биз Атлантика, Жер Ортолук деңизинен келген жылуу аба агымдарына ачыкпыз. Жылуу аба түз эле Борбор Азия, өзгөчө Фергана өрөөнүнө келип, жаан-чачын көп болууда. Азыр жамгырдын тамчылары да чоң болуп, жарым саатта эле нормадан ашып кетип жатат. Мурда жамгырдын тамчылары майда болчу”, – дейт Абдижапар Аккулов.

Сүрөттүн булагы, Mchs_kyrgyzstan
Адис ошол эле маалда табият кырсыктарынын кесепеттерине адам факторунун таасири тийип жатканын жашырбайт:
"Антропогендик тиричилигибиздин кесепети муну оорлотуп жиберди. Ушул Ош шаарынын тегерегиндеги эле бөксө тоолордун топурак кыртыштары, өсүмдүк катмар бүт талкаланган. Сууну өзүнө сиңирип ала турган касиетин жоготуп койгон. Малдын кесепети, туш келди жерден топурак таш казып жатабыз".












